Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 2

Кыргыздын кеги кырк жылда
Чокуга эле чаптырып койсокпу?

Өткөн жумада тажик туугандар ПРООНдун жана АКШнынын Дүйшөмбү шаарындагы өкүлчүлүгүнүн алдында каршылык акциясын өткөрүштү. "Мынчалык эмне болуп кетти?" десек Украина бийлигинин Тажикстандын экс-премьер министри Абдумалик Абдуллажановду камактан бошотуп ийгени себеп болуптур.

CA-NEWS (TJ) сайтынын маалыматына (5-апрель, 2013) таянсак каршылык акциясына чыккандар колдоруна "Абдулллажановдун Бен Ладенден айырмасы жок", "Абдуллажанов чыккынчы" деген плакаттарды кармап алышыптыр дейт. "Бу, Бен Леденден айырмасы жок болсо, анда АКШда эмне кылып жүргөн неме болду экен" деп интернет булактарын казып көрсөм булар чыкты. А.Абдуллажанов официалдуу Дүйшөмбү тарабынан 1996-жылы президент Э.Рахмонго кол салууну уюштурганы, полковник Махмуд Худойбердыевдин 1998-жылы Кожент шаарында куралдуу каршылык көрсөтүүсүн колдогондугу, ошол каршылык көрсөтүүдө ондогон адамдардын каза тапкандыгы, бийликти күч менен басып алуусу, мамлекеттик мүлктү менчиктештирип же талоонго учураткандыгы боюнча айыпталып жатыптыр. Ошондой эле кезегинде Э.Рахмон менен президенттик такты үчүн күрөшкөн эргул экен. Өзү Тажикстандын түндүгүнөн, теги ак сөөк адамдардын үй-бүлөсүнөн чыгыптыр.
Мени кызыктырганы ондогон бейкүнөө адамдардын канына забын болгон бул адамдын ошончо жылдан бери "саясый куугунтук" тонун жамынып АКШда атасынын төрүндөй жашап жүргөндүгү болду. Бул эми Тажикстандын ички иши болсо дагы Кыргызстан 7-апрель революциясынын үч жылдыгын белгилеп жаткан күндөрдө бизге да тиешелүү жактары чыгып жатат. Айталы, канкор К.Бакиев менен иниси Ж.Бакиев менен Белорусияда баш калкалап жүрүшсө, М.Бакиеви Англияда алчактап жүрөт. АКШ М.Бакиевди М.Гурьевичтин ишине байлап, ага карата "ат үркүтмөй" аракетин көрүмүш болгону менен ошол бойдон тынчыды.
Кыргызстандын сот бийлиги, Башкы прокуратурасы, дегеле официалдуу Кыргызстан сыртынан 24 жылга кесилген К.Бакиевди, өмүр бою түрмө жазыгына кесилген Ж.Бакиевди, 25 жыл "түрмөдөн башы чыкпасын" деген М.Бакиевди (дагы 8 иш мойнуна илинген турат) кайтарып бергенге жардам берүүсүн өтүнүп, кайрылбаган дүйнөлүк тиешелүү уюмдар калган жок. Мындан келди АКШ башында турган "ааламды бийлөөчүлөрдүн" кош стандарт дечү саясатына ынанбай кое албайсың.
Ал эми А.Абдулллажановго келсек бул кыраан канча жылдан бери АКШда жашап, эми баарын унутушту го деп Украинага учуп бара калып, Киев шаарынын Шевченко районунун сотунун чечими менен 40 күнгө абака отургузулган. Көрсө, А.Абдуллажанов эл аралык интерполдун эсинен чыкпаптыр. Кара тизмесинде эле жүрүптүр. Буга сүйүнгөн Тажикстан "колубузга салып бергиле" деп Украинага талап койгону менен майнап чыкпады. Бермек турсун түрмөдөн чыгарып жиберишти. Эми ал "кайра эле АКШга кетем" деп, океандын ар жагын карап турган кербези. Буга нааразы болгон тажик туугандар тигинтип АКШ өкүлчүлүгүн айланчыктап жүрүшөт. Баса, ал камакка алынганда эле БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссариаты, дагы бир Amnesty International аталган укук коргоо уюму "А.Абдуллажановду берчү болсоңор…" деп Украинага сөөмөй кезеген. Ошону менен Украина А.Абдуллажановду тажик бийлигине берген жок. Ушундан улам Кыргызстан деле качып жүргөн канкорлорду эч качан колуна тийгизе албайбы? деген суроо туулат. Же "кыргыздын кеги кырк жылда" дегендей Стакеңдин ыкмасына окшогон (анын Троцкийди кантип балка менен чокуга чаптырып койгону эсиңиздерде бардыр) башка бир жолдорду карап көрсөкпү?


Темирбек
Алымбеков




"Бакиевчилер келе
жата-ат…"
Революция - бул акыйкатсыздыкты сындырса боло турганын далилдөөчү тажрыйба
В. Швебель

Бүгүн 7-апрель. Аянтта жыйылган элге ок атып, акырында кара жанын калкалап, алдастап качкан Бакиевдин бийликтин биротоло кеткенине туура 3 жылдын жүзү болду. Ок жеп, кансыраган жаш балдар, алардын башын жөлөп, колундагы тууну ала чуркаган баатырлар… өрттөлгөн машинелер, Ак үйдүн короосун автомат менен шыкаалап, Чүй көчөсүнүн аркы бетиндеги ак мрамордон жасалган аркалардын арасына жашырынып, анда-санда ок чыгарган бирин-экин жигиттер. Ары жакта Ак үйдүн чатырынан снайпер менен шыкаалаган кара маскачандар. Татыраган октун үнүнөн аянттагы аркалардын арасына кире качып, кайра ок тынчыганда кансырап кулап калган жигиттерди жабыла көтөрүп, ак үй тарапка чуркаган эл. Ал аңгыча ГКНБ тараптан алынып келинип, далай адамдын канына забын болгон БТР.
Мына ушунун баары Кыргызстанда экинчи ирет жалпы элдин катышуусу менен ишке ашкан 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан элес берген картина болуп сакталып калды.
Ошол жыкжыйма элдин арасында желмогуздай кара фотоаппаратымды көтөрүп, көзүмдүн жашын көл кылып мен да жүргөм. Кансыраган жигиттерди көрүп шолоктоп ыйлагам. Ошондо наалыган эл менен кошо канкорлорду каргагам. Эл катары мен да аларды жер менен жексен кылгым келген. "Мындан ары улам бир бийликтин колтугун жылыткан келемиштер эми бийликке жолобойт" деп ойлогом. Көрсө ошол ишенимдин баары балалык үмүт, кыял менен коштолгон сезимдер экенин азыр гана туюп турам…
Ооба, учурда Бакиев убагындагыдай журналисттерди бычактап кетүү, колу-бутун байлап, бийиктен ыргытуу сыяктуу тирандык иш-аракеттер кайталанган жок. Сөз эркиндиги кудайга шүгүр. Бирок, ондогон адамдардын каны, миңдеген адамдардын муң-зары, көз жашы менен алып келген жетишкендигибиздин куну ушул элеби?
Мындан 3 жыл мурда ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев: "Эгер биз Бакиевдердин жолуна түшсөк, кудай бизди уруп кетет" дегенде ошол жерде турган миңдеген кыргыздын үмүтү жангандай болгон. Тилекке каршы, ошол күндөрү шордуу кыргыз чырактай уулдарын жоктоп, мөгдөп турганда түн жамынып, байлык топтогон кара өзгөйлөрдүн айыбы ачылып, кечээ эле биз сыймыктанып жүргөн жигиттердин эрдигине кара көө жаап, эл алдында "мародер" атка конгондор бүгүн дагы беттери кызарбай, аянттагы эстеликке гүл коюп жүрүшөт. Кудай урган деле жок. Кудум эле баягыдай обон созуп, бар күнөөнү Бакиевдерге шылтап бүтүшө элек. Ал эми убакыт дегенге даба жок экен, бүгүн кимдин ким экенин аныктап койду. Алар болсо өз атаандаштарынын айласын таппай алдастап калганда, көпчүлүк элге: "Бакиевчилер келе жатат. Булардын артында Бакиевдер турат" деген эски фокусун көргөзүшөт. Качанга чейин ушинтип жүрөөр экенсиңер, наадандар! Силердин Бакиевден айырмаңар канчалык?

Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 44

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 44

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 44


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 44

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 44

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 44


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 44

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 44

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_2.htm on line 44