Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 2

АЛЫСКА КЕТКЕН БҮРКҮТТӨР
(7-апрель баатырларына)
Канкорлор бийлеп, калкымдан качып ырыскы,
Каруусу казык шерлерди бүтүн кырышты.
Кан жутуп калдык кыраандар өлүп бейкүнөө,
Кайраты менен кайраган ташка кылычты.

Чыгарбай жүзүн чындыкты чүмкөп этектер,
Сыздатты элди сыйыртмак салып эшектер.
Токсондон ашык эрлердин сөөгүн жашырып,
Толгонуп жаны, энедей сыздап кетет жер.

Акмактык менен алмашкан күндө токтому,
Адаштык жолдон, бийликке коюп чочкону.
Тезекке салды элимдин алып жарыгын.
Абийирден эмес, темирден коюп тосмону.

Кезээртип элин, камырдай улам ийлеген,
Керекпи хандар пайдасы кыпын тийбеген.
Солгундап турса келечек жолу эл-журттун,
Сороктоп деле сойкудай болуп бийлеген.

Көөдөнү көрүп, карадан акты айырган,
Көздөгү оту мертинтип окту кайырган.
Артына кайтпас азамат жандар өлүштү,
Ар-намыс менен ширелип өскөн айылдан.

Жокчулук басып, жигиттин мойнун жок кесип,
Жоругу күчөп, намысты турса ок тешип.
Айкөлдүк, курчтук канына бүткөн шумкарлар,
Аянтта жүрдү ажалдан качпай от кечип.

Эсине келбей эчкирип ыйлап, бышактап,
Энелер калды уулунун көрүн кучактап.
Аттиң ай дүйнө, жүлүндөн бери сыздатып,
Ай өткөн сайын армандар өсөт бутактап.

Кайгыдан элди калкалап калган түндүктөр,
Калк жүгүн таяп кылымга калчу түркүктөр.
Тарп жору, кузгун, карганын баарын кубалап,
Аскадан ашып, алыска кеткен бүркүттөр.

Чекесин тосуп, чебинен өтүп жалгандын,
Кучактап жерди уландар жатат арман күн.
Сөз нугу жетпес баатырлар бүгүн даңкталып,
Ырында анан ыйында калды ар жандын.

Чыгаандар кетти душмандын мойнун толгочу,
Чын дүйнө болсо ыймандын болоор жолдошу.
Өңгөсүн айтпайм, кыргыздын жаны ушулар,
Өлсө да элин эрдиги менен коргочу!
Бердибек Жамгырчиев




Кандуу апрель
Арылууну эңсеп эзгич, аксымдан,
"Ата Журт" деп болду эрлер ак курман.
Акча, бийлик, мансап үчүн бул күнү,
Акмак ажо элине ок аттырган.

Эне, бала, жубай жашын агызат,
Элим боздоп каректери ачышат.
Алар дайым арабызда... Өлгөн жок,
Ата-Бейит жакта уктап жатышат.

Кандуу апрель... Үч жыл өткөн учуру,
Канайт жүрөк эске салсак утуру.
Улут үчүн өчкөн сексен жигиттин,
Уруп кетсин Бакиевди кусуру!!!

Жылдызбек Турсунбаев




Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин вице-спикери:
"ЖКнын пансионатыбы, башкабы мамлекеттин мүлкү менчиктештирилгенге каршымын"
- Төрөбай мырза, ЖКнын темир тосмосунан "ашып түшүп", элге тараган маалыматтарга караганда, 58 депутатта 144 даана курал бар экен. Коомчулук бул кабарды өтө тынчсыздануу менен кабыл алып, "эл өкүлдөрү эмнеге куралданып жатат" деген суроого жооп таба албай жатышат. Сиз эмне дейсиз?
- Коомчулуктун эмнеге кыжалат болуп жатканын мен туура түшүнөм. Эгер, жеке өзүмдү айтсам, менде курал жок. Мен үчүн куралдын зарылдыгы да жок. Арийне, мыйзам менен президентке, премьер-министрге, ЖК төрагасына куралды сый белекке берүү укугу берилип калган экен. Ошондон улам, мамлекетке кадыры, эмгеги сиңген адамдарга, мамлекеттик кызматчыларга, анын ичинде депутаттарга сый иретинде курал берилип келатыптыр. Депутаттардын 58инде курал бар экендигинин сыры ушунда. Буга мыйзам жол берет. Эгер чет мамлекеттерди деле алсак, куралды сый белекке берүү кадыресе көрүнүш.
- Мейли, курал менен сыйлоого мыйзам жол берет экен дейли. Бирок, куралдын анты бар эмеспи. Илгери, аталар "курал менен ойнобогула, он жылда бир өзүнөн өзү атылып кетиши мүмкүн" деп сак-сакташчу. Ошол эле президент болобу, премьер-министр болобу, ЖК төрагасыбы мамлекетке кадыры өткөн адамды куралдан башка эле баалуу сыйлыктар менен сыйласа болбойбу?
- Албетте, болот. Мен маселен, ЖК төрагасы тарабынан эч кимге сый белекке курал берилбегенин билем.
- Мыйзамды депутаттар жазат, кабыл алат, президент кол коет. Андай болгондо, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер арасында жарыша куралданууну токтотуу максатында, куралды сый белекке берүү жөнүндө мыйзамда каралган жобого өзгөртүү киргизсе болбойбу? 58 депутатта 144 даана курал бар экени илгерки СССР менен АКШнын жарыша куралданган мезгилин эске салат. Депутаттар өз кара баштарынан корккондой, бизде күн сайын атышуулар, террористтик актылар болуп жаткан жери жок го?
- Бул эми бизге чейин кабыл алынып калган нерсе экен. Ал каталыкты оңдоп койсо болот.
- Анда жакшы экен. Баса, курал маселесин көтөрүп чыккан КСДП фракциясынан депутат Карамушкина айым "Жалал-Абаддагы нааразычылык акциясына чыккан баатыр энелерди фашисттерге теңеди" деп бир катар басылмалар, Интернет сайттары жазып чыкты. ЖКда да бул маселе көтөрүлдү. Муну КСДП фракциясынын депутаттары эмне кааласа, ошону айта берсе болот деп түшүнсө болобу?
- КСДП фракциясынын депутатыбы же башка фракциясынын өкүлүбү, ким эмнени айтканга толук укуктуу. Эгер Ирина Юрьевна тууралуу айтсак, маалымат булактарында анын айткандары бурмаланып кеткен. Жогорку Кеңештин сайтында Карамушкина айым эмне деп айтканы ак-карасынан жазылып турат.
- Сиз кайсы бир басылмага берген маегиңизде мамлекет мечиттердин курулушуна жолтоо болбошу керек дегендей ойду айттыңыз. Акыркы жылдарда Кыргызстанда мечиттердин саны мектептердин санына караганда көбүрөөк болуп кетти. Бишкекти эле алсак, борбор калаага мечит батпай баратат. Борбордук мечит бар экенине карабай, жаңы борбордук мечиттин курулушу башталды. Ал мечит түшүп жаткан жерде айтылуу Бишкек баатырдын сөөгү бар экени тастыкталып жатат. Бул тарыхка болгон тескери мамиле эмеспи.
- Борбордук мечитти куруу үчүн берилген жер аянты Мураталы Жуманов муфтий болуп турган кезде чечилген экен. Эки жер сунушталып, биринчисинен суу чыгып кеткендигине байланыштуу экинчисине, мурдагы Ысык-Көл кинотеатрынын жанына токтолушуптур. Мечиттин курулушуна 25 миллион долларга жакын акча кетет. Түркия тарап каржыламак болуп, азыр түркиялык курулуш компаниялары ишти баштады. Бизде курула турган мечит Орто Азиядагы эң чоң мечит болмокчу. Түркиядагы Султан Ахмед мечитине окшош салынат. Мындай долбоор азыр кошуна мамлекеттердин эч кимисинде жок. Ал эми мечит курула турган жерде "Бишкек баатырдын мүрзөсү" бар дегенди мен уккан эмесмин. Бирок, "христиан дининдеги адамдардын мүрзөсү болгону" чын. Негизи, муну муфтият карап, жооп бериши керек. Буга чейин миллиарддаган адамдар дүйнөдөн өттү. Эгер "мүрзө" дей берсек, адам жашаганга жер калбай калат. 40-50 жыл өткөн соң, мүрзөнүн үстүнө курулуш кура бергенге шарият жол берет.
- Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү пансионатын сатканы жатат деп угуп жатабыз. Бул маалыматтын канчасы жалган да, канчасы чын? Кыргыз бийлиги менчиктештирүү деген балээден көңүлү кала элекпи? Же улам бирин жеке менчикке бере бергидей мамлекетте, анын ичинде Жогорку Кеңеште ашып-ташкан дүнүйө барбы?
- Мен мамлекеттин мүлкү жеке тараптарга сатылышына каршымын. Жогорку Кеңештин пансионаты депутаттарга гана тиешелүү эмес. Ал жалпы эле элдики. Пансионатты менчиктештириш керек дегендер ал өзүн өзү актабайт экен дегенди аргумент кылып бетине кармап жатышат. Ал жалган көз караш. Мамлекеттин менчигин саткандан биз пайда таппайбыз. Андан көрө ал жерге татыктуу менеджерди алып барып, пайда түшкөндөй иш алып баруу керек. Пансионат элдики болгон соң, ал жерге жайында балдар үйүнүн тарбиялануучуларын алпарып эс алдырууга эмнеге болбосун. Бир сөз менен айтканда, ЖКнын пансионатыбы, башкабы мамлекеттин мүлкү менчиктештирилгенге каршымын.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 105

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 105

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 105


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 105

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 105

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 105


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 105

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 105

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_5.htm on line 105