Өмүрбек Бабанов, экс-премьер-министр:
"Президент Атамбаевдин депутаттык мандатын убагында сот аркылуу
тартып алган, Акаевдин "Алга,
Кыргызстанынан", Бакиевдин
"Акжолунан" депутат болгон Шарипа
Садыбакасова эми Текебаев менен
достошуп алыптыр"
Өткөн жумада "Ата Мекен" партиясынын жыйыны болуп, анда атамекенчилер "Кыргызстан" АКБ банкынын акцияларын Өмүрбек Бабановдун басып алуусу боюнча маселени карашкан. Депутаттар бул маселени жалпы палаталык талкууга алып чыгууну чечип, депутаттык комиссия түзүп, алар бул маселени карашсын деген ойлорун билдиришкен. Бул маселелер боюнча Өмүрбек Бабанов жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин чогултуп, маалымат берди.Биз да учурдан пайдаланып, Бабановго тиешелүү суроолорубузду узаттык.

- Өмүрбек Токтогулович, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын сиздерге койгон күнөөлөрү боюнча эмне айта аласыз?
- Ишемби күнү иш сапарынан келип, Текебаевдин баягы эле эски адаттагы шоусун көрдүм. Сыртта жүрүп, өз аракетимди көрүп жатканым алардын түн уйкусун бузуп жатса керек. Эң негизгиси "эмнеге 5-апрелде бул маселе көтөрүлдү?" - деп ойлодум. Бул жерде бир гана себеп бар. Ошол 6-апрелде Таласка барганда, 7-апрелде Бишкекте өткөн жыйналышта эл "мародерчулук качан ачылат?" - деп сурамак. Ошондой элдин оюн башка жакка буруу максатында бул маселе 5-апрелде көтөрүлдү. Бул мурда мага коюп келген, эч нерсеге жатпаган дооматтар. Анын бири - ушул банк. Мага бир ай мурда Шарипа Садыбакасовадан адамдар келген. Алардын арасында Койчубаков да болгон. Алар: "Бизге саясаттагы адамдар чыгып жатат. Бабанов азыр оппозицияда жүрүп, бийликке жакпай жатат. Келгиле, биз силерге жардам берели. Силердин нааразычылыгыңар бар экен, банкты кайра кайтарып бергенге жардам берели" деди. Мен кандай сунуштары бар экенин сурасам, алар "Бир гана сунушубуз бар. Бизге акча төлөп бергиле же дивидендиңерди, үч-төрт филиалыңарды бергиле, биз унчукпайбыз" - дешти. Мен "2008-жылы жасалган иш 5 жыл өткөндөн кийин кайра каралбайт" - дедим. 2006-жылы Салымбековго тиешелүү адамдардан банктын 30% акциясын 2 миллион долларга сатып алгам. 30%ы 2 миллион доллар тургандан кийин банктын баасы 6 миллион доллардын тегерегинде болгон да. Макул, аны башкаруусу менен кошкондо 10 млн. доллардын тегерегинде болсун. Банкты алгандан кийин кандай башкарып жатканын көрдүк. Шарипа Садыбакасованын баласы Нурлан банктын жетекчиси, кызы орун басар, ал эми Шарипа Садыбакасова өзү ошолордун кеңешчиси болуп, башкарып жаткан реалдуу адам болгон. Банк банрот болуу абалында болчу. Улуттук банктан "элден депозит кабыл алынбасын, кредиттер чектөө менен берилсин, бир нече банктык операцияларды улуттук банк менен акылдашып жасагыла жана 2006-2007-жылдардагы дивиденддер төлөнбөсүн" - деген бир топ чектөөлөр киргизилген. Мындан сырткары биринин шапкесин бирине кийгизе бергендиктен, бир топ чырлуу кредиттер болгон. Мен Шарипа Садыбакасовага жолугуп: "Корпоративдик башкаруу киргизели, банкка кесипкөй адистерди