Балык башынан…
ЖоКе "жоруктары"

(Башы гезиттин №31 санында)
Ал эми 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында 54 миллион 676,2 миң сомдун дайыны кайда кеткенин "Жеңиш Күнүн, Башмыйзамды кабыл алуу күнүн, Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу сыйлоолор тууралуу" парламенттик токтомдору же "Каржы-экономика кызматкерлеринин күнүнүн, Юристтердин күнүнүн урматына карата аппараттын кызматкерлерин сыйлоо тууралуу", "Парламенттик жылдын аяктагандыгына байланыштуу сыйлоо тууралуу" ЖК спикеринин буйруктары кашкайтып көрсөтүп турат.

Курмантай мырза эмне
эле кыр көрсөтөт десе...
Көрдүңүзбү, Курмантай Абдиевдин жана айрым депутаттардын "биздин канча айлык алаарыбыз менен кимдин кандай иши бар" деп кыр көрсөтүп жаткандыгынын себеби мына ушул жерде жатабы дейм?
Депутаттардын чет өлкөлөргө расмий да, расмий эмес да сапарларына делинип бюджеттен олчойгон акчалар оңду-солду бөлүнүп, самандай сапырылаары КРнын Эсептөө палатасынын текшерүүсүндө ачыкка чыгып олтурат. 2011-жылы КР ЖКнын "Кызматтык сапарларга чыгымдар" статьясы боюнча 13,6 миллион сом бекитилсе, жарым жылдыкта эле кассалык чыгымдары 10,4 миллион сомду же жылдык көлөмдүн 76,5 пайызын түзгөн. 2011-жылдын 1-июлуна карата кызматтык сапарлардан улам топтолгон дебитордук карыз 1 миллион 741 миң сомду түзгөн. Анын 678,8 миң сомунун куйругу үзүлбөй узаргандан узарып отурган. Анан да командировкалык чыгымдар Жогорку Кеңештин жетекчилиги тарабынан мыйзамдын нормаларын бузуу менен төлөнүп келген фактылар аз эмес. Спикердин орун басарынын 2011-жылдын 23-майындагы эле токтому менен 17,6 миң сом нормадан ашыгы менен төлөнүп кеткен. Командировкага барып келгендигин тастыктаган документтери жок туруп эле 102,1 миң сом, ал эми командировкага барып келгендигин аныктоочу документтеринде чын эле барып келгендигин тастыктаган белгилер коюлбай туруп эле 141,3 миң сом төлөнгөн. Эки депутаттын командировкалык документтеринин көчүрмөлөрүнө таяп аларга 22,6 миң сомду, ал эми дагы эки депутатка командировкада болгондугун аныктап-тактаган эч бир документтери болбосо да 106,4 миң сомду кармата беришкен. Беттери чымырап, уялып калыштыбы же башка бир себеби болдубу, мыйзам талаптарын бузушкандыгын моюндашып, 201,2 миң сомдук командировкалык чыгымдарды толукташып ордуна коюшкан.

Акыйнек айтышкандары
да акчага турат
Депутаттар эптеп салыктан жыйналган акчадан көрсөтүп да, көрсөтпөй да кымтып алам десе, анын жолун оңой эле таап коюшат экен. Башканы коюп, коомчулукка аттын кашкасындай таанымал болуп калган Гүлнара Дербишева деген депутатты эле мисалга тарталычы. Айтмакчы, ал депутаттык ишмердигине караганда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздандыруу департаментинин директору болуп иштеп турганда, очойтуп пара ала коем деп кармалып калып, калкка дүң боло түшкөн эле… Мына ошол экс-депутат, экс-чиновник айымдын командировкалап жүргөндөгү дебитордук карызы ушул убакка чейин 51,1 миң сомду чапчып жүрөт. Гүлнара айым 2010-жылы декабрда кайсы бир коомдук фонд менен эл аралык укуктук кызматташтык жаатында "кызмат көрсөткөндүгү үчүн түзүлгөн келишимди камсыз кылууга" деген шылтоого шыноону таап, Жогорку Кеңештин кассасынан алган акчасынын 372,3 миң сомун ушундай эле шылтоо менен жигин таптырбай жок кылып отурат. Гүлнара Дербишеванын түшүндүргөнүнө караганда ал коомдук фонд кыргыз парламентарийлеринин парламенттин ичиндеги да, тышындагы да жүргөн - тургандарын, акыйнек айтыштарын, көтөргөн маселелерин, мыйзам долбоорлорун, сүйлөгөн сөздөрүнүн стенограммаларын жана башка ар кандай отчетторун изилдеп, мониторинг жүргүзөт экен. Деги ал коомдук фонддун андай мониторингдеринен кандайдыр бир натыйжа чыгып, биздин депутаттар агарып-көгөрүп, өсүп-өнүп, илимдүү-билимдүү болуп кеткендигин кудай акы, байкаган да, көргөн да жокмун.
2011-жылы Жогорку Кеңештин аппаратынын иш башкармалыгы жана структуралык бөлүмдөрү тарабынан 485,3 миң сом конокторду тосконго делип чыгымдалган.
Баарынан кызыгы, очойгон дебитордук карыздын орду коюлбай жатса деле акча каражатын үстү-үстүнө ала берүүнү Жогорку Кеңеш "жакшы жорук" кылып алыптыр. Ошентип, куйругу кулач карыз 2011-жылдын 1-июлуна карата 1 миллион 35,4 миң сомду түзгөн.

Казынабыз эмнеге эле
какшыйт десе…
Жогорку Кеңештин дагы бир кызык жоругу - "прочие услуги" деген бир балакети бар. Бул жакка эмне деген гана чыгымдарынын бардыгын "ороп-чулгап" тыга беришет экен. Мисалы, 2010-жылы тамак-ашка дешип 553,7 миң сом, кайсы бир "Арашан-Сервис" компаниясына - 263,7 миң сом, конокторду тосууга - 801,6 миң сом, көзөмөл кызматына - 300 миң сом, айыл чарба товарларын, идиш-аяктарды алууга сатып алууга - 763,9 миң сом чыгымдалган. Ушинтип отуруп 2010-жылы ЖК "прочие услуги" деген тастыктоого такап, 30 миллион 85,2 миң сомдун башын жутуп коюптур. Очойгон акча бекен! Ошол учурда Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышы тарап кетпеди беле. Аны менен бирге алиги акчанын жиги билинбей депутаттар менен кошо тарап кетет. Болгону 7,8 миң сом гана калдык калган. Ал акчаны Жогорку Кеңеш өздөрү баш болуп жыртып жаткан республикабыздын бюджетине огожо кылып тапшырып коюшканына "ырахмат"! Эсептөө палатанын текшерүүсүндө ЖКнын "прочие услугу" деген аныктамасы менен "Мекен үчүн" коомдук кыймылы өңдүү уюмдарды тамак-аш менен камсыздоого 553,7 миң сом накталай акча каражаты жумшалгандыгы да ачыкталган. Резолюцияга ошол учурда Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев кол коюптур. Анын 2010-жылдын 20-апрелдеги буйругу менен аталган уюмдун мүчөлөрүн үч маал тамактандыруу үчүн 340,7 миң сом, ал эми 2010-жылдын 28-майында "Мекен үчүнгө" кошуп "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүн тамактандыруу үчүн 83,8 миң сом чыгымдалган. Э. Каптагаев 2010-жылдын 5-июнунда дагы бир буйругу менен "Мекен үчүндүн" мүчөлөрүн ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн 35,1 миң сом бөлүп берет. Жаңы бийликтин бул билерманынын башка буйруктары менен Убактылуу өкмөттүн секретариатынын, Эмилбек мырзанын өзүнүн аппаратынын кызматкерлери 61,3 миң сомго тамактанышыптыр. Бул аз болуп калган көрүнөт, Э. Каптагаев өзүнүн аппаратынын чиновниктерин тойгузууга 20,3 миң сомго дагы бир буйрук чыгарат.
Ошентип, 2011-жылдын жарым жылдыгында эле Убактылуу өкмөттүн билермандары парламентке деп бюджеттен каралган жанагы "прочие услугу" дегенинен улам эле 12 миллион 871,3 миң сомдун же жылдык көлөмдүн 71,7 пайызынын башын мүлжүп коюшкан. Мына ушулардын өзү эле республиканын казынасы эмнеге эле какшып, эптеп салыктан чогултулган бюджеттик акчалар билерман чиновниктердин бир шилтеми менен оңду-солду ойдолоп кетерин көрсөтүп турат.




Текебаевдин текирең
таскагы басаңдап
баратабы?
Ө.Текебаевдин жазган Башмыйзамы үч башка вариантта жарык көрүп кеткени жөнүндө көп кеп-сөз болгону белгилүү. Саясатка аралашканы эл оозунан түшпөй, айрыкча, учурдагы бийликте ташы өргө кулап, жылдызы өзгөчө жанып, асылган кишисин алып жыкмайынча жаны тынбаган, эч кимдин ага алы жетпөөчүдөй сезилген Өмүкеңе өчөгүшкөндөр көбөйүп калды көрүнөт. Бу сапар аны алиги ал жазган Башмыйзамга такап туруп такалоо иштери көрүлүүдө.
Мурдагы бийлик тушунда тарсылдап турчу Текебаев учурда эки жагын элеңдей карап, этияттанып, демин ичине тартып, саксынып калгандай. Анын мындай тактикага өткөнүн баарынан да президенттин кемчиликтерин мурдагыдай колун кесеп, жалпы элге жая сүйлөбөй, тар чөйрөдө күбүрөп калгандыгынан байкоого болот. Эмне үчүн ал бул президентке коркок билиш болуп жатат дейсиздер? Анткени анын айрым сырларын аңдап билген Атамбаев бөлмөсүнө чакырып, сыртында "мародерство" деген жазуусу бар калың барактуу делону көрсөтүп, көзүңдү ачып, байкап, абайлап сүйлөп жүргүнүң дегендей ишаарат кылыптыр. Ошондон улам Текебаев эмне кыларын билбей текирең таскагы басаңдап, бул абалдан кутулуунун жолун азырынча биле албай алигидей тактикага өткөн чагы экен.

Карга карганын
көзүн чокубайт
Жогорку Кеңеш кол тийбестигин алуудан баш тарткан депутат Элмурат Обдуновго козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратура билдирүү таратты. Анда анын күнөөсүн толук далилдей турган материалдар бар экени билдирилген.
"Бул кылмыш иши боюнча Обдуновдун күнөөсү толук далилденген. Ал эми Обдунов баш болуп, аталган иш боюнча айыпталган адамдар зыянды төлөп бергени алардын кылмышка тиешеси жок экенин далилдебейт" деп айтылган билдирүүдө.
"Республика" фракциясынан депутат Элмурат Обдуновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын комиссия "депутатка карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгон жана жоопко тартууга негиз жок" деген тыянакка келген болчу. Бул жерде " карга карганын көзүн чокубайт" болуп жаткан жокпу? Элмурат Обдуновго кылмыш иши 2012-жылы 15-ноябрда козголгон. 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчи болуп иштеп турганда "ал окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллион сомго жакын келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып алган" деп айыпталган. Обдунов мындай айыптарды жокко чыгарып келет.