Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 2

Эгер Кыргызстан Бажы Союзуна кирсе, эт эки эсеге кымбаттайт

Кыргызстандын Бажы Союзуна кириши эч кандай пайда алып келбейт. Мындай ойду Казакстандын өндүрүш ассоциациясынын президенти Марал Томпиев билдирди. Эскерте кетсек, бир жума мурда болуп өткөн конференцияда эл аралык жана биздин эксперттер Кыргызстандын бул уюмга кошулушун талкууга алышты. Конференциянын катышуучуларынын ою эки ачага бөлүндү. Бирөөлөрү бажы союзга кошулуунун жакшы жактары көп десе, айрымдары, биздин башка мамлекеттер менен биригип, бир экономикалык аймакка кошулуубуз элдин турмушун ого бетер төмөндөтөт дешти.

- Чындыкты моюнга алуу керек. Бажы Союзу Кыргызстанга чыгаша гана алып келбесе, андан эч кандай пайда түшпөйт, - деп билдирди Казакстан өндүрүш ассоциациясынын башчысы- Силердин өлкөңөргө Казакстан дайыма кызыкдар экени - чын. Ошондуктан, чын ниетимден айтып коёюн, силер үчүн бажы Союзу пайдасыз. Казакстан, Россия жана Белоруссия биригишип, глобалдык маселелерди чечип жатышат. Бирок, бул өлкөлөргө кошулам деген Кыргызстан аларга бир гана жүк болот. Ооба, анча-мынча пайдалуу жактары бар. Эң биринчи бул туристтик тармакка таасирин тийгизет. Ысык-Көлгө жайкы эс алууга келгендери көпчүлүгү Казакстандан экени эч кимге деле жашыруун эмес. Чек аралар ачылгандан кийин Ысык-Көлгө келген чет элдиктердин агымы көбөйүшү мүмкүн. Андан тышкары Казакстан кызыгып келген курулуш материалдарын өндүрүү өсөт. Силерде аба-ырайы жакшы, жумушчу күчү арзан. Бул инвестицияны тартууга жакшы таасирин тийгизет. Бирок, бул нерсе менен эле баары бүтпөйт да. Эмне үчүн эч ким медалдын аркы бети жөнүндө айтпайт? Азыркы учурда Бажы Союзу боюнча сырткы чек аралардан эң эле начары Кыргызстан. Өткөндөгү Кыргызстандын сүтүн өткөрүүгө тыюу салганы, бул товар айлантуунун талабын күчөтүүнүн гана шылтоосу. Эгер жөнөкөйлөштүрүп айта турган болсок, силердин азык-түлүгүңөр Бажы Союзунун техникалык шарттарына туура келбейт дегени бул - калп. Чындыгында "үстүндө отургандар" убактылуу коридорду жаап коюуну чечишти. Буга Кыргызстан өздөрү күнөөлүү. Эгерде ишкерлер убагында бажы салыгын төлөп, бардык эрежелерди сактаса - мындай кыйынчылык жаралмак эмес. Бул жерде Кыргызстандын көмүскө базарындагы коррупция, контрабанда өзүнүн ишин кылып кетти.
-Эгер биз эч нерсеге карабай, баары бир бажы Союзуна кире турган болсок, Кыргызстанды эмне күтүп турат?
- Бажы Союзуна кирүүнүн даярдоо этаптары бүтүп, бардыгы чечилгенден кийин Кыргызстан Союздун толук кандуу мүчөсү болот. "Быссымылда" дегенде эле өлкөдөгү баалар асманга көтөрүлөт. Айрыкча тамак-ашка болгон баалар жогорулайт. Алар Казакстандын жана Россиянын бааларына теңелет. Анын үстүнө Кыргызстанга товарлардын көпчүлүгү импорттолуп келет. Ал эми мамлекеттин өзү өндүргөн өндүрүшү жок болгондуктан, бул өлкөнүн экономикасын аябай начарлатат. Кытай автоматтуу түрдө жабылат. Бардык товарларды арзан кармап турган контрабанда тез түшүп кетет. Эл дефицитти сезе баштайт. Ойлобогула, баалар 20,30 пайызга өсөт деп. Расмий түрдө айтылган нерсеге ишенүү-бул келесоолук. Ачык эле айтып коёюн, баалар эки эсеге көтөрүлөрүнө ишене бергиле. Мисалы, азыр эттин баасы 300 сом болсо, Бажы Союзуна киргенден кийин 600 сомго көтөрүлөт.

Марал Топиев соода жана тигүү өндүрүшүндө иштеген ата-мекендик бизнесмендерге да токтолду. Анын айтымында эң башкы сокку аларга тиет.
- Бажы Союзунун соккусуна биринчи эле кабыла турган "бактылуулардын" негизги тобу бул - ишкерлер. Финалдык документтерге кол коюлгандан кийин эле, сырткы чек ара автоматтык түрдө жабылат. Бул "Дордой" жок болду дегенди түшүндүрөт. Аны менен кошо ошол жерден оокат кылган коммерсанттардын да иши токтойт. Челноктук бизнес да соолуйт. Тигүүчүлөрдү да жыргаган турмуш күтүп турган жок. Бардык маталар импорттолуп келет эмеспи, Бажы Союзуна киргенден кийин матага болгон бажы салыгы көтөрүлсө, анда эле тигилген товардын да баасы көтөрүлөт. Кыргызстандан тигилген кийимдер кымбаттаса, анда алар базарда башка өлкөлөрдүн товарлары менен конкурент боло албайт. Мындай жоготууларды ким компенсация кылат? Эң башкысы бул "банкет" кимдин каражатына пландаштырылууда? Казакстан боордош, бирок, бөлөк элге жардам берүүгө ниети да, ашык каражаты да жок. Ал эми Белоруссия Бакиевди багып жатканыбыз деле жетет дээри бышык. Бул жерде жалгыз Россия калат. Эгер Россия Федерациясынын жетекчилигинин планында Николай II мезгилиндей болуп мамлекеттин чек арасын калыбына келтиргиси келсе, анда акчасын жакшы эле чачууга туура келет. Бизнестерди компенсация кылуу жана элге жардам берүү керек. Эгер элге керектүү тамак-ашка, кийим-кечеге баалар жогоруласа, элдин арасында нааразычылык күчөөрү маалым. Анда эле Кыргызстанды үчүнчү революция күтүп турат. Негизи бир чечимди кабыл алуудан мурда аябай кылдаттык менен ойлонуп чыгуу керек.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 26

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 26

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 26


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 26

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 26

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 26


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 26

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 26

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_9.htm on line 26