Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Арманы көп Арстанбап
Талашка түшкөн токой

Айтылуу Арстанбап жаңгак токоюн кимдер гана билбейт? Мына ушул токойлорго чейин өз аскерлери менен келип, жаңгактын пайдалуулугун билген Александр Македонский ар бир жоокерине бул пайдалуу жемиштен ала кетип, мекенинде Арстанбап жаңгагынан токой өстүрүп, дүйнөгө грек жаңгагы катары таанылган эмеспи. Мына ушул тээ биздин заманга чейинки кылымдарды башынан өткөрүп, биздин ушул күндөргө чейин жетип келген жаңгактар, акыркы он жылдын аралыгында жаңгак токою аеосуз кыйылып, "кап" деген балээ чыгып, токойдогу жаңгактар "жашыл акчаларга" айланууда.

Мына ушул жаңгак токоюн сактап калуу жана токойдун табигый эстетикалык көрүнүштү сактоо максатында өкмөттүн 2012-жылдын 12-июлундагы №482 токтомуна ылайык, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айылдык округдарынын аймагындагы "Арстанбап-Ата" токой чарбасынын жана жайлоо аянттарынын эсебинен "Дашман" мамлекеттик жаратылыш коругу уюштурулат. Коруктун жалпы аянты 8 миң гектардан ашык. Анда негизинен жаңгак өсөт. Бирок, бул мамлекеттик коруктун уюштурулушуна каршы жергиликтүү элдер каршы чыгууда. Тагыраак айтканда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Могол айылдык округдарынын жана Көк-Алма токойчулугунун 2 миңден ашуун тургундары Жогорку Кеңештин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына, жаратылышты коргоо мамлекеттик агенттигине, областтык жана райондук бийлик жетекчилерине кат менен кайрылып келишүүдө. Анткени, бул мамлекеттик корукту уюштурууда жана түзүүдө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү элдин пикирин эске албай башкача айтканда, корукту түзүү алдында жергиликтүү элдин арасында сурамжылоого үч айыл округдарында жашаган 39 миңден ашуун адамдын 537 адамы катышып (1,5%), анын арасынан 68%зы "макул" деген оюн билдирди деген жалган маалыматты беришип, жергиликтүү кеңештин сессиясында карабас-тан эле жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндө токтом чыгарышкан. Буга нааразы болгон эл Арстанбап айыл округунда 4-5 жолу, Кызыл-Үңкүр айыл округунда 2 жолу нааразычылык жыйындары болуп, эч кандай сурамжылоо болбогондугу, ал эми "өткөрүлдү" деген сурамжылоону токой чарбасынын кызматкерлери гана түзүп коюшкандыгы маалым болгон. Арстанбап айылдык кеңештин депутаты Давлат Арзыкуловдун пикиринде бул корукту уюштуруучулар элдерден сурамжылоо жүргүзүлбөгөндүгүн, ал эми "сурамжылоого катышты" делген адамдардын айрымдары такыр эле жоктугун, айрымдары сурамжылоо жүргөн учурда Россияда, ооруканада болушса да жалган документтин негизинде көпчүлүк эл макул деген документти жасашкан жана жергеликтүү кеңештин макулдугусуз эле мамлекеттик корук уюштурулуп калган дейт. Ошону менен эле бирге токойду күч менен эмес, түшүнүк менен сактоо керектигин айтып, элди көмүр, электр жарыгы, жумуш менен камсыздоо керек деген пикирин билдирди. Ал эми Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин областтык башкармалыгынын башчысы Бакыт Эрмековдун пикиринде бул корукту уюштурууда айрым кемчиликтердин (сурамжылоо жүргүзүүдө, элге түшүндүрүүдө) болгонун бирок коомчулук, көпчүлүк эл колдогондуктан уюштурулгандыгын айтты.
Элдин пикирин эске албай эле түзүп коюшкан бул корукка каршы болгон жергиликтүү жашоочулар 2012-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешке, өкмөткө элдин нааразычылыктары жөнүндө кайрылуулар болгон. 2013-жылдын 22-январында Жогорку Кеңештин депутаттары З.Алымбеков, Г.Жамгырчиевалардын эл менен жолугушуу учурунда бул маселе көтөрүлүп, бирок азыркы күнгө чейин жооп алынган эмес. Бул кайрылууларда аталган айыл округдарынын жашоочуларынын үлүш жерлери жоктугунан турмушу оор абалда болуп, токой аймагынан малына тоют камдап, картошка эгип, жаңгак, алма терип турмуш-тиричилигин өткөрүп келишет. Оор турмуш шартка байланыштуу жаштар шаарга, чет өлкөлөргө кетип жаткандыгы, эгерде корук уюштурулса, бул агым мындан ары да өсө турганы, ар кандай чыр-чатактар, жер, жайыт талашуулар чыгып кетүүсү мүмкүн. Туристтик сезонго зыяны тийүү коркунучтары бар экендиги, мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу 4-5 адамдын гана кызыкчылыгы үчүн иштеп, токойду жок кылуу фактылары орун алып, 6 айдын ичинде эле 5 жылдык отун ресурсу сатылып кеткендиги баяндалган. Ошондой эле ар бир жолугушууда жергиликтүү эл, айылдык кеңештин депутаттары токойчуларды токойлордун кыйылышына катыштыгы бардыгын, жакшы иш алып барбай жатышкандыгын ж.б айыптарды тагып келишет. Алар ушул токойчулардын ордуна жергиликтүү эл өздөрү эле токойду сактап калаарын жана жаңылап өстүрүүгө өз салымдарын кошоорун билдиришүүдө.
Ушул күнгө чейин аталган айыл округдарынын тургундары "Дашман" мамлекеттик жаратылыш коругун уюштуруу жөнүндөгү өкмөттүн 2012-жылдын 12-июлундагы №482 токтомун жокко чыгарууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүшүп, Жогорку Кеңештин депутаттары С.Нышанов, Мирлан Бакировдордон да жакында жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда кайрылышат. Эгерде булардын талаптары 7-апрелге чейин аткарылбаса, жергиликтүү эл чечкиндүү башка кадамдарга бараарын белгилешет.
Ошентип, тээ байыртадан бери сакталып, биздин муунга жеткен жаңгак токою жакынкы жылдардан бери кыйылып, жок болуу коркунучу турганда мамлекеттик корук уюштуруп сактап калуу зарылбы же ушул күнгө чейин токой менен жан багып, ушул күнгө чейин эле өздөрү сактап, өстүрүп келген (анткени токой - жергиликтүү эл үчүн жашоонун бир булагы, токойдун эсебинен күн көрүп келээрин билгендиктен өздөрү токойдун сакталышына, бар болушуна кызыкдар экенин билишкендиктен) жергиликтүү элдин мүдөөсүн аткарылабы, аны убакыт көрсөтөөр...
Кайрылууда көтөрүлгөн маселелерди карап чыгуу боюнча тиешелүү каттар акыйкатчы тарабынан Жогорку Кеңешке жана өкмөткө жиберилген.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"





Яндекс.Метрика