Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї Кыргыз гезиттер

Жыйырма бешинчи мыйзам
Өзүңдү өзүң жарата бил
Редакциядан: "Алиби" газетасы буга чейин Роберт Гриндин "Бийликтин 48 мыйзамы" аталган китебиндеги 24 мыйзамды которуп баскан эле. Көптөгөн окурмандардын суроосу боюнча анын кийинки мыйзамдарын да которуп басууну чечтик.

Мыйзамдын чечмелениши:
Сага коом тартуулаган ролду кабыл ала бербе. Өзүңдү кайрадан түзүп чык, жаңы жүзүңдү тап, тапканда да дайыма көңүл чордонунан кетпей, коомчулук сенден тажабай тургандай болсун. Дегинкиси башкаларга сени "ушундай" деп аныктама берип койгонго жол бергенден көрө, өзүңдү башка жагыңан тааныта бил. Коомдук иштериңде, чыгып сүйлөгөн сөздөрүңдө "сулуу" көрүн - сенин бийлигиң өсө берет, кадырың сен каалагандан да арта берет.


Мыйзамдын
сакталышы (1)

Юлий Цезарь б.з.ч. 65-жылы Римдин турмушунда эдил кызматын, башкача айтканда өзүнүн түз иштеринен тышкары коомдогу кумар оюндарына көз салуу учурунда атын чыгарып алганы бар. Ал ишти абдан дыкат даярдалган зоокторду - жапайы айбанаттарга аңчылык кылуу, гладиаторлордун айыгышкан кармашын, театр актерлорунун таймашын уюштуруудан баштайт. Бир катар себептерден улам буларга кеткен каражаттарды, өз чөнтөгүнөн жумшаган. Көп өтпөй карапайым адамдардын оозунда Юлий Цезардын аты, абдан кызыктуу делген ушул оюндар менен катар айтыла баштайт. Ал акырындап консул кызматына барганга чейин, эл арасындагы дүңгүрөгөн даңкы ага чоң жөлөк болгон. Бүгүнкү тил менен айтканда ал өзүнүн имиджин атагы аска кулаткан шоумен катары түптөгөн.
Б.з.ч. 49-жылы Рим Помпей менен Цезардын айынан жарыла жаздап, жарандык согуштун чегине барып калды.
Кыл чайнашып турганда театрды сүйгөн Юлий Цезарь, адегенде театрга барып, андан кийин терең ойго чөмүлгөн боюнча Рубикон дарыясынын жээгиндеги лагерине кайтат. Бул дарыя Италияны Галлиядан бөлүп турат. Эгерде ал дарыядан өтүп, армиясы менен Италия тарапка бара турган болсо, бул жарандык согуштун башталышы болмок.
Өзүн коштогон шакирттеринин жана кызматкерлеринин көзүнчө ал, кудум театрдын сценасында Гамлеттин ролун аткарып жаткансып, "өтсөм эмне болот?", "өтпөсөм эмне болот?" деп үнүн катуу чыгарып, көзүн чакчайтып, колдорун шилтегилеп, талкуулай баштайт. Анан оюн жыйынтыктап, жээктеги бою-башы келишкен, сурнай тартып турган жоокерди көрсөтүп, андан кийин Рубикон көпүрөсүнөн өтүп барып мындай дейт: "Бул белгини Кудайлардын белгиси деп түшүнөлү, ал чакырган жакка баралы, эки жүздүү душманыбыздан өчүбүздү алалы. Маалы келди!"
Анын бул сөздөрүн театралдык кыймылы коштоп, колун сунуп, аркы жээкти көрсөтүү менен аяктайт. Ошол эле учурда өзү шакирттерин карап турган болот. Ал тигилердин "барсакпы-барбасакпы" деп кош ойдо турганын билген. Бирок, анын жалындуу сөздөрү текке кеткен жок, боло турган окуянын драматизмин туюндура алды. Эгерде жөнөкөй сөздөр менен айтса мынчалык таасир бербейт беле, ким билет. Шакирттери Юлий Цезарды колдоп кетишти. Ошентип, ал өзүнүн армиясы менен Рубиконду кечип өтүп, кийинки жылы Помпейдин чаның асманга чыгарып, Римдин диктатору болуп калат.
