Көздү кантип
сактайбыз?
Адам баласы жумуш, акча, байлык деп өмүр дөңгөлөгүндө жанын карч уруп айлана берип, ден соолугуна анчейин көңүл бурбай калат эмеспи. Качан гана ооруп калганда же болбосо кеч болуп калганда гана аракет кыла баштайт. Ал эми азыр цивилизация заманында көпчүлүгүбүздүн жумуш күнүбүз компьютерде отуруп өтөт, анысы аз келгенсип үйдөн да компьютерде иштеп отурабыз. Бизге жагабы, жакпайбы компьютер биздин жашообуздун бир бөлүгү болуп калды. Бардык нерсенин эки тарабы бар дегендей, бул заманбап компьютердин да оң жана терс жагы бар экени талашсыз. Маалыматты эч тоскоолсуз алып, дүйнөнүн аркы бурчунда отурган адам менен байланышып, көп иштерибизди бүтүрүп жатабыз. А бирок компьютердин ден соолукка, айрыкча көзгө тийгизген зыяны да бир топ. Билинбей, акырындап, жибек менен муунткандай эле көздү жеп, көрүүсүн такыр эле начарлатып коёт. Ошентсе да көздүн начарлоосунун алдын алуунун жолдору бар. Бардык нерсени чеги менен колдонуп, туура пайдалануу зарыл. Ал эми компьютердин экранын эртеден кечке тиктеп отуруп, "көзүм бүркүттүкүнөн курч" дегендердин көзү да акырындап төмөндөгү ооруларга туш болот:
*көздүн чарчашы
*көздүн көрүүсү тумандайт, тунарып көрө баштайт
*көздүн ичи кызарып кетет
*баш оору пайда болот
*моюн жана желкенин оорушу
*китеп окуганда көздүн бат чарчашы
Андан сырткары буюмдарды карап турган учурда кээде экөө болуп көрүнө баштайт. Бул оорулар медицинада "астенопия" деп аталат, кыргызча "көздүн күчүнүн жоголушу" деп которулат. Кээ бир адамдарда астенопия 2 сааттан кийин билине баштайт, айрымдарда 4 сааттан кийин, ал эми көпчүлүгүндө 6 сааттан кийин билине баштайт.

Эмне үчүн
компьютерде иштөө көздү чарчатат?
Көздү ирмөө - бул көздүн тазалыгын жана нымдуулугун сактап туруучу жаш жука чел кабыктын табигый түрдө иштеп турушу. Көздү ирмегенде жаш көздүн бардык көрүү бөлүгүн нымдаштырып, көзгө зыян тийгизүүчү башка жат нерселерден коргоп турат. Негизинен биз ар бир 5 секунд сайын көз ирмейбиз (бир күндө 11 000 жолу). Бирок окумуштуулардын изилдөөсүнөн кийин компьютерде иштеп жаткандардын дээрлик бардыгы азыраак ирмей тургандыгын же болбосо көздү толук жумбай эле ирмээри байкалган. Монитордо отурган адам 5 эсе аз көз ирмейт экен. Ошонун негизинде көзгө күч келип. Булчуңдар жабыркап, көрүү начарлайт.


Көздү кантип
коргоо керек?
Ал үчүн компьютерде иштөөдө да туура отуруп, туура колдонуу зарыл. Компьютердин мониторунан 50-60 см алыстыкта отурушуңуз керек. Эгер компьютер турган столуңуз терезени карап турса, анда терезени сөзсүз пардоо же жалюзи менен жаап коюуңуз кажет. Себеби, монитордон жана терезеден тийген жарык көзүңүздүн чыңалуусун күчөтүп, бат чарчатат. Эң негизгиси көзүңүздү бат-бат ирмеңиз. Андан тышкары жакында эле америкалык окумуштуулар дүйнөдөгү адамдардын көпчүлүк пайызынын көйгөйүнө айланган көз оорусунун алдын алуунун эң оңой жолун табышты. Ар бир 20 минут сайын 20 секунд эс алыңыз. Ал үчүн сиздин мониторуңуздан 6 метр алыстыкта турган буюмду карап 20 жолу көзүңүздү ирмеңиз. Бул көзүңүздүн каректерин кургатпай нымдандырып турат. "Мындай көнүгүү кантип жардам бермек эле?" деп айрымдар таң калышы мүмкүн, бирок, америкалык окумуштуулар көрүүнү жакшыртуу үчүн ойлоп тапкан техникасы ишке ашарына 100 пайыз ишенишүүдө. Андан соң башыңызды түз кармап, көзүңүздү ичинен каректериңизди өйдө каратып 10 го чейин санаңыз, оңго каратып 10 го чейин, солду каратып 10го чейин, төмөн карап дагы онго чейин санаңыз. Андан кийин көзүңүздү жөн эле жумуп, бир нече секунд эс алып отуруңуз. Эгер бул дагы сизге оор болсо анда ар бир 20 мүнөт сайын ордуңуздан туруп, башка иш менен бир нече секунд алаксыңыз.

Көзгө жасалуучу көнүгүүлөр
Көздү калыбына келтирүү бир топ түйшүк экени чын. Бирок, албетте, калыбына келтирсе болот. Ал үчүн А витамини көп жер жемиштерди жеп, күчтүү тамактанып жана көнүгүүлөрдү жасоо зарыл. Эң жакшысы ал көнүгүүлөрдү кайда жүрсөңүз да жасай аласыз. Эгер жумушта компьютердин экранын карап отуруп, көзүңүздүн чарчаганын байкасаңыз терезеге кичинекей чекитти тартып коюңуз. Аны бир аз карап туруп, кайра сыртта алыста турган үйлөрдү же бак дарактарды караңыз. Бул көнүгүүнү күнүгө эки жолу жасаңыз. Андан сырткары жазуусу бар баракты алып, колуңузга алыс кармап акырында көзүңүзгө жакындатыңыз, кайра акырындап алыстатыңыз. Ошентип 10 жолу жасасаңыз жакшы жардам берет.