Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_11.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_11.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0410_11.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Өмүрбек Бабанов, экс-премьер-министр:
"Президент Атамбаевдин депутаттык мандатын убагында сот аркылуу тартып алган, Акаевдин "Алга,
Кыргызстанынан", Бакиевдин
"Акжолунан" депутат болгон Шарипа
Садыбакасова эми Текебаев менен
достошуп алыптыр"

(Башы 9-бетте)
- Кечээ фракция жыйынында Калича Умуралиева "Өмүрбек Бабанов "Кыргызстан" АКБ банкынын 60% акцияларын "Аманбанкка" башма-баш алмашкан" - деп айтты. Буга оюңуз кандай?
- Эми ал адамдар жалган айтып көнүп калган. Мага 20 млн. доллар түштү. Ошол эле Калича Умуралиевага акча которуп бердим. Мен алар "Аманбанкты" сатып алганын бир айдан кийин билдим.
- Сиз сатып алып жаткан учурда "Кыргызстан" АКБнын балансында "Аламүдүн" базары бар беле?
- Жок, анда жок болчу. Мен 2006-жылы алганда, ар кандай талаш-тартыштар жүрүп жаткан. Бирок, баланста жок болчу.
- НТС телеканалы боюнча дагы көп пикирлер ээрчип жүрөт. Ушул боюнча да пикириңизди угалы дедик эле…
- НТС каналы боюнча айтайын, бул телеканал мени менен бирге иштеген адамдарга тиешелүү. 2006-жылы ноябрь митинги болуп жаткан учурда аянтта Бакиевдин элден качканын толугу менен НТС көрсөткөн. Ошондо алар коркутуп- үркүтүп, телеканалды тартып алышкан. Бул окуя 2006-жылы болгон. Аны Текебаев эң жакшы билет. Себеби, 2007-жылы мен КСДПнын тизмесинде биринчи болгом. Бакиевдер менен жакшы болсом, менин паспортумду, жарандыгымды алып койбойт эле. Билесиңер алар менин жарандыгымды алып койгон. Ошондо Шарипа Садыбакасова менен Койчубаков "Ак Жолдон" депутат болуп жатышкан. Эгер ошондо НТС менде болсо, биз көрсөтөт элек да. НТС ал кезде бизде эмес болучу.
- Сиз "Кыргызстан" АКБ банктын көзөмөлдөөчү пакетин сатып алгандан көп өтпөй биринчи вице-премьер болдуңуз. Бул жөн гана дал келүүчүлүкпү?
- Мен 2006-жылы банктын 30%ын, 2008-жылы 60%ын алдым. Ага биринчи вице-премьерликтин эч кандай тиешеси жок. Силер билесиңер, бул кызматтан мен өз ыктыярым менен кеткем. Алар менен дос болсом, мен кетпейт элем. Мындан сырткары биз банкты сатып алгандан кийин эле 2009-жылы Максим, Елисеев 600 миллион сомго биздин банкты сотко берген. 2010-жылы апрель окуясы болуп кетти, болбосо булар банкты тартып алышмак. 600 миллион сомду банк төлөйт деген бул - банкрот болуу дегенди билдирет.
Ал эми бүгүнкү күндө АКБ кыргызстандын эч кимге карызы жок. Банк 2012-жылга чейин бардык дивиденддерди төлөп берген.
- Сиз банкты алган учурда алардын канча суммадагы карызы бар эле?
- Биз банкты сатып алганда биринчиден жогоруда айткандай, Улуттук банк-тын чектөөсү болгон. Бир топ кредиттер, тактап айтканда 87 проблемалуу кредиттер болгон. Азыркы күнгө чейин биз алар менен соттошуп жүрөбүз.
- Мындай аракеттер банк-ты тартып алууга болгон аракеттерби, же сизди саясий жактан алсыздандыруубу, сиз муну кандай түшүнөсүз?
- Бул жерде алардын эки максаты бар. Биринчиден, мени саясий жактан каралоо. Себеби, өткөн жергиликтүү шайлоодо "Ата Мекен" партиясы Талас шааардык кеңешинен 4 мандат алса, биз 16 мандат алдык. Бишкек шаарынан биз экинчи орунду алдык. Бүгүнкү күндө "Ата Мекен" партиясынын рейтинги түшүп кетти. Ошондуктан, алардын максаты эптеп "Республика" партиясынын рейтингин түшүрүү керек болуп турат. Экинчи максат Шарипа Садыбакасова ошол партиянын жардамынын аркасында рейдерлик жол менен банкты тартып алуу.
- "Ата Мекен" партиясы "банкты тартып алды" деген күнөө менен кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берди. Бул боюнча да депутаттык комиссия түзүлдү. Эми сиздин мындар аркы кадамыңыз кандай болот?
- Биринчиден бул мыйзамсыз чечим. Себеби, жеке менчик компаниялар соттошуп жатат. Башкы прокуратурага тапшырма берип, алардын бул ишке аралашканга акылары жок. Мамлекеттин эч кандай үлүшү жок. Жеке менчик эки компания соттошуп жатса, алар кантип тапшырма берет? Кантип депутаттык комиссия түзүлөт? Ошондуктан бул мыйзамсыз иш.
- Акыркы кезде депутаттардын иштерине көп сындар айтылып, ар бир фракциянын ичинде да өз ара пикир келишпестиктер болууда. Парламентти таркатуу керек дегенге сиз кандай карайсыз?
- Бул парламентти таратканда башка парламент келет. Ал парламент мындан жакшы иштээрине күмөнүм бар. Биз конституциялык реформага барышыбыз керек. Бул Конституция менен башыбыз чатактан чыкпайт. Себеби, бул Конституцияда президенттин, премьердин, парламенттин милдеттери конкреттүү жазылган эмес. Бардык жеринде конфликт бар. Биз жаңы Конституцияны кабыл алып, ошол жерге эки палаталуу парламентти киргизип, андан кийин шайлоого барышыбыз керек.




Жарыяланганга кайрылабыз
Гүлшан Илязова Айдаркендин элин неге алдаган?
Айдаркен коммуналдык тейлөө башкармалыгынын башчысы Гүлшан Илязованын жети жылдан бери мыйзамсыз иш алып баргандыгын аныктаган текшерүү комиссиясы жыйынтыгын чыгарды. Текшерүүдө маалым болгондой Гүлшан айым карапайым элдин коммуналдык төлөмдөрүн каалагандай калчап, өз үстөмдүгүн жүргүзүп келген.

Буга чейин биздин "Алиби" гезити Айдаркен шаарынын көйгөйлөрү менен жеринен таанышып, байма-бай гезит бетине жарыялап келгенбиз. Тагыраак айтканда аталган шаардагы айрым көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсү канализациянын саркындысына толуп, жибип кулап түшүү коркунучуна кептелген. Аны менен бирге жети жылдан бери ташылбаган таштандыга, жок сууга, иштебеген канализацияга акча каражатын ашыгы менен төлөтүп, төлөбөгөн жарандарды коркутууга алган Гүлшан Илязованын мыйзамсыз аракеттерин карапайым элдин арыздануусу менен гезит бетине жарыялаганыбыз окурмандарга маалым.
Натыйжада жергиликтүү, район жетекчилери жапырт көтөрүлүп, атайын комиссия түзүлүп, өлбөс, чөкпөс ханышага айланган Гүлшан айымдын мыйзамсыз аракеттери ачыкка чыкты.
Айтмакчы, ошол Айдаркен шаарынын Гүлистан көчөсүндөгү канализация иштен чыгып, анын саркындысы 2 жылдан бери арыктагы ичимдик суусуна кошулуп агып жатканын сүрөткө тартып жүрсөм Гүлшан Илязова желкеден кармап, "бул мага караштуу эмес, заводдун канализациясы" деп беттен алып, айдап чыккан эле.
Тилекке каршы, Гүлшан айымдын айткандарын ит каап, ал канализациянын заводго эч кандай тиешеси жок экен.
Текшерүү үчүн түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы боюнча Айдаркен шаарынын мэри Момун Мукумовдон маалымат алдык.
"Чындыгында Айдаркен - шаар деген статусту алганына көп болбоду. Мен да жакында эле мэр болуп шайландым. Атайын комиссия түзүп, "Алиби" гезити көтөрүп чыккан көйгөйлөрдүн үстүндө бир топ иштерди алып бардык. Айдаркен коммуналдык кызмат көрсөтүү башкармалыгын көп жылдан бери жетектеген Гүлшан Илязованын бир канча мыйзамсыз аракеттери байкалды. Аны менен бирге Гүлистан көчөсүндөгү көп жылдан бери элге залакасын тийгизип, таза сууга кошулуп агып жаткан канализация да түздөн-түз ушул ишканага тиешлүү экен. "Эмне үчүн элди алдап, заводдун канализациясы" деп, оңдобой келдиңер десем, "ошентишке туура келип калды, башка жолу жок эле" деп так жооп бералбай буйталайт. Айтор, бул маселени биринчи шаардык Кеңештин депутаттарынын кароосуна коюп, андан кийин бир жактуу кылабыз",- дейт шаар башчысы Момун Мукумов.
Ошондой эле учурда өз алдынча "Айдаркен коммуналдык кызмат көрсөтүү" акционердик коому болгон Гүлшан айымдын иш орду мэриянын карамагына өтүп, бөлүм болуп калары айтылууда.







Пикир: