Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Барак анклавында тамак-ашка
муктаждык күчөдү

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Өзбекстандагы Барак эксклавынын жашоочулары күнүнө эки саат гана жарыктан пайдаланышат. Азыркы бийликтин чек ара маселесине көңүл коштугунан Барактагы 150дөн ашык түтүн азап тартууда.

Өзбекстан менен болгон чек ара жабылгандан бери Барак анклавында жашоого мүмкүн болбой калган. Анткени, аталган айылда чакан базардын жоктугу тамак-аштын тартыштыгына алып келген.
Баракта күн кечирүү оор болгондуктан, бекеттердин жабыктыгына карабай, Ош шаарына эптеп жетип алган Дөөлөт Мусабеков чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытовго нааразычылыгын билдирет.
- Биздин көйгөй жалпы кыргыз элине маалым. Ушундай чоң мамлекет 150 кожолугуна жер берип, батыралбаса уят го. Канча жолу кат жазып, канча жолу борборго бардык, натыйжа болбоду. Токон Мамытовго нааразычылыгыбыз күч. Анткени "жакын арада чечип беребиз" деген бойдон жок. Өлкө башчыларың карабаса, кайда бармаксың? Аргасыз Ош шаарына келип, Ж.Бөкөнбаев мектебине мугалим болуп ишке кирдим. Барак маселесин чечүүнүн ар кандай жолдорун сунаштаганбыз. Ошол 150 кожолукка арзан баадагы контейнерлер менен үй курууга жалпысынан 1,5 млн. сомго жакын каражат кетет экен. Ошондой жол менен чыгарса да болот. Дагы бир жолу, биз отурган аймакты Өзбекстанга өткөрүп, жер алмашуу жолу менен да чечсе болмок. Болгону кайдыгерлик кылып жатышат. Айтор, Баткендин Чарбак айылындагы 5-6-январдагы чыр-чатактан кийин чек ара бекеттери жабылып, ошол бойдон Кыргызстан менен байланыш үзүлгөн. 1,5 чакырымдык жерге барыш үчүн 200-300 чакырым аралыкты басып, Кызыл-Кыя шаарын айланып келебиз. Бул эмне деген кордук? Баракта ооруканага, тамак-ашка муктаждык күчөгөн. Кыскасы, биз көргөн түйшүктү сөз менен жеткирүү кыйын. Андан көрө, Кыргызстан Сох анклавынын жолун ачып беришсин. Ошондо Өзбекстан да биздин жолду ачат -, дейт Дөөлөт Мусабеков.
Кошумчалай кетсек, өткөн жумада облустук жана райондук жетекчилер Барак айылына гуманитардык жардам алып барышкан. Эл менен жолугушуу учурунда Барак айылынын жашоочулары чек ара көйгөйү тез арада чечилүүсүн сурап, катуу талап кылышкан. Аны менен бирге жергиликтүү жетекчилерди "Барактыктар барымтага алыптыр" деген сөз желдей тарап кеткен.
Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Алымбековдун айтымында гуманитардык жардам катары тамак-аш менен бирге күйүүчү май да жеткирилген. "Чындыгында эл менен жолугушуу катуу талаптар менен коштолду. Бирок, айрымдар сөз кылып жибергендей, "жетекчилерди барымтага алуу" деген болгон жок. Гуманитардык жардам катары эң зарыл нерселер жеткирилди"-, дейт Кубаныч мырза.




Орозбек Дүйшеев, тоо-кен адиси:
"Кумтөр" маселеси элибиздин
пайдасына чечилет деп ишенем"
- Орозбек Дүйшеевич, "Кумтөрдүн" 2012-жылкы отчёту жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланды, сиз да таанышып чыккандырсыз. Жыйынтыгы жөнүндө өз оюңузду айтып берсеңиз?
- Албетте, канааттандырарлык эмес. 2012-жылы 9805 кг алтын өндүрүп, өткөн жылга салыштырганда 46% аз болду, демек киреше жагы да азайды. 2011-жылы алтынды сатуудан 941,1 млн доллар акча түшсө, 2012-жылы 533,6 млн доллар түшүп, 408,5 миллионго аз болду. Демек, өлкөбүзгө бюджетке түшкөн сумма дагы азайып 6, 068 миллиард сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга аздык кылат. Ошондой эле Ысык-Көл фондусуна да акча аз түштү.
- Демек, өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө да сөзсүз таасирин тийгизди да. Мындай акыбалга келүүнүн себеби эмнеде?
- Негизги себептеринин бири "Кумтөр" алтын кенин иштетүүдө кетирилген инженерлик каталыктар. Жылдык тоо иштери боюнча программаны түзүүдө каталыктар кетирилген. Тоо-кен тармагы татаал өндүрүш, анын үстүнө "Кумтөр" алтын кенинин өзгөчөлөнгөн шарттары эске алынган эмес. Экинчи себеби, өлкөбүздөгү саясый туруктуулуктун жоктугу, тоо-кен тармагындагы башаламандык. Белгилүү болгондой жылдын башында эч кандай себепсиз иш таштоолор уюштурулду, анын натыйжасында тоо-кен иштери узак убакытка токтоп калды. Мындай учурда иштеп жаткан участкаларда өзгөрүүлөр пайда болуп, аларды кайрадан калыбына келтирүүгө туура келди. Көптөгөн кошумча иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле февраль айында уюштурулган парламенттик комиссия бир гана "Кумтөр" алтын комбинатына терс таасирин тийгизбестен бүткүл тоо-кен тармагына таасирин тийгизди.
- Парламенттик комиссиянын түзүлүшүнүн негизги максаты эмнеде эле деп ойлойсуз?
- Менин оюмча, мындай комиссиянын эч кереги жок болчу. "Кумтөр" алтын комбинаты боюнча ондогон комиссиялар түзүлүп, көптөгөн каталыктар далилденген. Ошол комиссиялардын жыйынтыгында улам алдыга жылуу болуп, "Кумтөр" өлкөбүздүн экономикасына көрүнүктүү пайда алып келе баштаган. Маселен башкы келишимдеги каталыктар, ашыкча чыгымдар үчүн мурдагы президент А.Акаев башында турган чиновниктердин үстүнөн иш козголгон. Андан кийин да көп иштер жүргүзүлгөн эле. Акыркы үч жылда "Кумтөр" боюнча бир топ саясый маселелер чечилген. 2011-жылдан баштап "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилигинде биз тараптан бир адам кошулуп иштеп жатат, директорлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлү мурда экөө болсо, азыр үчөө. Демек, алар аркылуу биз компаниянын жасап жаткан иштерине кийлигишип, экономикабызга көп киреше түшүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми Парламенттик комиссия сабатсыз адамдардан түзүлгөндүгүнүн натыйжасында тоо-кен тармагынын өсүшүнө эбегейсиз тоскоолдукту жаратты.
- Парламенттик комиссиядан кийин мамлекеттик комиссия түзүлбөдүбү, алардын чыгарган жыйынтыгы тууралуу айта кетсеңиз?
- Мамлекеттик комиссия айласыздан, парламенттик комиссиянын талабын аткарып, элибизди ынтымакка, ишкерликке чакыруу максатында түзүлгөндөй болгон. Бул комиссия деле эч кандай жаңылык тапкан жок. Бирок, булар ар бир кетирилген каталардын мыйзам ченемдүүлүгүн чечмелеп жазды. Комиссия үч топко бөлүнүп, асыресе экономикалык тобу "Кумтөр" алтын комбинатынын өлкөбүздүн экономикасына тийгизген пайдасы боюнча обьективдүү анализин берди. Бирок, тилекке каршы докладда бул анализ көмүскөдө калды. Ошондой эле "Центерра Голд" компаниясынын дүйнөдөгү канчалык чоң орду бар экенин да көрсөттү. "Кумтөр" боюнча мурдагы жетекчилердин кетирген каталардын негизинде мамлекетибизге көптөгөн пайда түшпөй калгандыгы белгилүү. Ошондуктан, кийинки убактагы бир топ алдыга жылууларды көмүскөгө калтырып, мындан ары аны менен иш алып баруунун керек экени айтылбай калгандыгы кейиштүү. "Кумтөр" алтын кени өзгөчө шартта жайгашкандыктан мындай өндүрүштү иштеткен ишкана дүйнө жүзүндө өтө аз (жок деп айтсак да болот). Азыр "Кумтөр" алтын кениндеги абал абдан татаал, аны акыл калчап, илимдин жетишкендигин колдонуу менен гана чечүүгө мүмкүн. Эмоцияга берилип, талаш-тартыш менен чечүүгө болбойт.
- "Кумтөр" азыркы учурда өтө татаал кырдаалда турат. Эл кимге ишенерин да билбей калды. Сиздин оюңузча бул маселени чечүүнүн кандай жолдору бар?
- Кыргызда улуу сөз бар: "Ийри отуруп түз чечели,"- дейт. "Кумтөр" маселесин бул тармакта такшалган адистерди, илимпоздорду чогултуп, акыл менен гана чечүүгө болот. Биздин байкообузда бул маселеде жеңил ойлуулукка, эмоцияга, амбицияга алдырып коюп жатабыз. "Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун,"- дегендей бул жерде адистер чечиш керек. Кыргызстанда "Кумтөр" боюнча каталыктар тоо-кен тармагынын татаалдыгын түшүнбөгөн чиновниктер тарабынан кетип жатат. 2007-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссия гана адистер менен кеңешти. Калган кийинки түзүлгөн комиссиялардын баары тоо-кен тармагын жакшы түшүнбөгөн адамдар. Ошондуктан, бул сүйлөшүүлөр узарып кетеби деген коркунуч бар. Президент, премьер-министрди "Кумтөрдө" иштерди токтотпосун деген сунушун мен колдойм. Ал эми алардын оппоненттеринин "ишти токтотсун, "Кумтөрдү" тартып алалы" деген сунуштарын колдой турган болсок, анда "Кумтөрдү" жоготуп алышыбыз толук мүмкүн. Бул мамлекеттик маселеде кенен ой жүгүртүлүп, элибиздин пайдасына чечилет деп ишенем.







Пикир:






??.??