"Мен эл алдында чакырык жасаган эмесмин"
Жапаров Садыр Нургожоевичтин Биринчи май райондук сотунда сүйлөгөн сөзү

Урматтуу сот!
Урматтуу сот отурумунун
катышуучулары!

Биздин ушинтип соттолуучу болуп олтурганыбызга "Кумтөр" маселеси себеп болгондуктан, ал маселеден бир аз кеп козгоп, андан кийин бизге таңууланып жаткан кылмыш ишке өткөнгө уруксат бериңиздер.
1992- жылы "Кумтөр" ачылгандан баштап бүгүнкү күнгө чейин чет элдик шылуундар менен биздин өзүбүздүн эле жүзү кара атка минерлерибиз мамлекеттин байлыгын уурдап эле тим болбостон, бизге ууланган суу ичирип, уулуу аба жуткузуп, элибиздин канын соруп келе жатышкандыгы бүгүн баарыбызга маалым болду.
2005-жылы Акаевдик бийликти кетиребиз деп, өзүн оппозиция эсептеген биздин жарандарыбыздын эң биринчи талабы болуп, "Кумтөр" элге өтсүн деген маселе турган. Бул боюнча бир нече резолюциялар дагы кабыл алынган. 2005-жылы Акаевдик бийликти кетирип, азыркы эле бийликте отурушкандар Бакиевдин бийлигин алып келишти. Бакиевдик бийлик болсо, "Кумтөрдү" мамлекетке өткөзүп алыштын ордуна дээрлик 50 жылга берип жиберишкен экен. Ар бир келишимдин аркасында "чөнтөк кызыкчылыгы" тургандыгы эч кимибизге деле жашыруун эмес болсо керек.
2010-жылы деле оппозициянын башында тургандардын (азыркы бийликтегилер) үчүнчү талабы "Кумтөр" элге өтсүн деп чыгышкан. Жыйынтыгында 2010-жылдын 7-апрелинде кан төгүү менен аяктады. "Кумтөр" элге өттүбү? Жок. Көрсө, алтын деген балакетиң адамды ажыдаарга айлантат турбайбы. Азыркы бийлик башындагылар: "Мурдакы эки бийлик жеп-ичип отурушканда Садыр Жапаров кайда жүрдү эле?" дешет.
Урматтуу сот! Кыргызда жакшы сөз бар: "Кыңыр иш кырк жылда билинет" деген. Анысыңардай, учурдагы бийлик дагы эмне кылып жатканын азыр эч кимибиз билбейбиз. Себеби, текшерейин деп суроо-талап жөнөтсөң бир дагы кагаз ала албайбыз, баарын жаап жашырып, беришпейт. Текшерүүгө дагы киргизишпейт. Бул турмушта болуп келген көрүнүш.
Бул бийлик "Кумтөр" маселеси мынчалык деңгээлде текшерилип коомчулукка жарыяланып кетерин күткөн эмес. Себеби, биринчиден: буга чейин канча комиссия түзүлсө баарын толук "Кумтөргө" киргизчү эмес. Эшиктин оозунан берчүсүн берип узатып коюшчу. Бизди дагы бир топ кыйынчылыктар менен киргизишти, ошондо дагы документтердин 60 пайызын гана көрсөтүштү. Экинчиден: биз жалдаган көз карандысыз эксперттерге мамлекеттен бир тыйын акча төлөбөй койсок эле бул комиссиянын иши бүтөт, баягы эле көп комиссиянын бирөө болуп калат деп ойлошкон. Кудайга шүгүр, эл ичинде мекенчил бизнесмен эр- азаматтарыбыз бар экен. Ошолордун жардамы менен баарынын былык иштерин коомчулукка ачыкка чыгарып салдык. Айлалары кеткенде сатып алганга аракет кылышты. Ага дагы көнбөдүк.
