Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_3.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_3.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_3.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Турсунбай танса журналист ЖКдан айдалабы?
Депутат Турсунбай Бакир уулу менен "Общественный рейтинг" гезитинин журналисти Эрик Исраилов экөө "Фейсбуктан" эңише кетишип, далай жерге барган чатагы коомчулукка белгилүү. Акыры бул маселени ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети карап, журналистти аккредитация күбөлүгүнөн ажыратуу сунуштары айтылды. Журналист Э.Исраилов: "мени И.Карамушкинанын көзүнчө сабады" десе, депутат Турсунбай Бакир уулу "сабасам ооруканага жүгүрүп бармаксың" деп танып кетти. Кыс-касы, комитет чечими боюнча Э.Исраиловдун аккредитациясы ЖКнын Аппарат жетекчиси тарабынан чечилмей болду окшойт. Ал эми депутаттар А.Сасыкбаева, И.Карамушкина мындай чечимге макул эместиктерин билдирип, жыйындан чыгып кетишти. Ал эми журналист Э.Исраилов "аларыңар ушубу, мен буга жабышпайм деле" деп турду.


Премьер-министр "төбөгө" койгондон кийин…
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев күздө-кышта рес-публиканы түрө кыдырып, жер-жерлердеги жетекчилерди бир сыйра каарып чыккан. Ошондой кыдырууларынын биринде (февраль айында) Чүйдөгү "Кайыңды кабель чыгаруучу заводго" барып, директорун баш, жамаатын төш кылып катар тизип алып: "бир айдын ичинде "бирдеме" чыгарбасаңар көрдүңөр" деп кеткен. Буларга камчы эле керек болуп турган окшойт, шылтоолорун таштап, шымаланып ишке киришишип, андан берки эки айдын ичинде 20 тонналык кабель чыгарып жиберишиптир. Буга кубанганыбыз менен "…мурда эле ушинтишпейби же кызыл деректирлерди сөзсүз эле премьер-министрдин "төбөгө чаап" турушу зарылбы деп биз турабыз.


1600 алиментчи качып жүрүптүр
Жогорку Соттун алдындагы сот департаментинин аткаруучу директору Урмат Кожомбердиев: "2011-жылы алимент өндүрүү боюнча 21 миң даттануулар каралып, 1300 алимент төлөөчүлөргө издөө салынса, 2012-жылы даттануучулардын саны 23 миңге жетип, алимент төлөгүсү келбей жерге житип кеткен 1600 ата-сөрөйгө издөө салынгандыгын" билдирди. Буга караганда ажырашуу жылдан-жылга өсүп бараткандай. Ажырашуу коомдогу социалдык трагедия. Айласыздан ажырашпай этпей эле алмончоктой балдарды өстүрүп, кыргыз тукумун улап келген ата-бабаларыбызга таң бербей коё албайсың. Буга туурадан карап турбай "күйүп" кеткен Турсунбай Бакир уулу качкын алиментчилерден алиментти беш эсе жогору өндүрүп алууну сунуштады. Бул ишке ашып кетсе далай алиментчилердин шору шорподой кайнайт окшойт.


Биздин академикти Түштүк Кореянын президенти чакырып…
Ч.Айтматовдун кешигин ичкендик кылабы, айтор академик А.Акматалиев негизинен үйүнө токтобойт. Дүйнө кезип эле, Кыргызстанды "дүңгүрөтүп" жүрөт. Бул жолу Түштүк Кореянын президентинин чакыруусу менен барып, ошол эле президенттин буйругу менен бир ишке дайындалып келди. Ал буйрукта минтип жазылыптыр: "Абдылдажан Акматалиев Азия мамлекеттеринин маданий борбор-шаарын түзүү боюнча президенттик уюштуруу комитетинин мүчөсү болуп дайындалсын". Бул президенттик уюштуруу комитетине беш мамлекет (Австралия, Кытай, Япония, Камбоджа, Кыргызстан) кирет экен. Аталган борбор-шаар 2015-жылы ачылат дейт. Эмнеси болсо да Кыргызстандын даңкын чыгарган кыйындардын саны арта берсин.


"Пенсиянын ордуна дагы эле ун,
атүгүл конверт таратып жатышат" дейт депутат
Депутат У.Аманбаева 4000ге жакын кызматкерлери бар "Кыргыз почтасы" пенсияларды эмне себептен кечиктирип жаткандыгын билгиси келгени менен аталган мекемеден оңдуу жооп алалбаптыр. У.Аманбаева пенсиялар кечиктирилип берилип жатканы аз келгенсип, почтанын кызматкерлери пенсияны тоолуу аймактарда товар, ун, конверттер менен берип жаткандыгын да белгилеп өтүп, мунун себебин мындайча түшүндүрдү: "Кыргыз почтасы" азыркыга чейин эски система менен иштеп жаткандыктан ушундай фактылар болуп, акча желип жатат. Андан көрө "Кыргыз почтасына" которулуп жаткан 300 млн сомду Социалдык фонд өз карамагына алып, пенсияларды өз убагында таратып бериш керек. Мисалы, алыскы Кара-Кулжа районунда пенсияларды жарандардын үйүнө алып келип беришет, ошондой системаны бардык жерге жайылтыш керек". Деген менен депутат У.Аманбаева маанилүү маселени көтөрүп, туура сунушту айтып жатат. "Кыргыз почтасына" жер-жерлерде нааразычылык арбын. Жети облуста кабарчылары иштеп жаткан "Алиби" гезити да бул маселеге көңүл бурууну чечти. Жакында "тишке илингендерин" жарыялай баштайбыз.


"И.Карамушкина кечирим сурасын" дешет
Ош жана Жалал-Абад облусундагы "Баатыр энелер" президент А.Атамбаевге, өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиевге, Башкы прокурор А.Саляновага, ЖК төрагасы А.Жээнбековго, ЖК депутаттарына кайрылуу жолдошту. Кайрылууда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина "Баатыр энелерди" "фашист" деп атагандыгы үчүн энелерден кечирим сурашсын, эгерде кечирим сурабаса анда депутаттык мандатын тапшырып кетүүсүн" талап кылышкан.
Өткөндө бул маселе ЖК комитетинде каралганда И.Карамушкина: "…Бардыгына стенограмма күбө… Эгерде силерге ал далил болбосо, мен аны лингвистикалык комиссияга берем. Мен анда "мындай ыкмаларды фашисттер колдонгон" деп айткам. Башка эч нерсе айткан эмесмин" деген. Эмнеси болсо да лингвистикалык комиссиясыбы, башкасыбы бул маселени тезирээк карап, ЖКнын өзү чекит койбосо, аягы ырбап баратат окшоп калды.


Бир ок менен эки коен атып…
КРнын вице-премьер-министри Шамил Атаханов "Кыргызстанда жасалма паспорттун эң ири рыногу бар. Мындай паспортторду Мамлекеттик каттоо кызматы миңдеп даярдап жатат" деп айтты. Анын айтканы чын болсо, арабызда Кыргызстандын жасалма паспорту менен диний эмиссарлар, чет элдик агенттер, террорчулар, криминалдык күчтөр жүргөн экен да? Мындай болгондо президент убада берген коррупция кантип жоюлат? Анткени мындай абалдан коррупционер-чиновниктер гана пайда көрөрү айдан ачык болуп турат. Болгондо да "бир ок менен эки коен атып". Кантип? Жөнөкөй эле, коррупционер-чиновиктердин бир жагы жасалма паспортторду көмүскөдө сатып пайда табышса, экинчи тарабы жасалма паспорт менен жүргөндөрдү кармап, акчасын шыпырып алышып, мында эки тарап тең шериктеш болушу да мүмкүн. Жасалма паспорт саткан тарап кайсы адамга жасалма паспорт берилгендиги тууралуу экинчи тарапка маалымат берип турса эле жетиштүү. Акча айланып, өзүнөн өзү келип турат да, туурабы Шамил мырза?


Орусия каякты карап отурат?
Баягы бизнесмен Борис Воробьёв Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынын айланасына театрдын репертуарларын даңазаламыш эткен афишаларды илип, кафелерди куруп, тим эле укмуш кылып жаткандай таасир жаратканы менен мышык ыйлагыдай абалга келип калганы мына эми билинип олтурат. Борис мырзанын директорлук кызматынан жөн кетпей декорацияны жула кеткенине жол болсун! Воробьёвдон калган театрдын кейиштүү абалы коомчулукту бушайманга салууда. Канткен менен ал колдоого муктаж. Театр - бул тирүү организм, ал дайыма кыймылда болуп, илгерилеп жылып туруусу керек. Убакыт жаңылоону, өзгөрүүлөрдү, жаңы мамилени талап кылат. Кандай гана болбосун, театр көрүүчүлөр үчүн эң жакшы аянтча болуп калууга тийиш. Ошондуктан, аталган театрды сактап калуу үчүн жардам көрсөтүү зарылдыгы туулууда. Албетте, театр бүгүнкү күнү материалдык жактан гана эмес, моралдык жактан да колдоого муктаж болуп турган чагы. Ушуга байланыштуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 19-апрелде "Биз орус драма театры менен биргебиз" аттуу марафонун өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Ал үчүн министрлик 500 миң сом бөлүү менен кайдыгер карабаган адамдарды да театрга жардам берүүгө чакырууда. Белгилей кетчү нерсе, Орус драма театрынын мындай кейиштүү абалына жана аны колдоо үчүн марафон уюштуруу маселесине Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кайдыгер карап жаткандыгы кызык.


Ой, 10-майга чейин май алып алгыла
Айыл чарба министрлиги күйүүчү майдын наркы 10-майга чейин көтөрүлбөй тургандыгын айтып дыйкандарды ишендирип жатат. Ушундан улам биз дагы 10-майга чейин күйүүчү майды сатып алып, "запастап" алгыла деп жатабыз. Министр Ч.Узакбаевдин айтымында быйылкы жаздагы айдоо өнөктүгүн өткөрүү үчүн 41,2 миң тонна солярка талап кылынат экен. Анын 23 миңи колубузда бар окшойт. Орточо баасы 40-41,8 сомду түзөт.





Пикир: