Мен көргөн 7-апрель...

Редакцияга төмөндөгүдөй кат келиптир. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте болуп өткөн окуяларды, өз көзү менен көргөндөрүн шурудай тизмектептир. Биз автордун катын өзү кандай жазса, так ошондой өзгөрүүсүз бердик. Мындан 3 жыл мурда болуп өткөн ыңкылаптын кандай болгондугун дагы бир жолу элесиңиздерге тарталы дедик.

Ошол 7-апрель күнү борбордук аянтка келгенимде күндүзгү саат төрт болуп калган. Калың эл Ала-Тоо кинотеатрынан Россия кинотеатрына чейин Чүй, Киев көчөлөрүндө топ-топ болуп тынчсыздана турушса, чубала келип кошулгандар менен тынымсыз коюуланып баратты. Ак үй жактан асмандаган кара түтүн дароо көзгө көрүндү. Жакындаганымда: жалбырттап күйгөн машиналар, ар кай жерде; асфальтта, тротуарда, көк чөптө уюган кан себелеген жаандын суусуна аралаша баштаптыр. Ак үйдүн дал түбүндө катар-катар каскачан аскерлер, калкан кармаган милициялар кыймылсыз биз жакты тиктешсе, бирин-серин бирөөлөрү нары-бери басышып, имараттын ичине кирип-чыгып жүрүшөт. Эгерде, деп кыялдана түштүм; аянттагы калың эл темир коргондун жанында эч нерседен коркпой жүрүшкөн балдарды коштой бир учурда жабыла каптаса тигилерди алып коймок. Күндүзү болбосо да түнкү караңгылыкта. Бирок, андай болбоду. Түтөгөн бир трубка так эле жаныбызга келип түштү. Ала коюп коргондун ич жагын карай ыргыттым. "Шумовый шашки", "газовый трубка", "пластмассовый патрон" дегендер таанымал болуп калбадыбы.
2007-жылдын апрель айындагы Куловдун саясий акциясында ачкачылык кармап, эски аянтка боз үйлөрдү тигип алып жумалап жаткан күндөр эске түштү. Соңунда күч органдары менен кагылышканда жаныбызга жарылган шашкиден кулак тунуп, жайнап түшкөн трубканын түтүнү мурун, көздөрдү ачыштыра суу агызса, Калашников автоматынан желим ок мөндүрдөй жаады эле.
Кызыл туу кармаган жигит машина сүзүп ачып койгон темир каалгага жакын барып, каккан казыктай туруп калды. "Ошондой баралы" деп, жанына бир топ киши бардык. Бурчуна орок, балка тартылган СССРдин туусу экен. Желге ыргала учу жанындагылардын мойну-башына тийип жатты. Белине чейин жылаңачтанган бир жигит көйнөгүн чөлмөктөгөн жаандын суусуна чапкылап; "Аткыла мени дагы, кана атпайсыңарбы?", - деп кыйкырып турду да, уюп жаткан канды мыжыгылап, ошол колу менен электр шамы орнотулган темир трубаны кармалай кыжырланып турганда балдар араң алып кетишти. Сакал, муруту өскөн орус киши ошол арада кетпей, бирдеме термелеп жүрдү. Жаныбыздагы чөпкө түтүнү булап, удаа түшкөн эки трубканы дароо ала коюп, темир тосмонун ичин карай ыргыттым. Бул окуядагы көрүнүштөр көзгө илээшип-илээшпегендей ылдамдыкта чубуруп өтүп жатты. Аңгыча бир агыш кабина Камаз жакындап асфальт-тан четтей, ортодогу топурагы жаанга эзилген газонго чыга токтоду. Ага жабылган калың топтон бирөө айнегин уруп сындырса, мушташа түшкөн олбурлуу эки жигиттин бирөөнү "мент" экен дешти. Ошол маалда Ак үйдөн чыккан беш-алты киши берилегенде Темир Сариев менен Токтайым Үмөталиеваны тааныдык. Алардын сөзүн укканы каптал борттору ачылган Камазга чыгарып, Темир Сариев сөз баштап келе жатканда катуу жөөлөшүү болуп, жанында тыгыз турган балдар менен кошо жерге секирип түшүп, нары басып көрүнбөй калды. Токтайым Үмөталиева азыраак сөз айтты. Ал:
- Биз Ак үй жактагылар менен сүйлөшүп чыктык. Алар ок атпай турган болушту, - деди.
- Андай болсо биз менен алдыга басып киресизби? - деп чурулдадык.
- Элүүдөй аял алып келгиле, алардын алдында басып кирейин, - деди.
- Анчалык аял ишенип келмек беле. Азыр көрө жатабыз.., - деп удургуп жөнөй баштадык. Дагы бир кызыл кабиналуу Камаз келип, экөөнү коштогон калың топ Ак үйдү айланта тургузулган темир тосмонун түштүк-чыгыш тарабындагы эки дарбазаны көздөй жөнөдүк. Татырап автоматтар атылып, желим октор менен аралаш учкан боевой октордун темирлерге тийгендери чың эте учкун чыгара кайып учса, кээ бири арабыздагыларга тийип, кулатып түшүп жатты. Жанымда учуп-күйүп жанатан бери токтоно албай турган бала кулап, башын көтөрүп мени карап бир деме дечүдөй болуп, бирок үн чыгара албады. Колунан кармай ич жагын карасам кан ага баштаптыр. Төртөөбүз буту-колдон көтөрө Панфилов көчөсү менен отуз метрдей жерге алып барып "скорый" деп кыйкырдык. Жаныбызга келгендер токтобой агып жаткан канды көрүп ыйлап жиберишти. Кийин сүрөтүнөн тааныдык, Миңбаев Эрнест деген жигит экен. Жанымда турган бала кулап түшкөндө мойнунан жөлөй калсам:
- Бутума тийди - деди. Аны да жарадарлардын жанына жеткирдик. Бул жолку аткылоодо ондон ашык бала жарадар болуптур. Бети көпкөк болуп жаткан баланы машина тебелеп кетиптир. Камаздын бирөөсүн айдаган кишиге ок тийиптир, ал болсо баласын снайперлер атып, өч алганы Камазын алып келген экен. Кайра басып ок жаап бүткүчө "былк" этпей тууну мыкчып турган баланын жанына келдим . Бир киши ачык дарбазага келди да, түптүз басып Ак үй түбүндөгү формачандарга жетти эле, алар жол ача арт жагына өткөрдү. Экөө аны имараттын күн чыгыш тарабындагы эшик аркылуу ичке алып кирип кетишти. "Достук" монументинин жанында тротуарда эл топтоло түшкөнүнөн ал жакка бастык. Ак материалдан чыбыкка байлап өйдө көтөргөн Турсунбек Акун экен, эмне дегени угулбай, жабылган балдар ура баштады. Коштогон балдары дароо нары алып кетпегенде андан жаман болмок.
Тарых музейинин чыгыш тарабындагы жол менен чыгып, бизди карай бурулган БТР (боевой транспортер) көрүндү. Армияда кансыз согуш курчуп турган маалда болуп, ушундай транспортер менен миңдеген километр аралыкты басып, автомат, пулеметтон күндүзгү-түнкү машыгууларда ышка толгуча атаар элек. БТР жакындаганда Ак үй түбүндөгүлөр бөлүнүп, бир тобу имараттын ичине кирип кетти. Панфилов көчөсү менен кесилишке келгенде бурчтагы мрамор плитасы капталган колоннага такала Ак үй жакты мээлей баштады. Бул техниканы кармалай тегеректегендер көбөйгөндө аткылоо башталып, ок тийгендер кулап түшүп жатты. Талуу жерине тийгендер үнсүз буту-колу шалактайт. Улам бирин алып чыгабыз. БТР дагы ата баштады. Басыла калып, кайра тытыратып, бир кезде огу түгөнүп атпай калды. Жана УКМКдан чыгып мында келгиче түшүп-чыгып жүргөн балдар андагы көп окту алып коюшуптур. Дөңгөлөктөрү да бышылдай окко көзөлүп кыйшая түштү. Бул аткылоо узагыраак болду. Жерди солкулдатып гранатаметтордун снаряддары жарыла баштады. Дубалды көздөй тийген андай снаряддан жакын тургандар катары менен кулады. Тез жардам бат-бат келип алып кетип турду. Караңгыга жамынып жапырт каптап кирүүгө чакырдык, бирок миңдеген көпчүлүк башкача амал табууну айтып болгон жок. Эч нерседен тайманбаган курч балдар чуркап жетсек деп, ачык дарбазадан өтүп, нарылаганда дагы аткылоо болуп жарадарларын көтөрө кайра чыгышты. Кол үн күчөткүч кармаган бала калың элдин ортосуна туруп:
- Алдыңарга түшүп чуркайын, калбагылачы?! - деп кыйкырып жатты.
БТР турган жерге бир жарым литрлик актык таратышты эле, бирден бакалашка колубузга тийип сергий түштүк. Ал жерге тамеки да коробкалап келип таратылды. Иса Өмүркулов балдардын курчоосунда туруп, берилген суроолорго кызуу жооп берип, кетпей жүрдү. Кол үн күчөткүч берип, борбордук трибунадан сүйлөтүштү эле, анын:
- Силердей патриоттор турганда Кыргызстандын келечеги бар. Бул бийликтин күнү бүттү - дегени даана угулуп турду.
Трибунанын тушуна токтогон жеңил "фургон" машинасы нан тарата баштады. Тыкандык менен салынган бөлкө нан умтулгандардын бардыгына жетти. БТРге жакын асфальтка айлананы солкулдата гранатаметтун снаряды жарылды. Бул болсо аянттагы элди коркута туруп, качып кетээр алдындагы ак үйдөгүлөрдүн акыркы кулак тундурмасы экен, аны кийин билдик. Тосмого жакын жерде төртөөбүз кобураша турдук эле, жаныбызда кайдандыр пайда болуп сүйлөп калган Темир Сариев: "Кетишти" - деп чыканактан кармай трибуна тарапка тартты. Анын сөзүн кулагы чалаар замат жаныбызда турган эки жаш бала чымын-куюн боло ачылуу дарбазаны көздөй чуркады. Алардын артынан биз да чуркадык. Нары жакта тургандар бизди таңгала карап калышты эле колумдагы зонтикти булгалап: "кетишиптир" деп кыйкырдым. Түшүнө калгандар бизди карай чуркап жөнөшсө, башкасы дагы эле кооптоно карап турушат. Тосмодон өткөнүмдө түндүк тараптагы дарбазадан чыгып бараткан каралжын "Джип" автомашиналары көрүндү. Үчөө экен, дагы бир ошондой машина стоянкада туруптур.
- Ой, алдагы машиналарды токтоткула - деген кыйкырык угулду. Бир чаап калганга колго урунаар жерде таш да көрүнбөйт. Калың эл каптап, дарбазадан ичти карай өтүп жатты. Ак үй имаратынын күн чыгыш жак эшиги ачык экен, эки балага удаа кирип бардым. Жарык күйүп турат, эч ким көрүнбөйт. Ал жерге токтоло калгандар жогорку кабаттарга көтөрүлчү тепкичти издей баштадык эле, түндүк-чыгыш бурч жакта экен. Экинчи кабатка чыгып, узун каридорго көз жүгүрттүк. Анын эки тарабындагы кабинеттердин ачык тургандары да, бекилүүсү да сыр жашыргансып турат. Жер алды менен салынган запастагы жолуна кандай барса болот? Топураган көпчүлүк канцелярия буюмдарын ыргытып, столдорду кулатып, шкафтарды аңтара баштады. "Койсоңорчу - дегенди укмак түгүл жактырган нерселерин сыртты көздөй ташып кете башташты.
(Уландысы кийинки санда)

Дөөлөс Орозбаков