Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Озон - ХХI кылымдан озгон мыкты дары
Илимдеги улуу ачылыштар астейдил аракеттерден, жөпжөнөкөй эле заттардан жаралат тура. Атактуу Ньютондун алмасы (жердин тартылуу күчү), Архимеддин киринген бочкасы (суюктук боюнча) "механиканын алтын эрежеси" деп аталды. Азыр тез өнүккөн илимий-техникалык прогресс бир эле кислород-водороддон турган ичкен суубуздан эмнени гана жасабады. Бирөөлөр адамзатты жок кылуучу, үрөй учурган водород бомбасын жасаса, башка бирөө адамдын (жан-жаныбардын) ден соолугун оңдоочу дары чыгарышты. Биз төмөндө сөз кыла турган нерсебиз кадимки эле кислороддун аллотроптук өзгөргөн түрү ОЗОН - О3. Мына ушул зат көп дартка дабаа, онтоткон ооруга шыпаа болуп чыкты.


Журналисттик кесип
баш бактырганда
Озонду көп өлкөлөрдө бир кылым мурда эле жугушсуздандыруучу зат катары колдонуп келишкен. Илим канчалык өнүксө да адамзаты оорулардан сактана албай келет. Дүйнөнүн канчалаган илим изилдөө, саламаттыкты сактоо институттары дары-дармек ойлоп таап чыгарып жатат. Деги дары болор бекен деп эмнелерден гана издешпеди. Ошентип отуруп кадимки эле биз ичкен суудан, биз дем алган абадан табышты. Ошол зат ОЗОН - ОЗ. Анын тирүү организмге тийгизген эң пайдалуулугу аныкталып, такталды. Бүгүнкү күндө кыргыз медиктери да оорулууларды дарылап, элдин алкышына татып жатышат.
Республикалык оорукананын № 7 поликлиникасынын түндүк жагында күн сайын эле кезек күтүп сыртта отурган адамдар көп. Жумуш күндөрү күндө эки маал ушул жерден өтөм. Журналисттик кесип мындай эл үзүлбөгөн жерге баш бактырбай койбойт экен. Бир күнү атайын убакыт таап, кайрылып, дарыгерлери менен тааныштым. Ооруп келгендер, сакайып чыккандар менен сүйлөштүм.
Алгач кадимки эле дем алган аба, ичкен суу менен дарылап жаткандарга Кудай бар анча деле ишене берген эмесмин. Нары-бери өтүп жүрүп үч айдын ичинде дартынан сакайып чыккан далай адамдарды көрдүм. Баарлашып сүйлөшүп, кубанычын тең бөлүштүм.

"Күлайым кызыма
миң рахмат"
Аламүдүн районунун Орто-Алыш айылынан келген Алышпай аттуу аксакалдын жашы сексен бирде экен. Сөөк кулгуна (остеомелит) дарты көп жылы кыйнаптыр. Көрүнбөгөн доктуру, сыйпабаган дарысы калбаптыр. Жан айласы кылып элдик табып, эмчи-домчуга чейин барыптыр. Акырында сөөгү чирип, ириң ага баштаганда элден угуп, озонотерапияга келиптир. Өмүр бою мугалим болуп иштеген Алышпай ата жаш баладай сүйүнүп, операция кылбай, укол сайбай дары-дармекке шыкабай айыктырган 1-категориядагы терапевт дарыгер Күлайым Желдеңбаевага улам-улам алкышын айтып, батасын берип кетти.
Андан да отуз алты жыл бою бронхоастмасы менен ооруп, Израилдин, Германиянын клиникаларындагы врачтардан айыкпаган Лидия Васильевна деген орус аял: "Денебиз топурактан болсо, кан-жаныбыз аба менен суудан жаратылган окшойт. Өмүр бою мага аба жетпей кыйналгам. Жан таттуу экен акылга сыйбаган каражат жумшап, батыштагы илим-билими өнүккөн мамлекеттердеги врачтарга көрүндүм. Алар мага кыйналганда кошумча дем ала турган кутуча (инголятор) карматып, жолума салышты.
Кайра келип өсүп чоңойгон чаңдуу-шаңдуу Бишкегимден, кебетеси кеткен клиникадан, жөнөкөй кыргыз доктурдун колунан каксыз айыгып чыкканыма кубанам. Аба жетчү эмес. Эми кере-кере дем алып, жашоонун анык рахатын сезип калдым. Илимдин жетишкендигин чебер пайдаланып, онтоткон оорудан айыктырган Күлайым кызыма миң бир рахмат", - деп айтканын элге жеткирүүгө мен милдеттүү сыяктанып калдым. Анткени, Лидияга окшоп кыйналып жүргөндөр көп.

