Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_6.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_6.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_6.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Кызыгың түшкөн кызматтык квартира

Мен, Нарын областтык сотунун төрагасы Сыдыков Советтин жана аялы Калманбетова Салтанаттын, Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басары Шайзындаев Арстан жана аялы Курманалиева Аиданын, Нарын областынын райондор аралык сотунун төрагасы (азыр Чүй областтык сотунун төрагасынын орун басары) Курманбаев Жекшенаалынын, Нарын областынын райондор аралык сотунун ошол кездеги төрагасынын милдетин аткаруучу (азыр Ат-Башы райондук сотунун төрагасы) Рахматов Токтобектин, Нарын шаардык турак-жай башкармасынын, Нарын шаардык мэриясынын биргелешип эч кимге билгизбей жасаган коррупциялык кылмыштарынын бетин ачып, Нарын областтык прокуратурасына кайрылсам (макала гезитке жарык көрүп жатканда Сыдыков С. менен Шайзындаев А. мамлекет башчысынын жарлыгы менен кызматтан четтетилгени белгилүү болду), Нарын областтык прокуратурасы мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодон баш тартып, мамлекеттин кызыкчылыгынан коррупциянын кызыкчылыгын жогору коюп, бул коррупциялык ишке тиешеси жок Кыргыз Республикасынын ЖПКнын беренелерин колдонуп, коррупциялык ишти улам-улам жаап салышууда.

Жагдайлар төмөндөгүчө болгон: Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын 2002-жылдын 16-июлундагы №-194-б. буйругу менен сот кызматкерлеринин социалдык кепилдиктерин күчөтүү багытында Нарын шаарындагы муниципалдык менчиктин балансында турган Жамгырчы уулу Абас көчөсүндөгү №4"а" турак үйү Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басары Раяпов Болотко, №4"б" турак үйү Нарын областтык сотунун судьясы Сартов Анарбекке кызматтык турак-жай катары берилип, ошол эле буйрукта бул кызматтык квартираларды жеке менчикке чыгарып берүүгө тыюу салган.
Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басары Раяпов Болоттун кайрылуусунун негизинде Нарын шаар башкармасынын 2003-жылдын 11-июлунда №315-б. буйругу менен Жамгырчы уулу Абас көчөсүндөгү №4"а" үйү тиешелүү жер аянты менен Токтосунова көчөсүндөгү №31-кв. 7-үйү менен алмаштырылган. Тагыраагы, Жамгырчы уулу Абас көчөсүндөгү №4"а" үйү баланстан чыгарылып, ордуна Токтосунова көчөсүндөгү №31-кв. 7-турак жайы кызматтык турак-жай катары баланска алынган.
Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басары Раяпов Болот Талас областына которулуп кеткенде Нарын областтык сотунун 2007-жылын 3-майындагы оперативдик кеңешмесинин токтомунун негизинде, Нарын шаардык мэриясынын 2008-жылдын 20-майындагы №417-б. буйругу менен Токтосунова көчөсүндөгү №31кв. 7-турак үйү Нарын областтык сотунун судьясы (азыр Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басары) Шайзындаев Арстанга келишимдин негизинде кызматтык турак-жай катары берилип, буйрукта Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 20-декабрындагы №681-ХII "Кыргыз Республикасындагы турак- жай фондусун менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, сот кызматкерлерине берилген кызматтык квартираларды жеке менчикке чыгарып берүүгө (приватташтырууга) тыюу салган.
Бирок, Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басары Шайзындаев Арстан жогорудагы буйруктун бар экенин жана өзү жашап жаткан үй соттордун кызматтык турак үйү экенин билип туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын шаардык турак-жай башкармасы жана Нарын шаардык мэриясы менен биргеликте Нарын шаардык мэриясынын 2010-жылдын 12-январындагы №01-б. буйругу менен аялы Курманалиева Аида Мукашевнанын наамына мыйзамсыз менчикке чыгартып алган.
Нарын областтык сотунун судьясы Сартов Анарбек Жалал-Абад областынын Майлы-Суу шаарына которулуп кеткенде, Нарын областтык сотунун 2007-жылдын 20-июнундагы оперативдик кеңешмесинин токтомунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын 2008-жылдын 13-августундагы №401-б. буйругу менен Нарын шаары Жамгырчы уулу Абас көчөсү №4"б" үйү Нарын шаардык сотунун төрагасы (азыр Нарын областтык сотунун төрагасы) Сыдыков Советке келишимдин негизинде кызматтык турак-жай катары берилип, буйрукта Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 20-декабрындагы №681-ХII "Кыргыз Республикасындагы турак- жай фондусун менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, сот кызматкерлерине берилген кызматтык квартираларды жеке менчикке чыгарып берүүгө (приватташтырууга) тыюу салган.
Бирок, Нарын областтык сотунун төрагасы Сыдыков Советтин аялы Калманбетова Салтанат негизсиз эле Нарын облусунун райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, Нарын шаардык мэриясынын жогорудагы 2008-жылдын 13-августундагы №401-б. буйругун жокко чыгарууну сурап кайрылса, Нарын облусунун райондор аралык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу (азыр Ат-Башы райондук сотунун төрагасы) Рахматов Токтобек Кыргыз Республикасынын турак-жай фондусун менчиктештирүү жөнүндө мыйзамынын 2-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Судьяларынын статусу жөнүндө мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын турак жай кодексинин талаптарын одоно бузуп, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, Калманбетова Салтанаттын доосун канааттандырып, Нарын шаардык мэриясынын 13-август 2008-жылдагы №401-б. буйругун негизсиз жокко чыгарып мыйзамсыз чечим чыгарган.
Нарын шаардык мэриясы Нарын облусунун райондор аралык сотунун бул чечимине макул болбой, 2008-жылдын 9-сентябрында №608-б. буйругун кайра чыгарып, Жамгырчы уулу Абас көчөсүндөгү №4"б" турак жайын Нарын областтык сотунун төрагасы Сыдыков Советке кызматтык турак-жай катары жашоо үчүн берип, ошол эле буйрук менен менчиктештирүүгө тыюу салса, Нарын областтык сотунун төрагасы Сыдыков Советбектин аялы Калманбетова Салтанат кайрадан Нарын облусунун райондор аралык сотуна доо арыз берип, Нарын шаардык мэриясынын жогорудагы 9-сентябрь 2008-жылы №608-б. буйругун жокко чыгарууну сураса, Нарын облусунун райондор аралык сотунун төрагасы (азыр Чүй областтык сотунун төрагасы) Курманбаев Жекшенаалы Анарбекович кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кыргыз Республикасынын турак-жай фондусунун менчиктештирүү жөнүндө мыйзамынын 2-беренесин, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын статусу жөнүндө мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүмүн, Кыргыз Республикасынын турак- жай кодексинин талаптарын одоно бузуп доогер Калманбетова Салтанаттын доосун канааттандырып мыйзамсыз чечим чыгарган.
Судьялар Рахматов Токтобек жана Курманбаев Жекшенаалылар Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 199-беренесине таянып, доогер Калманбетова Салтанаттын доосун канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө чечим чыгарышы керек болчу.
Натыйжада Нарын облусунун райондор аралык сотунун жогорудагы чечимин негиз кылуу менен Нарын областтык сотунун төрагасы Сыдыков Совет жана аялы Калманбетова Салтанат, Нарын шаардык турак-жай башкармасы, Нарын шаардык мэриясы менен биргеликте Нарын шаардык мэриясынын 2008-жылдын 29-декабрындагы №807-б. буйругун чыгарышып Сыдыков Советтин аялы Калманбетова Салтанаттын наамына менчикке чыгарып алып, соода менен алектенген башка адамга 30 000 америка долларына сатышып, Сыдыков Совет Бишкек шаарына эки кабаттуу турак-жай салдырып жатат.
Бул уюмдашкан кылмыштуу коррупциялык топтун аракеттери жогорудагы юридикалык документтердин негизинде далилденип турганына карабастан Нарын областтык прокуратурасы Нарын облусунун райондор аралык сотунун чечимдери күчүндө тургандыктан, "биз эч нерсе кыла албайбыз" деп Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-пунктуна таянуу менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алган. Бирок, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун жоболору бул кылмыш ишин жабууга карама-каршы келгендиктен, кылмыш ишин жабууга негиз боло албайт.
Нарын областтык прокуратурасы бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 150-151-беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тийиштүү адамдары жоопко тартып, соттун өкүмү чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 361-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-4-пунктарынын негизинде Нарын облусунун райондор аралык сотунун чечимдерине карата жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз менен Нарын облусунун райондор аралык сотуна кайрылыш керек эле.
Нарын областтык прокуратурасы мыйзамдын бул талаптарын эске албаган. Нарын обулусунун райондор аралык соту Нарын шаардык мэриясынын гана буйруктарын жокко чыгарган. Ал эми Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын 16-август 2002-жылдагы №194-б. буйругу күчүндө экенин Нарын областтык прокуратура эске албаган. Натыйжада Нарын областтык прокуратурасы аталган уюмдашкан коррупциялык кылмыштуу топко кошулуу менен жалпы прокуратуранын ишине доо кетирип алышкан.
Ошондуктан, Нарын областтык прокуратурасынын аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоодон негизсиз баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган кызматкерлерине карата чара көрүп, бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тийиштүү адамдарды жоопко тарта турган ким бар?

Орозобек Мадинов,
Нарын шаары,
Ленин көчөсү №103"б" 3-кв.
2013-жыл, 2-апрель







Пикир: