Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 2

Жакшы атанын тапканын...
Эсенгул Ибраев аксакал тирүү болсо башкача болот беле?

К ыргыз поэзиясынын генералы Эсенгул Ибраев 80 жашка толот экен деген макалаларды гезит беттеринен байма-бай окуп отуруп, Э.Ибраевдин Анарбек, Кумарбек деген албан субандай уулдарын, бактылуу түгөл турмуш куруп, үй-бүлөсү жолдошу менен жашоо кечирип жаткан кыздарын, ошол бактылуу, бардар, берекелүү бакыбат карылыкты өткөрүп жаткан эже-жеңебиз Саткын Абдырахманова көз алдымдан тизилип өтүп жатты. Анын үстүнө "Кыргыз Туусу" гезитине сүрөттөрү менен жарык көргөн экен. Колума калем алып, төмөндөгүлөрдү айтып калайын, жок дегенде кеч болсо да менин жетим калган неберелериме кайрымдуулук кылып, кудайдан коркуп мамиле кылар деген үмүт менен жазып отурам.

Биз да Нарындан болобуз. Кымгуут болгон заманга туш болуп, өз билими менен кызмат табылбай Ибраевдерге таандык фирмага күйөө балам Жакыпов Улукбек Азаматович 2006-жылы ишке орношуп, Бишкектин чок ортосунан орун алган жыгач эмеректерин сатуучу дүкөндөрдүн бирине орношуп, иштеп калды. "Элкино" деп аталган кичи ишканага директор болуп дайындалат.Нарын шаарындагы мурдагы Ленин мектебине акындын уулдары Анарбек менен Кумарбек өткөргөн Эсенгул Ибраевдин ысымын берүүдөгү салтанатка кызмат кылып катышып да келген. Атасынын жарык көргөн "Бийчи көпөлөктөр" деген китебин белекке берген. (Ал китептер азыр да маркум күйөө баламдын үйүндө сакталуу турат).
Ошентип иштеп жүргөндө офистик мебелдерди Ысык-Көлдөгү пансионаттарга сунуштоо, заказ алуу жана башка иштер менен Улукбекти орус улутундагы шоферун кошуп, кызматттык командировкага жиберет. Чолпон-Атадагы бир санаторийдин жетекчисин салып алып Бишкекке келатып, кырсык болуп, Улукбек жана тигил экөө каза болот. Жол кырсыгы түнкү саат 22 лерде болгонуна карабай, үйүндөгүлөргө эртеси түштө араң кабар берилет. Кызмат боюнча көтөргөн папкасы бошоп, ичиндеги Ибраевдерге тиешелүү болгон фирманын келишимдери, командировка боюнча путевка, документтери жок болуп, сумкасына баткак болуп сууга малынган шым, көйнөгүн тыгып коюшуптур. Кызымдын эсинде калганы - фирмага тиешелүү абдан көп документтерди, пас-портун, соткасына үй-бүлөсүн тартып алып коштошкону болду. Дагы жакшысы, эмгек китепчесин алып калыптыр. Анда жогорудагы "Элкино" деген ишканага "директор болуп орношту" деген жазуу калган экен.
Ошентип кырсык болуп, эми араң 30 жашка чыккан ойронум бирөө ичинде (40 күнүндө уулу төрөлдү) бирөө сыртында калып боздогон, жаш жесир кара жамынып, боздоп кала берди.
