Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Колуңардан "пок" келбейт экен…
Баягыда кичине тынчып калган саясат кайрадан кайнай баштады. Тынчып бараткандай болду эле, жанагы Батукаев деген неме баарын дүрбөттү. Дүрбөткөндө да катуу дүрбөттү. Буга чейин ГСИН башчысы Зарылбек Рысалиев: "Билгениңерди кылгыла, мен соттун чечимин аткардым" деп, сыр бербей зыңкыйып турду эле, анын шаштысын кечээ интернетке жарыяланган видео кетирип койду.

Эми араң турган "ата-мекенчилер" мобу ирет башталчу ЖоКе сессиясына асман-айга түйүлүп, көздөрү алайгыча чакчырылып чыгаары бышык. Буга чейин Рысалиевди эмне менен жайлаарын билбей, баштары каткан "ата-мекенчилер" Текебаевдин "темпи" менен "хор" ырдаганга даярданып жатканы сокурга деле маалым болсо керек.
Аталган видеого көз сала турган болсок, ал жерде ГСИН кызматкерлери Батукаевди кайсыл эшиктен чыгарып, кайсы гаражга киргизип, кандайча алып чыгып кеткени жазылыптыр. Эмнеси болсо да мамлекет жетекчилери бүтүндөй аралашкан бул операцияны даярдаганда ойлойт экенсиң, "биздин мамлекетте деле оперативдүү иштешет турбайбы" деп. Бул окуя көптөрдүн буга чейинки мамлекеттин алсыздыгы тууралуу ойлогон ойлорун четке каккандай болду. Ошону менен бирге кечээ эле "биз бийликке келсек кылмышкерлер келемиштей болуп ийиндерине кире качып, ийинге батпагандары тышка качып жоголушат" деп бакырып жаткандардын колдорунан "пок" келбей турганы айкын болуп калды. Көрсө криминалдын алдында тизе бүгүп беришет экен да. Депутат эжекебиз Надира Нарматова айткандай, алар Азиз Батукаевдин "лезгинкасына" буту күйгөн тооктон бетер чимириле бийлеп беришти. Мына ушул окуядан кийин өздөрүн Кыргызстанда жападан жалгыз патриот эсептегендердин маңкасы аккандай эле болду. Аттарын атап, гезитке шилтей койсоң, кечээ эле саламга алик албай жүргөн немелер дароо чуркап келишет. Жазбайын десең ушинтип, жанды кашайтышат.
Буга чейин өзүн адам укуктарынын чыныгы коргоочусу катары көрсөтүүгө аракет жасап келген Акыйкатчы Турсунбек Акун бүт кыргызды каратып, коомдук биринчи каналынан дагы, НТСинен дагы, башкасынан дагы ачык эле бакырып, Батукаевди аталаш тууганынан бетер коргоп чыкты. Буга чейин тааныш агам катары анча-мынчасына көз жуумп келдим эле, бул ирет ачуу чындыкты айтканга туура келди. Негизи Турсунбек Акун бир тууганын да минтип коргомок эмес. Анын мынчалык күйпөлөктөп калганында чо-оң мандем жатат. Эмне үчүн парламент алдында ант берип шайланган Акыйкатчы учурда экономикалык кылмыштары үчүн камакта жаткан, ичегиси сыртына чыгып, аянычтуу абалда күн өткөрүп отурган Адина Турдубаеванын тагдыры үчүн ушунчалык күйпөлөктөгөн жок? Анан калса Адина айым Азиз Батукаев сыяктуу ондогон адамдын канына забын болгон эмес да. Эмне үчүн шашалыш түрдө сотко сунуштама берип, оперативдүү түрдө бул иштин демилгечиси болгон Башкы прокуратура Нариман Түлеев, Адина Турдубаева, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдорго мынчалык кам көрбөйт? Эгерде андай болбосо булардын Бакиевдердин тас кейпинен айырмасы эмнеде? Көрдүңөрбү, дагы деле жооп жок. Бул бийлик деле жыргатпай калды. Шору арылбаган кыргыз байкушту силер аябасаңар тыштан келгендер аямак беле, урматтуу аткаминерлер?





Ууруга барбай, элге бар
Депутат Ыргал Кадыралиева ЖКдагы социалдык саясат боюнча өткөн жыйында: "Бизде бир карасаң Акыйкатчы бар сыяктанат. Бирок, карапайым адамдарды дегеле коргобойт. Ал "мыйзамдагы ууру" менен жолукканча, мигранттардын реалдуу көйгөйлөрү чечпейби?" деди. Ырас эле Турсунбек Акун ар кандай "тусовкаларда" көп жүргөнү болбосо, кийинки мезгилдерде карапайым адамдарды карабай баратат окшойт. Же көптү көргөн курган башы, дагы таш тилеп калганбы?!


Мен силерге мектеп окуучусу белем…
Баштагы депутат, азыркы вице премьер-министр К.Талиева ЖКнын социалдык саясат боюнча өткөн жыйынында аз жерден ыйлап жибере жаздады. Мурдагы коллегалары туш-тараптан ар кандай суроолор менен каптап киришти эле: "Силер мени мектеп окуучусунан бетер сурай бербегиле. Мен колуман келгендин баарын жасап жатам. Жарга такабагыла. Силер мени жер карап отуруп беришимди каалап турасыңарбы?" - деди. Анан депутат Дамира Ниязалиевага карап: "Сиз деле өкмөттө иштеп келгенсиз. Ал жакта кандай кыйын экенин билесиз да" деди эле унчукпай угуп отурган У.Аманбаева: "баарыңар эле өкмөткө бараарда кайдагы жомокту айтып кыйратабыз дейсиңер…Анан ишке келгенде эле ыйлактай баштайсыңар" деп, талаш-тартышты кызытып турду.


Келдибековдон эмне мынча коркосуңар?
Акыркы күндөрү президент Атамбаевге жан тартымыш эткен кыргыз гезиттериндеги кесиптештерибиз Ахматбек Келдибековго асылышты да калды. Анын айрым жерде эмоцияга алдырып сүйлөп койгон сөздөрүн таламайга алып, талдап ийгенди айрыкча жакшы көрүшөт ошолор. Ал эми Келдибеков болсо, аны парламент төрагалыгынан зордоп кетиришкенде эч сыр бербегендей эле, бул жолу да сыр берген жок. Учурда аны ЖКнын бюджет жана каржы комитетинин төрагалыгынан түшүрүп, ордуна тил алчаак жердеши Марат Султановду кое салууну пландагандар ар тарабынан асылганына карабастан бир да жолу "бышш" деп койгон жок. Негизи эле, кыйын жигит экен. Кыйынды кыйындай барктай албаган кыргызга айла жок да, таң гөрү десе...







Пикир:






??.??