Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Укук коргоо органдарынан ким коргойт?
Мыйзам...
мораль... абийир...

Акыркы мезгилде укук коргоо органдарынын кызматкерлери: соттор, прокурорлор, милициялар пара алып жаткан жеринен жерлеринен кармалышып, тергелип-тескелип, мыйзам коргоочулардын коррупциялык иштеринин бети ачылып жатат. Албетте, бул колдоого ала турган нерсе. Бирок, ошол эле учурда айтып коюу керек, бул айсбергдин үстүңкү бөлүгү гана. Анткени, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз чечимдери, аткарган буюртмалары алдында алардын пара менен кармалуусу баланын оюнундай эле иш болуп калат. Антсе да, биз алардын мыйзамсыз иштери, аткарган буюртмалары үчүн мыйзам алдында жооп бергенин көрө элекпиз.

Маселен, Бакиев тушунда генерал Исмаил Исаков аскердик чининен ажыратылып, соңку революцияга чейин түрмөдө отуруп, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин гана толук акталып чыкты. Арийне, Бакиев бийлигинин буюртмасын аткарган судья эч нерсе болбогондой, эч нерсе билбегендей, дегеле, Исмаил Исаковду Бакиевдердин буюртмасы менен соттобогондой, Ш.Атаханов УКМКны жетектеп турганда анын көздөй кеңешчиси болуп иштеп турду. Мүмкүн, азыр деле мамлекеттик бир кызматта иштеп жаткандыр. Парадокс мына ушул жерде. Ал судья, анын атын атаганда эмне, мыйзам алдында эле эмес, абийиринин алдында да жооп берген жок. Жок дегенде, эл алдында "Бакиевдердин көрсөтмөсүн аткарып, Исмаил Исаковду соттодум эле" деп кечирим сурап, моралдык жоопкерчиликти моюнга алганга жарабады. Мыйзам да, мораль да, абийир да садага чабылды. Мындай мыйзамсыздыкка жаны ачыган КСДП фракциясынан депутат И.Исаков нааразы болуп, президенттин өзүнө да бул маселе боюнча кайрылганын айтканы бар. Генерал-депутат антип өзүн соттогон судьянын "мурдун балта кеспей" Бакиев бийлигинин тушундагыдай эле иштеп жүргөнүнө канчалык кыжалат болбосун, тилекке каршы, бул окуяга КСДП негизин түзгөн бийлик тараптан "төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок" дегендей мамиле жасалды.
Кыргызстанда КСДП фракциясынан депутат И.Исаковго карата Бакиевдер тушунда болгон буюрт-ма сот ишине мына ушундай кайдыгер жасалып жатканда, укук коргоо орган кызматкерлеринин мындан башка мыйзамсыз иштери тууралуу сөз кылуу канчалык логикага жатат, аны айтуу кыйын. Бизде, Кыргызстанда мыйзамсыз соттолуп, мыйзамсыз кармалып, мыйзамсыз тескелип-тергелип жаткандарды четинен табасың. Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иштерине жаны ачыган нарындык эне өткөндө Акүй алдында өзүн өзү өрттөөгө аргасыз болду.
"Көлөш уурдагандар соттолуп, миллиондорду уурдагандар мамлекеттик ишмер" болуп, Акүй, Көкүйлөрдө отурганын айтпаганда, жалган айып, жалган күнөө менен соттолгондор четтен табылат. Айталы, ошол эле Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдор качандыр бир мезгилде саясый буюртма менен соттолгон деп акталып чыкпастыгына кепилдик барбы? Албетте, кепилдик жок. Бүгүнкү күндүн реалдуулугу ушул. Биз бүгүнкү күн менен гана жашап жатабыз. Андай болгондо, бүгүн аларды 1,5 жылга өкүм чыгарган судья тарых алдында, мыйзам алдында эмне деп жооп берер экен? Кеп мына ушунда.
Эгер, врач операция жасап жатып, оорулуу көз жумса, ал мыйзам алдында жооп берет. Же айталы, машина айдап бараткан айдоочу бирөөнү кокусунан койдуруп алса, бул да мыйзам алдында жооптуу. Болгондо да, аларды ошол эле укук коргоо орган кызматкерлери тергеп-тескеп, айыбын угузуп, өкүмүн чыгарат. Анда эмне үчүн, укук коргоо кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз иштери үчүн жооп бербеши керек? Алар деле адам өмүрүн, адам тагдырын оюнчук көрүп, ойноп жатпайбы. Туура эмес операция жасап адам өмүрүн кыйган врачтан туура эмес тергеп-тескеп, туура эмес өкүм чыгарган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айырмасы канча?
Соңку эле бир мисалды айталы. Үстүбүздөгү жылдын 11-январында Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылындагы үйүнүн жанынан ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди атып кетишкен эле. Окуя болгондон эки күн өтүп-өтпөй, 13-январда интернет-сайттардын бири ИИМдеги өздүк булагына таянып, Т.Шоноевди атып өлтүргөн деп шектелген адамдын ысымын жарыялады. Киллер 24 жаштагы Жылдызбек Карамбаев аттуу жигит экенин Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мелис Турганбаев да ырастап, анын Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин "ишенимдүү" билдирген. Арийне, андан он күн өтпөй, Жылдызбек Карамбаевдин бул ишке эч кандай катышы жок экени аныкталды. Демек, эл аралык "Алыш" белбоо күрөш федерациясынын президенти Алманбет Анапияевдин бул иш менен карым-катышы, тиешеси таптакыр эле болбогону айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Бул окуяда деле аларды шашылыш айыптаган тарап, тактап айтканда Ички иштер министрлиги, ошол эле генерал Турганбаев кабагым-кашым деп да койгон жок. Моралдык жоопкерчилик тууралуу унчукпай эле коелу.
Кыргыздын алыш күрөшүн дүйнөгө жайылтып, меценаттык иштер менен алек болуп жүргөн Алманбет Анапияевди кылмыш дүйнөсү менен байланыштырып айыптоо канчалык логикага сыят, ал тууралуу айтпай эле коелу. Мына арадан эки ай убакыт өткөндөн кийин, полковник Шоноевдин өлүмүнө тиешелүү деп шектелгендер кармалып, алардын ысымдары да белгилүү болуп отурат. Айтымда, бул кылмыш ишине барлардын алтоо кармалып, кылмыш тобунун анабашы качып жүрөт имиш. Бул жолу Т.Шоноевдин тиешеси барлар "кармалган экен" ишене туралы. Бирок, эгер бул жолу да чыныгы кылмышкерлер кармалбай эле, башка бирөөлөр айыпталып жаткан болсо, укук коргоо органдары жок дегенде моралдык жоопкерчиликти моюндар бекен?
Ошол эле, Шоноевдин өлүмү үчүн айыптуу деп кармалган Жылдызбек Карамбаевдин алдындагы моралдык жоопкерчиликти ким тартат? Ушул эле өлүмгө тиешеси бар деп күнөөлөнгөн эл аралык "Алыш" белбоо күрөш федерациясынын президенти Алманбет Анапияевден, анын ага-туугандарынан ким кечирим сурайт? Же укук коргоо органдары кимди кааласа кармап, кимге кандай кааласа айып коюп, күнөөлөй берсе боло береби? Эгер, бул жападан жалгыз факт болсо да, мейли бир жаңылыштык кеткен десек болор эле, бирок укук коргоо органдары депутаттан карапайым адамдарга чейин каалагандай калчап, каалагандай тескеп жатканда, мыйзам... мораль... абийир тууралуу айтпай коюуга мүмкүн эмес.




ЖКнын "жоруктары"
Эгемендикке жеткенибизден бери эле Кыргызстан итке минген кедейликтен арыла албай эле келе жатат. Кедейликтен канткенде арылабыз, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө эмне тоскоолдук кылып жатат? "Коррупция, жалкоолук, кайдыгерлик, изденбестик, оңой оокатка азгырылуу, түркөйлүк" деди белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин ушул темада сүйлөшүп калганыбызда. Ал эми коррупцияны, жалкоолукту, кайдыгерликти, изденбестикти, оңой оокатка азгырылууну, түркөйлүктү кимдер жаратып жатат? Каратаман карапайым элби? Жо-ок, кыргыздын бир ууч аксөөктөрүнүн, азыркы термин менен айтканда элитасынын эле өздөрү! Башкасын коёлу, баскан-тургандары, кылган иштери, сүйлөгөн сөздөрү, анан эң негизгиси - чыгарган мыйзамдары менен коомчулукка үлгү боло турган эл өкүлдөрүнүн органы болгон Жогорку Кеңеште жоругу жолдо калчу иштер жасалып жатса… эмнесин айтайын.

Жакында ЖКнын депутаттары канча айлык алаары жөнүндө сөз болуп кетти эле, айрым депутаттар, атап айтканда Курмантай Абдиев депутаттар канча айлык алаары менен кимдин кандай иши бар дегендей түр көрсөтүп койду. ЖК депутаттарынын бардык чыгымдары - чет өлкөлөргө командировкалары, ар кандай сыйлыктары, материалдык жардамдары, телефон менен сүйлөшүүлөрү ж. б. салыктын эсебинен төлөнүп жаткандан кийин кантип элдин иши болбойт?!
Ал-ал болсун, 2010-2011-жылдардагы Жогорку Кеңештин чарбалык иштериндеги "бардактарга" башбагалы. КРнын Эсептөө палатасынын текшерүүсүндө төмөнкүдөй маалыматтар ачыкка чыккан. 2011-жылы февралда ЖКнын иш башкармалыгы административдик имаратты жана бөлмөлөрдү оңдоп-түзөө демилгесин көтөрүп чыккан. Каржы министрлиги менен макулдашууга ылайык курулуш иштери 2 миллион 393,7 миң сомго жүргүзүлө турган болсо, алар "Гунель плюс" ОсООсу менен 3 миллион 15,1 миң сомго, тактап айтканда 621,4 миң сомго ашыкча келишим түзүшкөн. Албетте, ал акчанын кайда кеткенин бир Кудай билет?!
Айтмакчы, Өкмөт үйү тарыхый имарат болуп эсептелет. Демек, мыйзамга ылайык тарыхый-маданий мурастагы объекттерди бузууга, ордунан козгоого, түр-түспөлүн өзгөртүүгө дегеле болбойт. Ал үчүн өзгөчө шарттарга байланыштуу гана Өкмөттүн атайын токтому керек. Мисалы, бөөдө кырсыктын кесепетинен бузулуп калса же тарыхый, маданий, илимий, көркөмдүк балуулугун жогото баштаса. Аны менен таптакыр иштери да болгон эмес, алтургай долбоордук-сметалык документтерди да алышкан эмес.
Депутаттык пансионаттарда да бюджеттен каралган он миңдеген акчалардын орду түбү табылбай кеткендиги текшерүүдө ачыкка чыгып отурат. 485,7 миң сом кредитордук карыз негизсиз азайтылып, мыйзамсыз курулган "Алтын-Көл" пансионатына кириштелип кеткен. Бул пансионат жеке ишкер Сергей Косенкого карызкор болуп, анан эле 2010-жылы 255 миң сом, 2011-жылы 260,7 миң сом ижара акысын төлөөдөн бошотулуп калганына жол болсун.
Үй маселесинде да үйдөй болгон балекеттердин башы кылтыйып чыккан. Дегеле, ар бир чакырылышта өздөрүнө кызматтык квартираларды кантип да болбосун кымырып алууну каалаган депутаттар табылат. Болгондо да өмүр бою колдонуп калуу үчүн. Алардын андай аракеттери ийгиликтүү ишке ашып да келе жатат. Турсунбай Бакир уулу, Өмүрбек Текебаев, Арслан Малиев ж. б. ондогон депутаттар ушундай жолдор менен кошумча үй-жай күтүп калышкандыктары белгилүү.
Бакиевдик бийликтин алкымы ачылып, ошондон улам өлкөдөн куулду деп жатабыз. Ал эми бакиевдик бийликти кууп жибергендердин алкымын ким тыяр экен?
Президенттин Администрациясынын жетекчисинин жана ЖКнын төрагасынын чечимининин негизинде 2010-жылы жана 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында ар кандай сыйлыктарды ала беришкен. Айталы, 2010-жылы эле мындай сыйлыктар 16 миллион 432,9 миң сомду түзгөн. Алардын 5 миллион 90,6 миң сому 7-апрелден кийин иштебей жүргөн мезгилдерине "сыйлык" катары төлөнгөнү кызык.

(Уландысы эмки санда)







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"





Яндекс.Метрика