"Бардык жакшы
нерселер балдарга…"

"Алиби"гезитинин 20-марттагы №25-санында К. Мамыркулованын "Бир бала бакчанын аянтына бир күндө төрт токтом чыгарган айыл өкмөтү" деген макаласы жарык көрүп, анда Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын №1 мектебинин бала бакчасынын спорт аянтчасы тууралуу маселе чагылдырылган.

Редакцияга кайрылган аталган айылдын тургундары жана мугалимдер жамааты айыл өкмөттүн бала бакча тууралуу башаламан чыгарылган токтомуна нааразы болуп, спорт аянтчасынын маселеси чечилбей келе жаткандыгын белгилешкен. Макала жарык көргөндөн кийин айыл өкмөтү бул маселени оң жагына чечип берген экен. Ыраазы болгон №1 мектептин мугалимдер жамааты ыраазычылык катын көтөрүп келишиптир. Редакция алардын кубанычына тең орток болуу менен, "бардык жакшы нерселер" балдарга болушун каалайт.





Паспортуң эски болсо, үйүңдө отур…
КР Мамлекеттик чек ара кызматы Өкмөттүн 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун колдонуунун мөөнөтүн узартуу тууралуу" токтомуна ылайык, 1994-жылдагы "мөөнөтсүз" катары узар-тылган жалпы жарандык паспорту Кыргызстандын аймагында гана жарактуу экендигин айтып чыкты. 1-январдан бери 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт чет жакка чыкканга жарабайт. Ошондуктан чек ара кызматы 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун колдонгон жарандарына өлкө аймагынан чет жакка чыкканда бул жагдайды эске алууну эскертет.


Тил билсең, жумуш менен камсыз болосуң…
Россиянын федералдык миграция кызматы орус тили курстарын ийгиликтүү өткөн мигранттарга жакшы иш табууга жардамдашууну сунуштоодо. Өткөн жылы аталган кызмат Кыргызстанда жана Тажикстанда 2 сынак долбоорун ишке ашырган. "Орус дүйнөсү" фондунун көмөгү менен 2 лицейдин базасында жарым жылдык курс өткөргөн. "Мигранттар кесиптик даярдык менен катар орус тилин үйрөнүштү" дейт аталган кызматтын өкүлү А.Фоменко.


УКМКнын кызматкерине пара сунуштаба
Ысык-Ата райондук казына жетекчиси УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерине пара сунуш кылган жеринен колго түштү. "Куйругунда калбыры бар" шордуу мыйзамсыз казыналык операцияларды жүргүзгөндүгү жана акча каражатынын бир бөлүгүн өз кызыкчылыгына пайдаланган фактыларын жашырып-жабуу үчүн УКМКнын текшерүүчүлөрүнө 150 миң сом пара сунуш кылган экен. Уяты бар УКМКнын кызматкерлери баш тартыптыр. "Пара берем" деп колго түшкөн байкушка Кылмыш кодексинин 304, 314-беренелери менен иш козголду.


Ала-Буканын акиминин
алкымы бузулуптур
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Ала-Буканын акимине жана башка райондук бир катар жетекчилерге Кылмыш кодексинин 152, 304 жана 315-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Булар тарабынан 2012-жылы жана 2013-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттен кызматкерлердин маянасына бөлүнгөн 146 миң сомду максатсыз пайдаланылгандыгы белгилүү болгон. "Бузук кызматтык автомашинага күйүүчү май жана айдоочуга маяна төлөнгөн" деп жалган документ түзүп, 59 миң 647 сомду жеп коюшкан экен. Ошентип, мамлекетке 206 миң 414 сом зыян келтирилген.


Жүргүнчү кызды тоногон
Милицияга 22 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Ал үчүнчү кичирайонунан менчик фирмалардын биринде иштеген таксист сумкасынан 7 миң сом жана 2 уюлдук телефонун уурдап кеткендигин билдирген.
Бул кылмыш иши боюнча 21 жаштагы таксист кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.



Издөө токтотулду
5-апрелде Караколго жакын көл жээгинен 48 жаштагы Вадим Третьяков жана 28 жаштагы Александр Маятский аттуу тургундар кайык менен балык уулоого чыгып, дайынсыз жоголгон эле. 7-апрелден тарта аларды издөө иштери башталып, ага 9 куткаруучу, 35тен ашык жергиликтүү тургун тартылган. Эки күндүк издөөдөн майнап чыкпагандыктан издөө иштери токтотулганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.







Пикир: