Алтындан да кымбат нерселер бар

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев жетектеген комиссиянын корутундусун угуп отуруп, улуу жазуучубуз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романы эске түштү. Ал анда өзүнүн каармандарынын баскан-турганы аркылуу кыргыздарды өзүнө Кудай берген татынакай табийгатты бүлдүрбөөгө, экологияны сактоого, чексиз байлык болгон мөңгүлөргө аяр мамиле жасоого үндөгөн.

Аалам алпы Айтматовдун: "Тоолордогу кар - бул дарыялардагы суу. Бүткүл Борбордук Азия түбөлүк кар-мөңгүлөргө көз каранды. Арал деңизин кууратышты, аны көргөндө жан-дүйнөң сыздайт, а ошол эле мезгилде Байкоңурду куруп салышты" дегени да күнү бүгүн эсте турат. Убагында Айтматов көлдүн келечегин ойлоо менен жээкке жакын жерлерге өнөр жай объектилерин курбоого чакырган. Бирок, анын бул чакырыгы биздин "дүлөй" жетекчилер да, коомчулук да тарабынан кулак сыртынан кетирилген.
Туура, өлкөбүз азыр кол караган тооктой чет элдик финансылык жардамдарга муктаж болуп отурат. Атүгүл ошол эле "Кумтөр" компаниясынан түшкөн салыктар менен төлөмдөрсүз бюджет токсон жеринен жыртылган капчыктай болуп, социалдык жана башка муктаждыктарды финансылай албай калууда. Ошондуктан, былтыркыдай болуп, бул компаниядан төлөнчү салыктарды жана башка төлөмдөрдү алдын-ала аванс менен төлөп берүүнү жалдырап суранууга аргасызбыз...
Менин оюм боюнча, бул маселеде орустар айтмакчы, "поезд алда качан эле кетип, атүгүл анын карааны да көрүнбөй калган". Ошентсе да азыр бизге өтө маанилүүсү - башыбызга кара булуттай айланып турган экологиялык проблемаларды чечип алуу. Азыр ал жерде жер астындагы кенге жетүү үчүн мөңгүлөр кыртыш менен аралаштырылып казып алынып, башка жерге ташылып, үймөктөлүп жатыптыр. Анын жалпы массасы 1,7 миллиард тоннага жетиптир. Бул масса күн санап түгүл саат санап көбөйүп жатат, анткени ал жерде жүздөгөн тонна көтөрө турган экскаваторлор менен самосвалдар тынбай иштеп жатышат. Натыйжада Давыдов мөңгүсү 1,5 чакырымга жылып кетиптир.
Мына ушундай адамдык ойлонулбаган кийлигишүү Тянь-Шань тоо кыркаларында, "Кызыл китепке" киргизилген ак илбирс-тер, аркар-кулжалар эзелтеден мекендеген бийик тоолуу жерде болуп жатат. Ошондон улам тараза ташына: "Бизге ал жерден алынуучу жүздөгөн тонна алтын керекпи же миллиондогон жылдардан бери топтолуп, бүткүл Борбордук Азиядагы ичүүчү жана сугат суунун мекени болуп келген мөңгүлөрүбүз керекпи?" , -деген суроолор коюлуп турат! Буга жооп бирөө болушу керек: албетте, мөңгүлөр! Эмне үчүн?
Себеби алар Ала-Тоону аралай агып отуруп, биздин гана өлкөнүн эмес, төмөн жайгашкан кошуна өлкөлөрдүн да территорияларында атмосфералык абаны тазалашат. Экинчиден , Ысык-Көлдүн бүтүндөй курорттук зонасындагы микроклиматты баланстап, анын дарылык касиеттерин сактап турушат. Үчүнчүдөн , орустардын Волга дарыясынан кем калышпаган суусу мол Нарын дарыясынын башаты ошолордон башталат жана анын көлөмү ошол мөңгүлөргө түз көз каранды. Төртүнчүдөн , бул суулардан суу ичкен миңдеген гектарлардагы токойлор менен өсүмдүктөр, жергебиздин баа жеткис байлыгы болуп, атүгүл респуб-ликанын территориясындагы гана эмес, жалпы региондогу климатты жөнгө салып турат.
Мындан ары азыркы эле эмес, болочок муундун да баш оорусу төмөнкү маселелер болчудай. Биринчиси - Кумтөр кенинин калдыктарды сактоочу жайынан булганууну кантип болтурбай коюуга болот? Экинчиси - жогоруда айткан миллиарддаган тонна мөңгү менен кыртыш аралашкан, цианид жана башка химиялык заттар кошулган үймөктөрдүн келечеги кандай болмокчу? Үчүнчүсү - бул "жасалма тоонун" атмосферага, курчап турган регионго, фаунага жана флорага, Ысык-Көлгө жана адамдардын ден соолугуна таасири кандай болмокчу?
Мына ошентип, Акаевдин жана Бакиевдин, алардын убагындагы ач көз ири чиновниктердин керт баштарынын кыска мөөнөттүү жеке кызыкчылыктары, баюусу үчүн экологиябыз курмандыкка чабылып кетип жаткан жокпу?! Азыркы комиссиянын маалыматы боюнча, Кумтөр кенине байланыштуу баштапкы документтердин бардыгынын архивде сакталбай жоготулуп жиберилгени эмнени каңкуулап турат? Ошол кездеги ушул Кумтөр боюнча коррупциялык иштердин изин суутуунунбу?
Жада калса, коррупция менен күрөшүүчү башкы орган - Эсептөө палатасы өзү да коррупцияга белчесинен малынып калыптыр! Мына ушундан кийин бизде коррупция менен күрөш жүрүп жатат деп кантип айтабыз!? Өткөндө А.Калмаматов башкарган депутаттык комиссия Эсептөө палатасынын 2011-жылдагы ишмердүүлүгүн текшерүү менен бир катар төбө чачты тик тургузган фактыларды айтып чыкты.
Акыркы мезгилдеги жетекчиликтин алмашуусунан, президент А.Атамбаевдин коррупция менен күрөшүү чакырыгынан улам эми бул башкы контролдоочу органда түп-тамырынан өзгөрүүлөр болот деп чоң үмүт артып отурсак, массалык маалымат каражаттарына Эсептөө палатасынын эң ири бөлүмү болгон Бишкек, Чүй жана Талас зонасы боюнча башкармалыгынын башчылыгына адистиги боюнча педиатр врач, мурда бул тармакта иштеп көрбөгөн Азамат Айылчиев дайындалганы чыкканда, үмүтүбүзгө муздак суу сепкендей эле болду. Анын врачтыктан башка да ара-чолодо коммерциялык структураларда иштегени финансылык сабаттуу болушу үчүн жетиштүү дешкени го! Бул кыргыз тили мугалими деле жогорку математика предметин өтө алат дегендей эле кеп эмеспи!
Баса, биздеги Акаев убагындагы коррупциялык бийликтегилер мындай иштерге жол берүү үчүн 2004-жылдын 11-августунда кабыл алынган "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамды керектүү редакцияда кабыл алышкан. Бул мыйзамдын 24-беренеси конкурстук тандоосуз мамлекеттик кызматтын административдик кызмат орундарына саясий мамлекеттик кызматкерлердин кеңешчилерин, жардамчыларын жана консультанттарын кабыл алууга жол берет. Мына ушуга таянуу менен депутаттар алгач өздөрүнүн керектүү адамдарын өздөрүнө кеңешчи, жардамчы же консультант катары кызматка алышат да, бир аз иштегенден кийин аларды башка "майлуу кызматтарга" түртүп жатышпайбы.
Мен Эсептөө палатасын жоюп, анын ордуна Финансы министрлигине караштуу мобилдүү, таасирдүү контролдоочу органды - контролдук-текшерүү башкармалыгын түзүүнү буга чейин эле сунуштагам. Азыр да кайталап коеюн. Ошондо ашыкбаш, майнапсыз аудиторлор менен чиновниктерден кутулуп, коррупцияга белчесинен баткан башкаруу методдорунан арылмакпыз.
Жогоруда айтылгандардан улам, өкмөттүн өткөн жылы бюджеттик финансылоого каражат таппай, жада калса, корголгон статьяларды да кыскартууга (аны элден жашыруу үчүн чет элдик "секвестирлөө" деген терминди колдонушуп) барышканы мыйзам ченемдүү нерсе болуп калып жатпайбы! Жада калса, жалпы билим берүүчү мектептерде жылдык сабактардын санын 716 саатка кыс-картышкан! Мында мени өзгөчө кыжырлантканы - математика сабагынын кыскартылышы болду. Байыркы грек философу Пифагор бул предметтен бир гана фактыны эмес, дүйнөлөрдүн гармониясын көрүп турганын айткан. Биздин азыркы билим берүү тармагындагы чиновниктерибиздин жогоркудай жоругуна ал улуу окумуштуу "көрүндө өкүрүп" жаткандыр?!.
Сөзүмдүн акырында, мен ушундай мобилдүү контролдоочу-текшерүүчү орган иштеп турса, Кумтөр кенин иштетүүдө болуп жаткан окуялардын баары өз убагында ачыкталып, коомчулукка жеткирилип, андан ары укук коргоо органдарына өткөрүлүп, тиешелүү чаралар өз убагында көрүлмөк деп айтмакчымын.
Коррупция менен күрөшүү жеке эле өлкө президентинин иши эмес. Ал жалпы коомдун, ар бир жарандын ыйык милдети. Ошондуктан ага коомчулукту кеңири тартуу, мурдагыдай элдик контроль сыяктуу органды да киргизүү керек.
Ошондо гана ар бирибиз жана баарыбыз келечектен үмүттөнө алабыз.


Сатынды
САМЫКБАЕВ,
КРнын
финансы
контролунун отличниги