Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер

Кагылайын карыларым
125 жаштагы Ракыя апа унутта калбасын…
"Алиби" гезитинин Ысык-Көл облусу боюнча өз кабарчысы Чыныбек Ажыбеков касиеттүү көлдүн Тоң районундагы Ала-Баш айылында жашаган 125 жаштагы Ракыя Бөлөкбаева эне тууралуу алгач ирет жазып чыккан. Тактап кетүүчү жагдай макалада кутман карынын паспортунун сүрөтү да кошо жайгаштырылган. Ага удаа Ош облусу боюнча өз кабарчыбыз Кайрат Жапаров Ош шаарында жашаган 118 жаштагы Эктибар Буваева аттуу кутман карыбыз бар экендиги тууралуу архивдик материалдар менен коштолгон макаласын салып жиберген. Бизди өкүнткөнү, айрым ээн ооз кесиптештерибиз борбордо жатып алып эле "Алиби" гезити көл өрөөнүндө жашаган дүйнөнүн эң кары байбичеси тууралуу маалыматты туура эмес бергендигин, Ракыя Бөлөкбаева эненин паспорту өзүнүкү эмес, абышкасынын биринчи байбичесиники экендигин жазып чыгышкан. Бул маалыматка учурунда териккен эмеспиз. 125 жаштагы кутман карыны коомчулукка алып чыгып жатып, мындай маңызсыз сынга теригип отуруунун өзү кажетсиз болгон.
"Алиби" гезити акжолтой болуп, учурда кутман карынын үйүнө маалымат каражаттары "ат тезегин кургатпай" каттап, эненин небере-чөбөрөлөрү чай бергенден чарчап турган учуру. Ош шаарындагы Эктибар апа да Ош аймагынын жазмакер журтчулугу жана жергиликтүү бийликтин эсинен чыкпайт деген ойдобуз.
Болгону көлгө атайылап барган "Кабар" маалымат агенттигинин кабарчысы Роман Гайнанов аттуу кесиптешибиздин Ракыя апага берген "Чоң апа, сиздин сырыңыз эмнеде, жаш кезиңизде эмне жегенсиз же спорт менен машыккансызбы?" - деген суроосу боорубузду эзди да. Ракыя апа "бир ууч буудай жеп, пиалага бозону толтуруп ичип алчумун, анткен менен ден соолугум мыкты эле, андан соң талаага чыгып иштечүбүз" деп жакшы жооп бериптир. Кабарчы жолдо бара жатып, Улуу Үркүндө эли-жеринен безген кыргыз элинин кыз-келиндери "по пути" "обруч ойногон" деп элестетип барган окшойт. Эмнеси болсо да биздин маалыматты жокко чыгарууга аракеттенген айрым басылмалардан айырмаланып, атайылап ат арытып, "Алиби" гезити "алдамчы гезит" эмес экендигине ынанып кайтканына рахмат.
Ак-Терек айыл округунун башчысы Улан Эсенгул уулу Тоң районунда Ракыя ападан башка дагы 100 жаштан ашкан 10 адам бар экендигин маалымдаптыр.
Ылайым, карыларыбыз узак жашап, бактылуу өмүр сүрүшсүн демекчибиз. Ал эми "Алиби" гезити коомчулукка сүйүнчүлөгөн Ракыя Бөлөкбаева апага майда-барат, чай-чамек жеткиргенге кубанбай, "планетанын эң кары адамына" айланышы үчүн тиешелүү тараптар аракет кылат деген ойдобуз. Демейде, жабалактап чыга калчу НПОлордун өкүлдөрү эмнегедир Ракыя апа тууралуу үн кошконун уккан жерибиз жок? "Эки элди араздаштырган" деп айыпталып, абакка кириптер болгон Азимжан Аскаров өңдүүлөрдүн маселесин жердин түбүнө жеткирген тараптар "планетанын кары адамы" деген наамга татый турган апанын деле укугун унутушпаса. Кылымды карыткан кыргыздын, кылымдан ашып жашаган кымбат карысы батасын бермек…