жетекчи кылып коелу, көз карандысыз кеңешчи дайындайлы" - деп айттым. Тилекке каршы, ал киши уккан жок. Акционердик чогулуштарда ал биздин акцияларга сот кое баштады. Соттошо баштады. "Анда биздин 30 %ды сатып алгыла, биз банктан кетели" -деп сунуш киргиздим. Аны да сатып алган жок. "Анда силер саткыла" - десем, өзүнүкүн да саткан жок. Андан кийин биз атайын брокердик компания жалдап, элдеги акцияларды сатып ала баштадык. АКБ банктын акциясы көтөрүлө баштады. Биз өзүбүздүн акыбызды көбөйтө баштадык. Ал киши 30%ын эле контролдогон. Биз сатып алат дегенден кийин ал киши "20 млн долларга банктын 60%ын сатып ал" - деп бизге сунуштады. Биз 20 млн. долларга банкты сатып алганга мажбур болдук. Себеби, биздин пакетти сатып албаса, банк банкрот болуп, биз акчабызды жоготуп алмакпыз. 20 млн долларды мен өзүмдүн атымдан эсеп ачып, апам "НК Альянсты" саткан акциясынан менин атыма акча которулуп келип түштү. Мен ал акчаны келишимдин негизинде ар бир акционердин эсебине которуп бердим. Алар кимден эмне сатып алды, өздөрүнүн иши. Мен ага эч тиешем жок. Биздин келишимде жазылган. Себеби, банкты сатып алардын алдында аудит кылган жокпуз. Ошонун негизинде биз али келишимге кол койгон жокпуз. Анда алар "2007-жылдагы дивидендден баш тарттык" - деп кол койгон. Себеби, Улуттук банктын чектөөсү болгондуктан, ал убакта дивиденд төлөй албайт болучу. Кол койгондон бир жыл өтпөй, ортодон Аджиев деген адам пайда болду. Бардыгы Аджиевге уступка кылып, ал банкты 47 млн сомго сотко берди. Биз соттошуп жатып, ал боюнча да утуп алдык. Уткандан кийин мына биз жума күнү билдик, Ата Мекен фракциясында 2010-жылы октябрдагы соттун чечими бар экен. Банк ал соттун чечиминин негизинде утулуп, ошол "47 млн дивидендди акционерлерге төлөп берсин" деп милдеттендирилген экен. Эми бул ойго келбеген түшүнүк да. Банк сотко катышпаса, ошол банкта 1000ден ашык адам иштесе, кантип банк сотко чакырса келбейт? Бул сот болдубу, болгон жокпу менин күмөнүм бар. Үч жыл кагазды кармап туруп, банк мыйзамдарынын негизинде банк утулса, соттук аткаруучу банкка алып келбейт. Ал Улуттук банкка бермек, алар банктын эсебинен эле кыскартып коймок. Үч жыл кармап туруп, анан Ата Мекен фракциясынын жыйынында аны алып чыгып жатат. "Силер соттон утулдуңар, төлөп бергиле" - деп бизге бербейби. Бизге бербей туруп, кайдагы бир сотту алып чыгышууда. Биз үч жыл мурда болгон сотту Ата Мекен фракциясынын жыйынында угуп жатабыз. Бул жөнүндө биз Башкы прокуратурага жазабыз.
- Банк жөнүндө эмне айта аласыз?
- Эми банктын баасы боюнча айтсам, өзүңүздөр деле көз салып көрсөңүздөр, банктын имараты, тейлөө персоналы, көрсөткүчү мурда кандай эле, азыр кандай абалда? Эмнеге "АУБ" "Залкар" банк болуп өзгөрдү? Эмнеге аны мамлекет 5 миллион долларга сата албай жатат? Ал эми "Кыргызстан" АКБ учурда жакшы көрсөткүчтө, ошондуктан кимдир бирөө рейдерлик жол менен басып алууну каалап жатат.
- Шарипа Садыбакасованын мындай кадамынын артында эмне кызыкчылык жатат деп ойлойсуз?
- Шарипа Садыбакасованы кыргыз эли жакшы билет, тааныйт. Ал киши кандай бийлик болбосун, ошол бийликтин ырын ырдап келген киши. Айтпайын дедим эле бирок, мажбур болуп отурам. Себеби, ал кишинин жасаган кадамы туура эмес болуп жатат. 2000-жылы Атамбаев ал кишини бир мандаттуу округдан утуп чыккан. Бирок, ошол Садыбакасованын тууганы, "Ата Мекен" фракциясында отуруп, бардык кара иштерди мага жаап жаткан Калича Умуралиева ошондо Атамбаевди сотко берип, "айылдагы үйүн жашырып койду" деп болбогон шылтоо менен анын мыйзамдуу мандатын тартып алган. Экинчиден, "Алга Кыргызстан!" партиясына мүчө болуп, 2005-жылы кайрадан депутат болуп келген. 2006-жылы биз митинг өткөрүп жатып, жаңы Башмыйзам кабыл алсак, арадан бир ай өтпөй, ошол Башмыйзамды өзгөртүүгө кол койгон да ошол эле Шарипа Садыбакасова болгон. 2007-жылы бизди тараткандан кийин "Ак Жол" партиясына кирип, ага мүчө болгон. Ал жерден биздин Каркыраны берүүгө кол койгон. Эмки кадамы бийликке жакындоо. "Ата Мекен партиясына жакындоо менен банкты алууну көздөп жатат. 70 жашка келген адам өзүнүн кадамдарын ойлоого убакыт келди го деп ойлойм.
- Аманбанк" боюнча айтып берсеңиз?
- "Аманбанктын" начар абалда экендиги боюнча менде маалыматтар бар. Ошонун негизинде балким, ал киши кайра "Кыргызстан" АКБны тартып алам" - деген ою болсо керек. "Кыргызстан" АКБ Садыбакасова түзгөн банк эмес экендигин элдин баары билет. Ал мамлекеттик жаркыраган чоң банк болгон. Ал киши башкарып отуруп, алдыңкы банктан артка жылды. Андан кийин канча банктар ачылып, аны басып өттү. "Жакшы башкаруу" - деп айтып жатат. Мына, "жакшы башкаруу".
- Банктын баасы боюнча айтсаңыз?
- "АУБду" улутташтырып, азыр Өкмөт сатып жатат. Үчүнчү, төртүнчү ирет 5 млн. долларга сата албай жатат. Ушундай эле филиалдары, ушундай эле мүлкү бар. "Биздикилер акчаны эмнеге биздин банкка эмес, башка өлкөгө салышат?" - деген суроону мен жалпыга маалымдоо каражаттарынан көп окуп калам. Акчаны салсаң, инвестиция кылсаң, өзүңдүн эсебиңден акча алсаң, анан ушундай иштер жүрүп жатпайбы. Депутаттар - биринчиден, мамлекеттик кызматкерлер. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер мыйзам боюнча жеке менчик компанияларга киришкенге укугу жок. Алар "кылмыш ишин козгогула" - деп, Башкы прокуратурага, сотко тапшырма берип жатышат. Мына, Текебаев соттук аткаруунун төрагасын чакырып "мына 47 миллион бар экен, барып, АКБ Кыргызстандан бул акчаны которуп алгыла" - деп айтыптыр. Эми кантип бийликте отурган адам минтип тапшырма берет? Анда Текебаевдин Максим менен Жаныштан эмне айырмасы бар? "Өзүм бийликке келип, өзүм башкарам" -деп анын күрөшкөнү ушул болгон экен да. Сотторду реформалоо керек экендигин мен мына ушундай иштерден улам көп айтып келем. Сот-бийликтегилер чакырганда кабинетке жүгүрүп келбегендей, көз карандысыз болушу керек. Карапайым элби, депутатпы, премьерби сотко өздөрү баргандай болушу зарыл. Ошондо Кыргызстанда калыс-тык болот.

(Уландысы 11-бетте)







Пикир: