Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 2

Сеператисттерди шыктандырган Сасыкбаева
Республикабыздын Башмыйзамын 2010-жылы түзүлгөн Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрүнүн суранычы боюнча ПРООН өзбек тилине которгонун, ал эми депутат Асия Сасыкбаева Башмыйзамыбызды өзбек тилине которбогондугун депутат Жылдыз Жолдошева айтты.
Бардык маселелелер эски жана жаңы Башмыйзамдын негизинде мамлекеттик кыргыз тилинде жана расмий орус тилинде гана жазылары айдан ачык эмеспи. А.Сасыкбаева Башмыйзамды өзбек тилине которбогону менен "Интербилимди" жетектеп турганда, азыркы БШКнын мүчөсү Г.Журабаева менен биргелешип, өзбек тилине которулган Башмыйзамды 2010-жылы июнь окуясынын алдында түштүк аймагына таратышканын көптөгөн кишилер, алтургай өзбек улутундагы жарандар да билишет. Анткени алар аны алышкан.
Мыйзамды одоно бузуп, өзбек тилине которулган Башмыйзамды таратуу менен Сасыкбаева өзбек сепаратисттердин автономия түзүү идеясына дем-күч берип, шыктандырганы айтпаса да түшүнүктүү болуп олтурат. Эки сөзүнүн биринде патриоттуулук оозунан түшпөгөн Асия айымдын анысы курулай демагогия окшобойбу?!


Журналисттер ачка калыптыр…
Мурдагы күнү Талас шаарында 6-7-апрелдеги кандуу ыңкылаптын 3 жылдыгы белгиленип, жоон топ саясатчылар, ЖК төрагасы баш болгон депутаттар (арасында мародер атка конгондор да бар) барышып, жаттап алган сөздөрүн айтышып, күпүлдөп кайтышыптыр. Аларга чейин даярдалып, тигилген боз үйлөрдө тартылган устукандарга ооздорун майлап дегендей. Анысы го мейли, жебей жүрүштү беле. Баарынан кызыгы, алардын май тамган жүзүн теледен көрсөтүп, гезитке жазган журналист журтуна эч ким көңүл бөлбөй, курсактары ачып, акчасы барлар кафеден тамактанып, акчасы жоктор шилекейин агызып, Бишкекке кайтышыптыр. Баягы эле кор болгон бечара журналисттер…


Өнүгө алар бекен, же?..
"Республика" партиясы менен илешип жүрө берсек өнүгө алчудай эмеспиз, өзүбүзчө эле өнүкпөсөк болчудай эмес" дешип "Өнүгүү" партиясын түптөп кеткен, Тынчтык Шайназаровду, Бакыт Төрөбаевди, Мирлан Бакировду фракция курамынан чыгаруу чечими "Республика" фракциясынын жыйынында кабыл алынып, партиянын саясий кеңешине жолдонду. Чечим кабыл алынса, Б.Төрөбаев баш болгон аталган саясатчылар Бабановго баштарын калкалабай эле өздөрүнүн арбайларын өздөрү согуп башташмакчы. Баарынан да "Өнүгүү" партиясынын жетекчиси болуп өпкө кагып турган Бакыт мырзанын саясаттагы арымдары кандай болор экен, баам салып туралычы?


Ойноп сүйлөсөң да…
Кечээ күнү "АКИпресске" жарыяланган "7-апрель 2010. Үч жылдан кийин" аталган макалада Кубатбек Байболов минтип кербездениптир: "2010-жылдагы апрель революциясы мен комментария бергенге арзыбайт (не стоит). Экономика болуп көрбөгөндөй кыйрады, өлкө бүгүнкүдөй башкарылбай калган абалга эч качан жеткен эмес". Ат-аа, К.Байболов сага Кудай бардыр. Бу киши ушул революциядан кийин К.Бакиевден куйругун кыпчып, качып кеткен АКШсынан кайтып келип, майлуу кызматтарда, атургай Башкы прокурорлук кызматка чейин жетип, анан ал жерден "махинация" кылып жибергендиги үчүн куулуп чыкканын унутуп калса керек. Дегеле, К.Байболовдо адамдык касиет анча-мынча калган болсо, 7-апрель окуяларында курман болгондордун арбагын сыйлап болсо да, мындай айтпашы керек эле. "Башка балээ тилден" дечү эле кан төккөн революционерлер чогулуп барып, кайра АКШсына айдап жибербегей эле деп бизде жан жок.


Жарылган граната милиционердин өмүрүн алып кетти.
Ак-Өргө конушундагы милициянын аймактык бөлүмүнөн жарылган гранатаны ИИМдин эксперттик тобу тактап жатканын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов маалымдады. Граната милиция кызматкери Шамил Усубалиевдин колун жулуп кетип, сыныктары курсагына кирип, ички органдары жабыркаган. Абалы оор болуп ооруканага түшкөндүктөн, өзүнөн көрсөтмө алууга мүмкүн болбой калды. 2010-жылы апрель, июнь окуяларында бир топ курал-жарак жоголуп, анын ичинде ар түрдүү граната да болгон эле. Жарылган граната ошолордун бири болушу мүмкүн.
Кимдир бирөө оролгон гранатаны Ак-Өргө конушундагы милициянын аймактык бөлүмүнүн жанына таштап коёт. Аны милициянын тескөөчүсү ачып атканда жарылып кеткен. Усубалиев кечээ таңга маал алган жараатынан көз жумду.


Үсөн "үрө" берет…
Журналистикада жүргөн жеринен чөп чыкпаган Үсөн Касыбеков деген "аксакал" журналист бар. Тээ Акаев маалында ыраматылык Мелис Эшимкановдун "Асабасында" "айхайлап" жүрүп эле капысынан "Кыргыз Туусу" гезитине бир түндө өтө качып, кийинчерээк ал жерде Акаевди айга-күнгө теңеп мактаганына карабастан ал жерден да бир чыр чыгара коюп, куулуп кеткен. кийин "Ааламда" жүрүп, жогорудагыдай жөн жүрбөгөн адатынын айынан аталган басылманын башкы редакторунун орун басары, баласындай болгон Улан Мамбетовдон ушунчалык катуу сөз угуп, анда бир өзүн көрсөткөн. Ал эми 2010-жылдагы революциянын алдында "Назар" гезитинде иштеп жүрүп, "иттигинин айынан" Кенжебек Арыкбаевден далай тил угуп, куулуп кете жаздап, жетекчибиз Бабырбек Жээнбековдун жардамы менен араң калган. Кыскасы жүргөн жери тополоң. Канча жыл журналист болумуш болуп жүргөнүнө карабастан Үсөн атынан башка артында эчтеме калбаган бул "политолог сөрөй" акыркы күндөрү жетекчибиз Бабырбек Жээнбековго, ЖК депутаты Равшан Жээнбековго карандай жалааны жаап, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, айласын таппай алдастап турганы. Өзүн эки тилде жазган гений элестеткен Үсөн адатынча бийликти мактап, Текебаевди тегеренип турганы эч кимди деле кызыктырбаса деле керек. Баса, Акаев учурунда бул эргул Өмүрбек Текебаевди бир жактуу каралап, популист атаганы Чиркешовичтин эсинен чыкпаса керек…


Кайран гана Каптагаев
Кечээ, 7-апрель революциясынын үч жылдыгы белгиленди. "Ата-Бейиттеги" баатырлардын эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, куран окутулду. Бирок, "…Бийлик бул иштерди уштуруп, "эрдик кылып кой сойгону" менен аягында "иттик кылып төш тартпадыбы" дегендей сөздөр да чыкпай койгон жок. Гезит чыгып жатканда бизге төмөндөгүдөй телефон чалышты: " Баягы эле капталдан чыкма Э.Каптагаев ошол оорусу кармап, капталдан чыга калып, пресс-конференцияга делген 50 чакыруу билетин өзүнүн тааныш-туунуштарына таратып жиберди. Мында да "анык революционерлер" конференцияга кире албай сыртта калдык. Ошондой эле "Айкөл Ала-Тоонун" аялдары да чакырык албагандыктан кире албай, куран окута албай калышты. Бул аз келгенсип, бер жакта сакалдуу революционерлер, кур дегенде экс-президент Р.Отунбаева отурса Э.Каптагаев кошоматка кой союп, учаны өзү кошо отурган үстөлгө, тагыраагы революцияга кымындай да тиешеси жок, азыркы премьер-министр Ж.Сатыбалдиевге тарттырды. Буга жини келген "революционерлер" чатак кылып, аз жерден Ж.Сатыбалдиевдин алдынан учаны алып кое жаздашты. Ошентип, Р.Отунбаеванын алдында уят болуп калдык"…Эми буга комментария бербей эле коелу. Бөөдө, "уча" талаштын аягы узарып кетип, дагы бир революцияга чейин жетип, балээге калбайлы.


Жараатты ырбатпагыла
2010-жылдын июнь коогалаңында Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы окуялардан кийин балдарын дайынсыз жоготкон энелер сот бийлиги күнөөкөрлөрдү бир четинен актай баштаганына нааразы. Алардын айтымында, дайынсыз жоголгондордун дагы эле 11и табыла элек. "Балдарыбыздын мүрзөсү да жок. Кээ бир энелер баласы табылсын же аны өлтүргөн адамдар табылып, жазасын алсын деп үйдөн да, акчадан да баш тартышты", - дейт жабыр тарткан энелердин бири Дилбар Көчкөнова. Анын айтымында, күнөөлүүлөрдү жазалоонун ордуна сот бийлиги азыр актоо аракетин көрүүдө.
"Санпа" аттуу иш менен айыпталган Орусия жараны Ш.Ниязалиевди актап, ага 150 миң сом гана айып салган. Бул чечимди Жогорку Сот чыгарып, облсоттун кароосуна кайра жиберди. Ш.Ниязалиевди актаган өкүм чыгарган үч соттун жоопкерчилиги каралып жатканын Жогорку Соттун өкүлү маалымдады. Ал эми депутат Надира Нарматованын айтымында, сепаристтердин көпчүлүгү ээн эркин эле жүрүшөт.


Мукар Чолпонбаевге эле керекпи?
"Кыргызстанды куткаруу үчүн" кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев баш болгон активисттер кытай элинин экспансиясы тууралуу маселени кайрадан көтөрдү. Ал өкмөт чет элдиктерге 15 миң квотанын 60-70 пайызы кытай жарандарына туура келгенин айтат. Кытайлар аз акчага деле иштеп, отурукташып, балдары төрөлүп атат. "Биздин Кыргызстанда жакында эчтеке калбай калат. Жерибизди жоготуп алабыз деген коркунуч бар", - дейт. Бул маселеге эмнеге башкалар башын оорутпайт. Же Мукар Чолпонбаевге эле керекпи?


Келдибеков кепилдик берсин дейт...
Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын жыйынында депутат Акматбек Келдибеков "Кумтөр" боюнча 1992-жылкы келишимге кайтып келүү керек деген сунушун сунду. "Ошол келишимдин негизинде кен он жылдан кийин Кыргызстанга 100 пайыз өтүшү керек. Эгер денонсация болбосо, алар биздин мыйзамдар менен иштейт деп ким кепилдик бере алат? Ким биздин мөңгүлөр мындан ары жоголбойт, уулуу калдыктарды сактоочу жайы бүт өлкөнү жууп кетпейт деп кепилдик берет?" - деген суроо койду. Өкмөт мүчөлөрүн "эл алдына чыгып "Кумтөр" Кыргызстанды экологиялык катастрофага алып келбейт" деп кепилдик берүүсун талап кылды.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 54

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 54


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 54

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 54


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 54

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_3.htm on line 54