Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_12.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_12.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_12.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Жоомарт Жолдошев, "Joldoshev & Partner" юридикалык компаниясынын президенти::
"Кыргызстанда эле эмес,башка өлкөлөрдө да
юридикалык компанияларды ачсак деген тилегим бар"

Кыргызстанда жаштарга үлгү боло турган, багыт берип, жол көрсөтө турган жаш жигиттерибиз арбын. Америкага барып билим гана албастан, ал жактын адистери менен тең тайлашып иштеп, тажрыйба топтоп, эми элиме керегим тийсе экен деген жигиттерибиздин бири Жоомарт Жолдошевди сөзгө тарттык. "Акыл оошот, ырыс жугушат" дегендей бул адамдын кеңеши, пикири жаштарга стимул болобу деген жакшы ой менен бул маекти сунуштап жатабыз.

- Кыргызстанда юридикалык билим алган атуулдарыбыз көп, бирок ошол эле учурда жарандарыбыз өз укугун билбей, укугун тебелеткендер четтен чыгат. Буга эмне түрткү болууда, мамлекеттеги коррупциянын өсүшүбү же билимдин жетишсиздигиби? Биздеги ушундай абалга сиз юрист катары кандай баа бересиз?
- Сиз абдан туура маселени көтөрүп жатасыз. Бул Кыргызстандагы эң көйгөйлүү маселелердин бири. Биздин юристтердин жоопкерчилиги мамлекетибиз канчалык деңгээлде укуктук өлкө экенин көрсөтө турган нерсе. Кыргызстанда жапа чеккендер, адвокаттар, юристтер баары биргелешип коррупциялык түрдө иш алып барышат. Иштердин көпчүлүгү акча менен бүтөт. Юридикалык институттарда сабак өтүү методикасы эскирген. Эң негизгиси юристтерди мыйзам менен иштөөнү үйрөтүп, аларды мамлекет өзү көзөмөлгө алуусу керек.
- Сиз жогоруда айтып кеткен көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун табууга болобу?
- Албетте, болот. Эң негизгиси бул сис-темага реформа керек. Ал үчүн мыйзам кабыл алышыбыз керек, жөн гана кабыл алып койбостон мыйзамдын иштетүү механизмин кошо жаратсак, ошондо гана жыйынтык болот. Андан тышкары адвокаттын, юристтердин жоопкерчилигин күчөтүү керек. Бүгүнкү күнгө чейин мен бир дагы адвокаттын, юристтин туура эмес кылган иштери үчүн жоопкерчиликке тартылганын көрө элекмин. Салыштырып айта кетсем, Америкада адвокат болуп иштеш үчүн абдан татаал жолду басып өтүш керек. Биринчи университетти, андан кийин юридикалык мектепти бүтүрүү зарыл. Жыл сайын контрактка 50-60 миң доллар төлөшөт, андан сырткары тамак-ашка, майда-чүйдө керектөөлөргө акча керек, жалпы 300- 350 миң доллар кетет. Бүткөндөн кийин дип-ломду алып, "мен юристмин" деп эле иштей албайсың. Алгач лицензияны алыш зарыл, ал үчүн дагы экзамен тапшырасың. Ага даярдоо курсун өтөсүң, анысына эле 20-30 миң контракт кетет. Эгер ал экзаменди тапшыралбай калсаң, лицензия алалбай каласың да акчаң күйүп кетет. Бизде болсо лицензияны кылмыш иштерге катышууга гана алышат. Ал эми жарандык, экономикалык, турак-жай талаш-тартыш иштерге лицензиянын кереги жок. Ал жакка ишеним кат менен эле катыша берсе болот. Эгер ал адвокат туура эмес чечим чыгарып коё турган болсо, ал кишини жооп бердире турган мыйзам жок да, ошон үчүн жазасыз калат.
- Ушундай оюңузду Өкмөткө билдирип, мыйзам долбоорун сунуштадыңыз беле?
- Президенттин администрациясына өз оюмду айткан элем. Алар жактырышты, колдошту. Бул иштин үстүндө дагы да иштеп жатам.
- Сиз Америкага барып сырттан билим алып, иштеп тажрыйба топтоп келдиңиз. Кыргызстанга келгенден кийин мамлекеттик кызматка отуруп элдин көйгөйлөрүн чечип, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз салымыңызды кошсоңуз деле болот эле. Бирок, өзүнчө жеке компания ачып иштеп жүрөсүз. Мындай кадамга кандай максат менен барып жатасыз?
- Кыргызстанга келип юридикалык компания ачуу негизги максатым эле. Биз деле айылдан чоңоюп, андан соң Бишкекке келип, кийин чет өлкөгө чыгып, дүйнөнүн эң чоң державаларына барып, элчиликтерде иштеп, кандайдыр бир жетишкендиктерге жеттик. Ошондо мен кыргыз жаштарынын потенциалы күчтүү экенине көзүм жетти. Мен кыргыздын эң жөнөкөй жигити болуп ушундай ийгиликтерге жеттим, ал эми Кыргызстандын аябай акылдуу жигит-кыздары көп да. Алар менен чоң-чоң ийгиликтерге жетсек болот экен деп калдым. Азыркы негизги максатым Кыргызстандын юридикалык компанияларын башка өлкөлөргө ачсак деген тилегим бар. Чет өлкөлөрдө кыргыздын балдары көчө шыпырып, курулушка иштеп, официант болуп жүргөнүнө намыстанам. Кээде айылга барып калсаң, айрым ата-энелер "менин кызым же балам Америкалыктарга же түрктөргө иштеп, көп акча таап жатат" деп мактаныч кылып айтканын угуп, ага да намыстанам. Эмне үчүн биз Россияга барып кыргыз компаниясын ачып, орустарды жумушка алып иштетсек болбойт? Албетте, болот. Ошонун үстүндө иштеп, элдин аң-сезимин кичине өзгөрткөнгө аракет кылып жатам. Анткени, биз деле башка өлкөнүн адамдарынан кем эмеспиз да, бардыгына кудуретибиз жетет. Биздин жаштар чет өлкөгө адис болуп чыгышы керек, барып көчө шыпырам дебей, дипломатты алып, "кеңседе иштейм" деп барышса деген максатым бар. Анын баарын кылса болот. Эң биринчи калоо жана ниет керек , дүйнөлүк деңгээлдеги юрист болом деп ошого аракет кылса, ал колубуздан келет. Мындай эле нерсе башка чөйрөдө да дарыгер болсун, журналист болсун, экономист болсун баарына тиешелүү. Биз кыска аң-сезим, тар чөйрө менен эле чектелип калбашыбыз керек. Кыргызстанда "ким болуп иштегиң келет?" десең бардыгы эле "прокурор же милиция болсом" дейт. Ал эми эң эле акылдуу, англисче билген юристтен сурасаңыз "эл аралык компанияга барып иштесем" дейт да ошо менен чектелип калат. Чындыгында андай болбошу керек. Бизде өз билимиңди жогорулатууга баары бар, мисалы интернет ресурстары, ал жактан дүйнөлүк чыгаан юристтердин китептерин алып, алар менен байланышып сүйлөшүп кеңеш алса болот. Чет элдик юристтер саатына миң доллардан алып иштесе, биздин жаштар 500 доллар эле алып иштесе сопсонун жетет да.
- Сиз жаштарга багыт бере турган жакшы ойду айттыңыз. Кандай гана адамдан сураба "үйүм, жумушум, унаам болсо, мага жетиштүү" деп андан ары өсүп, өлкөбүзгө пайда келтирип, иштейин деген каалоо жок. Бул биздин каныбызга сиңип калганбы же ар дайым бирөөлөргө көз каранды болуп жашап, ошондон улам чектелип калганбызбы? Сиздин оюңуз кандай?
- Ар бир мамлекеттин, улуттун сырттан башкарган күчтөрү бар. Ал башкаруунун бир нече жолдору бар. Мисалы, идеологиялык, тарыхый, генетикалык жактан басып алып башкаруу, аскердик басып алып башкаруу деген түрлөргө бөлүнөт. Азыркы кезде болсо идеологиялык жактан башкаруу кеңири кулачын жаюуда. Башка эле улуттун өкүлдөрү келип мектебин, университетин ачып, аң-сезими таза, көз карашы калыптана элек балдарды "окутабыз" деп кабыл алып, аларды өз идеологиясы менен тарбиялап, өздөрүнүн көз карашын сиңирип коёт. Андан кийин тарыхый жактан басып алуу - бул бир улуттун тарыхын өчүрүп салып, адамдардын аң-сезимин буруп салуу. Мисалы, Советтер союзу учурунда орустар, "кыргыздар СССРге кошулганга чейин тоо-ташта жүргөн жапайы калк" деген түшүнүктү киргизип коюшкан. А чындыгында андай эмес да. Биз улуу эл болгонубуз тууралуу Кытайдын тарыхый басылмаларында толтура жазылган. Азыр биз ар жак, бер жактан тарыхыбызды толуктап жатпайбызбы. IX кылымда "Кыргыз каганаты" болгон, Алтайдан баштап Уралга чейинки аймакты бир кылым башкарып келген. Убагында эмне үчүн мектептерде бизге ушулар жөнүндө окуткан эмес? Анткени, орустар кыргыздын тарыхын жок кылуу максатында кыргыздын аттуу-баштуу элиталарынын баарын өлтүрүп туруп, "силер жапайы калк болгонсуңар" деген түшүнүктү киргизип салышкан. Ошондуктан, биз балдарга чыныгы тарыхыбызды тактап туруп, улуу эл экенибизди канына сиңирип окутушубуз керек. Ошондо гана жаштардын мекенине болгон ою, көз карашы оңолот, ата журту үчүн кызмат кылат.
