Катчы ката
кетирдиби же?..

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Азиз Батукаевдин чуусунда "кулактары калдайган"Шамил Атахановду баш, Башкы прокурорду төш кылып, Ички иштер министри менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басарын катыштырып, милиция кызматкерлери менен УКМКчылардын ортосундагы окуя боюнча ыкчам жумушчу жыйын өткөрдү. Шашып кеткен министр Александр Белунскасты аталган ички иштер башкармалыгынын башчылыгына дайындап тынчып калды.

Өкмөт башчы "Күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жооп берүүгө тийиш. Бул окуя боюнча тапшырманын аткарылышын жеке өзүмө билдириңиз. Мыйзамды бузгандарга карата өтө катуу чаралар көрүлүүгө тийиш. Бул иш менин жана борбордук прокуратуранын көзөмөлүнө алынган", - деген. Укук тармагынын ишине чукул чара көргөн премьер-министрге карапайым калк ыраазы болуп калган эле.
Элдин бул окуя боюнча премьер-министрге болгон маанайын пресс -катчы тегеретип туруп, жерге чапты. Же болбосо, кыргыздарды жана кыргызстандыктарды президенти менен премьер-министрин баш кылып "сайга аркандап" кеткен Азиз Батукаевдин маселесине байланыштуу пикири менен премьер-министрге көлөкө түшүрдү.
Ток этээри, премьер-министрдин пресс - катчысы Мелис Эржигитов Батукаевге байланыштуу маселеге өкмөт башчысы көңүл бурбай тургандыгын "Азаттыктын" кабарчысына билдирип "ачылыш" жасады. Же болбосо, "Буга көңүл буруп, ошол Батукаев боюнча комментарий бергидей бул өкмөт башчысынын деңгээлиндеги маселе эмес. Анан калса бул маселе парламентте кеңири талкууланып, ага вице-премьер-министр Шамил Атаханов, баш прокурор Аида Салянова баштаган жогорку кызмат адамдары тиешелүү жоопторун беришкен" деп компоюп койду. Батукаевди алып кетүү үчүн 8-апрелде Түркиялык авиакомпанияга заказ берип, Кыргызстандан тосуп алып, кызмат көрсөткөн "Анелия" аттуу компаниясынын жетекчиси вице-премьер-министр Шамил Атахановдун уулу Данияр болуп чыккандыгын угуп, элдин үрөйү учту. Ал компания Машкевичтин кол алдындагы компания экенин "атамекенчилер" айтып, зар какшап отурат. Шамил Есенжанович Машкевичтин компаниясы тууралуу унчукпаса да "учакты тейлеген АПР компаниясы чыгарылып кеткен жаран эмес, аба кемеси менен хельдингдик келишим түзгөн" деп депутаттык комиссиянын чала-сабат иштеп жатканына "таш ыргытып", кызматтан кеткенге ниети жок экендигин билдирди.
Жаза аткаруу башкармалыгынын башчысы Зарылбек Рысалиев "Турсунбек Акун "өлүп калса ит болобуз деген" деп, кол алдындагылар Батукаевди "узатуу иш- чарасына" катышкан эместигин айтып зырылдаган.
Бул арада Акипресс агенттигинин сайтында Азиз Батукаевди Нарындагы тергөө абагынан бошотууга барган жогорку кызмат адамдарынын автоунаалары тартылган тасма тарап кетти. Алардын арасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин автоунаасы абактын ичинен чыгып келе жатканы тартылып калган.
А.Батукаевди бошотуп, өлкөдөн чыгаруу фактысын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия "кримавторитетти узатуу" операциясына байланыштуу вице-премьер министр Шамил Атахановду баш кылып, калгандарын төш кылып, кызматтарынан убактылуу бошотууну талап кылууда. Анан кантип, бул маселе Мэлис Эржигитов соктуруп койгондой "өкмөт башчысынын деңгээлиндеги маселе эмес?". Милиция менен УКМКнын кызматкерлеринин "чачташкан маселеси" да, Азиз Батукаевди "узатуу аземи" да укуктук маселе. Же өкмөт башчы укуктук маселелерге баа берүүдө "сорттоп иш кылабы?" Шамил Атахановдун баласынын компаниясына жана Зарылбек Рысалиевдин "ышкырган калпына" тийиштүү жагдайлар деле өкмөт башчынын үн катуусуна арзымак. Же, Азиз Батукаевдин "полчаны", жакшы санаалашы депутат Феликс Кулов "Батукаевге паспорт мыйзамдуу берилген Бул жактан кынтык жок. Ал эми сот чечими бул өкүм эмес, токтом. Андыктан кайра кароого жатпайт. Чегарачылар да мыйзам бузган эмес", - деп койсо эле, калгандарына Кудай бердиби?

Пресс-катчы "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна маани бербей койгонбу же Жантөрө Жолдошевич экөө карапайым кыргыздар менен кыргызстандыктарды "кемпай" деп түшүнөбү айтор, экөөнүн "балп" эткен пикири далайларды ирээнжитти.








Пикир: