Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_4.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_4.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_4.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Дүйнөнү дүңгүрөткөн "Темир айым"

Атагы ааламга кеткен Маргарет Тэтчер 87 жашында инсульт-тан көз жумду. Улуу Британиянын мурдагы премьер-министринин, айтылуу баронесса айымдын 8-апрелде таң эрте дүйнөдөн өткөндүгү бүтүндөй дүйнө элин кейитти. Ал 1979-1990-жылдары Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматын аркалап, кайратынан кайтпаган мүнөзү, бекем позициясы, айрыкча азылуу СССРдин бийлик башындагыларынын саясатын жиликтеп сынга алгандыгы үчүн "темир айым" атыккан. Ал тууралуу 2011-жылы "Темир айым" аттуу көркөм фильм да тартылган.

Алгачкы
премьер айым
Маргарет Тэтчер Улуу Британиянын тарыхында бирден бир аял-премьер-министр болгон. 1992-жылы ага расмий түрдө "баронесса" наамы ыйгарылат.
Жаш кезинде химияга кызыкканы менен, кийин юрист кесибине ээ болуп, саясатка оойт. Маргарет Тэтчердин саясаттагы чоң жолу 1959-жылы башталган. Үчүнчү жолку аракеттен кийин британ парламентинен орун алууга жетишет.
Консервативдик партиянын лидерлигине 1975-жылы ээ болуп, 1979-жылы Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматына шайланат. Өкмөткө жетекчиликке келген соң мамлекет эмнеден улам эңшерилип жаткандыгын анализдеп, бир нече саясый жана экономикалык реформаларды жасап, өлкөнү өргө тартат. 1982-жылдагы Фолкленд согушунун ийгиликтүү аякташындагы жана өлкөнүн экономикасынын тез темп менен өсүшүндөгү анын эбегейсиз эмгеги эске алынып, 1983-жылы экинчи мертебе премьер-министрликке шайланат. Ал эми үчүнчү жолу 1987-жылы шайланып, бирок кошумча салык боюнча сунушу, ошондой эле Европа Союзундагы көз карашы өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болбогондуктан консервативдик партиянын башчылыгынан жана премьер-министрликтен кетүүгө мажбур болот.

Эң негизги саясый
жеңиштери
Тэтчер Улуу Британияны башкарып турган 11 жыл ичинде негизинен үч мертебе эң чоң саясый жеңишке жетишкендигин белгилөөгө болот.
Биринчиден, дүйнө жүзүнө социализм акырындап тарап, жетимишинчи жылдардын аягында Британияга да башбагып, таасири тие баштаган болуучу. Тэтчер бийликке келгенде бул өлкө экономикалык жана социалдык кыйроонун чегине жетип калган. Жаалы катуу профсоюздардын баш-аягы жок уюштуруп турган иш таштоолору Британиянын жашоосун жабыркатып койгон эле. Обужок очойгон салыктар, ооздукталбаган инфляция, мамлекеттик секторлорду майыштырган натыйжасыз иштер өлкөнү кудуретсиздиктин кырына такап салган. Лондондун жана башка шаарлардын көчөлөрү акыр-чикирге, алтургай адамдардын өлүгүнө толуп, ишканалар иштебей калган. Тэтчер мына ушундай өтө оор кырдаалды колго алып, өлкөнүн экономикалык саясатын өзгөртүп, салыктарды азайтып, инфляцияны ооздуктап, менчиктештирүүнүн ачык айкындыгын ишке ашырат.
Экинчиден, 1982-жылы Аргентина Фолкленд аралдарын басып алганда бул жерлер үчүн болгон согушта Британиянын жеңишке жетишинде Тэтчер эң башкы ролду ойногондугун моюнга албаска чара жок.
Үчүнчүдөн, Тэтчер АКШнын президенти Рональд Рейган менен биргеликте "кансыз согуш" маалында коммунизмдин ташталканын чыгарат. Михаил Горбачёвдун кайра куруусун колдоп, кайнаса каны кошулбачудай болгон мамлекет менен достук мамиле түзөт.
Айтмакчы, анын "темир айым" аты алгач Россияда айтылып баштаган. Мындай ысым өзүнө да жаккандыктан, өзүн өзү да ушул ат менен атап калчу экен.
Тэтчердин саясий карьерасынын соңку жылдары СССРге демократиянын желаргысы каптай баштаган учурга туш келет. Ал кездеги советтик лидер Михаил Горбачев Улуу Британияга 1985-жылы расмий сапар менен барат. Ошондон соң Тэтчер Горбачевду "иштешүүгө жарай турган адам" деп айтканын уккандар болуптур. Кече күнкү "Интерфакс" менен маегинде Михаил Горбачев Тэтчерди "улуу саясатчы, көрүнүктүү инсан" деп атады.

Ал тууралуу
эмне дешүүдө
Учурда ал тууралуу бардык мамлекеттердин телерадиолору кеп кылууда. Достору, кесиптештери, партиялаштары, алтургай душмандары да бир ооздон өтө зор саясатчы жана улуу адамдыгын айтышууда. Каршылашы, лейбористтердин лидери Эд Милибенд да Тэтчердин британ саясатында эң ири фигура экендигин мойнуна алып отурат.
Бул кайгылуу окуядан улам учурдагы премьер-министр Дэвид Кэмерон Европа мамлекеттерин кыдыруусун токтотуп, Лондонго кайтып келип: " Ал Британияны жөн гана жетектебестен, өлкөбүздү кыйын кырдаалдан алып чыкты. Биз бүгүн акылман адамды, улуу премьер-министрди, Британиянын эң мыкты патриотун жоготуп алдык. Анын мурасы -биздин мамлекетти сактаганы, мекенине эң мыкты кызмат кылганы, мекени үчүн бөтөнчө каармандыгын көргөзгөнү. Анын жетишкендиктери тууралуу адамдар алдыдагы он жылдыктарда, балким жүз жылдыктарда дагы биле беришет, бул - анын мурасы" деп айтты.
Беларустун мурдагы президенти, СССРдин жоюлушуна жол ачкан алгачкы келишимге кол койгон үч лидердин бири Станислав Шушкевич "Аны Уинстон Черчиллге, Шарль де Голго салыштырып, гений саясатчылардын арасына кошууга болот. Ал өз өлкөсү үчүн өтө көп нерселерди жасаган абдан тажрыйбалуу саясатчы эле. Горбачев Рейган менен катар Тэтчердин да таасири астында болгону белгилүү" деди.
1991-жылдын август айында Россиядагы мамлекеттик төңкөрүш күндөрү анда бийликтен түшүп калган Маргарет Тэтчер "Эркиндикке жана демократияга ишенген жана бул эки нерсе тең Советтер Союзуна Горбачевдун жетекчилиги астында келди деп санаган инсан катары, ошол нерселердин уланышы өзгөчө маанилүү экенин, болбосо адам укуктары СССРдин караңгы доору кезиндегиге кайра кетет деп эсептеген адам катары мен төңкөрүштү айыптайм. Эгер төңкөрүш ийгиликке жетсе, Советтер Союзунун экономикалык көйгөйлөрү дагы күчөйт. Бул дайыма эле татаал болгон. Биз эми жаңыланган аракеттер менен алга жылуубуз абзел. Анткени эл демократияга ишенимин көргөзсө, кошумча жардам күтүүгө укуктуу" деп айтканын ушул жерде эскере кетүүнүн ыңгайы келип турат.
Кайсы бир сөзүндө СССРдин жоюлуп кетишине терс баа берген Россиянын президенти Путин да Тэтчерди азыркы доордун "көрүнүктүү саясий фигурасы" деп сыпаттады.
АКШ президенти Барак Обама "Тэтчер трансатлантикалык альянстын көшөргөн жактоочусу катары кансыз согушту жеңерибизди, эркиндик жөнүндөгү убадабызды аткара аларыбызды билген болчу. Америка "чыныгы досунан" айрылып отурат" деп белгиледи.
Ал эми Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо Тэтчерди "Ал бирдиктүү базарды түзүүгө көмөктөшкөн "темир көшөгөнүн" артында турган Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүн Европанын үй-бүлөсүнө алып келүүдө башкы оюнчу болгон улуу мамлекеттик ишмер" деп сыпаттады.
Лондондон келген маалыматка караганда, Маргарет Тэтчер акыркы сапарга аскерлердин коштоосу менен, тактап айтканда падышалык үй-бүлөдөн бир аз гана кийинки деңгээлдеги урмат-сый менен акыркы сапарга узатылмакчы.







Пикир: