Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Бостондо бомба жарылды
Дүйшөмбү күнү АКШнын Бостон шаарында жарылган бомбадан үч киши өлүп, жүздөн ашууну жаракат алды. Президент Барак Обама жардыруудан үч сааттан кийин Ак үйдө сүйлөгөн учурунда окуяны терроризм катары мүнөздөгөн жок. "Күмөн санабагыла, биз муну аягына чыгарабыз. Ким жасаганын, эмне үчүн жасаганын аныктайбыз. Жеке адам болобу, топ болобу жоопкерчиликти толугу менен тартат" деди ал. Обама АКШнын бүткүл аймагында коопсуздукту күчөтөөрүн белгиледи. АКШнын Авиация боюнча федералдык мекемеси азырынча Бостондун үстүн учууга болбой турган аймак деп жарыялады. Вашингтондо, Нью-Йоркто, Лос-Анжелесте, Лондондо жана башка шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Быйыл ондогон өлкөдөн 20 миңден ашуун киши катышып жаткан Бостон марафонун бул кош жардыруу үзгүлтүккө учуратты.


Николас Мадуро президент болот
Венесуэлада президенттик шайлоодо мурдакы президент Уго Чавес көзү тирүүсүндө өзүнүн мураскору катары тааныган Николас Мадуро жеңип чыкты. Уго Чавес катуу ооруп дүйнөдөн кайткандан кийин 5-марттан тарта президенттин милдетин Мадуро аткарып жаткан. Шайлоодо жеңип чыккан талапкер 19-апрелде ант берет жана мамлекетти алты жыл бою, 2019-жылдын январь айына чейин башкарат. Добуш берүүнүн алдында мамлекеттик телекөрсөтүү Мадуронун Веенсуэланын мурдакы президенти Уго Чавестин мүрзөсүнө барганын көрсөттү. Оппозициянын талапкери Энрике Каприлес бул көрүнүштү "бардык шайлоо нормаларын бузгандык" катары билдирди. Николас Мадуро менен мүрзөгө аргентиндик футболчу Диего Марадона да барып, башкаруучу партиянын талапкерин колдоп шайлоого катышты.


Каримов Путинге экстремизм коркунучун эскертти
Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда Өзбекстан президенти Ислам Каримов Борбор Азияда экстремизм көбүрөөк коркунуч туудуруп жатканын айтып, терроризм, экстремизм жана диний радикализмдин кесепети согуштан да жаман болушу мүмкүн экенин эскертти. Орус-өзбек жолугушуусунан кийин Владимир Путин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Эркин соода аймагына Ташкенттин кошулуу шарттары аныкталганын, тиешелүү документке КМШ өкмөт башчыларынын Беларуста 31-майдагы жолугушуусунда кол коюларын билдирди. Ошондой эле 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийин кырдаалга тараптар тыкыр көз саларын, коркунучтарды алдын алууда биргелешип күрөшүү боюнча макулдашканын айтты.


Белгилүү пианист исламга акаарат келтиргендиги үчүн соттолду
Дүйшөмбү күнү Стамбул соту "калктын диний баалуулуктарына акаарат" келтирген сөздөрү үчүн айыптуу деп таап, белгилүү пианист Фазиль Сайды 10 айга шарттуу кести . Фазиль Сай твиттерде жана башка социалдык түйүндөрдө жарык көргөн комментарийлеринин биринде "маскарапоздор менен уурулар аллахисттер" деп жазган. Бул окуя 43 жаштагы музыкант Берлин, Нью-Йорк, Токио жана Израилде оркестрлердин коштоосунда концерт берип келгенден соң болду.
Түркия кошулууга умтулуп жаткан Европа Биримдиги сот өкүмүнө байланыштуу камтамасын билдирди. Биримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Түркия сөз эркиндигин урматтоосу керектигин айтты.


Антарктикадагы
муздар эрип жатат
Австралиялык жана британиялык окумуштуулар Антарктикадагы муз жайкы айларда 600 жыл мурдагыга караганда 10 эсе тезирээк эрип жаткандыгын айтышып, өзгөчө соңку 50 жылда өтө ылдам эригенин белгилешти. Топтун жетекчиси Нерил Абрам Жэймс Росс аралындагы 364 метрлик муздун үстүнөн байкоо жүргүзүлгөнүн, климат жылышынын натыйжасында аба температурасынын бир аз көтөрүлүшү эле муздун эришине алып келээри аныкталганын айтты. Акыркы жылдары Антарктикадагы муздардын эриши мөңгүлөрдүн тартылышына жана дүйнөдөгү деңиздердин деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келип жаткандыгы жөнүндө кабатыр пикирлер айтылууда.


Аскердик чыгымын АКШ азайтып, Орусия көбөйттү
Былтыр курал-жаракка кеткен чыгым соңку он жылдан ашык убактан бери 0,5 пайызга азайгандыгын Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтунун (SIPRI) жаңы баяндамасында чагылдырылды. Маалыматка ылайык, өткөн жылы АКШда аскердик чыгым 6 пайызга азайган. Бирок дагы эле дүйнөлүк курал-жарак соодасынын 40 пайыз үлүшүн Вашингтон ээлейт. Европадагы НАТОнун мүчөлөрүндө да коротулган каражат 10 пайызга кемиген. Ошол эле учурда курал-жаракка кеткен чыгым Орусия менен Кытайда өскөн. Бээжин 7,8, ал эми Москва 16 пайызга көбөйткөн.


Ооганстан менен Пакистан жер талашууда
Жекшембиде улуттук коопсуздук кеңешинде Ооган президенти Хамид Карзай коргоо, ички жана тышкы иштер министрлерине Британ оторчулугунан бери калган Дюран сызыгындагы курулуштарды алуу боюнча чукул аракет көрүү тапшырмасын берди. Талаштуу чек арада Пакистан тарабынан курулган текшерүү пункттары, чек ара өткөөлдөрү бар. "Чек ара өткөөлү же башка объектилер эки тараптын макулдугу менен гана курулууга тийиш. Дюран сызыгында жана Ооганстан аймагында макулдашуусуз өткөөлдөрдү орноштуруу эл аралык нормаларды бузууга жатат жана эки өлкөнүн мамилесине каршы келет" деди Ооганстандын коргоо министрлигинин маалымат катчысы генерал Захир Азими. 19-кылымда пайда болгон Дюран сызыгын Кабул таануудан баш тартып келсе, Исламабад аны эл аралык чек ара деп эсептейт.






Пикир:






??.??