Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Кыргыздын душманы - кыргыз
(Башы 5-бетте)

Мына бүгүн "араб жазы" аталган түстүү революциялардын курмандыгына айланган араб мамлекеттеринде, ошол эле Сирия, Ливияда ондогон шаарлар, айыл-кыштактар кыйрап, урандыга айланып калды. НАТОнун аскердик самолеттору шаарларды, кыштактарды жер менен жексен кыла бомбалап, баса беришти. Бүгүн ал өлкөлөрдө бир тууган бир тууганын өлтүргөн кандуу согуш уланып жатат. Мындан ары да улана берет окшоп калды, токтошу кыйын. Бул мамлекеттер бүгүн-эртең жер бетинен жоголуп кетпестигине эч кандай кепилдик жок. Бүт дүйнө жүзү дүйнөнүн күчтүү мамлекеттери тарабынан жасалган бул жүзүкаралыкты көрүп-билип турушат. Кана айткылачы, Курманбек Бакиевдин Кыргызстандан чыгып кетиши үчүн ортомчу түшкөн Нурсултан Назарбаев, Дмитрий Медведев, эми бүгүн Владимир Путин анан эң башкысы Барак Обама араб элине кайрылып, "ачуу душман, акыл дос, согушпагыла, кан төгүүнү токтоткула" деп кайрылдыбы? Жок, кайрылган жок. Кайрылбайт да. Анткени, араб жеринде кан төгүлүп, шаарлар кыйрап, эл кырылып жатканы Барак Обама үчүн кадыресе эле нерсе. Владимир Путинге деле, Дмитрий Медведевге деле, Нурсултан Назарбаевга деле кадыресе көрүнүш болуп калды. Араб элин, араб дүйнөсүн бири-бирине тукурган, тирештирген, чабыштырышкан кимдер, кайсы күчтөр экени айтпаса да түшүнүктүү го. Ошол эле Россияны алсак, Кавказда канча жылдан бери согушуп келатат. Грозныйды бомбалап, уранды шаарга айлантып, миңдеген чечендерди тукум курут кырган ким эле? Россия болгон. Башында аракеч Борис Ельцин турган. Анан анын жөөт жан кошчулары турган. Эгер тарыхка кайрылсак, Россиянын Кавказ элдери менен согушуп келатканына бери дегенде 300 жылга жакындап калды. Бул согуш имам Шамилдин учурунда башталып, аягы Шамиль Басаевге чейин уланды. Бүгүн Кавказда ачык согуш болбогону менен тымызын согуш дале уланып жатат. Кайрадан бүгүнкү күндөргө кайрылсак, Грузия өз алдынча мамлекет болсо да, Россия ушул кезге чейин өз өкүмзордугун, а тагыраагы көтөнзордугун көрсөткүсү келип, тиш кайрап келатканы жалганбы? Саакашвили дегенде Россия бийлигинин төбө чачы тик турат го. Аларды айтпаганда, Кыргызстандын №1 душманы болгон Акаевди колтугуна каткан Россия, Кыргызстандын №2 душманы болгон Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетиши үчүн жандалбастап аракет кылганы парадокс эмес бекен? Америка жүз жыл келечекти ары ойлогон мамлекет, ары бизден миңдеген чакырым алыстыкта жайгашкан өлкө экен, бу жакын турган Россияга Кыргызстан эмне душмандык жасады эле? Акаев Кыргызстанга эмне душмандык жасап кеткенин билбейби? Бакиев Кыргызстанды кандай абалга апкелгенин унуттубу? Анда эмнеге өз мамлекетине чыккынчылык жасаган адамдарды канатына калкалап, Кыргызстанга өз өкүмзордугун, көтөнзордугун көрсөтөт? Биерде жооп жалгыз эле биздин бийликтин кыпкызыл мажүрөлүгү, мажестиги, өзүн-өзү сыйлабагандыгы, демек элин сыйлабагандыгы!
Россия ошончо эле Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаса, эл аралык мыйзамдарды, жоболорду сактаса, сыйласа, анда Акаевди капкачан эле Кыргызстандын бийлигинин колуна салып бериши керек эле го. Кыргызстандын ички ишине кийлигишпеш керек болчу. Тилекке каршы, андай эмес. Кыргызстандын №1 душманы болгон Акаев Россияда сый менен урматтын үстүндө, эси жок Майрам "апче" менен чай ичип отурат. Муну менен Россия Кыргызстанды сыйлабай турганын, Кыргызстанды уруп ойнобой тургандыгын, Кыргызстандан жана анын элинен мамлекеттик деңгээлдеги кылмышкерди бийик коерун көрсөтүп койгон, көрсөтүп да жатат мындан ары көрсөтө да бермекчи. Менин колумда бийлик болгондо, ушул кылыктары үчүн Россиянын жетекчилерин орустун төл сөзү менен "пошёл" эле демекмин. Нурсултан Назарбаев кыргыздын тарыхындагы эң аялуу жерди, эң аздектүү жерибизди - Каркыраны тартып алуу менен өзүнүн ким экендигин, кыргызга болгон мамилесин капкачан эле билдирип койгон. "Какайганга какайгын, ал кудайдын уулу эмес, ийилгенге ийилгин, атаңдан калган кул эмес" демекчи, кыргызды сыйлабаган Назарбаевди карапайым кыргыз эли да сыйлабайт. Антейин десең, ал кыргызды эле эмес, өз элин деле сыйлабайт экен. Жаңы-Өзөндөгү окуяда өз элине каршы ок аттырган Назарбаевдин Бакиевден айырмасы канча? Анан мына ушундай адамдан жакшылык күтүүгө болобу? Анан мына ушул Барак Обама, Нурсултан Назарбаев жана Россиядан акыл сурап, алардын буйругу дейбизби, же көрсөтмөсү дейбизби, ошол окуядан соң Кыргызстандын №2 душманын Кыргызстандан сыртка чыгарып жиберген Роза Отунбаева тууралуу эмне деп айтууга болот. Мына ушул бир эле карандай факт, мамлекеттин жоопкерчилигин мойнуна алган Убактылуу Өкмөт кимдердин буйругун аткарып, кимдердин көрсөтмөсү менен иш алпарганы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Убактылуу Өкмөт өз миссиясын аткарды деп айтууга болбойт. Мамлекет жоопкерчилигин мойнуна алган соң, Роза Отунбаева АКШ, Россия жана Казакстандын көзүн карабай, өз көз карандысыз саясатын жүргүзүш керек болчу. Анын жоопкерсиздиги 2010-жылдагы июнь окуяларына апкелди деп айтууга бүгүн толук негиз бар. Отунбаева Бакиевди качырганын үч жылдан соң мойнуна алып жатат. Мүмкүн Батыровдор, Усеновдор, Балкыбековдор ж.б.д.у.с. АКШ, Россия, Казакстандын көрсөтмөсү менен Кыргызстандын чегинен сыртка чыгып кеткендир. Аны Отунбаева айым качан ачыктаар болду экен? Же Убактылуулардын башка мүчөлөрү качырыштыбы?
Акыркы бир кылымда, анын ичинде соңку 22 жылда Кыргызстан эл башыларына жарыбады. Карагылачы, бизди кандай адамдар башкарып келатат? Биз кимдердин барымтасындабыз? Мамлекет башкаруу булар үчүн эмне баланын оюнубу? Качан биз бүгүнкүнүн Абыке-Көбөштөрүнөн арылабыз?
Мына кечээ жакында Азиз Батукаевге сот бир күндө бошотуу жөнүндө чечим чыгарып, кыргыз бийлиги аттап-тондоп, Грозныйга узатып ийишти. Кыргыз бийлиги Акмат Бакиевди качырып ийгенде да, Жаза аткаруу кызматынын күнөөсү го деп, бийликтин бул ишке түздөн түз тиешеси бар деген божомолго ишенгим келген эмес. Арийне, депутаттардын алдына бул боюнча жооп берүүгө келген Башкы прокурор Аида Салянованын Башкы прокурордун эмес, Азиз Батукаевдин башкы жактоочусундай таасир калтырышы мени абдан ойлондуруп койду. "Криминалдарга каршы күрөшөбүз" деп жар салган Кыргызстанда башкы криминалды - "мыйзамдагы ууру" Батукаевди соттун бошотуп ийгени, Саламаттык сактоо министрлиги буту-бутуна тийбей кызмат кылганы, өлкөнүн Акыйкатчысы Батукаевди бошотуу үчүн тизесине бүгүлүп суранганы, Кыргызстан криминалдарга каршы күрөшпөй эле, криминалдарга кызмат кылып жатабы деген ойго түртөт. Кыргызстандын №1-2 душмандарын Барак Обама, Россия, Казакстанга шылтап бошотуп ийген бийликтен, өз элине, өз мамлекетине душмандык кылган адамдардан башка эмнени күтүүгө болот? Ушуга жооп издебейлиби кыргызым!
Бүгүн алар баары мыйзам чегинде деп колун жайып, мыйзамга шылтап жатышат. Бирок, мыйзамдан да бийик нерселер бар. Ал мезгилдин соту. Ал тарыхтын соту. Мейли, адам тарыхтын сотунан да, мезгилдин сотунан да качып кеткен менен абийир сотунан эч качан кача албайт, эгер адамдык абийири болсо, эгер адамдык ар-намысы болсо. Эл кечириши мүмкүн. Тарых кечириши мүмкүн. Мезгил бүктөмүндө калып, унутулушу да ыктымал. Бирок, адам абийири эч качан кечирбейт! Бирок, анүчүн адамда абийир болушу керек. Арийне, биз билгенден Абыке-Көбөштөрдө абийир да, ар-намыс да болгон эмес.... Биз деги каякка баратабыз кыргызым?!

Сазыкбай Турдумалиев
"Улутман" саясий
партиясынын төрагасы,
Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк конгрессинин
президенти,
Бүткүл дүйнөлүк "ХХI кылым жана адеп-ахлактуулук"
элитардык клубунун Борбордук Азия боюнча
штаб-квартирасынын
башчысы.


P.S. Эгер менин ушул чакан макаламдан кийин мага ар кандай ыкмалар колдонулган куугунтук башталса мен ага-досторум: Мухтар Шахановго, Кемерово облусунун губернатору Аман Түлеевге (тагыраагы Амангелди Молдогазыевич Түлеевге) бир кездеги партиялаш инилерим Тайырбек Сарпашевге, Каныбек Иманалиевге жардам сурап ачык кат менен кайрылам.






Кардарларынын "канын ичкен" "Аман" банк
"Банкка акча сактайбыз" - деп, сакталган акчадан которуп, которулган акчадан жок карайлаган эл эмне кылаар айлаларын таппай убара. Мына ушундай нааразычылыктарын айтып, "Аман" банктын кардарлары маалымат жыйынын курушту. Жыйынга аталган банктан жабыр тартып, акчаларын алалбай жүргөн эл жана алардын адвокаты Айбек Мейманбаев катышты.
Жабырлануучулардын айтымында, алар салган акчаны банк кызматкерлери өз керектөөлөрүнө жумшап коюшкан. Анткен менен кадимкидей эле квитанция берип, баары иш кагаздын негизинде болгон.
"Биз бардык документтерди карап чыгып, Аман банктын жетекчилигине бул ишке тиешелүү кызматкерлерине чара көрүп, акчаларды өндүрүп берүү боюнча кат жөнөткөн элек. Бирок, алар сүйлөшүүдөн баш тартышты. Алардан эч кандай жооп ал албагандан кийин, биз Бишкек райондор аралык сотуна кайрылдык. Бул өткөн жылдын февраль айында болгон. Өткөн жылы да биз маалымат жыйынын өткөрүп, ММК аркылуу маалымат берген элек. Ошондон бери мага жана менин жардамчым Аманбаевге коркутуулар болуп, бул иштен баш тартуубузду талап кылышты. Аталган жыйын боюнча "Вечерний Бишкек" гезити макала даярдашкан. Ошондон кийин да аталган гезиттин кеңсесине "Аман" банктан жабыр тартып, акчасын ала албай жүргөн адамдар кайрылышкан. Аталган жарандардай болуп, банкка акчасын алдатып, ала албай жүргөн 15 адам бизге кайрылды. Алар көбүнчө Балыкчы жана Ош шаарынын тургундары. Акчасын ала албай жүргөн адамдар мындан да көп болушу мүмкүн, Алар ММК аркылуу угуп, бизге кайрылып жатышат" - дейт адвокат Айбек Мейманбаев.
Владимир Сладков 2-топтогу майып, майыптыгы үчүн мамлекеттен акча төлөнүп, андан сырткары балчылык менен күн көрүп, жан бакчу. Жашоо кандай болот деп, акчаларын топтоп, банкка сактап коюуну чечет. 2002-жылы акчаларын бир топ жылга сактап берүүсүн айтып, аталган "Аман" банк менен келишим түзүп, 500 миң сом акчасын банка салган. Ошол жылдан бери акча эмес, анын кошулган пайызын да албастан, келишим бүткөндө анын мөөнөтүн узартып гана жүрө берген. Банк кызматкерлери айткан убактысында келип, келишимдин мөөнөтүн узартып гана кетип жүргөн. Бир жолу тез аранын ичинде шашылыш акча керек болуп, пайыздык төлөмдөн 20 миң сом берүүсүн өтүнүп, банка келип "сиздин акчаңыз банкта жок, сакталган эмес" - деди сөздү уккан. Ошондон бери акчасын алалбай убара. "Мен акча салган ошол жылдары бир топ банктар банкротко учурап жаткандыктан, акчаларымды дал ушул банкка сактоону чечкен элем. Бул жылдар аралыгында акча эмес, анын пайызын да алган эмесмин" -дейт Владимир Сладков. Ал эми Гүлжан Молдожусупова болсо: "2011-жылдын 9-мартында "Аман" банктан 200 миң доллар Кытайга котордук. Кассир биздин акчаны санап алып, квитанция жазып берди. Акчаны которуу кызматы үчүн 400сом алышкан, бирок которушпаптыр. Ошо бойдон акчабызды алалбай, эки жылдан бери соттошуп келебиз" - дейт.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА







Пикир:






??.??