Аскер башчысы катары да Цезарь ченде жок эле. Ал ээрге кадагандай отуруп, жоокерлерине караганда өзүнүн чыдамдуу, кайраттуу болгондугу менен сыймыктанчу. Эң эле кыйын, кыйчалыш кезеңде согушка өзү баштап кире турган. Жоокерлери аны дайыма кырчылдашкан жерден көрүшчү. Ал жоокерлерин айкырып баштап кирип, аларга үлгү көрсөтчү. Римдин бардык армиясынан анын армиясы эң ишенимдүүсү, өзүнө берилгендиги менен айырмаланчу. Анын жоокерлери карапайым адамдарга мүнөздүү болгондой, аны өздөрүнө окшотуп, ал үчүн отко-сууга түшкөнгө даяр эле.
Помпей талкалангандан кийин кызыктыруучу оюндардын баасы асманга учуп, баштагыдан да дүңгүрөп өтө баштайт. Мындайды Рим мурда көрчү эмес. Ат арабалардын жарышы эң мыкты өтүп, белгилүү адамдар үчүн өткөрүлүүчү гладиатордук согуштар биринин өлүмү менен аяктап, айтор, кан кызыткан оюндар күчөйт. Ал жасалма көлгө театралдашкан деңиз согуштарын уюштурат. Театралдашкан оюндар Римдин ар бир аймагында өткөрүлө баштайт. Тарпей аскасынын көз жоосун алган каптал тушуна келишкен, кеңдиги баш айланткан театр салынат.
Мындагы оюндар Рим империясынын булуң-бурчунан көрүүчүлөрдү тартып турчу. Римге бараткан жолдор көрүүчүлөрдүн чатырына толуп кетчү. Ошентип б.з.ч. 45 - жылы Египет компаниясын аяктап, Римге киргенин белгилеген Цезарь болуп көрбөгөндөй оюн-зоок өткөрдү.
Бул көңүл ачуулар адаттагы эс алуулар эмес эле, ал Цезардын кадырын эл алдында арттырып, зоболосун көтөрүп, реалдуу турмушка караганда, аны ашкан масштабдуу кылып жиберчү.
Цезарь өзүнүн образын чеберлик менен жасап, дайыма өзүнүн сырткы келбетине тыкыр мамиле жасачу. Эл алдына барганда көз жоосун алган кийимдерди киер эле. Ал башкалардан келишимдүү, келбеттүү да болчу. Анын сырткы көрүнүшүнө мынчалык кам көрүшүнүн башкы себеби катары -башынын таздыгын айтышчу. Цезарга ошол таздыгын жашырган сенаттагы башка жалбырак кийип жүрүү салты аябай жакчу дешет. Цезарь ашкан чечен эле. Ал көп маанилүү ойду, кыска сөздөр менен жерине жеткире айтчу. Сөзүн эмнеден баштап, эмнеден бүткөрүштү жакшы билчү. Цезарь эч качан сенсация тууралуу унутчу эмес - элдин сезимин козгогон билдирүүлөрү, анын театралдашкан сөздөрүн көркүнө чыгарып турчу.
Цезардын даңкы суу чайпалтып, таш козгоп, Римдиктерге кадыры зор болду. Бирок, душмандары ошончолук жек көрүп, андан коркуша турган. Б.з.ч. 44 -жылда Брут менен Кассий баштаган кутумчулар аны сенаттан курчап алышып, туш тарабынан канжар сайып өлтүрүшкөн. Ошол өлүп баратып да ал театрлашкан адатын карматып, баш-аягын кемсели менен жаап алган. Сыягы, "өлсөм да сынымды бузбайын" десе керек. Рим тарыхчысы Светоний ага экинчи жолу канжарын кадап бараткан өзүнүн эски досу Брутка карата пьесанын аягында айтып жаткансып, мындай дегенин жазат: "Ии, сен дагыбы уулум?" Муну Плутарх: "Ии, сен дагыбы Брут" деп жазганы бар.

