Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

М.Мурзаев... + А.Зарипов ...
45,5 миллион...
Бүт өмүрүн мамлекеттин коопсуздук кызматына жана мамлекетти башкаруу ишине арнаган Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин "миллиондорду уурдагандар мамлекеттик ишмер да, картошка уурдагандар ууру" деп кыларга иши жогунан эмес, күйгөнүнөн айтса керек. Кыргызстанда да коррупция куду эле В.Путин бетке чаба таамай айткандай тамырлаптыр.


Ошол эле "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" тууралуу айталы. Анда иштегендер А.Зарипов деген аксакалды жакшы билишсе керек. Жаңылбасам, бу киши өмүр бою ушул тармакта иштеп келатат. Көп жылдар "Кыргызтуракжайкоммунсоюзду" жетектеп турду. Азыр да бул ишканада башкы директордун кеңешчиси болуп иштеп, М.Мурзаевге "баалуу" кеңештерин берип жаткандыгында талаш жок. Минтип "баалуу" деген сөздү тырмакчага алганыбыз бекеринен эмес. Окурмандардын башын катырбай, бир эле мисал эле айталы. "Кыргызтуракжайкоммунсоюзду" 2007-2008-жылдарда А.Зарипов жетектеп турганда, коррупциялык схемалар аркылуу "Хайтек" ЖЧКсына 28 млн.сом, "Баррель" ЖЧКсына 8 млн.сом, "Транс Меркурий" ЖЧКсына 8 млн.сом которулуп кеткени укук коргоо органдарынын эсинен чыгып кетсе да, Зарипов аксакалдын эсинен чыга элек болуш керек. Эгер эсинен чыгып кетсе, ошол мезгилдеги бухгалтериялык документтерди алып чыгып эсине салалы. Баса, миллиондор демекчи, ал миллиондордун бир учу барып, "Кыргызтуракжайкоммунсоюздун" азыркы жетекчиси М.Мурзаевге такалат.
2007-2008-жылдары "Кыргызтуракжайкоммунсоюздун" азыркы жетекчиси М.Мурзаев "Транс Меркурийди" жетектеп, анын жубайы Сыдыкова Гүлсара Токтосунова "Транс Меркурий" ЖЧКсынын башкы бухгалтери болуп иштеп турган. Албетте, мында: күйөөсү фирманын жетекчиси болсо, жубайы фирманын башкы бухгалтери болгонунда, мыйзамды бузган эч нерсе деле жок. Кеп, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" ишканасынан "Транс Меркурий" фирмасына которулган 8 миллион сом акчада. "Транс Меркурий" фирмасы "Кыргызтуракжайкоммунсоюздан" миллиондорду алган "Хайтек", "Баррель" фирмалары сыяктуу эле, мамлекеттик ишканадан миллиондорду алганын алып, бирок, келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелеринин бирин да аткарбаптыр. Андан да кызыгы, бул милдеттенмелерин аткарбаган фирмалар 2008-жылы жабылып калган. Мамлекеттик каражатты оңду-солду чачкан Зарипов мырза кабагым-кашым да деп койгон эмес. Ишкердик менен шугулданган адамдар жакшы билишет, фирманы каттатканга караганда, аны жабуу алда канча кыйын жана татаал. Аталган фирмалардын мамлекеттик мекемелердин алдында карызы жокпу, башка фирмалар менен алыш-бериш маселеси баары тыкыр иликтенип, анан гана тиги же бу фирманын карызы жок экени ачыкка чыкканда барып фирманы жабууга расмий руксат берилет. Андай болгондо, мамлекеттик ишканадан 45,5 миллион сом каражатты аларын алып, берерге келгенде жабылып калган фирмалардын жабылып калышына кимдер кызыкдар болгон да, кимдер бул кылмыштуу ишке аралашкан. Мына ушул карандай фактыны А.Зариповдун коррупциялык схемасы десек болобу?
Арийне, эмнегедир мамлекет гана андай ойлонбойт экен. Ошол жаандан кийинки козу карындай жайнап, анан бир күндө эле жабылып калган бир күндүк фирмалардын артында ким турат, эмне себептен жабылды мамлекеттик тийиштүү органдарды ойлондурган эмес. "Кыргызтуракжайкоммунсоюздун" ошол жылдардагы бухгалтердик учетунда аталган фирмалардын 45,5 миллион сом карызы жаап-жашырылып, Эсеп палатасы аудит жасаганда гана ачыкка чыккан. Бул афера аталган ишканага К.Молдобаев директор болуп келгенде гана, анын түздөн түз кийлигишүүсүнүн аркасында кылмыш иши козголуп, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" бул фирмаларды сотко берип, сот аркылуу учетко койдурган. Финансы полициясы тарабынан "КЖКС" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине, тактап айтканда башкы директор А.З.Зариповго, башкы бухгалтер Савковой Т.Г., директордун орунбасары Залялова Ю.Ф.га N084-10-5110 кылмыш иши ачылган. Тилекке каршы, кийин Башкы прокуратура бул кылмыш ишин сотко жеткирбей, "убакыттын өтүп кеткенине байланыштуу" деген аныктаманы чүргөп, мамлекетке келтирилген зыяндан бир тыйын кайтарылып берилбесе да ишти жаап салган.
Бүгүн мамлекет башчысы А.Атамбаевдин түздөн-түз жетекчилиги менен коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат. Андай болгондо, коррупция менен айыгышкыс күрөш жүргүзүүгө тийиш болгон Башкы прокуратуранын "КЖКСтин" экс-жетекчиси А.Зариповго, башкы бухгалтерге жана директордун орунбасарына каршы козголгон 45,5 миллион сомдук кылмыш ишин сотко жеткирбей жаап койгонун эмне менен түшүндүрүүгө болот? Эмне үчүн бул кылмыш иши же ары эмес, же бери эмес ара жолдо турат? Кимдер кызыкдар да, кимдер А.Зариповду канатына калкалап, корголоп келатат?
Кокус, Башкы прокуратурадагылар мамлекеттик тилди билбесе, алар үчүн коррупция деген эмне экенине кичине токтоло кетели. Коррупция - деген түшүнүк дүйнөнүн бардык тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине латын тилинен келип кирген. КР расмий тилинде сөздүн семантикалык мааниси: "Коррупция (от лат. corrumpere - растлевать, лат. corruptio - подкуп, порча) - термин, обозначающий обычно использование должностным лицом своих властных полномочий и доверенных ему прав в целях личной выгоды, противоречащее законодательству и моральным установкам. Коррупцией называют также подкуп должностных лиц, их продажность. Соответствующий термин в европейских языках обычно имеет более широкую семантику, вытекающую из первичного значения исходного латинского слова" деп чечмеленет. Демек, каалайбызбы же жокпу коррупция коркунучтуу жана айыккыс жугуштуу илдет. Коррупция иралды мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнө шек келтирет. Коррупцияга каршы күрөшө албаган бийлик бийлик эмес, мамлекет мамлекет эмес.
Андай болгондо, 45,5 миллион сомдук коррупциялык схемага тиешеси бар М.Мурзаев "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" ишканасын жетектеп, А.Зарипов анын кеңешчиси болуп отурганы Кыргызстанда коррупцияга каршы кандай күрөшүп жатканынын ачыктан ачык далили болбойт деп ким айта алат? Бир сөз менен айтканда, А.Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча демилгесине кимдер бут тосуп жатат, азырынча бул суроону ачыкка калтыра туралы!!!

Болотбек
Таштаналиев








Пикир:






??.??