"Жерүйдү" жедирбейбиз!

Президент А.Атамбаев И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде өткөн студенттер менен жолугушуусунда: "…эгерде Жерүй кенине инвесторлор келбесе, аны өзүбүз иштетебиз" деген оюн айтты. Ат-аа, бул сөздү журт башыларынан канчадан бери күттүк эле. Ылайым эле, кендерибизди өзүбүз иштетип, алтындын зээри өзүбүзгө тийип турса кана? ( Айта кетүүчү нерсе президент А.Атамбаевдин мындай "шыктандырган" сөзүнө далай эле күбө болгонбуз. Кашайганда айтканы айткан жерде кала берчү эле, бул жолу андай болбос бекен?). Деген менен мындай ири өндүрүштү инвесторлорсуз, бери болгондо өзүбүздүн потенциалдуу инженердик-техникалык кадрларсыз, албетте, атан төөдөй каражатсыз иштете албай турганыбыз, айдан ачык.

Жемиши
төгүлгөн Жерүй
Чындап келгенде Жерүй түгүл "жепирейген" кайсы бир кайра иштетүүчү ишкана ача албай кажып турганыбызды мойнубузга албай кое албайбыз. Ал эми инвестор деле душман эмес. Дүйнөнүн бир да мамлекети тышкы инвестициясыз өнүгө албайт. Кептин баары алар менен иштеше билүүдө, мамлекеттин, элдин ырыскысын кимдир бирөөлөргө тарттырып жибербөөдө окшобойбу. Аттиң, эгемендик тарыхыбызда андай болбоду. Алтыны кумдай куюлган Кумтөрдөн баштап, канчалаган кендерибизди өзүбүздүн Абыке-Көбөштөрдүн айынан канды-булоонго түшүрүп, талатып жибердик. Ошонун бири- Жерүй.
Жерүй - Кумтөрдөн кийинки эле орунда турган ири кендердин бири. Ал 1968-жылы советтик геологдор тарабынан ачылып, 90-100 тонна алтын, 16 тонна күмүш бар экендиги аныкталган. Баарынан кызыгы Кумтөргө караганда иштеткенге да жеңил. Талас шаарынан 60 км алыстыкта, Кумтөрдөй асмандын башы эмес, деңиз деңгээлинен болгону 3-3,6 миң метр жерде жайгашкан, жердин астын тешкилебей эле ачык казып алганга ыңгайлуу бул кенди эл аралык эксперттер эбак эле жадыбалдай жаттап, инвесторлор машкедей шимшип бүтүшкөн. Мисалга кайрылсак, эл аралык "ВТБ Капитал" инвестициялык тобунун эксперти Николай Сосновский минтип турбайбы: " Жерүй Кумтөрдөн чакан болгону менен экономикалык жактан алганда, андан кем эмес кызыктыруучу кен. Жерүйдүн геологиясы, жайгашкан жери мыкты, андагы кенге жетүү андан оңой, эң жакшысы акыркы эсептөөлөр боюнча 1 тоннадан эле 5-6 грамм алтын алса болот. Демек, Жерүйдө алтын өндүрүү өтө эле арзанга түшөт". Мүмкүн президент А.Атамбаев ушундан улам "өзүбүз деле иштетсек болот" деп жаткандыр.

…Беш эрге бердик
Бирок, "кара кыздын агынан эмес, багынан" дегендей жыйырма жылдан ашуун мезгилде Жерүйдүн багы дегеле ачылбай койду. "Кумтөрдү" кумдай көрбөй "суу куюп" жиберип, элдин шоруна калган мурдагы кыргыз бийлиги Жерүйдү 5 жолу эрге берип көрүштү. Кымыңдап койнуна кирип, кызыгын көрүп алышкан инвестор атын жамынган шылуундардын бири да Жерүй кызыбызды жыргатып жиберишкен жок. Тескерисинче, колдон колго өткөрүп, пайдага тунуп турушту. Акыркылары апрель революциясы болгондо, куйругун түйүп чыга беришти. (Ал тарыхка кирип кетсек гезит бети түтпөс). Бирок, азыр бизди эл аралык арбитраждык сотко берип, сөөмөй кезеп жаткан, тегин Казакстандыкмын дечү "Визор Холдинг" компаниясы эмнегедир Жерүйдүн этегине жабышып качкан жок.
"Жерүй алтындын" 60 пайыз акциясына ээлик кыламын дегени менен бул компания 2008-жылдан бери "кыйратам" дегенинин бирин да жасаган эмес. Компаниянын лицензиясынын мөөнөтү 2010-жылдын аягында эле "оомийин" болгон. Бул арада компания курулуш иштерине 200 млн.доллар которуп, алтын иштетүүчү завод ж.б. обьектилерди курганга милдетүү эле. Ошол эле 2010-жылы 32 тонна кенди иштетип, кур дегенде 80 тонна алтын алып бермекчи болгон. Булардын бири да аткарылбады. Акыры кыргыз өкмөтү менен 17 ай соттошуп жүрүп Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту "Визор Холдингди" колго чаап, лицензиясынан ажыратып, ишти Кыргызстандын пайдасына чечкен.
Буга сүйүнгөн азыркы өкмөт" "Жерүйдү ачык тендерде инвесторго "кудалайбыз", алган тарап 100 млн. долларды "мынакей" деп алдыга таштап койсун. (Кийин бул сумма 300 млн.го чыкты окшойт).Ошондой эле 2000 миңден ашык жергиликтүүлөр жумуш менен камсыз болушу керек" деп алаканын ушалап турган.
Бирок, "Жерүй" дегенде шилекейин кайра-кайра жутуп турчу "Визор Холдинг" компаниясы буту үзүлгөнчө чуркап, Эл аралык инвестициялык чатактарды жөнгө салуучу (International Centre for Settlement of Investment Disputes ICSID) борборго, ыйлактап жетип барбаспы. Барганда да "Кыргызстанды 400 млн.долларга жыгып бергиле" деп догурунду. Аны менен жөн калбай инвесторлордун укугун коргоо боюнча 1997-жылы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда кол коюлган Москва конвенциясын бетине тартына калып, чыныгы жүзүн көргөзбөй, түйдөк болгон немедей асман-айга түйүлүп жатат.

Түбөлүгүбүздү
өзүбүз түздөйлү
Кыргызстан "Кумтөр" менен жакалашып жаткан шарттарда, минтип капталдан чыга келген "Визор Холдинг" компаниясынын "бет тырмарлык" кадамдары эмнеге алып келиши мүмкүн? деген суроо туулат. Жазмакер Александр Никсдорф дароо эле өңгөчү үзүлгөнчө кыйкырып чыгып, "Жерүй кени боюнча Эл аралык арбитраж: өлкөнүн кадырына доо кетирет" деген макаласын интернет булактарына жарыялап жиберди. Аны тыңшап отурсак, мындай деп кулакты ушалап жатат: "Көңүл буруп койгула ICSIDдеги арбитраждык кароолор улуттук сот системасынын негизинде жүргүзүлбөйт. Арбитраждык кароолор мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерине таянат… ICSID чыгарган кандай гана акыркы чечим болбосун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн активдерине (ал кайда гана жайгашпасын) "тиш салат" ага улуттук сот системасынын тиши өтпөйт. Эгерде Кыргыз өкмөтү "тил алгысы" келбесе анда Бүткүл Дүйнөлүк Банк ишке киришет"… Александр Никсдорфдун эсибизди чыгарып жатканына ишенсек, анда Кыргызстан "кокуй эми эл аралык соттор" эмне дейт деп, түн уйкудан, күнү тынчыбыздан кетип, отуруп беришибиз керекпи?!
Бир сөз менен айтканда эл аралык кандай гана сот болбосун "Жерүй" маселесине келгенде жер карай турган шартыбыз жок. Тескерисинче, "Визор Холдинг" компаниясы инвестор катары айканын, алган милдеттенмелерин аткарган жок. Анан өлкөбүздүн экономикасы оожалбай оош-кыйыш болуп турган шарттарда "айланайын "Визор Холдинг", айтканыңды качан аткарасың, качан алтын бересиң?" деп жалынышыбыз керекпи? Бул жүйөөбүздү уга турган деле эл аралык соттор бардыр. Андыктан, Казакстанга жамынган "Визор Холдинг" компаниясы сотко берди эле чочуй турган да жөнүбүз жок.
Кыргызстан эки революцияны (болгондо да кандуу) баштан өткөргөн өлкө. Анын негизги себептеринин дал ушул ата мурас алтын кендерибизди, көзгө сүртөөр байлыгыбызды талатып жиберген, ажолор баш болгон бир ууч бийлик башындагылардын саткындыгы болгон. Терең ишенимимде мындан ары, мындай талоончулукка жол бере албайбыз.
Аныгында, биз азырынча жүдөп турганыбыз менен өтө бай өлкөбүз. Азыркы тейибизде эле дүйнөдө алтын өндүрүү боюнча 23 орунда турабыз. Баш аягы 448 тоннадан ашуун алтын катылган 60тай кендерибиз бар. Андыктан президент А.Атамбаев айтмакчы, өз кендерибизди өзүбүз иштеткенге, ал үчүн кадрларыбызды билек түрө даярдаганга киришибиз керек.