Алдаба, алдаба сен..
Майыптардын үмүтүн
алдаган министрлик
Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов эмне кылып жатканын ким билсин, мурдагы министр Равшан Сабировго кылмыш иши козголуп, кызматынан алынгандан кийин ордуна отуруп алып, үнү чыкпайт. Үнү чыккан бир жолу. "Равшан Сабиров сот аркылуу акталып, кызматын сураса ордун бересизби" десе, "жок ай" деп жооп берген. Отурса отура берсин дейт элек, бирок ансыз да ала жолдо турган социалдык тармак такыр эле итке минип калыптыр. Эдил Байсаловдун эбин таап, эшиктен узатып жиберген бул министрлик Кыргызстандагы майыптардын ресурстук борборуна имарат бөлүп берүүнү кечиктирип жаткандыгын майыптардын укугун коргоо борборунун мүчөлөрү айтып чыгышты.
Зарыгып барган майыптардын өкүлдөрүнө 2012-жылы Социалдык өнүктүрүү министрлиги үч айдын ичинде бул борборго жаңы имарат таап берүүгө убада кылган экен. "Тил эмизип узата берели, тажаганда эстеринен чыгып кетет" дешсе керек. Жаш баладай алдап, жолго салган министрлик убадага турбай, айласы кеткен борбордун мүчөлөрү "өлкө башчысына кайрылып, маселебизди чечтирели" деп өпкө кагып турушат.




Турсунбай Бакир уулу
туура маселе көтөрдү
Турсунбай Бакир уулу агентте отуруп алып, Аллага каршы сүйлөгөндөрдүн катыгын берип, базар күндү бешинчи күнгө которуу сунушу менен убара десек, дурус маселе сунуштаганды да билет турбайбы. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында төлөнбөгөн алимент суммасын 5 эсеге жогорулатууну же болбосо Үй-бүлө кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш киргизгенин угуп кубанып калдык.

"Азыр бизде советтер мезгилине салыштырмалуу ажырашуулар абдан көп болууда. Мен атасы алимент төлөбөй кеткен учурларды көп кездештирип жүрөм. Учурдагы мыйзам боюнча, алимент төлөөчү жак соттун чечими боюнча ар бир төлөнбөй калган күн үчүн 0,1 % үстөк менен төлөп берет. Мен бул сумманы 0,5%га жогорулатууну сунуштайм", - дейт эл өкүлү. Мындай жаңылыктын киргизилиши алимент төлөбөй жүргөндөрдүн санынын азайышына жана үй-бүлө бюджетинин жана коопсуздугунун сакталышына шарт түзөт экен. Шарт түзмөк турсун, баласынан баш тарткан айрым ата сөрөйлөрдү акылына келтирмек. Ансыз да арзыбаган алимент төлөгөн аталар жоопкер болмок. Баласынан баш тарткан кыз-келиндерге Кылмыш Жаза кодексинде тийиштүү жаза каралып, ата сөрөйлөргө жаза каралган эмес. Кыргыздын кыз-келиндери күлгө оонап төрөгөн жери жок да. Эл өкүлү мындай маанилүү маселени көтөрүп жаткандан кийин, мына ушундай маселелерди кошо кыпчый кетсе, жарашып жатып калмак экен.


Эмне эле "Ысык-Көлгө" ичи ысып жатат десе…
"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын генералдык директору Орозбек Нусубалиев "Ысык-Көл" мейманканасын аталган аймактын балансына өткөрүп берүү деген маселени Жогорку Кеңешке сунуштап, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйынында каралган. Орозбек Нусубалиев мамлекеттик мүлк фондунун балансында турган "Ысык-Көл" мейманканасы такыр эле банкротко учурап, 2009-жылдан бери каңгырап бош тургандыгын, мейманкананы ремонттоо үчүн бери дегенде 15 миллион доллар керектелээрин айтып чыккан. Ал өзү мына ошол мейманкананы жетектегенге чейин арендасы жылына 11 миң сомду түзүп келгенине каңырыгы түтөп, Жогорку Кеңеш мейманкананы СЭЗдин балансына өткөрүп берүү маселесин чечип берсе жогоруда айтылган ремонт үчүн каражат "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын чөнтөгүндө даяр экенин айтып, ынандырганга аракет жасап жүргөн. Депутат Карганбек Самаков баш болуп буга кайдыгер карабай, мейманкана комплекси такыр талкаланып кеткиче маселени чечүү зарылдыгын айтып чыккан.
Көрсө, Орозбек Нусубалиев жөндөн жөн "аталган мейманкананы "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын балансына алып, мамлекетке пайда келтире коеюн" деп жулунуп жатпаптыр. VESTIKG сайтынын маалыматына караганда ири курулуш компаниясы бар генералдык директордун бир билгени бар көрүнөт. Мейманкана эл өкүлдөрү эрип кетип, эркин экономикалык аймактын балансына алынса, кийин энчисине басып алганга бир кадам калат экен да.






Пикир:






??.??