Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Кыргызстанда жашоо кандай?
ЮСАИД үстүбүздөгү жылдын 13-февралынан 28-февралына чейин Кыргызстанга тиешелүү ар кандай маселелердин тегерегинде эл арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Кыргыз, орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн маектерге Кыргызстанда туруктуу жашаган 18 жаштан жогорку адамдар тартылган. ЮСАИДдин бул иликтөөсүнө таянсак, Кыргызстандын калкынын жашоо-жагдайын, кайгы-касиретин, сүйүнүч-күйүнүчүн, дегеле толгон токой тирилигин төмөнкүдөй деп боолголоого болот:

Оң жолго
түштүкпү же…
Быйылкы жылдын февраль айында сурамжылангандардын 39 пайызы Кыргызстан өнүгүүнүн өрнөктүү багытына бет алганын айтышса, 48 пайызы туура эмес жолго түшүп калгандыгын кеп кылышкан. Өткөн жылдын август айында жагдай тетирисинче болуп, 47 пайыз эл өлкө оң жолго түшкөнүн, 39 пайыз эл туура эмес багытта баратканын айтышкан. Бишкектиктердин көпчүлүгү - 55 пайызы өлкө өнүгүүнүн өп-чап өңүтүнө өтүп алганын айтышса, ошол эле учурда борбор шаарыбыздан тышкаркы жерлерде - түндүк аймактарда 45 пайыз эл, ал эми түштүк тараптагылардын 47 пайызы жогорудагыдай көз карашты карманышкан. Анан да 18 жаштан 50 жашка чейинкилердин баары тең бул маселеде бирдей пикирди карманышканы көңүл бурарлык.
2013- жылдын февраль айында калктын азыраак бөлүгү - 32 пайызы республикабызда демократиянын дем-кубатына ишеничтерин билдиришсе, өткөн жылдын августунда 40 пайызы "демократиянын демөөрү демдүү" деген тыянакка келишкен. Түндүк аймагыбыздагы элдин 38 пайызы "өлкөбүздө демократия өнүгүп жатат" деген бүтүмдө болушса, түштүктүктөрдүн 31 пайызы гана ушундай ойдо экен. Бишкекте бул багыттагы пайыздык катыш андан бетер аз - 25 гана пайыз, тескерисинче көңүлү толбогондор көп - 65 пайыз.

Экономикабыз эңшерилүүдө
Экономика жаатында кеп кыла турган болсок, сурамжылангандардын 22 пайызы гана акыркы 12 айда өлкөбүздүн экономикалык жагдайы жакшырганын айтышса, 32 пайызы экономикабыз эңшерилип кеткенин кеп кылышкан. Мында 2012-жылдын августуна салыштырмалуу экономикабыз өрлөп баратканын белгилешкендер бир топко азайып кеткендиги көрүнүп турат. Башкача айтканда, быйыл февралда элдин 20 пайызы, ал эми өткөн жылдын августунда 29 пайызы экономикалык жагдай бирааз гана жакшыргандыгын билдирген. Бишкек шаары менен түштүктүн тургундарына караганда түндүктөгүлөрдүн бир тобу - 27 пайызы акыркы 12 айда өлкөбүздүн экономикалык жагдайы бир аз жакшырганын айтышса, түштүктүктөрдүн 16 пайызы, ал эми бишкектиктердин 15 пайызы гана ушундай пикирди карманышкан. Мында башка шаарларыбыздын, кыштактарыбыздын жашоочуларына караганда борборубуздун тургундарынын көпчүлүгү акыркы 12 айда өлкөбүздүн экономикасы кыйын- кысталыш абалдан чыга албады деген пикирде экендиги көрүнүп турат. Бул маселеде пайыздык катышты салыштырсак - айылдарда - 19 пайыз, шаарларда - 26 пайызды түзгөн.

Оокат-ашын оңогондор өтө аз
Үй-бүлөнүн каржы жаатындагы абалына көз салсак, өткөн жылдын августуна салыштырмалуу быйыл февралдагы жагдайда анчалык айырма деле жоктой. 2012-жылдагыга караганда 2013-жылы үй-бүлөлүк каржылык абалынын начарлап кеткенин көрсөткөндөрдүн үлүшү көбөйүп, каржылык абалы жакшыргандарын айткандардын саны азайа түшкөн. Тактап айтканда, өткөн жылы начарлап кеткендер 46 пайызды түзсө, быйыл бир пайызга көбөйгөн. 2012-жылы үй-бүлөлүк каржылык абалын бир топ оңоп алгандар 30 пайыз болсо, 2013-жылы ал андан үч пайызга түшүп кеткен. Бишкектиктер республикабыздын түштүк жана түндүк аймагындагыларга караганда өздөрүнүн үй-бүлөлүк бюджетине ичи чыкпаптыр, "бир топ жакшырды" дегендер 19 пайызды гана түзгөн. Ал эми түштүктүн да түндүктүн да тургундарынын 29 пайызы оокат-ашын оңоп алдык дешүүдө.

Башкы проблема - коррупция жана
жумушсуздук
Кыргызстандагы эң негизги проблема кайсы экендиги иликтөөгө алынганда 2012-жылдын август айында эл жумушсуздукту ( 55 пайыз), экономикалык өсүштү (29 пайыз), коррупцияны (34 пайыз), баалардын өсүшүн, инфляцияны (17 пайыз) белгилешкен. Жакырчылык, элдин жашоосунун төмөнкү деңгээли, кирешенин аздыгы, бийликтин өз көмөчүнө күл тарткандыгы жана боштугу, өлкөдөгү кырдаалдын туруксуздугу, саясый кризис, айыл чарбасы мышык ыйлаарлык абалда калгандыгы, кылмыштуулук, миграция өңдүү башка проблемаларга да токтолушкан. Бирок, анчалык маани беришкен эмес, ашып кетсе 8 пайызды гана түзгөн.
Өткөн жылдагы башкы проб-лемалар быйыл бир азга гана төмөндөгөнү менен кайра деле негизги маселе катары кайталанып калгандыгы чынында эле бул проблемалар жамы журттун кабыргасын кайыштырып жаткандыгын көрсөтүп турат. Тактап айтканда, жумушсуздук 49 пайызды, экономикалык өсүш 25 пайызды, коррупция 31 пайызды түзгөн. 2010-жылы май айында элди түйшөлткөн коопсуздук, согуш коркунучу менен саясый кризис маселелерин эске албаганда негизи эле жумушсуздук, экономикалык өсүш, коррупция бир нече жылдан бери эле башкы проблема болуп келе жатат.

Шаар, кыштактар
эмнеден
кыйналууда?
Ал эми шаарлардагы жана айылдардагы башкы проблемалар катары жолдордун жыртылып бүткөндүгү, жумуш орундары, таза суу, балдар бакчасынын жетишсиздиги, жакырчылык, коммуналдык тейлөөлөр, электр, айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги, инфраструктура, ден соолукту чыңдоо, коомдук транспорт, күйүүчү майлар өңдүү маселелер айтылган. Мында өткөн жылы да, быйыл да жолдордун жыртылып бүткөндүгү (32 жана 36 пайыз), жумуш орундары (30 жана 25), таза суу (23 жана 17) башкы проблема болуп калган.
Кыргызстанда жашаган үй-бүлөлөрдү быйыл негизги үч маселе - материалдык абалын жакшыртуу (36 пайыз), ишке орношуу (23 пайыз), турак-жай(7 пайыз) маселелери тынчсыздандырат экен. Айтмакчы, бул маселелер акыркы бир нече жылдардан бери кайталанып келе жатат. 2011-жылы сентябрда булардан тышкары баалардын асмандап кеткендиги айтылса, ал быйыл февралда да баш ооруткан башкы проблема катары калган.

Эл саясаттан
тажаптыр
Өткөн жылдын август айына (59 пайыз) караганда быйыл февраль айында (53 пайыз) саясатка кызыккандар азая түшкөнү элдин саясаттан тажай баштагандыгын көрсөтүп турат. Кыргызстандын бажы союзуна киришине каршы болгондорго (10 пайыз) караганда, жактагандардын көптүгү (33 пайыз) бул маселенин чечилүүгө жакындап калгандыгынан кабар берип жатабы? - деген ойго түртөт. Ал эми Бишкектеги Американын транзиттик жүк ташуу борбору менен Канттагы Россиянын аскердик базасы тууралуу элдин ой-пикирин сурамжылоодо Транзиттик жүк ташуу борборуна караганда (30 пайыз) Россиянын аскердик базасына (68 пайыз) оң пикирлердин көптүгү учурда "НАТО күчтөрү менен Ирандын тирешүүсүнөн улам Иран Американын аскердик базаларын бутага аларлыгын кыйыткандан кийин болушу мүмкүн" деген ой жаратат.

Жогорку үч
бийликтин рейтинги
түшүп кеткен
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Өкмөтүнүн, Парламентинин өткөн жылга салыштырмалуу быйыл рейтингдеринин түшүп кеткендиги өлкөбүздүн эң жогорку үч бийлик бутагынын билермандарын тынчсыздандырууга тийиш. 2012-жылы Президенттин Администрациясынын ишине ичи жылыгандар 67 пайызды түзсө, быйыл 47 пайызга түшүп кеткен. Өкмөттүн ишин оң баалагандар өткөн жылы 70 пайыз болсо, быйыл 43 пайызга төмөндөгөн. Парламенттин ишин жактыргандар өткөн жылы 67 пайызга жетсе, быйыл 39 пайызды гана түзүп олтурат.
Теле каналдардан эл КТРди көп көрүшүп, анын жаңылыктарына, саясый маалыматтарына ишенишээрин айтышкан. Андан кийинки кезекте ОРТ, ЭЛТР, 7-канал, НТС теле каналдары турат. Радиостанциялардан "Азаттыкты" жогору баалашат экен. Гезиттерден "Супер-инфону көп алышаары белгилүү. Белгилеп кетчү нерсе, элдин көпчүлүгү радио угуп, гезит окубагандыгы (78 пайызга чейин) сурамжылоодо да көрүнүп калган.
Өлкөбүздө өзүнүн саясый көз караштарын ачык айтуудан корккондор өткөн жылга (22 пайыз) салыштырмалуу быйыл (18 пайыз) үч пайызга гана азайгандыгы али да бизде демократия толук күчүнө кире албай жаткандыгын көрсөтүп турат. Мында 2012-жылы августта 28 пайыз, 2013-жылы февралда 25 пайыз сурамжылангандар эч кандай коркпой тургандыктарын билдиришкендиктерин да эске алуу керек.

( Уландысы эмки санда)







Пикир:






??.??