Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 2

Элдик революция өз максатына жеттиби?
Асеин Асанаалы уулу, Апрель окуясынын катышуучусу:
"7-апрелди шылдыңдап жатышкансыйт"
7-апрелде бийликтин элге жасаган акыйкатсыз мамилесине каршы эл менен бирге мен дагы катышкам. Бишкекте уулум дагы борбордук аянттагы окуяга катышып, жарадар болгон. Кудайга шүгүр, азыр ден соолугу жакшы, үйлөнүп балалуу болду. Мамлекет тарабынан берилип жаткан батирден алууда четте калдык. Туңгучта курулуп жаткан үйгө кезекке турууга аракет көрүп жатабыз. Элдин көтөрүп чыккан талаптары толугу менен аткарылды дегенден алысмын. Себеби, Акаевдин, Бакиевдин учурундагы чоңдор дале болсо бийликте отурушат. Бийликте жыйырма жылдан бери отурган, жасаган ишинин жыйынтыгы көрүнбөгөн, өз көмөчүнө күл тарткан эски адамдарды кетирип, мыкты жаштарды алып келмейин өлкөбүз оңолбойт деп ойлойм. Апрель баатырларынын да баркы кетти. Эл менен митингге чыкпаган, үйүндө отургандар деле медаль тагынып алышыптыр. Буларды көрүп, 7-апрелди шылдыңдап жатышкандай туюлат.


Амантур,
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлү:
"7-апрелди даңазалап жүрөлүчү!"
Революцияга үч жыл толуп отурат. Ага саясий баа берүүгө али эрте деп ойлойм. Кудай буюрса элдин талаптары эртедир-кечтир аткарылат деген чоң үмүттөмүн. Тилекке каршы, үч жылдын ичинде апрель окуясына катышып, жаракат алган дагы 13 балабыздан айрылдык. Биздин коомдук бирикме окуяга катышып жарат алгандарга жакындан жардам берип, алардын социалдык жана башка көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашып келебиз. Бүгүнкү күндө канкор бийликти толугу менен жок кылдык деп айта албайм, анын куйруктары дале болсо бар. Ар кыл күчтөр аракеттерин токтотпой, коркутуп үркүтүүлөр болуп жатат. Биз 7-апрелде чыныгы демократияны алып келдик эле. Революциянын максаттары ишке ашыш үчүн болгон аракетибизди жумшашыбыз керек. Парламенттик башкаруу системасын киргиздик. Ар кыл шайлоолорду тынч жана демократиялык негизде өткөрүп алдык. Учурда бул окуяны ар кандай багытта талкуулап жатышат. Саясий упай топтоо үчүн да пайдаланып жатышканы өкүндүрөт. Мен бийликтегилерди жана саясатчыларды 7-апрелди өздөрүнүн саясий иштерине колдонбоого чакырат элем. Жаркын келечек үчүн жанын кыйган баатырларыбызды унутпай, 7-апрелди даңазалап жүрөлүчү!


Салават, Апрель окуясынын жигердүү катышуучусу:
"Мынча "баатырлар" мурдараак болгондо Үзөңгү-Кууш менен Каркыра сатылбай калмак экен…"
Жетисинен кийинки жашоону башкача элес-теткем. Жашоо системасын алмаштырабыз деп, башкаруу системасын алмаштырып алдык. Жетисинде жараны ачканыбыз менен, бүгүнкүгө чейин аны дарылоого болгон аракеттер жок. Учурда саясий атаандаштык эмес, саясий карама-каршылыктар болууда. Бийликтегилер элге "он жакалуу, жыйырма жеңдүү" көйнөк кийгизип коюшту. Ынтымак жок. Бакиевдик кишилер бийликке келип жатканын көрүп, жиниң келет. Мурда оппозициянын оозу менен айтылган нерселер парламент аркылуу ачыкталып жатканын көрүп, ишеним пайда болуп жатат. Көч жүрө-жүрө түзөлөт эмеспи. Революциянын жыйынтыгы жетисинде болду, бирок бул кыймыл андан алда канча мурун эле башталган да. Ошол учурда элди үндөп, бийликке каршы көтөрө албай жүрчүбүз. Мени таңгалдырганы 7-апрелден кийин көлдө ушунча көп баатырлар пайда болду. Таарынбай эле коюшсун, булар мурда кайда жүрүшкөн? Мынча баатырлар болгондо эчак эле революция болуп, Үзөңгү-Кууш, Каркыра сыяктуу жерлерибизди саттырбай алып калмак экенбиз. "Баатырлык" наам чыныгы баатырларга эмес, баатыр болгусу келгендерге берилди. Бийликтегилер андай эле баатырларды таппай жатышса, СНБнын "черный списогун" алып караса болмок. Бир сөз менен айтканда "Баатыр" наамынын баркы кетти…


