Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Касыбековдон "калжырак"
"Контора шабашников" Бабырбека Жээнбекова
Редакциядан: Буга чейин кыргыз тилдүү гезиттердин "душманына" өзүн-өзү айланткан Үсөн Касыбеков деген кудайдан жөө качкан журналист сөрөй ушундай аталыштагы макалаларын интернеттеги "Дизель форум", "Фейсбук", "Журналист.кж" жана башка толгон-токой сайттарга жарыялаганга үлгүрүптүр. Биз аталган макаланын "Алиби" гезитинин мурдагы башкы редактору Бабырбек Жээнбековго тиешелүү жерин эч өзгөртүүсүз жана комментарийсиз жарыялап коюуну чечтик. Касыбековдун бул макаласын окуган окурман нагыз ушакты ким жазганын окуп алсын. Ал эми Үсөн Касыбеков менен сот залында кезигебиз.
Почему кыргызскоязычные "желтые" газеты стали "священной коровой"? Никто не может их трогать как неприкосновенных. Во-первых, за ними, как правило, стоят влиятельные люди, занимающие высокие государственные должности, богатые политики, а также криминал. Согласно свидетельству эксперта и журналиста А.Оторбаевой "чьи публикации вызывают в обществе неоднозначную реакцию. Проще говоря, наносящие урон имиджу профессии и подвергающие сомнению объективность и порядочность остальной журналистики" являются:
1. "Алиби", главный редактор Бабырбек Жээнбеков (фактичес-кие владельцы или спонсоры Акматбек Келдибеков, Омурбек Бабанов)
2. "Асман-пресс", Керим Айдаров (Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров)
3. "Арена", Элнура Кулуева (Садыр Жапаров)
4. "Учур", Асланбек Сартбаев (Элмурза Сатыбалдиев)
5. "Майдан", Нургазы Анаркулов (Камчыбек Ташиев)
6. "Жаңы ордо" , Бекен Назаралиев (Акматбек Келдибеков)
7. "Айкын саясат", Күнболот Момоконов (Омурбек Бабанов)
8. "Кереге", Кубанычбек Зайнидинов ("Замандаш-Современник" партиясы).
http://www.facebook.com/stranakotoroinet?ref=ts&fref=ts
Во-вторых, в их "священности" есть и другие причины. Обращаться в суд на их вседозволенность бесполезно. У них судебный процесс выиграть невозможно. Создана специальная юридическая контора Бабырбеком Жээнбековым для иммунитета "своих" управляемых групп газет. Он же по совместительству возглавляет организацию "желтых" изданий под названием "КГБ" (куда входят такие газеты как "Учур", "Алиби", "Асман пресс", "Майдан.kg", "Арена.kg", "Ачык саясат" и "Деньги и власть"). В контору Б.Жээнбекова набраны в штат адвокаты-шабашники. По прейскуранту обслуживают "КГБ". Их функции заключаются не в участии судебных дебатах, а в нахождении за кулисами общего языка с кыргызской фемидой. На них возложена задача договориться за определенную мзду с теми, кто должен рассматривать связанные с делами выше перечисленных газет. Как известно, у нас в республике судьи, да и в целом нынешняя судебная система от общественного мнения абсолютно не зависит, зависит только лишь от коррупционных денег. Иначе говоря, так называемые "бесстрастные" судьи - продажны. Их можно купить за определенную сумму, что не представляется большим секретом для народа. Таков механизм безнаказанности медиа-магната Б. Жээнбекова и подчиненных ему "желтых" изданий.
Усен Касыбеков




Кыргыздын душманы - кыргыз
Ар бир беш жылда бирден "элдик революцияны", ар бир эки күндө митинг, пикеттерди жана саясый тиреш менен интригаларды башынан кечирип жаткан Кыргызстаныбыз "бут алдынан жер көчкөндөй" кырдаалда жашап жатат. Жашырганда эмне, алакандай атажуртубуздун эртеңи бүдөмүк болуп турат. Саясатыбыз антип чакчелекей түшүп жаткан тапта, өлкөнүн жаркын болочогу тууралуу болжоп айтуу да, анүчүн кепилдик берүү да чынында эле кыйын же такыр эле мүмкүн эмес. Саясатчыларыбыздын (тагыраагы саясатчы сөрөйлөрүбүздүн) кейпи тигил, бири-бири менен кырды бычак мамиледе. Бири-бирин жеп жиберүүдөн да кайра тартчудай түрү жок. Манас атанын балдары бири-биринен душман издеп, бири бул жээкте, бири тигил жээкте, бири-бирине найза сунуп, кылычын кезеп, канжарын жалаңдатып туру. Эгер, эл унчукпаса, жайына тим койсо, бири-бирин жер менен жексен кылып, тегиздеп, эч нерсе көрбөгөндөй, билбегендей басып кетүүдөн кайра тартпай тургандай. Бул көрүнүш - Манастын өлүмүн Кудайдан тилеген Абыке-Көбөштү эске салат. Аттигиниң десең, кыргыз дөөлөтүнүн түндүгүн кыйратып, өз элин чаап, акылмандарын төө кайтартып кордогон, Манастын уулу Семетейди тентиткен мына ошол Абыке-Көбөш эки арам эмес беле. Бүгүнкүнүн Абыке менен Көбөштөрү да, бир миллион кыргызды тентитип, өздөрү бул жакта бийлик менен байлыкты бөлүшө албай, куду орус айтмакчы "пир во время чумы" дегендей, шаан-шөкөт менен ырахаттанышып, чартаңдашып, жыргалбай болуп жашабатышат. Кыргыз элинин байлыгын камчыга ченеп каалаганындай бөлүшүп, бир атанын балдарын түндүк менен түштүккө бөлгөнү аз келгенсип, уруу-урууга, кокту-колотко бөлүп-жарып жатканы жалганбы?
Мамлекетибиз катуудан казаны, жумшактан күлү калганча талкаланып бүттү. Буга да ыраазы болушпай дагы да талкалап, дагы да тоноп жатышат. Сүйлөсө тилдеринен чаң чыгып, улут, мамлекеттен, жогорку идеалдардан, адамдын акыл-эсине кирип-чыкпаган ушунчалык кооз эпитеттерден мисал келтиришет. А кылган иштерин душман да жасабайт. Илгери-илгери калмактар кыргызды чаап, боюнда бар аялдардын ичин жарып, төрөлө элек наристени мууздаганда да, кыргызым мынчалык тентиген эмес, кыргызым мынчалык бозгон эмес, кыргызым мынчалык кыйналган эмес. Кыргыздын кыпкызыл душмандары да кыргызга мынчалык кыянаттык кылышкан эмес. Бүгүн кыргыз кыргызга кыпкызыл душман болду. Кыргызга жасалган кыянаттык, душмандык мамлекеттик деңгээлде жасалып жатат. Мамлекет башында турган адамдар: президенти баш, министрлери, депутаттары төш, сот, прокурорлору, милициясы каш болуп, аларга кошулуп кээ бир улутуңду уруп ойнобогон "дүжүрлөр" канат болуп кыргызга душмандык жасабатышат. Акаев кыргызга кандай кыянаттык иштерди жасаганын айтып түгөтө албайсың. Айтчу болсок каңырыгың түтөйт, кабыргаң кайышат, дилиң муздайт, жүрөгүң титирейт. Анын тушунда ондон ашык премьер-министр алмашты, жүздөгөн министрлер, губернаторлор, акимдер алмашты, жүздөгөн депутаттар алмашты. Кана, бүгүн ошолордун кимиси "мен мамлекет алдында, эл алдында ак иштедим, душмандык жасаган жокмун" деп айта алат. Эч кимиси!!! Анткени, мамлекеттин негизин талкалап, байлыгын талагандар мына ошолор болду. Ошол эле Курманбек Бакиевди алалы. Анын үй-бүлөсү, бир туугандары жана анын тушунда иштеген премьер-министрлер, министрлер, губернатор,акимдер жасаган кыянаттыкты кыргызга душман да жасаган эмес. Бакиевдер жана анын команда сөрөйү: министрлери, депутаттары менен бирдикте Кыргызстанды чекенелеп эмес, дүңүнөн сатып ийүүгө аз калды эле го. Мына ошол кыргыздын №2 душманы болгон адамды, 87 эр-азаматтын канын ичкен канкорду 2010-жылдын 7-апрелинен кийин бардык жоопкерчиликти өздөрүнө алып, бийлик башына келген Убактылуу Өкмөт бакиевдердин кандуу кыргынынан он гүлүнүн бир гүлү ачылбай, курман болгон жигиттердин сөөгү жерге толук төшөлө электе, топурагы муздай электе, энелердин, аталардын көз жашы кургамак түгүл сарыга электе, үй-бүлөсү менен аттап-тондоп Казакстанга, андан ары Минскиге чыгарып ийишти, андан да тагыраагы атайлап качырып ийишти! Бул Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн өлүмгө тике караган миңдеген адамдардын, анын ичинде курман болгон 87 эр-азаматтын, андан да тагыраагы эл баатырларынын, жүздөгөн жарадар жигиттердин ишенимине, үмүтүнө болгон чыккынчылык, карасантайлык, желөпкөлүк, жетесиздик, кыянатчылык, душмандык болчу. Муну эч качан тарых да кечирбейт, эч качан эл да кечирбейт. Кандуу окуядан үч жыл өткөндөн соң, Улуттук университетте өткөн 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуянын үч жылдыгына арналган жыйында сөз сүйлөгөн Роза Отунбаева айым Убактылуу Өкмөттү жетектеп турганда Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин АКШнын президенти Барак Обама, Россия Федерациясынын президенти Медведевдин катышуусунда, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрдөн кийин өзү жеке кабыл алганын айтты. "Антип Бакиевди учуруп жибербесем, граждандык согуш болуп кетүү коркунучу бар болчу" деп актанат. Бул болбогон сөз. Менин бу жерден айтайын дегеним, кыргыз элибиз, мейли түштүктүн эли, мейли түндүктүн эли Бакиев үчүн эч качан жаңжал чыгармак эмес, элибиз эч кандай кагылышууга бармак эмес. Убактылуу Өкмөттү жетектеп, өлкөнүн жоопкерчилигин өзүнө алган Отунбаева өз күнөөсүн мойнуна алуу менен, өзүнүн чыныгы бетпардасын ачты көрүнөт. Ал сүйлөшүүлөрдө чындыгында эмне сөз болгону албетте, бизге белгисиз.
Бирок, Роза Отунбаеванын "америкачыл" саясатчы экенин бүт дүйнө жүзү билет. 2005-жылдын 24-мартында Курманбек Бакиевди Акүйдүн алдына кол кармашып, ээрчитип келгендердин бири Роза Отунбаева болгонун эл өз көзү менен көргөн. Бакиевди бийликке жетелеп келип отургузгандардын бири Отунбаева десек эч жаңылышпайбыз. Эмне үчүн Роза Отунбаева?
Дүйнө жүзүн сасык тумоодой каптаган "түстүү революциялар" долбоорлору кайсы мамлекетте иштелип чыгып, кайсы мамлекеттин финансылык жардамы менен ишке ашары, бул иште кимдер ортомчу болуп, кимдер кандай роль ойноп жатканы азырынча ачык айтылбаса да, тиги же бул мамлекетте болуп жаткан саясый окуялардын жүрүшүнөн дароо эле байкап-боолголосок болот. Ал эми кыргыз байкабайт, карапайым элибиз боолголой албайт дегендер терең жаңылышат. Себеби кыргызым кеменгер эл, баарын көрүп-билип, жүрөгү менен сезип турат. Кыргызстанды эле алсак, биздин өлкөдө болуп өткөн эки "революциянын" чындыгы, авторлору жана аткаруучулары тууралуу маалыматтар эртеби-кечпи айтылат. "Масон ложасына" Кыргызстандан кимдер кызмат кылып келатканы да күндөрдүн бир күнүндө белгилүү болот. Кеменгер бабаларыбыз бекеринен "кыңыр иш кырк жылда" деп айтпаган чыгар.

(Уландысы 6-бетте)







Пикир:






??.??