Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Айыл Банк -
ишенимдүү банк!
Сиз жашаган үйгө жакын эле жерде өлкөдөгү эң ири банктардын бири - Айыл Банктын бөлүмдөрү жайгашкан. Бул, өзүнүн өкүлчүлүктөрүн көпчүлүк административдик борборлордон алыс айыл аймактарында да ачып иштеп жаткан бирден бир банк. Айыл Банк ачылган мезгилден бери миңдеген адамдар эл арасында "элдик банк" аталган бул банктан алган кредиттердин жардамы менен жакырчылыктан чыгып, а түгүл өз бизнесин тургузуп жөнгө салып алууга жетишкенин убакыт өзү тастыктап турат!

Айыл Банктын
кредиттери менен
жашоону өзгөртсө болобу?

Орозоев Эркинбек:
"Банкта профессионалдар иштешет"

Нарын районунун алыскы Кайыңды айылындагы жеке ишкер Орозоев Эркинбек мындан 10 жыл мурда Айыл Банкка биринчи жолу кредитке кайрылган кезде, короосунда болгону 11 баш мал жаны бар эле. Бүгүн болсо анын чарбасында жылкы, уй жана койлорунун саны 67ге жетти.
- Мындан он жыл мурда мен корпорацияга (КАФК, азыр Айыл Банк) биринчи жолу кайрылган кезде, "кредит алсамбы-албасамбы, иштетип кете аламбы" деп олку-солку болгом. "Кокустан, кредитти төлөй албай калып, короодогу анча-мынча малыман да куру калып жүрбөйүн" деп кыжалат болгом - дейт ошол кезде эки анжы боло, тынчсызданганын эстеген Эркинбек. - Ошондуктан биринчи кредитти 30 миң сом эле алгам. Ага бир аз мал сатып алып, кичине пайда көрүп, кредитти төгүп жатып: "иштесе болот экен" деп ойлодум. Андан бери бир топ жолу кредит алдым. Азыр мына кудайга шүгүр, баары жакшы, мал-жанды да көбөйтүп алдым, жаңы там, машина сатып алдым... Мына эми жакында 10% менен берилип жаткан кредиттен 250 миң сом алып, өкмөт дыйкандарга жеңил шарт түзүп бергендерине абдан ыраазы болуп отурам! Бул менин ушуну менен Айыл Банктан 5-жолку алган кредитим. Негизи мага бул банк менен иштешкен жагат. Кызматкерлери жакшы, адамгерчиликтүү да, билимдүү балдар, карапайым дыйкандардын көйгөйлөрүн да, айыл чарба маселелерин да жакшы түшүнүшөт..., кыскасы, профессионалдар.

Нурбек Бакиров:
"Адамгерчиликтерине
ыраазымын"

Кредиттердин жардамы менен бутуна туруп жаткандарды өз көзү менен көргөн Ак-Талаа районунун тургуну Нурбек Бакиров бир нече банк өкмөттүн жардамы менен арзан 10% менен кредит берип жаткандарын угуп, мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланууну чечип, айылдык элге таанымал болгон Айыл Банкка келген. "Бул кредиттерди бир нече банк берип жатканына карабастан, алардын кайсынысына кайрылуу керек деген маселе турган эмес. Менин кошуналарым, тааныштарым дал ушул Айыл Банктан кредит алып, алардын кызмат көрсөтүү сапатына ыраазы болуп жүргөндөрүн уккам" дейт Нурбек Бакиров. Ошондуктан, ал түз эле бул жакка келип, алардын айткандары туура экенине ишенген.
- Мурда-кийин кредит алып көрбөгөндөн кийин, "кредиттер тааныштар аркылуу эле берилет болуш керек" деп ойлочумун. Бирок, банкта бардыгын кезек менен жазып, аны атайын журналга каттап, кезегиңди билдирип жана кезек тартиби сакталып жатканын көрүп, мен абдан таң калдым. Бардыгы туура жана адилеттик менен чечилет экен. Мен банкка келгенде, ал жерден абдан көп адамды көрдүм, ар бири аны биринчи тейлөөсүн жана насыя алуунун шарттарын ага биринчи айтып берүүсүн каалап жатты. Элестеткиле, ушундай шарттарда банктын кызматкерлеринин иштөөсү үчүн канчалык оор. Бирок, алар ар бир кардарды сабырдуулук менен угуп жатканын жана ар бирине ар тараптуу адистик кеңештерди берип, кээ бирөөсүнө бир нече жолу кеңеш берип жатканын, ошону менен бирге ачууланып же орой сүйлөбөгөнүн көрүп, абдан ыраазы болдум.

Номанов Усманжан:
"Банктан колуму үзбөйм"

"Февраль айында телевизордон бир нече банк 10% менен жеңилдетилген насыяларды берет дегенди угуп калдым", - дейт Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургуну Усманжан Номанов. - Буга чейин насыя жөнүндө менде эч кандай түшүнүк болгон эмес, ошондуктан тааныштардан "кайда барыш керек, эмнеден башташ керек?" деп кеңеш сурап баштадым. Алар мага Айыл Банкта бул насыялар тез берилет. Ырасында, жеңилдетилген насыялар ушул Банкта гана берилип баштады" деп айтышты. Башка банктар ошол учурда эми гана документтерди алып башташыптыр. Ошондуктан Айыл Банктын жергиликтүү филиалына табыштама менен кайрылдым. Ал жерден мага керек болгон маалыматты алдым, табыштаманы банкка таштап жана документтерди даярдай баштадым. Кыска мөөнөттүн ичинде керектүү документтерди даярдап, 3 күндүн ичинде насыя алдым. Насыя мен сураган суммада берилди. Филиалдын кызматкерлеринин жумушуна, тейлөө кызматтарына, профессионалдуулугуна абдан ыраазы болдум. Мен биринчи жолу насыяга бул жерге келгенде, ал жерде абдан көп кардар жүргөн, ошондо мен ойлоп койдум эле: булардын баарын качан тейлеп бүтүшөт? Мен бул насыяны жакында албайм го деп. "Насыядан баш тартайын жана башка банкка барайын" деп ойлонуп калганмын, бирок "бир жуманын ичинде кезегим келип калды" деп ошондо мага бирөө айтып калды. "Сен дагы тез эле аласың, кайгырба. Булар азаматтар, түндө дагы иштеп жатканын өз көзүм менен көргөнмүн" деп мени ишендирди. Бул сөздөн кийин мен ишенип, эч жакка кетпей калдым. Анан эле төрт күндөн кийин, мага телефон чалып, "насыяны келип алсаңыз болот" дешти. Айыл Банктын ушундай ыкчам жумушуна ыраазы болуп калдым. Бардык мекемелер ушинтип иштесе! Келечекте дагы ушул банк менен кызматташууга ниетим бар.

Бекиев Мукумжан:
"Үй салдым, уулумду үйлөнттүм"

Ош областынын Кара-Суу районунун тургуну Бекиев Мукумжан азыр айылдагы бардар адамдардын бири. Бирок, чарбасында бир кичинекей жер тилкеси жана анча-мынча малы бар болгон убакыт дагы болгон.
- Айыл Банктан насыяны 6-жолу алып жатам. Биринчи жолу 2006-жылы мал чарбачылык үчүн 50 000 сом алганмын. Ошол учурда менде болгону 10 кой жана эки уй бар болчу. Ошол мезгилден бери бардыгы жакшы жакка өзгөрдү. Айыл Банктын насыяларынын жардамы менен бизнесимди кеңейттим жана жашоомду жакшырттым. Үй салдым, уулумду үйлөнттүм, эки жеңил машина сатып алдым. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүргөн аянтын кеңейттим. Бүгүнкү күнгө 3,0га пахта жана 5га беде өстүрүп жатам. Муну менен дагы чектелген жокмун. Мен насыя алып, берекелүү түшүм берген 500 бак гилас жана 500 бак шабдаалы тиктим. Сиз көргөндөй, чарбада жумуш абдан көп, бирок бул абдан жакшы да... Мен Айыл Банктын кызматчыларына алкыш айтып кетким келет. Ушул банк менен иштегениме абдан ыраазымын, кызматкерлери билимдүү, ак көңүл, насыяларды кыска мөөнөттүн ичинде алам. Насыяны биринчи жолу алганда, үйгө, жерге болгон документтердин баарын жаңыртканмын, алар көп убакытты алган. Бирок, мында банктын эч кандай күнөөсү жок, биз өзүбүз документтерди убагында тартипке келтиришибиз керек. Ушуну мен бардык тааныштарыма айтам, өз мүлкүбүзгө документтерди тартипке келтирүү өзүбүзгө керек. Ал эми банк мүлкүбүздүн юридикалык тастыктоосун гана талап кылат. Ошондуктан бардык документтеримди тартипке келтиргеним үчүн мен банкка ыраазымын. Мисалы, менде каттоо менен эч кандай көйгөйлөр жок жана насыяларды тез алам. Ушул жерден акчаларды дагы котором жана башка кызматтары менен пайдаланам. Өзүм ошого абдан ыраазымын - дейт Бекиев Мукумжан банк менен болгон алыш-бериш мамилесин тастыктап.

Золотарев Н.Н.:
"Ишеним баарынан
жогору"

"Биз Айыл Банк менен иштегенибизге үч жыл болду, - дейт Токмок шаарындагы "Ак Жал" дыйкан чарбасынын жетекчиси Николай Николаевич Золотарев. - Биринчи жолу 2010-жылы чоң кредит алганбыз. 2011-жылы аны төгүп берип, кайра кредит алдык. Эки жыл кредит менен иштеп, "бизнести өнүктүрүүгө жакшы экен" деп калдык, андан сырткары тажрыйба да алат экенсиң. Кредиттерди туура пайдаланып, кайра кайтарууда мөөнөтүнөн кечиктирбегенге аракет кылабыз. Банк бул жагын абдан катуу көзөмөлдөйт, анысы "туура" деп эсептейм. Мунун өзү адамды тартипке көндүрөт. Анан сен банктын ишеничтүү кардары болсоң, банк сага башка жеңил шарттарды түзүп берет экен. Албетте, бул банк кардарга талап койбойт дегендик эмес, кредит боюнча алынган милдеттенмелердин баарын аткарыш керек. Мага жакканы, эгер сен ишеничтүү кардар болсоң, сен колуңдагы кредитти кайтарбастан эле, ошол эле учурда дагы башка кредит алууга мүмкүн болгондугу. Мисалы, биз азыр мал чарбасына алынган кредит менен иштеп жатканбыз, биздин дыйкан чарба өсүмдүк өстүрүү менен да, мал чарба менен да, өстүргөн продукциябызды кайра иштетүү менен да алектенет. Бүт продукциябызды 63га аянт жерде өстүрөбүз, албетте, биз ар кандай айыл чарба техникасына абдан муктажбыз. Өз алдыбызча сатып алганга кудуретибиз жетпейт, техника кымбат турат эмеспи. Анан уксак, биздин Айыл Банкыбыз тракторлорду да лизингге берип жатыптыр. "Не бар, не жок бир сурап көрөлү" деп барсак, көрсө биз өтө ишеничке ээ болгон кардарлардын катарына кирет экенбиз, ошондуктан "лизингди параллелдеп ала берсеңер болот" дешти. Кубанганыбызды сурабагыла. Мына жакында МТЗ "Беларус-82.1" тракторун алып, айдап келдик. Деги эле, ишенич деген, бул кандай гана иште болбосун, эң негизгиси экен. Эми биз мындан ары да ушундай ишкердик беделибизди сактоого аракет кылабыз. Өкмөтүбүзгө да бизге окшогон карапайым дыйкандарды колдоп жаткандыгына ыраазычылыгыбызды билдире кеткибиз келет. Айыл Банкка да өзгөчө рахмат. Булар менен иштешкен абдан жакты. Карагылачы, эгер кредиттер болбогондо чарбабызды бул деңгээлге жеткире албайт элек. Азыр болсо биздин чарбада туруктуу эмгек акы алган 16 киши иштейт, бул да болсо азыркы заманда аз эмес. Алар саанчылар, малчылар, трактористтер, технолог ж.б. продукциябызды сатуучулар."

Асранкулов А.А.:
"Тракторум 200 миң сом
киреше апкелет"