Убакыт өттү. Эмне кылабыз? Жетимдерди ким багат, жаш балдар менен өксүп үйдө отурган жесирби же кимдир бирөөдөн жардам күтүп, атага көзүн сатып, аргасыз телмирип талып турган балдардын чоң ата-энесиби? Кимден жардам болот?
Пенде эмеспизби. "Улуктун иштеген жерине кайрылалы, кырсык кызматын өтөп жаткан учурда болгон" деп кызым, апасы, атасы болуп ылаажы издеп Ибраевдерди жолуктурууга аракет кылдык. Бирок алар табылбады, таптырбады, Ал фирма жашыруун иш жүргүзгөн Акаев менен Бакиевдин заманында алдым-жуттум мекеме экендиги ачык болду. Кайрылбаган жер калган жок.
Эсенгул Ибраевдин жубайы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Саткын Абдырахманова "мен билбейм, андай балдар жашабайт" деп кесе жоопту айтып, адвокат менен барган кызымды эшик артында калтырган эле. Азыр уулу 6, кызы 10 гана жашта. Мекеме бул жетимдер үчүн атасынын акысын төлөп берүүдөн баш тартышып, ушул кезге чейин качып жүрүшөт.
Учурунда Жогорку сотко, Акыйкатчыга, Адилет программасына, прокуратурага кайрылганбыз. Документтерди тиркеп беребиз, текшерип келип эле жок болуп кетишет. Мунун баарын басып койгон ошол атактуу кишинин ыймансыз уулдары эле. Акыры "кудайга койдук" дедик. Эки балага 100 доллардан пенсия төлөп койсо, 18 жаштан кийин токтоп турат эле. Алардын деле маңдайына жазылганы бар дегилечи, бирок ал жазылган бакты-таалай, ырыскы келгиче кыргыздын кем-карчы эшикти чертип кирип турат. Моралдык жактан атанын мээримин көрбөгөн жетимдер эл катары бала бакчага, ийримдерге барышы керек, ага акча керек. Акча таап берчү атасы жок. Эгерде биз сыйлаган Э.Ибраев аба өзү болгондо уулдары мындай кылбайт эле. Ал киши сөзсүз кийлигишип, "кой балдар жетим-жесирге закондуу бересеңерди бергиле"- деп айтаарына көзүм жетип турат. Бирок ал киши жок да, балдардын сезимин кагаз бетине түшүрүп, эстелигин алкоосун калтыруу менен тынч уйкуда жатат.
Э.Ибраевдин эскерүү мүнөттөрүн теледен көрсөтсө эле карап калабыз. Көп жолу көрсөттү, сөөк коюудагы аземди. Ошондо гүлчамбар көтөрүп, алдыңкы планда бара жаткан маркум Улугум. Узун бойлуу, сулуусуна тартып, Анарбектерге кызмат кылып, инсандык парзын аткарып жүрдү эле тиги дүйнөдө кезигишип, баарлашып жүргөндүр да. Жаш калган уул-кызынын абалын Эсенгул атасына түшүндүргөндүр?! Арбактар кечиргиле дейм, башка эмне дейм?
Анарбек, Кумарбектер кайрылгыла, соопчулук кылгыла, арбактан ыйбаа кыла көргүлө, силерге өмүр берсин, атаңардын жашын, дөөлөтүн берсин.
Сөөк койгондо барып берген 40 миң сомуңарды ошондо эле кредитке алган диван менен креслого төлөп салышкан. Жок дегенде ошондон да кечип койгон оюңарга келбеди.

Амангүл Абдыкадырова
Нарын району, Оттук айылы.

Редакция экинчи тараптын пикирин басууга даяр. Айта кетүүчү жагдай, алыскы Нарындан бери эки барак катын көтөрүп атайы келген эненин арманын, балким нарындык акчалуу агалар окуп калса, каралашабы деген ойдо басууга бердик.





"Денесин таап алгандар көөмп коюшат деп ойлодум"

Т алас облустук ички иштер башкармалыгынын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө топтору тарабынан оор кылмыш ишинин бети ачылды .

Же болбосо, Талас районунун Кум-Арык айылынын Кушубаков көчөсүндө жаңы салынып жаткан ээн үйдүн түштүк тарабындагы бөлмөсүнөн азият улутундагы, жашы болжол менен 30-35 курактагы аялдын жылаңач одеялга оролгон өлүгү табылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш Жаза Кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү изилдөөлөрдөн кийин аял башынан жаракат алып каза болгондугу аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүп, эл көп жүргөн жерлерге сүрөттөр илинген.
Аз убакыт өтпөй милиция бөлүмүнө үй-бүлөдөгү чатактан улам чакыруу түшүп, ал жерге барган ыкчам тергөө тобунун өкүлү, милиция кызматкери Рыс-кулов Айбек чатак салган адам кылмыш жообуна тартылгандыгын тактаган. Аталган адамды ички иштер бөлүмүнө алып келип, сурак жүргүзгөн милиция кызматкерлери Кум-Арык айылындагы табылган аялдын өлүгү тууралуу кабардын учугун табышат. Албетте, жалгыз адамдын колунан көп нерсе келе бербеши белгилүү. Оперге Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Азат Жусупбаев, нөөмөт кызматкери М.Эшенкулов жана Т.Саткынбаевдердин аракетинен улам оор кылмыш ишинин бети ачылып, каза болгон келин Талас районунун Көк-Токой айылынын тургуну 1981-жылы туулган Шатманалиева Жазгүл Кубанычбековна экендиги аныкталган. Ошондой эле кылмыш ишине шектүү Талас шаарынын тургуну 1958-жылы туулган Кулов Кеңешбек Мамадалиевич болуп чыккан.
Көрсө, окуя төмөндөгүчө болгон экен. Кеңешбек менен Жазгүлдүн чогуу жашап жүргөндүгүнө 10 айдан ашык убакыт болуптур. Жазгүл Талас шаардык өрткө каршы кызматында 2010-жылдан 2012-жылдын июнь айына чейин иштеп келген. Кеңешбек менен чогуу жашагандан кийин жумушунан бошонуп алган. Кеңешбек Жазгүлгө жолукканга чейин бир нече ирет ар кандай кылмыш жасагандыгы үчүн соттолуп чыккан.
Айыпталуучунун айтуусуна караганда 2012-жылдын май айында Шатманалиева Жазгүл менен таанышып, аны менен чогуу бир үйдө жашап калган. Келин менен никеге турган эмес. Жазгүл мурда бир турмуштан ажырашып келген. 10-11 айдын ичинде Жазгүлдүн ичкиликке берилип, 2-3 күндөп жоголуп кеткен күндөрү көп болгон экен. Айыпталуучу Кеңешбек "2013-жылдын февраль айынын аяк ченинде так числосу эсимде жок болчу, бир күнү мен үйдө жатсам түнкү саат үчтөрдө эшиктин алдына автоунаа токтоду. Эшикке чыксам Жазгүл мас, үстүндө бир да кийими жок туруптур.Мен мас болчумун. Жазгүл ыйлап кечирим сурады. Мен ызаланып кеттим. Себеби, мурун да Жазгүл көп жоголуп кетип, кайра келип эле кечирим сурай берчү. Ошолорду эстеп, акыры чатакташып кеттик. Мен Жазгүлдү жыгач менен буту колуна 2-3 жолу чаптым, ал долуланып, "кайда барсам өзүм билем" дегенде ызаланып, колумдагы таяк менен жонго чабайын десем Жазгүл эңкейе бергенде башына тийди. Жазгүл жерге эсин жоготуп, кулап калды. Мен жиним келип, бир аздан кийин турат деп ойлоп, арактын калганын ичип, жатып алдым. Жазгүл биз жаткан бөлмөдөгү паластын үстүнө жаткан бойдон турган жок. Эртең менен турсам Жазгүл каза болуп калыптыр. Мен эмне кылаарымды билбей анын денесин үйдүн башка бөлмөсүнүн жер төлөсүнө түшүрүп, темирдин үстүнө жаткырып койдум. Ошентип, өзүмө келе албай көчөгө чыгып бир жума же 10-15 күндөй арак ичип кеттим. Үйгө келсем үйдүн ичи жаман жыттанып кетиптир. Жазгүл түшүмө кире бергендиктен арбагы кыйналып жатканын түшүнүп, денесин таап алгандар көөмп коюшат деп ойлодум.
Ошол күнү кечинде коңшум Замирден кол арабасын сурап алып, караңгы киргенде Жазгүлдүн денесин арабага салып, Кум-Арык айылына сүйрөп бардым. Айылдын башталышында жаңы салынып жаткан ээн үйгө алып кирип, жаткырып койдум. Ошентип 24-март түнү мени милиция кызматкерлери алып кетишти.Азыр кылган ишиме абдан өкүнүп жатамын-дейт Кеңешбек.
Эмне дейбиз, улгайган адамдын кызындай болгон келин менен күн кечиргени аз келгенсип, жарыша ичип, анысы аз келгенсип, өлтүрүп койгондугуна өкүнсө, өкүнбөсө да жазасы катуу. Ал эми аталган кылмыш ишин изин суутпай ачкан милиция кызматкерлерине алкыштан башка айтаарыбыз жок.
Талас ОИИБнын басма
сөз кызматынын ага инспектору,
милициянын ага лейтенанты
М. Абдысеитов







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 54

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 54


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 54

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 54


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 54

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_6.htm on line 54