Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер

Табылган таштын пайдасы тиеби?...
Акыркы жумаларда Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу капчыгайында табылган табышмактуу таштын айланасында болуп жаткан окуялар көлдүктөрдүн көңүлүн бурууда. Суунун жайык жеринде жаткан бул ташты белгисиз бирөөлөр тегерегин казып, автокран менен чыгарып кетүү аракетин көрүшкөн. Ташты омкоруп чыгара алышпай, аны көзөп, жардыруу менен ташып кетишмек экен. Жергиликтүү тургундарга булардын амалы билинип калып, аларды кубалап чыгышкан соң, учурда кезектешип кайтарып жатышкан учуру. Эл бул ташты "нефрит" деп аташууда. Таштын суудан чыгып турган бийиктиги бир метр болсо, айланасы беш чарчы метрди түзөт. Нефрит ташынын ар кыл өңдүү жашыл, ак жана кара түстөрү табиятта кездеше тургандыгын эске алсак, Чоң-Кызыл-Суудагы бул таштын өңү кочкул көк түстө экен. Тиешелүү жыйынтыкты атайын адистер чыгарып берүүсүн күтүп жатышканын айтышат, айылдыктар. Буга чейин Кыргызстандын аймагында үч жерде нефрит ташынын кени аныкталган экен. Алардын бирөө Ысык-Көлдүн сырт өрөөнүндө жайгашкан. Табылган таш бул кенге тушташ жаткандыгынан улам, "баалуу порода болушу мүмкүн" деп божомолдоого болот.
"Бул таш табылганга чейин тынч эле жаттык эле. Азыр болсо район, облус чоңдорунан тартып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан бери ат тезегин кургатпай келип жатышат. Жолубуздун абалын көрдүңүздөр. Канча жылдан бери кароосуз калган. Негизи биздин капчыгай Жети-Өгүз, Барскоон капчыгайлары сыяктуу эле туристтердин көңүлүн тарта турган кооздукка ээ. Шаркыратма менен жылуу булактарыбыз да бар. Кандай болсо да, таш чын эле баалуу болуп калса, ириде Чоң-Кызыл-Суу жана Светлая Поляна айылдарынын көйгөйлөрүн чечип беришсе жакшы болот эле" дейт, айыл башчысы Кубат мырза. Тоо арасында жайгашкан 200дөй түтүн эли бар Чоң-Кызыл-Суу айылында бир катар чечилбеген социалдык көйгөйлөр орун алган. Облус жетекчиси М.Асанакунов келгенде "баалуу таш болуп калса, айылдын гана маселелерин чечпестен, көлдүн айланасындагы жолдорду оңдоп алууга болот" деген оюн билдириптир. Талашка түшкөн таш оңдой берди болуп, баалуу чыгып калса, эл көйгөйүн чечүүгө багытталат деген ишеничтебиз. Болбосо кенди ачып коюп, пайдасын башкалар көрүп жатканы, жанындагы "Кумтөрдөн" эле көрүнүп жатпайбы.


Тарыхчылардын табылгасы
Каракол шаарындагы аймак таануу музейи тарыхый чоң мааниге ээ эки экспонат менен толукталды. Алардын бири эски көрүстөндөн табылган "тумарча" болсо, экинчиси руникалык жазуу чегилген таш.


Тумардын табылышы
Музей директору А.Карабекованын берген маалыматына ылайык, тумарча Ак-Суу районунун Жергез айылынын жогору жагындагы үстү түшкөн эски көрүстөндөн табылган. Көрүстөндө устундан оюлган табыт, сөөк жаткан жерде жебенин үч учу жана тумар болгон. Тумар булгаары менен капталган, ал жезден жасалып, боз үй сымал формасынын ичинде ак илбирстин сөлөкөтү түшүрүлгөн. Баалуу табылганы тапкан К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун тарых факультетинин 5-курсунун студенти Бекиш кызы Гүлиза менен улук окутуучу Акыл Исмаевдин пикирлери боюнча тумар болжол менен биздин замандын сегизинчи, тогузунчу кылымдарына таандык.


Ташта катылган сыр
Байыркы рун жазуусу чегилген таш ЫМУнун тарых факультетинин улук окутуучусу Акыл Исмаев тарабынан табылган. Ал Каракол капчыгайында Жибек Жолунун нугун сүрөткө тартуу үчүн барган учурда, топурак алуучу карьерден колго урунган. Таштын болжолдуу узундугу 40, туурасы 25-30 сантиметр. Анда төрт сап сүйлөм жазылган. Окумуштуулар А.Исмаев тапкан руникалык жазуу түшүрүлгөн бул таш Эне-Сай кыргыздары менен Теңир-Тоо кыргыздарынын ортосундагы байланышты далилдеген баалуу материал экендигин белгилешет. Себеби, таштагы жазууну иликтеп көргөндө ал Хакасиянын Ак-Үс дарыясынын жээгиндеги Тогус-Ас үңкүрүнөн орус окумуштуусу С.Проскураков тарабынан 1885-жылы табылган жазууну толугу менен кайталайт экен. Кыргыздар өз учурунда Ала-Тоо, Алтай жерлерин мекендеп, бирдиктүү өз мамлекеттүүлүгүн сактап келгендиги аныкталып отурат.
Учурда окумуштуулар тарабынан аталган тарыхый табылгаларды изилдеп-тактоо аракеттери жүрүп жатыптыр. Табылгалар баалуу маалыматтарды берүү менен кыргыз элинин тарыхынын актай жерлерин толуктап, негиздүү тарых жазууга көмөк көрсөтөөрүнө шек жок.





Пикир:






??.??