Урматтуу сот! Эгер байлыгыбызды эле уурдап, талап-тоноп кетип жатышса, ток пейил кыргыздар, мейли байлык кайда калбаган деп бейкапар жата берсек болот эле. Андай болбой жатпайбы. Элибизге ууланган сууну ичиргени аз келгенсип төрт миң метр бийиктикте жайгашкан, көлөмү 360 гектар, тереңдиги 30-35 метр,көлөмү 100 млн тонна цианид жана башка уулуу химикаттар аралашкан коркунучтуу, капкара болгон көлдү кыргыздардын мойнуна өмүр бою илип кетип жатышпайбы. Азыр бизди Кудай эле сактап турат. Кокус Петров көлү жырылып кете турган болсо, бул хвостохранилищени кошуп туруп Нарын дарыясына куят. Нарын дарыясы жок эле дегенде 15-20 метрге көтөрүлүп агат. Бул деген эки жак жээгинде жашаган элди, ГЭСтерди кошо жууп барып, Арал көлүнө жетип токтойт деген сөз. Өзүн сыйлаган бир дагы мамлекеттен мындай көрүнүштү көрө албайсыңар. Ошондуктан, тез арада мамлекеттин көзөмөлүнө алыш керек. Канадалык бизнесмендер болсо эртең чемодандарын көтөрүп алып эч нерсеге жооп бербей баса беришет. Мамлекет катары биз жооп беребиз.
Мындан сырткары, мен жетектеген Парламенттик комиссиянын ишин бурмалоо максатында, чет элдик шылуундардын пайдасына мамлекеттик комиссия түзүп жиберишти. Ал комиссиянын ишине бюджеттен 47 млн сом акча каражатын сарпташты. Ошого жараша биз көрбөй же билбей калган, бир кемчиликти таап чыгышса да мейли дейт элек го. Жаңы эч нерсе табышкан жок. Ошондуктан, бул акчаны жөн эле талаага чачып жибергендей болду. Мамлекеттик комиссия өздөрү жалдап барган экологиялык эксперттер кен казуудан экологияга келтирилген зыяндарды Кыргызстандын тарифтери менен эле эсептеп чыгышканда 5 млрд долларды түздү. Эгер биздин экологиябызга 5 млрд доллар зыян келтирип жаткан болсо, биздин көргөн пайдабыз жок эле дегенде 10 млрд доллар болушу керек эле го. А биздин 20 жылда көргөн пайдабыз 50 млн доллар дагы болбой жатпайбы. Тагыраак айтканда экологияга келтирген чыгымдын 1 пайызын дагы түзбөйт. Мындай пайдасынан зыяны көп "Кумтөр" кенин иштетүүнүн кимге кереги бар эле?! Албетте, канадалыктар менен биздин атка минерлерибиз жыргап жатат. Акыркы 15 жылда 270 тонна алтын казылып алынса баары ташылып чыгып кетип биздин мамлекетке калган пайдасы 1тонна 400 кг., күмүш болсо 78 тонна казылып алынып, биздин мамлекетке 1 кг. дагы калган эмес. А бирок, тентип кеткенден калган 4 миллион калкыбыз уулуу суу ичип, ууланган аба жутуп жай өлүм менен өлө баштагандыгын кантип танабыз. Урматтуу сот, мунун баары өткөндөгү сот отурумдарда видеоматериалдардан өз көзүңүз менен көрдүңүз.
Өткөндө Нарындын губернатору чыгып алып сүйлөп жатат: "Экологияга, суубузга келтирген зыяны үчүн биз "Кумтөрдөн" акча сурап атабыз" деп. Ээ айланайын эмне деген манкурттук?! Губернаторго акча эле керекпи?! Элдин өмүрүн, ден соолугун, эртеңки келечегин акчага алмашабы?! Эртең ал кимге губернатор болгону жүрөт?!
Урматтуу сот! Ушулардын өз көзүбүз менен көрүп, баарын кылдат иликтеп келип, былтыркы жылдын июнь айында Жогорку Кенешке отчет менен чыкканбыз. Отчеттун жыйынтыгы менен "Кумтөрдү" мамлекет өз көзөмөлүнө алып экологиялык мыйзамдарды жана нормаларды сактоо менен иш алып барып, түшкөн пайдадан (жылына 1 миллиард доллар пайда түшөт) бөлүп талкаланган жаратылышыбызды калыбына келтирсин деген токтом долбоору даярдалган. Ошол күнкү жыйын учурунда Ташиев, Мамытов дагы чырылдап өз сунуштарын айтып, "Кумтөр" мамлекетке өтсүн, өкмөт башкарып өз колуна алсын" деген сунуштар бүгүн Жогорку Кеңештин стенограммасында сакталып турат. Тилекке каршы, ал токтом Жогорку Кеңештен колдоо таппай калган. Себеби, чөнтөгүндө миллиарддаган долларлары бар "Кумтөр" мафиясы жеңип кеткен. Ошондон кийин бул ишти мындай калтырууга болбойт, коомчулукка жеткириш керек деген максатта былтыркы жылдын 3-октябрында Ала-Тоо аянтында өз демилгем менен тынчтык митингин өткөргөм. Баш мыйзамга ылайык Кыргызстандын ар бир жараны митинг өткөргөнгө акысы бар. Эч ким митинг өткөрбө деп тоскоол боло албайт. Ал митинге мен элге төбөсү көрүнгөн саясатчыларды чакырган эмесмин. Бул сөзүмдү өткөндөкү сот отурумунда көрсөтүлгөн видеоматериалдардан көрүп күбө болдуңуз. Ал жерде Ташиев келе электе эле мен айтып жатам: "Мен бул митингге бир дагы саясатчыны, партиялаштарымды Келдибеков, Султанов, Ташиевдердин эч кимисин чакырган жокмун, себеби, "Кумтөр" маселеси саясатка аралаштыра турган маселе эмес" деп. Ал эми Ташиев, Мамытовдор "Кумтөрдө" болуп жаткан акмакчылыктарга чыдабастан өз элинин мекенчил атуулдары катары келип өз позицияларын билдиришти деп эсептейм.
Урматтуу сот! Эми бизге танууланып жаткан айыпка өтөйүн. Айыпта төмөндөгүчө жазып жатышат:
Биринчи : алар жогорку саясаттагы кызмат адамы болуп туруп, кыргыз элине берген антты бузду дейт. Ооба, биз ант бергенбиз, бирок, кыргыз элине чыккынчылык кылып жаткан жөөттөрдү көрүп туруп көрмөксөн болобуз, уулуу суу ичирип жаткан биздин атка минерлерди билип туруп билмексен болобуз, алтын уурдап аткан ууруларды кармабайбыз деп ант берген эмеспиз да. Тескерисинче, мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылабыз деп ант бергенбиз
Экинчи : 25-сентябрь күнү Садыр Жапаровдун кызматтык кабинетинде Ташиев, Мамытов, Кожоналиев, Ташиевдин жансакчылары Исаев, Камчыбеков, Кадырбаевдер болуп алдын ала сүйлөшүп алышкан дейт. Урматтуу сот, 25-сентябрь күнү Талант Мамытов Тажикстанда жүргөндүгүн Сиз жакшы билдиңиз, бардык документтерди берди. Тергөөдө "мен ал күнү Бишкекте болгон эмесмин" деп какшап айтып жатса дагы болбой, бул күнөөнү койгон тергөөчүнү кандай түшүнсөк болот?!. Мунун баары баш прокурор Аида Салянованын компетентсиздигинен келип чыгып атат. Ал кыз Жогорку Кенеште 10 жылга жакын кагаз ташып эле иштечү эле. Бир күн дагы прокуротурада иштеген эмес. Ошол кызды, баш прокурор кылып койгон бул бийликтин калпыстыгы болду. Мына азыр азабын тартып атышат. Ташиев болсо, ал күнү менин кабинетиме басып келбегендиги тастыкталды го. Мындан сырткары саясат менен иши жок Ташиевдин жан сакчыларына күнөө койгону эч бир акылга сыйбаган иш!.
Үчүнчү : аталган кылмыштуу планды ишке ашыруу үчүн Жапаров, Ташиев, Мамытовдор республиканын региондорунан аларды колдогон жаштардан турган көптөгөн топторду тартуу боюнча милденттенме алышкан дейт.
Урматтуу сот! Мамлекеттик айыптоочулар бир баланы көргөзө алыштыбы, "мени ушулар чакырып баланча областтан митингке келдим" деген? Көргөзө алышкан жок го.
Төртүнчү : ошентип Садыр Жапаров өзүнүн атайлап жасаган аракеттери менен КРнын КЖКнин 297-ст. 1-б. көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасаган, анын квалификациялык белгилери бийликти күчкө салып тартып алууга же конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо болуп эсептелет дейт. Урматтуу сот! Митингди видеотасмадан Сиз дагы толук көрдүңүз. Менин эл алдында чакырык жасаган жерим жок. Эгер эле мамлекеттик айыптоочулардын жасалма күбөлөрү айткандай Кожоналиевге бийликти алабыз деп шыбыраган болсом, кашайып, бул дагы 295-статьяга туура келбей жатпайбы. Себеби, ал жерде так жазылып турат "шыбыраганда эмес, эл алдында чакырык жасаса" деп.