Максат, Апрель окуясынын катышуучусу:
"Дагы бир жолу алдатып жибердик"
Үч жыл мурун Караколдогу жаштар менен бирге бакиевдик бийликти кулатуу үчүн активдүү катышкан элем. Парламенттик система түзүлдү. Анын аркасынан 120 депутат келди. "Эл" деп сүйлөшкөнү менен, элди ойлогон киши жок. Караколдун абалы, элдин маанайы менен жашоосу буга күбө. Жетисинде жакшы тилек, үмүттөр бар эле. Үч жылдан берки бийликтин аракетин көрүп туруп, эл дагы бир жолу алдатып жиберген окшойбуз деп айта алам. Жаштарды айрым амалкөйлөр бийликке жетүүнүн куралы катары пайдаланып, максаттарына жеткен соң унутуп калышты. Бийлик жада калса Түп менен Ак-Сууда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга алигиче жардам бербегени кандай? Чоңдор келип көрөт деле, жардам бериш керек дегенден башка аракеттери байкалбайт.


Эскерүү кечеси… эстелик тургуза албаган илең-салаң бийлик
6-апрелде Ысык-Көл облусунун бийлиги Каракол шаарында апрель окуясынын 3 жылдыгын белгилеген митинг-реквием өткөрдү. Алгач бийлик өкүлдөрү, "апрель баатырлары" менен жаштар облустук администрациянын алдына чогулуп, 5-мартта "жапаровчулар" басып өткөн жол менен "Жеңиш" паркын карай жөө жүрүш уюштурушту. Үч жылдан бери бийликтин чамасы жетпей курулбай жаткан эстеликтин ордундагы такта-ташка гүл чамбарларды коюшуп, шейит кеткен азаматтардын арбактарына багышталып куран окулду. Облустук драматеатрдын артисттери даярдаган театралдык сценка тартууланып, үч жыл мурдагы окуяны абдан элестүү түрдө чогулгандардын эсине салды.

Андан соң Өкмөттүн облустагы өкүлү М.Асанакунов сөз алып, Ысык-Көл облусунан 7-апрелде 11 азамат шейит кетип, 43 адам жарадар болгонун, аларга быйылкы жылы 300 000 сом материалдык жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи. Өлкөбүздүн келечеги үчүн, акыйкаттык үчүн жанын кыйган азаматтарга түбөлүк таазим деп, жакындарынан айрылгандарга кайрат айтты. Революциянын максаттарын ишке ашыруу ыйык милдетибиз деди. Каракол шаардык кеңештин төрайымы А.Жумабекова "билимге умтулалы, мындан ары эч бир эненин көз жашы акпасын" деген каалоосун билдирди. "Айкөл Ата-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлү А.Жамгырчиев: "7-апрелдин катышуучуларын учурда хулигандарга теңеп жатышат, аларга каршы туралы, баатырлардын атын алтын тамга менен тарыхта калтыралы" деген каалоосун айтты. Андан соң сүйлөгөн "Апрель баатырлары" уюмунун өкүлү Нурбаев мырза "үч жылдан бери Ысык-Көл облусунда эстелик тургузулбай жатканы өкүнүчтүү" деп, каркырадай тизилип турган облустук бийликтин өкүлдөрүн эл алдында оңтойсуз абалга калтырды. Каракол шаарында революциялык кыймылды башкарып, "губернатор болуп бер" деп эл суранса да баш тартып койгон, жигердүү революционер Салават Имашов өз сөзүндө: "Апрель окуясындагы азаматтарга таазим! Азыр Бакиевди гана күнөөлөп жатабыз. Ушул жерге чогулгандардын жарымынан көбү бакиевдик системага кызмат кылып, коюн-колтугуна кирип алып, шайлоолордун жыйынтыгын бурмалап жүрбөдүк беле. Булардын жоопкерчилиги качан болот? Албетте, 7-апрелде революциялык кыймылга чекит коюлган. Азыр канчалаган адамдар "Баатыр" болуп алышты. Тарыхта аты калган баатырларга, Абдрахманов, Тыныстанов сыяктуу аталарыбызга салыштырганда биз эмне жасадык? Болгону биз атуулдук парзыбызды гана аткардык" деп, азыркы бийликке тымызын сиңип кетип, майлуу-сүттүү кызматтарда отурган, бүгүнкү эскерүү кечесинде гүл кармап алдыңкы сапка туруп алган айрым "кубулма" жетекчилерди бозала кылды. Сүйлөгүсү келгендер чыккан жокпу же кескин айтылган пикирлерден чочуп кетиштиби, айтор уюштуруучулар эскерүү кечесинин аягын спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатына буруп кетишти. Чогулган эл "Шераалынын чокойундай" эскертип турчу эстеликтин качан курулаары тууралуу бийликтен жооп уга албай тарашты.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 42

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 42


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 42

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 42


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 42

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_8.htm on line 42