Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

"Менин кызым пара алган жок. Ал таза..."
УИАнын президенти Абдыганы Эркебаев Октябрь райондук сотунун төрагасынын милдетин аткарып жаткан кызы Гүлайым Эркебаевага карата "пара алган" деген айып менен кылмыш иши козголуп жатканына макул эмес. "Менин кызым бир жума бою ооруканада жаткан. Ошол учурларда кызыма бир жолдош кызы чалып, "кафеден жолукпайлыбы" деген. Кызым макул болгон эмес. Бирок, ооруканадан чыкканда тиги кыз кайра чалгандан кийин жолукпай коё алган эмес. Алар кафеде отурганда жолдош кызы ошол жерден дагы бир "подругасын" кезиктирип, экөө отуруп, акча санай баштайт. Менин кызым ал акчаларга колун да тийгизген эмес. Жөн эле отурган" деп билдирди. А.Эркебаев андан ары: " Менин кызымды жакында эле Октябрь райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучусу кылып дайындашкан. Биз бүгүнкү күндө "жылуу орун" үчүн жанталашкан заманда жашап жатабыз. Мүмкүн кимдир бирөөлөргө "ал жылуу орун керек болуп жаткандыр" деди. А.Эркебаевдин ата катары кызы үчүн күйүп жатканын түшүнүп турабыз. Ошол эле учурда "кызым ал акчаларга колун да тийгизген эмес" деп жатат. Чындап эле учурдагы коррупцияга каршы күрөштү кайсы бир "кара күчтөр" өз пайдасына пайдаланып жатабы? Анткени, бул биринчи жолкусу эмес. Ушундан уламбы коррупцияга каршы жарыяланган "согуштун" жүрүшүн коомчулук жапырт колдоп, кол чаап отурат деп айткандан да алыспыс.


Эксперт эсти чыгарып жатат
"Эксперт, газчы, нефтичи" деген толгон токой "өнөрү" бар Керимбек Сарыбашев "Жал-Артис" микрорайонундагы көп кабаттуу үйлөр акыры газдын айынан жарылат деген пикирин айтып, эсти чыгарып жатат. Анын пикири боюнча 10-кабатка чейин гана газ коюуга болот экен. Андан бийиктегилерине электр плиткаларын коюу шарт экен. Ал эми газ киргизүүгө тыюу салынат дейт. Өз учурунда ал мындай чечимге каршы болуп, колун койбоптур. Бирок, Мамархитектура бардык нормаларды бузуп уруксат берип коюптур. Адистин пикирине карасак мындай жарылуу үй эксплуатацияга берилгенден кийин 7-8 жылда болушу мүмкүн экен. (Москвада, Харьковдо, Ростов на Донуда) ушундай болуптур. Эми, кандай кылдык?!


Осмоналиев олуя окшойт
УКМКнын байкоочу кеңешинин төрагасы К.Осмоналиев кыйын экен эй. Буга чейин "коррупционер" деген эмне?" деп башыбыз жетпей жүрчү. Бу жигит минтип турбайбы: "коррупционер "таза кандуу" жана "аргасыз" болуп экиге бөлүнөт. "Таза кандуусунда" баары бар, бирок, баары бир алгысы келип, алкымын чертип турат. Ал эми "аргасызында" эч нерсе жок, жылаңач. Үйүндө катыны какшанып, балдары ачка ыйлап отурат. Анан аргасыздан коррупциялык иштерге барат". Мындай диагнозду мурун-кийин укпаптырбыз. Бирок, туура койгонуна тан бербеске айла жок. Буга караганда Осмоналиев тим эле олуябы деп калдык.


"Улуттар биримдиги" курултай өткөрөт
Оштун мэри Мелис Мырзакматов негиздеп, буга чейин регионалдык деңгээлде иш жүргүзүп келе жаткан "Улуттар биримдиги" партиясы 20-апрелде Бишкекте кезектеги курултайын өткөрүүгө даярданууда. Учурда Кыргызстандын бардык региондорунан жүздөй делегат шайланып, даярдыктар аяктап калганы маалым болду. Ардактуу коноктор, ЖМК өкүлдөрү, коомдук уюмдардан чакырылгандар менен баш аягы 200 дөн ашуун адам курултайга катышаары болжолдонууда.
"Улуттар биримдиги" партиясы да турмуштун шартына ылайык жалпы республикалык деңгээлдеги партияга айланууга белсенип, бүт өлкөгө кулач жайып, ишмердүүлүгүн жандандырууга белсенүүдө.
Түндүк-түштүк болуп, бөлүнүп жарылып, бири-бирине мурдун чүйрүшмөйү көп кыргызбайларды толук камтып, элдин биримдиги, улуттун, мамлекеттин келечеги үчүн бириктирүү аракеттери буга чейин да болуп келген бул партиянын катары калыңдап жатканы бизди да кубандырып жатат. Мына эми ошол тар кечүү, тайгак жолго "Улуттар биримдиги" партиясы "бөлүнбөйлү, бир кыргызбыз, бир бололу" деген уран менен чыгып жатат. Жаныш Үрүстөмбеков, Кубан Мамбеталиев, Искендербек Айдаралиев, Бейшенбек Болотбеков сыяктуу турмуштук мол тажырыйбасы бар коомдук-саясый ишмерлер, жаштар, урууларды бириктирип, тууган экенин түшүндүрүү менен бөлүнүп-жарылууну токтотуп, трайбализмди ооздуктайбыз дегендердин бир далайы "Улуттар биримдигинин" ураанын колдоого алышууда.
Не дейли. Аруу тилек менен кыргыз элинин биримдиги үчүн бой көтөрүп жаткан жаш партияга ийгилик каалайбыз. Ылайым ойлогон ойлору орундалып, өлкөбүздүн өнүүгүүсүнө жол ачылсын!


М.Мырзакматов:
"Эгерде энергетиктер төлөмдөрдү чогулта
албай калса, эмне үчүн акимдер,
губернаторлор, мэрлер жооп бериши керек?"

"Албетте, биз төлөмдөрдү чогултканга жардам беребиз, бирок энергетиктер планды аткара албай калса эмне үчүн акимдер, губернаторлор, мэрлер жооп бериши керек?" деген пикирин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов өкмөттүн жыйынында, Энергетика министринин мурда мэр-акимдер төлөмдөрдү жыйноодо энергетиктерге жардам беришчү, азыр бербей калышты, ушул ишти кайра жандандырыш керек деген сөзүнөн кийин айтып чыкты.
Анын айтымында, райондук электр тармактарынын жетекчилерин дайындоодо мэрлердин, акимдердин, өкмөттүн атайын өкүлдөрүнүн пикирин эч ким сурабайт.
"Алардын ар биринин өз колдоочусу бар. Алар тигил же бул партиянын депутаттары. Масалиев көчөсүндөгү Ош электр энергиясын сатуу ишканасынын жанынан, ал жерди тороп токтоп турган кымбат-кымбат машиналардан өтө албайсың. Демек, коргоо кеңешинин жыйынында президенттин энергетика тармагында Ширшовдун схемасы дагы деле иштеп жатат деген пикири туура. Ширшов биздин арабызда эле жүрөт", - деди Мырзакматов.


Башында кыйратпаган, тушунда жыргатабы?
Маданият, маалымат, туризм министрлиги үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинен, 30 майына чейинки бир айлык мөөнөттү макал-лакаптар айы деп жарыялады. Эмне үчүн десек, кыргыздын маданий улуу дөөлөтү болгон макал-лакаптарын сактоо, өнүктүрүү максатында жарыялап жатышыптыр. Анысы го жакшы экен. Бирок, министрлик муну менен кур калбай "Алга баскан арткыларга көпүрө" дегендей ойдон чыгарган лакаптарын коомчулукка сунуш кылышыптыр. Андай ойдон чыгармай болсо мына деп туруп, биз да бир эки ылакап ыроолоп коёлу: "Көпүрө болгондон көрө, Көк үйгө жет". "Ак үйдү аттасаң, маданият министрлигине бир кадам", "Бир министрликке эки келген министрдин эмне айыбы бар?", "Башында кыйратпаган, тушунда жыргатпайт" ж.б.

Көөгө чыланган "Кыргызкөмүр"
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси А.Молдокеев ишкананы сызга отургузуп, белчесинен карызга батырып, эсеп чоттору камакка алынганы маалым болду. "МИ Кыргыз көмүр" 2010-жылды 4 млн. 508 мин сом, 2011-жылды 3мл. 866 миң сом, 2012-жылды 289 миң сом чыгаша менен аяктап, 2013-жылга карата Соц.фондго 4,5 млн сом, салыкка 900 миң сом, башка мекемелерге 121,2 млн.сом карыздар болуп отурат.
Кен байлыктарыбыз таланып-тонолуп, алтындан башка эч нерсе көзүбүзгө көрүнбөй жаткан заман. Кыргызстанда 2,5 млрд. тонналык көмүр кенинин запасы бар, ошону иштетели дебей, жеңилине карап, казактардан сатып, ташып келип кыштан чыгууну өнөкөт кылып алдык. "Өзүбүздүн көмүр өндүрүү каралбай, колго алынбай турат. "МИ Кыргыз көмүрдүн" азыркы абалына, өкмөттүн көңүл бөлөөр-бөлбөсү белгисиз. Андыктан быйылкы кышка көмүр менен камсыздоо жагы теске салынат деген ишенич жок. 2012-жылдын кышка даярдыгы боюнча канаатандыраарлык эмес деген баа алган кыргыз өкмөтү эмнени ойлоп жатканы белгисиз. Кантээр экенбиз?


ИИМдин этеги дагы узарабы?
Башкы прокурор Аида Салянова ИИМдин алдында мыйзамсыз табылган каражаттарды мыйзамдаштыруу жана өлкөдөн чыгарылып кеткен акча каражаттарын көзөмөлдөө боюнча атайын структураны түзүүнү сунуштоодо. Анын айтымына караганда бул маселелер боюнча бүгүнкү күндө прокуратурадан башка бир дагы күч структуралары алектенбейт экен. Ошондой эле турмуш көргөзгөндөй рыноктук мамилелердин, коммерциялык ишмердүүлүктүн күчөшүнө байланыштуу, айрыкча, тышкы экономикалык мамилелерде мындай кылмыштар кездешет экен. Ошону менен ИИМде дагы бир атайын структура ачылып калышы ыктымал окшойт.






Пикир:






??.??