Бешинчи : өзүнүн Макаров пистолетин Өкмөт үйүнө мыйзамсыз алып кирген, УКМКнын 9-чу Башкармалыгынын кызматкерлери кабинетине барышканда, аларга убактылуу сактоого аргасыз өткөрүп берген дейт. Урматтуу сот! Өткөндөгү отурумда 9-чу Башкармалыктын кызматкери келип күбө катары көрсөтмө бергенде мен суроо бердим. Менде эч кандай курал жок деп силерди кабинетимден чыгарып салсам болот беле десем, "болот болчу" дешти. Мени тинте алат белеңер десем, жок дешти. Эгер менин арам оюм болсо, убактылуу сактоого өткөрүп бермек эмесмин да. Мындан сырткары бүгүнкү күндө дагы депутаттардын жарымы Ак үйгө курал менен кирип чыгып жүрүшкөндүгүн Текебаев, Кулов, Дыйканбаевдер тастыктап беришти.
Алтынчы : бийликти күчкө салып тартып алуу максатында өзүнүн мурунтан даярдалган куралдары: Макаров сыйлык пистолети, МР-79 травматикалык пистолети, Сайга МК мергенчинин карабини жана алардын ок дарылары менен өкмөт үйүнүн аймагына өзүнүн жан сакчыларынын коштоосунда Лексус-570 үлгүсүндөгү автоунаасы менен кирип кеткен дейт. Урматтуу сот! Мен бул куралдарды 2007-жылдары сыйлык катары алсам, 2012-жылдын 3-октябрында бийликти басып алам деп ошондо эле алдын ала мурунтан даярданган болуп каламбы?
Жетинчи : Мамлекеттик айыптоочулар Осмонкулованын көрсөтмөсүнө таянып Жапаровдун күнөөсү далилденди дейт. Ошол эле учурда менин жактоочум Абдиев, Осмонкулованын берген көрсөтмөсүнө эксперимент жүргүзөлү десе, мамлекеттик айыптоочулар кайра өзүлөрүнүн сөзүнө өзүлөрү каршы туруп, Осмонкулова өзүңөр көргөндөй үч бөлөк көрсөтмө берип жатат, ага ишенгенге болбойт аны кайрадан сурап көрөлү дешти го.
Урматтуу сот!
Сөзүмдүн акырында айтаарым: ушунун баары "Кумтөрдүн" айынан бизге болуп жаткан саясий кысым. Алты айдан бери биз саясий туткун болуп жатабыз. Же башкаларга окшоп мамлекеттен уурдап, тоноп казынага кол салган болсок, анда бир жөн эле. Азыр укук коргоо органдары болобу же 5 млн кыргыздын ичинен бирөө айтсынчы, үчөөбүздүн бирөөбүздү мына мобул майлуу жерде иштеп баланча акча уурдап алган же чыгым келтирген деп. Эч ким айта албайт. Тескерисинче, казынаны куруткандар бүгүн деле чоң бийликте сайрандап жүрүшөт.
Ошондуктан бизге адилеттүүлүк кылып актоо өкүмүн чыгарып бериңиз. Эртең кеч болуп кала электе биз "Кумтөр" маселесинин аягына чыгалы. Себеби, ал жакта бүгүнкү күндө 50 млрд доллардын байлыгы жатат. Биздин сырткы карыбыз 3 млрд доллар. Ошол кен-байлыгыбызды жана экологияны сактап калалы. Ал байлыгыбыз бизге эле эмес, Сизге дагы, бала-чака, небере -чөбөрөлөрүбүзгө, мамлекетибизге керек. Нарын дарыясына агып кирип жаткан ууну токтотолук. Мөңгүлөрдүн арасына көмүп жаткан уулуу таштандыларды тазалайлы. Эң негизгиси кыргызда жакшы сөз бар эмеспи: "Кошуна ыраазы болбой Кудай ыраазы болбойт" деген. Ушунун баары агылып барып Өзбекстан менен Казакстанга дагы жетет. Ошондуктан, кошуналарды дагы нааразы кылып албайлык демекчимин. Ушунун баарын биз аягына чыгарбасак, башка эч ким чыгара албайт.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыраазычылыгымды билдиремин.

Садыр Нургожоевич Жапаров
Бишкек шаары, 2013 жылдын 29-марты