"Көрө турган
күнүм бар экен"
Кочкордун туз үңкүрүнөн, Сибирдин суугунан айыгат имиш деп убара тарткандар озонотерапиянын касиетин угуша элек көрүнөт. Кечээ күнү озонотерапиядан дарыланып жатканына алты күн болгон Сузак районунун Таран-Базар айылынан келген Семетей Машаев менен аңгемелештим. "Болбой калдым эле" дейт. "Күнү-түнү күрсүлдөп жөтөлүп, итче үрүп калгам. Кара тер басып, шайым оой баштаган. Эптеп Бишкекке, ушул жерге келдим. Төртүнчү күнү жөтөлүм басылды. Буюрса үмүтүм чоң. Кудай мени озонотерапиядан айыксын деп туш кылган окшойт. Жашым алтымыш үчтө. Небере-чөбөрөлөрүмдү ээрчитип, байбичемди жандап баса албай калам го деп корккон элем. Кудай жашоого ушул жерден үмүт шооласын чачып таштады. Буюрса, көрө турган күнүм бар окшойт", - деп бажырая жылмаят. Бул мисалдардын чети гана. Каттоо китепчесин ачсаң миңдеп саналат.
- Илимдин заманбап учуруна ылайыкталып жасалган озонотерапияга керектүү жабдууларды, техникаларды технологиялык жолдомолорду Россия, Германия, Израиль өлкөлөрүнөн алабыз. Кудайга шүгүр, бизди түшүнүп колдогондор көбөйдү. Бардык жаңы ачылышка, башталышка ишене бербеген көз караштар болот экен. Биз да ошондой кырдаалга туш келгенбиз. Эми улам айыгып чыккан пациенттерибиз ага - тууган, тааныш-билиштерине айтып олтуруп, эми үч күндүк кезекке турмай адатка айланып баратат.

Экономикалык
пайдасы зор
Кендирибизди кескен аппаратурабызды ылайыктап жайгаштыра турган, процедура өтө турган, пациенттер дем ала турган төрт-беш бөлмөлүү жайдын жоктугу. Өкмөттүн чамасын көрүп турабыз. Айтканга ооз барбайт. "Кыргызстанга президент болбосом да кыргыз элинин ден соолугу үчүн кам көрөм" деген бир жигит "колдойм" деп убада берген. Азырынча атын айтпай эле коёюн.
Менимче, ошол жигит озонотерапиянын келечегине түшүнүп иш кылганы турат. Анткени Россия, Казакстан жана башка КМШ өлкөлөрүнүн айрымдары бул ишке мамлекеттик деңгээлде киришип жатат. Шаарларда жана элдүү конуштарда адам иче турган сууга хлор кошпой, сууну озондоштуруп жатышат. Бул деген далай оорулардын алдын алуу. Анан да экономикалык пайдасы көп. Трубалар, крандар хлордуу калдыктар менен тыгындалбайт, суу кайнаткан идиштер хлор менен катмарлашып катып калбайт. Ал гана эмес, мал чарбасына колдонуу зарылчылыгы акыры келет. Малдын тоютун, жемин озондоштурса шарп, бруцеллёз, туберкулёз сыяктуу ылаңдар болбойт. Ал эми борго байланган мал тез семирет. Анткени, жеген жем-чөбүн тез аш кылат, толук сиңирет.
Мейли, бул келечектин иши деп коёлу. Бүгүнкү күндө чиновниктерди, олигархтарды мындай коёлу медицинанын чоң-чоң билермандары озонотерапияга атайын көңүл бөлүп, маани беришпейт. Түшүнгөндөрү атаандаш чыкты деп бут тосуп жатышат. Озонотерапиядан ХХI кылымдын өтө коркунучтуу оорулары - кант диабети, гепатит, гипертония, ишемиялык инсульт менен кыйналган адамдар айыгып чыгып жатса да көрмөксөнгө салышат.

Өкмөт колдоого алса…
Ар кандай жара, тери, венерикалык оорулардан эч кандай дары сүйкөбөй, укол, дарыларсыз бир жумага жетпей арылып жатышса, ичтери күйүп жатат. Анткени, жарактуу да, жарабаган да дары-дармектери өтпөй калып жатат да. Мен жана мени менен иштегендер ишибиздин келечегинин кеңдигине Кудайга ишенгендей ишенебиз. Кыргыз элинин ден соолугун сактоого өзөктүү тармак акыры - озонотерапия болот. Биз аны иш жүзүндө далилдеп жатабыз. Анын үстүнө, биздин иштин жыйынтыгы көпкө күттүрбөй эле чыгып жатпайбы. Ошондуктан эл көбөйүп, талап көбөйүп, турак жайга муктаж болуудабыз. Калдайган тобу бар Манас коому, башка уюмдар колдоого алганы менен турак жайдын айласын таба албай жатканыбызды жалпы журтчулук билсе экен дейбиз. Ылайым, эч ким оорубаса экен. Бардык оорунун алдын алсак абдан сонун болбойт беле, - деди "Өмүр гүлү" ден соолукту чыңдоо борборунун директору, 1-категориядагы терапевт дарыгер, озонотерапиянын жетектөөчү адис-врачы Күлайым Желдеңбаева.
Бүгүн дарыдан кымбат нерсе барбы? Врачка кирип чыкканың деле акча. Ал эми ооруканага жатып, укол алып, дары ичсең чачың чак келбейт. Көп дарттан оңой арылта турган озонотерапияны өкмөт колдоого алар бекен... Арийне, элдин дени сак болсо, өлкөнүн да дени сак болоору бышык.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"





Яндекс.Метрика