Түшүндүрмө

Рим театры эл үчүн чоң окуя болгон. Көптөгөн эл чогулчу. Азыр андайды элестетиш да кыйын. Адамдар кеңдиги ат чабым амфитеатрларга тыгыз жайгашып, боорду эзген комедияларга, жан ачыткан трагедияларга күбө болушчу. Бир сөз менен театр турмуштун накта драматизми же анык квинтэссенциясы окшоп турчу. Кадимки эле диний салт-санаадан бетер театр - адамдар үчүн өзүнө тартып турган өтө кубаттуу, улуу күч болчу.
Юлий Цезарь турмуш, театр, саясат дегендердин киндиктеш экенин туйган алгачкы коомдук ишмер болушу мүмкүн. Бул түшүнүк Цезарда театрды турмуштун өзүндөй кабыл алуусунан келип чыккан десек да болот. Ал мындай кызыкчылыгын дүйнөлүк сценага актер, режиссер катары киргизген. Цезарь өзүнүн ролунда алдын ала жазылганды сөздөрдү окуп жаткансып, кыймыл аракети менен коштоп, эл арасында жүрө турган, ошол эле учурда көрүүчүлөрү кандай кабыл алып жатканына көз кыйыгын сала билген. Ал репертуарына күтүүсүз сюрприздерди киргизип, сөзүн драмага айлантып ийчү. Эл көзүнө күндө башкача, ооз ачырган жаңылыктай көрүнчү. Анын кыймыл аракети ушунчалык жеткиликтүү болгондуктан, карапайым адамдар дароо кабыл алышчу. Бир сөз менен Цезардын таш жарган даңкына дабаа жок эле.
Цезарды болгон-бүткөн лидерлердин, бийлик адамдарынын идеалы деп эсептесек да болот. Дал ошого окшоп, сен да өзүңдүн кулачыңды кенен жайганга аракет кыл. Бул үчүн театрдык ыкмалардан өтөрү жок - сюрприздер, күтүүсүздүктөр, элди ойлонтуп-толгонто билүү, ошол эле учурда символикалык аракеттерден жазбоо, сени көп нерсеге жеткирет. Цезарь сыяктуу аудиоторияга көз салып - эл эмнени жактырып, эмнени сүйбөй тургандыгын сезишиң керек. Сен дайыма авансценада болгонго аракеттен, көңүл бурууларды башкара бил, бирок, эч качан арткы планда калба.

Мыйзамдын
сакталышы (2)

1831-жылы Аврора Дюпен Дюдеван аттуу жаш сулуу күйөөсүн да, балдарын да айылга таштап, Парижге баса берет. Ал жазуучу болгусу келген эле: жүрөгүндөгү жазуу кумарына эч кандай убакыт калбагандыктан, үй-бүлө ал үчүн түрмөгө түшкөндөй эле сезилчү. Парижге келип, эч кимдин көзүн карабай, адабий эмгектери менен жашагысы келет.
Борборго келгени менен Дюдеван мурда деле башынан өткөрүп көрбөгөн кыйынчылыктарга туш болду. Парижде эч кимдин көзүн карабай эркин басыш үчүн акча керек эле. Ал үчүн каражат табуунун эки гана жолу калат, бири күйөөгө чыгуу же сойкулук менен алектенүү. Бир дагы аял ал кезде жазуучулук менен жан багам деп ойлочу эмес. Эми, аялдар жазышчу, бирок алардын артында таянган эри же болбосо алчактаткан ата-мурас байлыгы бар эле да.






Пикир:






??.??