"Ак илбирс" кино сыйлыгы кыргыз киносунун деңгээлин көтөрөт" деп ишенебиз

Кыргыз киносу кыйын учурду баштан кечирип жатса да, акыркы жылдары режиссёрлор далай ийгиликтерди жаратышууда. Бирок, саны көп, сапаты жок кинолор тартылып, коомдун, асыресе жаштардын табитин бузуп жаткандыгы тууралуу сындар айтылып келет. Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы Кыргызстандагы жаралып жаткан кинолордун профессионалдык деңгээлин көтөрүү максатында 2011-жылы "Ак илбирс" кино сыйлыгын негиздеген эле. Мына ошол кино сыйлыгын тапшыруу аземи май айына белгиленүүдө. Кыргыз киносу бул - кыргыз элинин жүзү. Ошондуктан киного баш багып, тасма жаратып жаткан режиссёрлордун таланттууларын иргеп алар да мезгил келди. Эмесе "Ак илбирс" кино сыйлыгын негиздөөчүлөрүнүн бири, "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Талаай Кулмендеевдин маегин сиздерге сунуштайбыз.

- Таалай мырза, "Ак илбирс" кино сыйлыгын негиздөө идеясы кимге таандык жана бул сыйлык тапшыруу менен кыргыз киносунун деңгээлин көтөрө алабызбы?
- Кыргыз Республикасынын өзүнүн атрибуттары гимни, герби, желеги бар болгондой эле өзүнүн киносу да бар. Кино болгондон кийин демек, анын сыйлыгы да болуш керек. Ошол себептен 2011-жылы кыргыз киносунун учурдагы ана башчылары, көзгө басар 8 режиссёру Артык Сүйүндүков, Актан Арым Кубат, Марат Сарулу, Садык Шер-Нияз, Темир Бирназаров, Нурлан Абдыкадыров, Эрнест Абдыжапаров болуп, кыргыз киносунун өнүгүү стратегиясын ойлоп чыкканбыз. Автордук укуктагы кинолор, коммерциялык багыттагы тасмалар менен, же мамлекет заказ кылган кинолор менен иштесек, кино тармагын көтөрө алабызбы деген сыяктуу ойлор айтылган. Ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып, акырында кыргыз киносун өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткан жаш режиссёрлорго стимул болобу деген ойдо, кыргыз киносун даңазалоо ниетинде улуттук сыйлык болсун деп чечип, аны негиздеген элек. 2012-жылдын 27-октябрында 2011-жылда тартылган кинолордун жыйынтыгы боюнча биринчи жолу "Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Кудай буюрса, быйылкы жылдын май айында 2012-жылы тартылган кинолордун жыйынтыгы боюнча сыйлык тапшырууга даярданып жатабыз. Мындан кийин "Ак илбирсти" тапшыруу аземин бир системага салып алсак, бул кечени ар бир жылдын жыйынтыгы катарында май айында өткөрүп турабыз. Мындай иш чаралар бир күнү өтүп эле кала бербестен, кинонун өсүшүнө түрткү берет деген ишеничибиз чоң. Президент Алмазбек Атамбаев бир жолугушууда: "Өсүп келе жаткан жаш режиссёрлор мамлекеттен бир тыйын жардам албай, өздөрүнүн күчү менен бир топ ийгиликтерге жетип жатат" деп айткан эле. Былтыркы сынакка кыркка жакын кино берилсе, быйыл фильмдер аябай эле көп. Азыр тасмаларды сынакка кабыл алынып жаткандыктан, так саны билине элек. Буюрса, сыйлык тапшыруу аземи 15-майда "Манас" кино театрында өтөт. 12 номинация боюнча сыйлык тапшырылат, андан тышкары кыргыз киносуна кошкон салымы үчүн деп атайын бир сыйлык өзүнчө берилет.
- Былтыр кайсы кыргыз кинолоруна сыйлык тапшырылды?
- Былтыр жылдын триумфатору Молдосейит Мамбетакунов менен Артык Сүйүндүков тарткан "Көч" киносу болду. Ал фильм эң мыкты тасма, эң мыкты режиссёр, эң мыкты сценарий, эң мыкты оператор номинацияларын жеңип алган. Ал эми ролду эң мыкты роль номинациясын "Күкүк Шахра" фильминдеги Зарема Асаналиева, ошол эле фильмде эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн Евгений Таранов жеңип алган. Мыкты көрөрмандык тасманы Камчы Жумабековдун "Көк салкын" тасмасы утуп алды. Анткени, бул фильмди көрүүгө келген элдин саны эң көп болгон эле. Андан тышкары мыкты монтажёр, мыкты сүрөткер номинациялары тапшырылган.
- "Ак илбирс" сыйлыгын жасоого канча каражат сарпталууда? Бул статуэтканы жасоого атайын сынак жарыяланган чыгар...
- Сыйлыкты уюштурардан мурда статуэткаларга конкурс уюштурганбыз. Скульп-торлордон ар түрдүү формадагы 40тан ашык статуэткалар келген. Сыйлыктын негиздөөчүлөрү кеңешип, азыркы берилип жаткан вариантка токтогонбуз. Бир статуэтканын салмагы 2,5 кг, ал эми аны жасоого кеткен каражат 200 доллар. Илбирс колодон куюлуп жасалып, "ак илбирс" деп кыргыздын эски Орхон Энесай жазуулары менен жазылган. Бул статуэтка Сак доорунда алтындан куюлуп жасалган экен, кийин жер казуу иштеринде табылган. Биздин сыйлыкта акча каражаты берилбейт, бир гана статуэтка тапшырылат. Бирок, ушул статуэтканы алууга жаш режиссёрлорубуз далалат кылып, жакшы кинолорду тартууга аракет кылат го деген ойдобуз.
- Сыйлыкты алууга кандайдыр бир критерийлер барбы?
- Эң негизги критерий 2012-жылы тартылган тасма болушу керек. Кинонун профессионалдуу тартылганына басым кылабыз. Былтыркы жеңүүчүлөр да быйылкы сынактын калыстар тобуна киришет.
- "Былтыркы сынакка 40 фильм катышты" дедиңиз. Ал кинолорду тарткан режиссёрлордун арасында жаңы өсүп келе жаткан жаш режиссёрлор да бар болсо керек. Аларга сиздер тараптан кандай колдоолор көрсөтүлдү?
- Азыр коомчулук арасында кыргыз киносу кичине бир нукка түшүп калды деп айтылып жатпайбы. Чынында эле, кино тармагы бир топ алдыга жылдык десек да болот. Жума сайын бирден бет ачарга чакырылып жатабыз. Өзүңөргө белгилүү болгондой "Салам, Нью Йорк", "До+Фа=Любовь", "Сүйөм дечи", "Президент жана бомж 2" кинолорунун ачылышы бир эки айдын ичинде болуп өттү. Кыргыз фильм студиясын кыргыз киносунун өнүгүүсүнө өз салымын кошо алды деп айта алам. Анткени, жаш режиссёрлордун кинолорунун башкы же аяккы трейлерин карасаңыз, сөзсүз түрдө "кыргыз киносунун колдоосу менен" же "кол кабыш кылганы үчүн кыргыз фильм студиясына ыраазычылык билдиребиз" деп жазылып турат. Бул сүймөнчүлүккө татый турган нерсе да. Былтыр биз кыркка жакын жеке менчик студияда тартылып жаткан кинолорго жардам бергенбиз. Быйыл болсо, андан көп киного жардам берип жатат. Азыр биз мамлекеттик заказды аткарып "Курманжан датка" тасмасын тартуунун үстүндөбүз. Андан тышкары даректүү фильмдер тартылууда.
- "Жаман келмейинче жакшынын баркы жок" дегендей, тартылып жаткан кинолордун арасында да жакшы-жаманы бар эмеспи. Анын үстүндө коомчулук арасында кыргыз киносунун деңгээли түшүп кетти деген сындар көп айтылууда. Сиз профессионал кино жетекчиси катары бүгүнкү тартылып жаткан кинолорго кандай баа берет элеңиз?
-Бул негизинен туура айтылган сындар. Кинодо да адамдын жашоосундай болуп кандайдыр бир бийиктикти багынткан, өсүп турган мезгили да, карайлап, ийгилик коштобой турган мезгили да болот экен. 90-жылдарда кино такыр эле кыймылдабай калган. Азыр кандай болгон күндө да кинолордун тартылып жатканынын өзү жакшы. Айтаарым, белсенип кино тартам деген жаштар кино мектептерге барып, кинонун ыкмаларын профессионалдардан окуп, аттуу-баштуу, тажрыйбалуу режиссёрлордун кино тартуу процесстерине катышып, кинону талдап, маанисин билип, анан кино тартса дагы бир өйдөрөөк тепкичке чыгат элек. Бир кезде эстрада да бир толкун болбоду беле, кыңылдаганды билгендин баары ырдап, бийлеп кетип, азыр кинодо да ошондой учур болуп жатат. Бул учур да өтүп, сандан сапатка келе турган мезгил да болот. Киного чыдагандар, кинону жогорку деңгээлге көтөрө алган адамдар гана бул тармакта калат деген ойдомун.
- Маегиңизге чоң рахмат.