Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 2

Садага чабылган Сабиров...
Бул макаланы жазбай деле койгондо болмок. Кайсы бир журналисттин көз карашына бирөөнүн тагдырын маасыдан көлөштү чечкендей чечип салган укук коргоо тармагы, "Ата Мекен" партиясы жана анын лидери, жада калса Равшан Сабиров да муктаж эмес. Болгону жер үстүнөн жок болуп кетпей жашап келе жаткан кыргызда "убал" деген сөз бар. Бул сөз бай, кедей экенине, улутуна, кызматына карабай колдонулат. "Бирөөнүн тагдырына балта чаппа" деген сөз. "Убал уктатпайт" дейт кыргыз. Мына ушул сөздүн Равшан Сабировдун кылмыш ишинде орду бар экендиги макаланы жазууга түрткү болду…

"Ата Мекен"
Сабировду
сатып кетти
"Жин" деген лакап аты бар Алтынбек Арзымбаев менен Равшан Сабировдун айырмасы асман менен жердей. "Ата Мекен" партиясы жана анын лидери "Жиндин" жинди экенин коомчулук билип турса да, көздөрүн жуумп шаардык кеңешке өткөрүп жиберген. "Жин" жинди адатын карматып, атыша баштаганда "Ата Мекендин" лидери ага берилген партиялык билеттеги койгон колун танып, кутулгуча шашкан. Ал эми аталган фракция "Жинден" жүз эсе өйдө турган Равшан Сабировдон кылмыш иши козголуп, козголо электе баш тартты. Р. Сабировдун соттун биринчи инстанциясынан акталып чыгышы, "Ата Мекенге" жана анын лидеринин аракетине жакшы жооп болгон. Адамдын башына кыйынчылык түшкөндө, жардан ары түртүп салуу пас адамдын кыла турган иши.
№47 колонияда болгонубузда Равшан Сабировго "Ата Мекен" партиясы жана анын лидери сизди колдоодон баш тартты, сизге катуу тийдиби?" - деп сураганыбызда "бул эми фракциянын чечими, ошондуктан эч нерсе дей албайм…" деген эле. Бирок, анын көз карашынан "ооба, сатып кетишти" деген аргасыздык даана окулган.
Учурунда айрым ЖМКлар "Ата Журт" Нариман Түлеевге, "Республика" Исхак Пирматовго кылмыш иштери козголгондо коргоп чыгышкан, бул жагынан алганда "Ата Мекен" эң туура кылды" деп баа беришкен. Биздин оюбузча "Ата Мекен" жана анын лидери туура эмес кылган. Муну менен аталган партия жана анын лидери партиялаштарын (Жинден башкасын) "кыйын мезгил, кысталыш учурда" ара жолго таштап кетээрин тастыкташты. Учурда Равшан Сабиров акыйкатсыздык менен жападан жалгыз (жалдап алган жактоочусун кошпогондо) күрөшүүдө. Күрөшкөнгө да күчү келбей №47 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Равшан Сабиров бул кылмыш ишине чейин саясатчы болгонбу, бай болгонбу, башка болгонбу, биз үчүн ысыгы-суугу жок. Болгону укуктук жактан алганда Равшан Сабировго аталган кылмыш иши туура эмес козголгон.

