Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Мурзаевди ким тааныйт?
"Кыргызтуракжайкоммунсоюздагы"
коррупциялык схеманын артында ким турат?
Элдин эсинде болсо керек, мындан эки-үч жыл мурда Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын жоюш керек" деген демилге менен чыгып, бул демилгесин аталган тармакта коррупциялык схемалар орун алганы менен түшүндүргөн. Ал ортодо Жогорку Кеңеш менен "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын ортосунда тиреш пайда болуп, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын андагы жетекчилиги "Бул мамлекеттик мекеменин кызматынан пайдаланган миңдеген элдин камын ойлосок, анда, айрым амбициялуу саясатчылар каалайбы, же жокпу, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы керек.

Мындан мурда да, бул мамлекеттик мекемени жоюп, "Кыргызтуракжайкоммунсоюзга" тиешелүү жылуулук түйүндөрүн жергиликтүү бийликке өткөрүп берели дегендер болгон жана айрым аймактарда жылуулук түйүндөрүн жергиликтүү бийликке өткөрүп да беришкен. Бүгүнкү күндө, мына ошол жергиликтүү бийликке өткөн жылуулук борборлорунун көбү түп орду менен жоголду, көбү иштебейт. Мисал менен айталы, Баткендеги жылуулук түйүнүн жергиликтүү бийлик алды эле, азыр ал жакта бир да жылуулук түйүнү иштебейт. Алыскы өрүкзардын мекенин айтпаганда, бул эле Кеминде да абал дал эле ошондой. Каракөлдөгү жылуулук мешин жергиликтүү мэрия 1995-жылы алды эле, эми улам-улам жазып суранышып жатат, бизди кайра "Кыргызтуракжайкоммунсоюзга" алгыла деп. Каракол шаарындагы жылуулук түйүнүн 1999-2000-жылдары мэрия алды эле, кийин суранып жатып, бул ишкана азыр бизге карайт.
"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" тармагын өнүктүрөлү десек, тескерисинче ага мамлекеттик бийик деңгээлде мамиле жасаш керек. Кошуна Россия менен Казакстанды алып карасак, ал жакта "ЖКХ" - туракжайкоммунчарба маселесин Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министринин деңгээлинде карайт. "ЖКХ" - туракжайкоммунсоюз маселеси бул жеңил-желпи маселе эмес. Ошол эле Казакстан менен Россия ушул кышта жылуулук түйүндөрүнөн авария болуп, бир нече күндөп жылуулуксуз калып, кандай азаптарды тартышты. ЖКХ айынан өзгөчө кырдаалдар түзүлдү го. Биздин эл да чыдамдуу экен, жанагы жергиликтүү бийликке өткөн жылуулук түйүндөрүнөн пайдаланган эл анысы иштебей, кыш чилдесинде көк муштум болуп үшүп-шишип чыгыбатышат. Чындыгында, алардын деле жергиликтүү бийликке нааразы боло турган жөнү бар. Эгер, "Кыргызтуракжайкоммунсоюзду" жоюп, ташын-талкан кыла турган болсок, бүтүн Кыргызстан боюнча куду ошондой абал түзүлөт" деген кескин аргументтерди бетке кармашкан.
Эки тараптын тиреши "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын ошол кездеги башкы директору Кеңешбай Молдобаевдин кызматтан кетиши, анын ордуна "Кыргызкөмүр" ишканасынын директорунун орун басары Мурат Мурзаевдин келиши менен аяктады. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасында коррупциялык схемалар орун алган, бул тармакты жоюш керек" деп кыйкырган депутаттар ошондон соң эмнегедир оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпай калышты. Анткен менен, бул дайындоо коомчулукта чоң резонанс жараткан. "Асман инфо" жана "Асман.kg" басылмалары М.Мурзаев тууралуу: "Осмон Артыкбаев Үсөн Сыдыковдун күйөө баласын кызматка койгону жатат дейби? Мына сага..." аттуу темада макала жарыялап, анда "Энергетика министринин милдетин аткарып жаткан Осмон Артыкбаев деген мырзанын кадрдык саясаты от менен ойногондой эле болуп жатат. Бул жер "саясаалы" деген кептей болуп калды. "Кыргыз туракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын башчылыгына бүгүн айтылуу Үсөн Сыдыковдун күйөө баласы, "Кыргызкөмүр" ишканасынын директорунун орун басары Мурат Мурзаев деген эргулду алып келгени жатыптыр. Же Осмон Артыкбаев мунусу менен Үсөн Сыдыковдун идеясын бүгүн ишке ашырайын деп жатабы?! Фармацевт-аптекарь Артыкбаев стратегиялык мааниси бар ишканага Үсөн Сыдыковдун күйөө баласын алып келип, "химичить" этип кирсе, анын залакасы бүгүнкү бийликке эле тиет" деп жазып чыккан.
Коомчулуктун мындай тынчсыздануусуна Өкмөт кабагым-кашым деп деле койгон жок. Жашырганда эмне, Өкмөттүн М.Мурзаевди аталган маммекемеге жетекчи кылып дайындаганына таңыбыз бар. Анткени, депутат Жапаров мырза "Кыргызтуракжайкоммунсоюзда" коррупциялык схемалар бар" деп канкакшап айткан "серый схемаларга" тиешеси бар адамдын бул тармактын жетекчилигине келиши таңгалычтуу эмей эмне? Ал эмне болгон коррупциялык схема дейсизби? 2007-2008-жылдарда "Кыргызтуракжайкоммунсоюзду" А.Зарипов деген аксакал жетектеп турганда, "Хайтек" ЖЧКсына 28 млн.сом, "Баррель" ЖЧКсына 8 млн.сом, "Транс Меркурий" ЖЧКсына 8 млн.сом которулуп кеткен экен. Анын бир учу барып, азыркы жетекчи М.Мурзаевге такалат. Дегенибиз, ал ошол убакта "Транс Меркурийдин" жетекчиси болсо, жубайы Сыдыкова Гүлсара Токтосунова"Транс Меркурий" ЖЧКсынын башкы бухгалтери болуп иштеп туруптур. Коррупциялык схема - дегенибиз ушул, аты аталган фирмалар "Кыргызтуракжайкоммунсоюздан" миллиондорду алганын алып, бирок, эч нерсе иш аткарбаптыр. Андан да кызыгы, бул фирмалар мамлекеттик ишканага карызы бар болуп туруп, мамлекеттин мекеменин алдындагы милдеттенмесин аткарбай туруп, кылмыш ишин жик билдирбей жабуу максатында 2008-жылы Зарипов А.З. ишин Молдобаевге өткөрүп берип жатканда жабылып калган. Бухгалтердик учетто аталган фирмалардын 45,5 миллион сом карызы жаап-жашырылып, Эсеп палатасы аудит жасаганда гана ачыкка чыккан. Директор К.Молдобаевдин түздөн түз кийлигишүүсүнүн аркасында кылмыш иши козголуп, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" бул фирмаларды сотко берип, сот аркылуу учетко койдурган. Финансы полициясы тарабынан "КЖКС" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине, тактап айтканда башкы директор А.З.Зариповго, башкы бухгалтер Савковой Т.Г., директордун орунбасары Залялова Ю.Ф.га N084-10-5110 кылмыш иши ачылган. Тилекке каршы, кийин Башкы прокуратура бул кылмыш ишин сот-ко жеткирбей, "убакыттын өтүп кеткенине байланыштуу" деген аныктаманы чүргөп, мамлекетке келтирилген зыяндан бир тыйын кайтарылып берилбесе да ишти жаап салган. Коррупцияга каршы күрөштүн башында турушу керек болгон Башкы прокуратуранын бул жоругун түшүнүү да, түшүндүрүү да кыйын.
Бүгүн мына ошол бир күндүк фирмалардын бири "Транс Меркурийдин" жетекчиси М.Мурзаев "Кыргызтуракжайкоммунсоюзга" башкы директору, ошол бир күндүк фирмалар менен келишим түзгөн экс-жетекчи А.Зарипов Мурзаевдин көздөй кеңешчиси болуп отурат.
Андай болгондо, коррупциялык схемаларга тиешеси бар адамдар "Кыргызтуракжайкоммунсоюзга" жетекчи болуп келип жатышса, депутат мырза мындан эки жыл мурда "Кыргызтуракжайкоммунсоюзду" жоюп салыш керек" деп демилге көтөрүлүп, эмне эле айгай салды болду экен?
Биздин колубузда КР Эсептөө палатасынын актысы менен катар "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" ишканасынын эмгек жамаатынын Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиевге жазган кайрылуусу турат. Өкмөттө бул маселе кандай каралып, кандай чечилерин убакыт көрсөтөт. Ал эми эмгек жамаатынын кайрылуусунда эмне айтылганы тууралуу эмкиде сөз кылалы.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"





Яндекс.Метрика