- Сизге окшоп чет мамлекетте окуп, андан соң өз билими менен жакшы кызматтарда иштеген кыргыз жаштар чет өлкөдө жүргөн мигранттарыбыздын канча пайызын түзөт?
- Чет өлкөлөрдө чоң каржы компаниялардын миллиондогон акчаларын башкарган жигит-кыздардын көбүн эле тааныйм. Алардын ичинде кайра Кыргызстанга кайтып келген жаштар да бар. Кээде башка өлкөлөрдө жүргөн жаштар менен сүйлөшкөндө "келгиңер келеби Кыргызстанга?" деп сурасам, "барганда жумуш жок" дегендер бар. Убагы келгенде алар да бышып, жетилип, өз мекенине келип мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өз салымын кошкулары келген мезгил да болот. Кээ бир адамдар оомо болушат, аларга жашоосу жайлуу болсо болду. Ар бир адамдын өзү тандаган тагдыры, жолу бар дегендей Кыргызстанга келер - коёрун ар ким өзү чечет.
- Патриоттуулук деген сөздү кандай түшүнөсүз?
- Бул сөздү ар ким ар түрдүү түшүнүп, ар түрдүү баа беришет. Көбүнчө патриот деген сөз "агрессия" менен байланышып калды. Баары эле кур сөз менен көкүрөгүн каккылап, оозу менен баарын жайгарып келишет. Бул туура эмес нерсе. Патриоттуулук деген - бул статус, аны эл бериш керек. Мен патриотмун дегендин өзү туура эмес. Ал эмне кылып патриоттук кылды? Менден да "сиз патриотсузбу" деп көп сурашат. Мен патриот эмесмин, мен өзүмдүн уруумду, тегимди, элимди, жеримди сыйлаган жөнөкөй гана жигитмин деп жооп берем.
- Жумуш таппай жүргөн жаш юристтерге кандай кеңеш бересиз?
-Жумуш таппаган балдар мага көп келет. Аларга айтам "эшикке чыгып эле сыртты карагыла" деп. Анткени, Кыргызстанда юристтерге жумуш көп. Бизде мыйзам бузуулар толтура. Мисалы, медицина тармакта, дарыгерлердин шалаакылыгынан, билиминин төмөндүгүнөн көп адамдар жабыркап жатат, бирөө-бирөөнү алдап жатат. Айта берсек жумуш көп. Бирок, ар бир адам акчаны эмес, кызматын сүйсө, өзү ишине тың болуп, жакшы билсе анда ал мыкты юрист болот, ал эми акча өзү эле келет.
- Жанатан бери юристтик кесип жөнүндө кеп кылып жатабыз. Сиздин юрист болушуңузга ким түрткү болду?
- Бул өзү кызык нерсе да. Мен мектепте окуп жүргөн кезде физика, математиканы абдан жакшы көрөр элем. Инженер болом деп кыялданып жүргөм. Жакшы окуп, Америкага барып олимпиадага катышып, ал жактан "ардактуу жаран" деген грамота алып, көп активдүү иштедим. Бирок, Кыргызстанга келип АУЦАга барып инженерликке тапшырайын десем, ал жакта андай факультет жок экен. Анан юридикалык факультетти тандап алдым. Ошондон бери жумушумду жакшы көрүп, сыйлоо менен мамиле кылам. Өмүрүмдү да ушул ишке арнайм деген ниетим бар. Ушул тармак өзгөрүп, оңолсо, элге жардамы тийсе деген эле максатым бар.
- Маегиңизге чоң рахмат.






Пикир: