Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 2

КАМЫШТАН ДА
ҮЙ КУРСА БОЛОТ
Кыргызстанда акыркы жылдары үй курууда курулуш материалдары менен камсыз болууда көйгөйлүү маселелер жаралууда. Болсо да баалары асман чапчыйт. Кытайдын сапатсыз курулуш материалдары болсо өлкөдөгү базарларды ээлеп, баалардын өйдө -төмөн болушуна "кожоюундук" кылып калганына болсо көп убакыт болду. Ал эми сапаттуу, "илгеркидей" Россия же Европа товарларын алууга элибиз эптеп -септеп тапкан акчасы жетпейт экен. Мына ушундай жагдайда элге бир аз арзан, эң негизгиси табигий, жаратылыш берген, айдоо жерлерди, арык жээктерин басып, дыйкандардын баш оорутмасы болуп келген камыштан үй курууну Жалал-Абаддык жеке ишкер Бактыбек Сулайманов колго алат.
Жалал-Абад шаарынын тургуну, жеке ишкер Бактыбек Сулайманов 2011-жылдан баштап камыштан үй сала баштаган. Тагыраак айтканда, бул ишкерибиз былтыркы жылы элден бир боосуна 100 сомдон камыш сатып алып, жалпысы 150 миң сомго камыш сатып алып үй курууга даярдап көрүп жана кардарларга көрсөтүү үчүн алгач 2 бөлмөлүү үй тургузушкан. Ал эми 2012-жылы "Жалал-Абад электро" мекемесинин буйрутмасынын негизинде алгачкы ирет Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылына 5 бөлмөлүү эс алуу лагерин куруп баштаган. Учурда ойлоп тапкан жаңы курулуш методун жактыргандар көбөйүп, камыш үйгө буйрутма бергендер көбөйдү дейт жеке ишкер. Жаңы курулушту колго алган Б. Сулаймановдун маалыматында камыш үй каражаттын үнөмдөлүүсүнө, башкача айтканда арзан, тез аранын ичинде бүтүп, 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет экен.
Мындай жаңы ыкманы ишке киргизүүнүн алдын да жеке ишкерибиз "курулуш камыштары" китебин бир жыл окуган жана андан соң гана бул ишти колго алып отурат.
Үйдү курууда каркастык курулуш башкача айтканда үйдүн каркасы жыгачтан (брус) түптөлүп, камышты кирпичтин ордуна дубал катары пайдаланып эки чекесине фанера, гипсокартон же ДСП ж.б ушу сыяктуу курулуш материалдары менен тосуп, шыбап коет.

Идеянын пайда болушу
Үй куруу үчүн алгач Көк-Жаңгак шаарындагы 1934-жылдары курулган үйлөрдү бузуп көрдүк. Үйлөр камыштан болуп, камыш чирибептир, жыгач чирип кетиптир. Ушундан улам камыш үйлөр чыдамдуу келет экен деген ой келет да камыш токуучу жабдуу жасап, иштетип көрсөк, камыштын тиземектелиши китептегидей болуп чыга келди. Анан тобокелге салып, элден 1500 боо камышты 100 сомдон сатып алдым. Жалпы 150 миң сом каражат жумшап, камыштарды курулушка даяр кылып, токуп койдук, - дейт Бактыбек Сулайманов. Ошентип, үй куруунун Кыргызстан үчүн жаңы ыкмасын баштап, бүгүнкү күндө алгачкы кадамдарыбызды баштап отурабыз дейт жеке ишкер.

Алгачкы салган үй 10 күндө бүткөрүлгөн
Алгачкы кадам 2 бөлмөлүү үйдү 10 күн ичинде эле бүтүрдүк эле "Жалалабадэлектро" ишканасы кызыгып, узундугу 15 метр, туурасы 6 метр эс алуу лагерин куруу сунушун берген. Курулушчуларыбыз менен даярдап койгон камыштарыбызды жүктөп алып барып, бир ай ичинде менден башка төрт курулушчу иштеп, чатырчасынан бери жаап, кулпун тапшырдык. Бул эс алуу лагериндеги коттеджди 990 миң сомго эле куруп бердик. Заказ бергендер убакыттан, каражаттан утуп алышты.
Бактыбек мырзанын маалыматында үйдүн 1 чарчы метри 8 миң сомдон, 10 чарчы метр үй болсо, 80 миң сом, 20 чарчы метр болсо 160 миң сом болуп, чатырчасынан бери бүткөрүлүп тапшырылат.

Камыш үйдүн артыкчылыктары
Бактыбек Сулаймановдун белгилөөсүндө, 10 сантиметрлик калыңдыктагы камыш дубал 40 сантиметрлик дубалдан жылуулукту жакшы сактайт экен. Анткени, камыштын бир топ артыкчылыктары бар. Мисалга алсак, камыш нымга чыдамдуу келет, аны өздөрү ойлоп тапкан табылгасы менен токуганда тактадан да катуу болуп калат. Экинчиден, камыштын ички түтүкчөсү жылуулук кармап турат жана 70-80 жылга чейин чирибейт. Ошондой эле жеңил жана ийилчээк келип, 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет. Дагы артыкчылыгы - жашоочулардын жашап жаткан жери жашоого ылайыкташпай калса, камышты башка жерге которуп, кайрадан тургузуп алууга мүмкүнчүлүк болот.
Бүгүнкү күнү жаны технология менен үй куруу ыкмалары өнүккөн мамлекеттерде колдоо таап, Япония, Канада ж. б өлкөлөрдө 60-70% курулуштар каркастык (жеңил металлдык курулуш, ЛСТК) ж.б технологиялар менен үй куруу массалык түрдө пайдаланууда. Анткени, биринчиден көп каражат талап кылынбайт, экинчиден, жер титирөөлөргө чыдамдуу, жылуулукту жакшы сактайт жана тез аранын ичинде курулуш иштери бүтөт. Андыктан, бизде да ушундай ыкмалар колдоого алынып, арзан жана тез бүткөндүгүнө байланыштуу мамлекет да бир.




"УБАГЫНДА БИЗ АТА - МЕКЕНЧИ ТӨЛӨГӨНОВДУ КУУП ЧЫККАНБЫЗ"

Аксы районундагы түзүлгөн Жаштар кеңеши айрым активдүү аракеттери менен айырмаланып келет. Патриот жаштар элге, жерге пайдалуу иштерди жасаганга аракет кылышып, райондун аймагында бир топ иш-чараларды аткарып келишүүдө. Райондук жаштар кеңешинин төрагасы Камчыбек уулу Шекербекке бир нече суроолорду узаттык.


- Шекербек мырза, алгач Аксы районундагы жаштар кеңешинин түзүлүп, иштеп жатканы тууралуу айтсаңыз?
- 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин, КРнын Жаштар иштери боюнча министрлиги түзүлгөндөн соң, министрликтин райондордо таасирин чыңдоо үчүн 2011-жылы мэриянын жана райондук администрациянын алдында жаштар кеңешин түзүү чечими кабыл алынган. Бирок, жаштар кеңеши ар бир областта эле түзүлгөн жок. Мисалы, Ошто жана Баткен областтарында жаштар кеңеши бейөкмөт уюм катары түзүлгөн. Биздин райондо да ЖКны түзүү үчүн 2011-жылдын 16-февралында райондун жаштарынын катышуусунда форум болуп өтүп, форумда коомдук башталышта Аксы райондук жаштар кеңеши түзүлүп, мен төрага болуп шайландым. ЖКын курамы түзүлүп, уставы кабыл алынган.
- Жергиликтүү бийликтин жаштарга болгон мамилеси кандай? Жаштар деп теңсинбей койбойбу?
- Бийликтин жаштарга болгон мамилеси көңүл жылытаарлык эмес. Мен саясатка аралашып, мамлекеттик жумушка аралашкандан бери "жаштар биздин келечек, жаштарды көтөрүш керек" деп уксам да, баары куру сөз бойдон калууда. "Жаштар" деп жатып, жаштардын жаштыгы жайдак өтүп жатат. Жаштар кеңеши түзүлгөндө кичине көңүл бурумуш болуп, айрым финансылык маселелерди чечип берип, убакыттын өтүшү менен баары унутта калды.
- Аксы жаштар кеңешинин ушул күнгө чейин кылган алгылыктуу жумуштарынан кайсыларды айта аласыз?
- Жаштар кеңешинин курамы 14 мүчөдөн, бир төрага, орун басар жана 12 айылдык округдан бирден мүчөдөн турат. Жаштарды жумушка орноштурууда да бир топ иштер аткарылды. Андан тышкары кен байлыктарды рационалдуу пайдаланууда да жумуштар аткарылып келүүдө. Мисалы: 2012-жылдын март айында Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылдык округуна КРнын Жогорку Кеңешинин Ата-Мекен фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов өзү эч кандай уруксат кагазы жок эле келип, кытайлыктарды алтын каздырып баштаган. Ошол маалда биз аталган айылдык округдун жаштарынын жардамында мыйзамсыз ишке бөгөт коюп жумушту токтотконбуз.
- Жакында жалпыга маалымат каражаттары аркылуу Президентке жана Жогорку кеңешке жана КСДП партиясынын мүчөлөрүнө кайрылуу жасадыңыз. Эмне түрткү болду?
- 2010-жылы апрель кандуу окуясы болуп, бийлик алмашты. Бийликке келгендер "АК-ЖОЛ" партиясы бийликтин бардык бутактарын басып алды" деп сындады. Эми КСДП партиясы бийликти узурпациялап жатат. Президент, премьер-министр, вице-премьер, ЖКнын спикери, жадагалса областтык, райондук бийликке чейин баары аталган партиянын мүчөлөрү. Эл арасында нааразылык барган сайын күчөп жатат.
- Кыргызстанда жаштардын лидери жок деп айтышат. Сиз ушул ойго кошуласызбы? Жаштар министри бар го?
- Жаштардын арасында лидерлер көп, аларды колдогондор аз. Бийликтин камчысын чаап, КСДП жана "Ата-Мекен" партиясын колдосоң лидерсиң, ал эми каршы чыксаң Бакиевчилсиң. Акыркы убакта бийликке каршы чыксаң эле "Бакиевчил" деп атай баштады. Бул азыркы бийликтин алсырап бара жаткандыгын айгинелейт. Жаштар министрлиги түзүлгөнү жакшы, бирок, булар да чечкиндүү кадамдарга бара алган жок. Бийликтин камчысын чаап жатат.
- Митинг, пикеттер жаз келип, байма-бай өткөрүлө баштады, Аксы жаштарынын митингдер боюнча көз карашы кандай?
- Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алдык. Митинг, пикет, нааразылык акциялар демократиялык өлкөлөрдө болчу көнүмүш адат. Жашырганда эмне, пикеттердин айрымдары жеке кызыкчылыкты колдогондор да бар, айрымдары чындык үчүн чыркырап жаткандар. Алсак "Күмтөр" маселеси. Экономиканы көтөрөбүз деп, экологиябызды талкалап жатабыз. Бул маселеге бүгүн чекит койбосок эртең кеч болот.
2005-жылы бийликке келген президент К.Бакиев мурунку бийлик башчысынын кетирген кемчилдигине туура баа бере албай, чечкиндүү кадамдарга бара албагандыгынан кетти. Чындык сөздү бешенеңе тапанча такап турса да айтыш керек, экономикалык жактан, элдин социалдык турмушу алдыга жылды, муну көзү азиз, кулагы укпаган инсан да сезди, бирок, бир туугандарынын ачкөздүгүн, айбандык иштерге баргандыгын ооздуктай алган жок. Бул, Курманбек Бакиевдин эң чоң кемчилдиги болчу.
2010-жылдын 7-апрелинде кандуу окуя болуп, бийлик алмашты. Үй-бүлөлүк башкаруу кулап, жаңы Убактылуу Өкмөт келди. Бирок, Кыргыз эли кырчындай болгон балдарынан ажырады, бир канча энелер сыздап калды. Кандуу окуяда жарадарларды жана каза болгон атуулдарды айласыздан буйрукту аткарып, аткандыгы үчүн КРнын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үч жылдан бери сотто жооп берип жатат. Арийне, аягы жок сот жараяны качан бүтөт?
Андан көп өтпөй болгон июнь окуясына бүгүнкү күнгө чейин тарыхый баа берилбей, жабыр тарткандарга жакшы камкордук болбой, күнөөлүүлөр эркиндикте жүрөт.
- Жаштар Кыргызстанды саздан сууруп чыгаарына ишенесизби?
- Ооба, толук ишенем себеби, жаштар-өлкөнүн өнүктүрүү күчү.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 58

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 58

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 58


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 58

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 58

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 58


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 58

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 58

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0408_10.htm on line 58