Жеке ишкер Асранкулов Абдыкар Тилдебаевич алыскы Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар айылынын чоң тажрыйбалуу фермери. Беш баланын атасы, төртөө чоңоюп үйдөн кетип өз оокатын жасап жатышат. Өзүнүн эмгеги менен чарбасын көтөрдү жана айылдын тургундарынын арасында сый-урматка ээ. Аялы Гүлшан жана кичүү баласы Булутбек мал багууда Абдыкарга колунан келген жардамын беришет, 150 кою, 12 жылкысы жана 2 ую, менчик кашары бар. 2га жерине жүгөрү, капуста, болгар калемпирин, сабиз, сулу, помидор ж.б. өстүрөт.
- Уйларды жана койдун бир бөлүгүн мал сарайда багабыз. Жайында малды жайлоого жөнөтөм, кышында сатам. Жакшы пайда табам, ага кайрадан мал жана тоют сатып алам, - деп чарбачылык сыры менен бөлүштү Асранкулов Абдыкар. - Негизинен, насыя бул абдан жакшы нерсе. 10 жыл мурда биринчи насыяны алууну чечкем, анда абдан коркунучта болдум эле. Себеби, эч кандай тажрыйбам жок эле жана насыяны ийгиликтүү өздөштүрүүдө эч кандай ишенич болгон эмес. Бирок бир орунда туруу болбойт, себеби үй-бүлө чоң, баарын багуу, окутуу жана бутка тургузуу керек. Ошондуктан 55 миң сом, чоң эмес суммада насыя алып, ошол замат мал жана тоют сатып алдым. Ошол мезгилден баштап тынч жашоодон калдым. Өзүңдүн акчаңды коротуп жатсаң, бул бир иш, ал эми өз убагында кайтарууга тийиш болгон насыяны коротуп жатсаң, бул таптакыр башка иш, Айыл Банк болсо бул ишти абдан так көзөмөлгө алган. Мен кээ бир насыя алган адамдарды билем, алар насыяны белгисиз максаттарга колдонуп, насыяны чоң көйгөйлөр менен кайтарып беришти, банк алар менен мындан аркы кызматташуудан баш тартты. Мен мындай учурда банкты абдан жакшы түшүнөм, мен деле андай адамдарга акча бербейт болчумун. Адам өзүнүн жашоосун жакшыртууга умтулушу керек, ал үчүн көп нерсе деле кереги жок, "иштеш керек" деп мен эсептейм. Биздин элибиз бардык жаман нерселерде мамлекетти күнөөлөп турууну жакшы көрөт, мен болсо ыракмат эле айткым келет. Мен мамлекеттик банктан алты жолу насыя алдым. Айыл Банк болсо, мага белгилүү болгондой, мамлекеттик банк. Мамлекет Айыл Банк аркылуу фермерлерге кандай жардам көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз го. Жакында эле лизингге "Беларус" жаңы тракторун алдым, лизингдин шарттары нормалдуу: 7 жылга жылдык 8% менен. Ушул мезгилдин ичинде "трактор өзүн актайт" деп толук ишеничтемин. Өзүмдүн тажрыйбамдан улам билем, себеби МТЗ-50 менчик тракторум жана бардык керектүү болгон навестик жабдууларым бар: прицеп, культиватор, соко, мала, дөңгөлөктө прицеп бочкасы. Ошол тракторум эле жыл сайын мага 200 миң сом киреше алып келет. Ал эми жаңы трактор менен жергиликтүү калкка мындан дагы көп кызматтарды көрсөтө алам - мага дагы жакшы, элге дагы жардам берем."

Чекиев Түгөйбек:
"Колум узарды..."

Сузак районунун Подгорное айылынын тургуну Чекиев Түгөйбек, чарбада техниканын бардыгы жерди иштетүүдө чоң жардам берерин абдан жакшы билет. Өзүнүн "Беларус" трактору менен 3 га менчик жерин иштетип, бош учурунда айылдын тургундарына кызмат көрсөтөт. Айыл чарбасына керектүү пресс-подборщик жана сепкичи бар.
- Мага менин "темир атым" менен жер айдоо мезгилинде баа жеткис,- дейт Түгөйбек тамашалап. - Тракторсуз айылда жашоо жок. Аны менен жер айдап, фермердин эмгеги жеңилдеп, колу узарат. Менин бир топ малым: жылкы, уй, койлорум бар. Мунун баарын багуу, аларга кышкыга тоют даярдоо керек. Бул иште мага трактор абдан чоң жардам берет. Тракторду бардык каалаган адамдар ала албаганы абдан өкүнүчтүү. Айыл банктан алган насыялардын аркасы менен өзүмдүн бизнесимди көтөрдүм, жакшы кирешелерди алып баштадым. Бул насыялар болбосо, мен дагы бир тракторду ала албайт болчумун. Жакында эле Айыл Банктын башка лизинг алуучулары менен бирге, Т. Чекиевге да "Беларус-82,1" жаңы трактордун ачкычы салтанаттуу тапшырылды. Бул тракторлор мамлекет тарабынан Түркиянын насыясына сатып алынды жана республиканын бардык аймактарынан келген лизинг алуучуларына тапшырылууда. -Биздин өкмөткө, Айыл Банкка жана айыл тургундарын колдогон башка тараптарга да чоң ыракмат. Айыл Банкка жардамы үчүн чоң ыракмат. Балдар бажыдан чыгарууга жана документтерди каттоого байланыштуу болгон чоң жумушту аткарышты. Алар чыр-чатаксыз биргелешип, профессионалдуу иштегенин өз көзүм менен көрдүм. Банктын жетекчилиги ишти жакшы деңгээлге койгону көрүнүп турат. Силерге ийгилик каалайм!" - Трактордун ачкычын тапшыруу салтанатынан кийин, ал телевизиондук каналдарынын бирине ушинтип интервью берди да, тракторун от алдырып, алыскы Сузак районуна жол тартты. Биз болсо, ага ак жол каалайбыз!
Айыл Банк Кыргызстандын финансы рыногунда 16 жылдан бери иштеп келе жатат, анын ичинде биринчи он жыл "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы" катарында иштеди. Биз болсо Банктын басма сөз кызматын, Айыл Банктын акыркы 2 жылдык ишмердүүлүгүн мүнөздөгөн, 10 негизги көрсөткүчүн бөлүп чыгарууну сурандык.

Болотбек Таштаналиев










Пикир:






??.??