Кудайдан корккон
Кымбат Архарова...
Равшан Сабиров "коррупция менен күрөшүүнүн" курмандыгы. Муну өзү да, укук коргоо тармагынын өкүлдөрү деле жокко чыгарбай, өздөрү айткандай "диктофондон" сырткары айтып беришти. Биз деле сөзүбүзгө туруп, аттарын атабай эле коелу. Мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбеков соттон Сабировду 15 жылга эркинен ажыратууну жана бардык мүлкүн конфис-кациялоону сураган. Мамлекеттик айыптоочуга кеп жок, Кылмыш кодексин ары-бери тегеретип көрүп, каалаган мөөнөтүн сурай берери турган иш. Равшан Сабировду Биринчи Май райондук судьясы Кымбат Архарова актаган. Ток этээрин айтканда Кымбат Архарова Кудайдан корккон. Анткени 5-июлда пара алып аткан жеринен кармалган министрдин жардамчысы Тахир Мирзаахмедов сурак учурунда акча министрге бериле турганын айтып, анын сөзү менен Р. Сабиров кармалган болчу. 5-сентябрда сот башталып, 3-октябрда Тахир Мирзаахмедов мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Кылмыш ишинин материалында жабырлануучу Г. Исмаилова менен сүйлөшкөн учурунда Тахир Мирзаахмедовдун "министр акча тууралуу билбейт" деп айткан жери бар. Муну Кымбат Архарова далил менен ""Сабировдун өз жардамчысынын эмне кылып аткандыгы жөнүндө билбөөсү чындык деп табылды" деп өкүмдө көрсөткөн.. Албетте, Кымбат Архарова чыгып кеткен өкүм үчүн тил угуп, кыжалат болгону турган нерсе. Ким эле Кымбат Архаровага окшоп, өйдө карап түкүрүп жиберсин?

Кудайдан коркпогон
шаардык сот
7-мартта шаардык сот прокуратуранын апелляциялык арызынын негизинде Кылмыш Кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү, 311-беренесинин 2-бөлүгү, 1,3,4, пункттары, 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2 - пункттары менен айыпталган Равшан Сабировдун кылмыш ишин карап, "күнөөлүү" деп таап, Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен макул болбой, беш жылга эркинен ажыратып жиберди. Шаардык сот муну менен саясыйбы, укуктукпу айтор өздөрү түшүнүп туруп, чоң бир заказды аткарды. Же болбосо, укуктук жактан калпыстыктарды кетирип, көз жуумп туруп аталган ишти "айдап отко салды".
Шаардык сот будамайлап салган жагдайларды карап көрөлү. Эң эле ириде Р. Сабиров "пара талап кылган" деген кылмыш ишинин башкы фигуранты эмес. УКМКнын кызматкерлери мурдагы министр акчаны колу менен алып жатканда кармап алган жок. Жардамчы Т. Мирзаахмедов сот учурунда көрсөтмөсүн төрт жолу өзгөрттү. Аталган кылмыш ишин Жогорку сот карагыча бешинчи жолу өзгөртүшү мүмкүн.
Сабиров бала асырап алуу боюнча лицензия берүүгө байланышкан тиешелүү буйрукка 27-июнда кол койгон. Жабырлануучу менен жардамчы 28-июнда кечки саат алтыдан кийин сүйлөшүп жатат. Мына ушул жерден укук коргоо тармагынын өкүлдөрү "чп" табышыптыр. Көрсө, жардамчы менен жабырлануучу сүйлөшкөндөн бир саат өткөндөн кийин Р. Сабировдун автоунаасы "Народный" дүкөнүнүн айланасынан өткөндүгү тартылган видеотасма бар экен. Ал ушул мезгилде жардамчысына телефон чалыптыр. Министр чарба иштери менен чалдыбы, муну экөө билет. Бирок, акча тууралуу укпаган министрге жардамчысы чалган жери жок да. Министр доңузбу, укпаган акчаны жону менен сезип, жардамчысынан сурагандай… Кызыгы видеотасмада көрсөтүлгөн автомашина Р. Сабировдуку экени да так эмес, номери да даана көрүнбөйт. Башкы прокурордун автоунаасын кубалаган МАИчилердин "аварийкасы" күйүп турганын көрбөй калган укук коргоо тармагынын өкүлдөрү ак түстөгү унаа болсо эле Р. Сабиров отуруп алып, акчага келе жатканын көрө калгандары да кызык.
Төрт жолу төрт башка көрсөтмө берген жардамчынын судьяга карап "эки жолу башыма пакет кийгизгенде көрсөтмө берүүгө аргасыз болгом. Ошол учурда сизге деле көрсөтмө бергенге даяр болчумун" деген сөзү аргасыз адамдын кыйкырыгы экендиги белгилүү. Башына пакет кийгенден корккон жардамчы Жогорку Сот бул ишти карагыча көрсөтмөсүн дагы өзгөртпөйт деп ким кепил боло алат?
Эң эле кызыгы, айыпталуучунун пикирине караганда, шаардык сот өкүмдү 15 мүнөттө чыгара салган. Мунун өзү айыпталуучулары так эмес кылмыш ишинин өкүмү даяр болгон дегенди билдирет. Кудайдан коркпогон шаардык сот 15 мүнөттө Равшан Сабировдун тагдырын чечип салган. Чечкенде да теңирден тескери чечкен. Кылмыш ишинин башкы фигуранты же болбосо жабырлануучу менен сүйлөшүп, акчаны алып жаткан жеринен кармалган жардамчыга үч жыл берип, күбө катары суралып барып, күнөөкөргө айланып калган Р. Сабировго беш жыл берип койгон.

Акылынан
айныган өкүл бала
Равшан Сабировду ала жаткан Тахир Мирзаахмедов "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин өкүл баласы болгон деген маалымат эл арасында айтылат. Тахир Мирзаахмедовду жардамчылыкка Өмүрбек Текебаев сунуштаган экен. Жардамчы болуп келгенге чейин Равшан ал баланы таанычу эмес дешет. Муну Р.Сабиров менен Ө.Текебаев эле билбесе так эмес маалымат. Өмүрбек Чиркешович менен шилекей алышып жүргөн Равшан Сабиров акыры тагдыры мына ушул өкүл бала аркылуу чечилэээрин билбесе керек. Асмандан алынган фактынын аркасында айыпталуучу болуп беш жыл абакка кесиле тургандыгын билсе, Өмүрбек Текебаевге, анын өкүл баласына, "Ата Мекенге" да кыпчылбай, "министр болом" деп кыялданбай эле тынч оокатын кыла бермек. Анткени, анын беш миң доллар парага булгангандай акчага көз карандылыгы жок экен. Эгерде №47 колонияда жатып алып айтып берген фактылары чындыкка жакындашса, жарым миллион долларга жакын каражатын Кара-Суу районунун социалдык тармагын өнүктүрүүгө жумшап, төрт айылды таза суу менен камсыздаптыр. Боорукердик менен алектенген адамдын түшүнөн чочугансып, "балдардын жонунан акча жасайм" деп ниети бузулганы кызык. Бул аны актоо үчүн айтылып жаткан сөз эмес. Р. Сабиров акталса, койсо да анын өз оокаты өзүндө. Болгону "өкүл баласы" ага кошулуп, Өмүрбек Текебаев баш болгон максатташтары далыдан бычак уруп, чогулуп туруп сатып кеткен Р. Сабировго учурда боору ачыган кыргыздар жана кыргызстандыктар четтен чыгат.

Бул күн да өтөт…
Кылмыш иши козголуп, жаза мөөнөтүн өтөө менен өмүр бүтпөйт. Бир чети Р. Сабировдун кылмыш иши Жогорку Соттун кароосунда. Коррупционерлердин "акуласы" катары кармалып, укук коргоо тармагынын "ири жетишкендигинин" көрсөтмө куралы болуп жаткан Равшан Сабировдун кылмыш иши да кайсы бир учурда акырына чыгат. Табияты жоош, момун адам көрүнөт, балким тагдырдын башка салганына көнүп, беш жыл отуруп береби же колу жеткен жерге кайрылып, өз чындыгын издейби, бул анын иши. Болгону, өздөрү да четинен пара менен кармалып жаткан сот тармагынын өкүлдөрү, саксаңдап бүткөн саясатчылар өздөрүнө ыңгайлуу адамдын тагдыры менен ойногонду качан коет? Кыргызстанды сазга батыргандар четте калып, Равшан Сабиров сыяктуулар "кол жоолук" боло береби?
"Жардамчысы пара алды" деп беш жыл жебеген палоонун кунун төлөгөн Равшан Сабировдун кылмыш ишин карай турган Жогорку Соттун өкүлдөрү Кудайды карап иш кылат деген ойдобуз. "Бирөөнүн убалына калып коюш иттен оңой" бирок…





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 42

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 42


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 42

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 42


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 42

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_7.htm on line 42