Кайрылуу
"Кыргыздардын" эч кимге кереги жокпу?

Биздин сиздерге кайрылып жатканыбыздын себеби төмөндөгүчө: 2012-жылдын 2-октябрында Кыргызстан Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, сүрөтчү Үсөн Сарыбаевдин борборубуздагы Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жеке сүрөт көргөзмөсү ачылып, анда автордун 30 жылдык эмгектери, анын ичинде көлөмдүү (180х4,5) "Кыргыздар" аттуу картинасы дагы коюлган эле.

Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаевге

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж.Ж.Сатыбалдиевге


Азыркы базар экономикасынын заманында бардык жерде ким болбосун ар бир күнүн, саатын текке кетирбеске аракет кылып, тыкыр эсепке алып берер натыйжасын көзөмөлдөп турган чакта бул картинанын башталыш бүтүшү 9 жылга созулуп кетиши анын тагдыр таржымалы демейдегидей эмес болгондугунан кабар берет. "Кыргыздар" чыгармасынын башында опол тоодой дүйнөлүк даңкы бар залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов турган жана анын иниси Илгиз Айтматов сүрөтчүгө практикалык иштерди уюштуруп берген. Бирок, Ч.Айтматовдун көзү өткөн соң түрдүү тоскоолдуктар пайда болуп, а түгүл өтө таасирдүү адамдар тарабынан картина бүтпөй калышы үчүн болгон чаралар жүргүзүлгөн. Натыйжада иш 2 жыл токтоп калган.
Акыры өткөн жайда "Кыргыздардын" жолу жумшарып бардык жоопкерчиликти алган демөөрчү да (Б.Исмаилов "Актык") табылып, жогоруда белгилегендей автордун көргөзмөсүнө күбө болуп отурабыз. Сөзсүз белгилей кетчү нерсе аталган эмгектин жаралуу мөөнөтү мынчалык узакка созулуп кеткенинин себеби, балким бул эң орчундууларынандыр, кыргыздын түпкүлүгүн түптөгөн саясий адамдарыбыздан баштап кыргыз адабиятын, маданиятын, илим-билимин өстүргөн жүздөгөн белгилүү инсандарыбыздын ар бирин өздөрүнө окшоштура тартуу зарылчылыгы, аны да оңой жол графика же гравюра аркылуу эмес сүрөттүн сансыз эрежелерин боюна камтыган, тандалган, оор татаал түрү живопись тилине салынышы, анан калса мындагы адамдарды жаратылыш асман тоолор коштоп, ошентип, жалпы тартыла тургандардын масштабдуулугунда да эле. Арийне кандай гана эмгек болбосун башка критерийлерден мурун анын сапатына каралат эмеспи. А "Кыргыздарда" бул маселе кудайга шүгүр десек болот. Ошондой экенин бул чарбанын казанында кайнаган, ак-карасын так ажыраткан таасын сүрөтчүлөрдүн, демек автордун кесиптештеринин, башка айтылуу инсандарыбыздын, чет элдиктердин, жалпы көрөрмандардын калтырган пикирлери же алардын биздеги алдыңкы саптагы массалык маалымат каражаттарында айткан, жазган ойлору бекемдейт. Демек, кыргыз сүрөт өнөрүн толуктаган, кыргыз элинин энчисине айлана ала турган бир чыгарма жаралды деп тайсалдабай айта берсек болчудай.
Эми "Кыргыздардын" мындан аркы тагдыры кандай болмокчу? Кеп оролу ушунда. Дүйнөлүк сүрөт өнөрүнүн кайра жаралуу доорунан берки бир жарым миң жылдык тарыхында мындай бир алгылыктуу, ишенимдүү жол практикаланып келет. Бир гана мисал тарталы. Орустун улуу сүрөтчүсү Александр Иванов (кийин орус сүрөт искусствосунун шедеврине айланган) "Иисустун элге келиши" аттуу картинасын Италияда тарткан жана ого эле көп жылдарын арнаган. Өз улутун анын келечегин ойлогон ошол кездеги орус падышасы Александр II ал жөнүндө угат да сүрөтчүнү картинасы менен кошо мекенине алдыртып алат. Эмгегине жараша анын көңүлүндөгү бааны төлөйт, кийинки турмушуна шарт түзүп берет.
Көрүнүп тургандай бир мамлекет ичинде мындай маселени чечүү кыйынга деле турбастай. Эми акырында, корутундулап айтаарыбыз жана жалпы элдин да ою, күткөнү ушул экенин эске алып, Сиздерден бул аталган нерсеге көңүл бурууңуздарды суранаар элек. Ал эмгек баркталса, бааланса, аталган сүрөт музейинин энчисине өтүп, анда дурустап сакталып, каалаган адамдар каалаган учурларында барып көрө алышса. Мындай жагдай, шарт жалпы журттун талабына да ылайык келген болор эле.
С.Жусуев - Кыргыз эл Баатыры, И.Айтматов - Академик, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Т.Садыков - Кыргыз эл Баатыры, Лениндик сыйлыктын лауреаты, Э.Акрамов - Кыргыз эл Баатыры, М.Мамытов - Кыргыз эл Баатыры, О.Султанов - Кыргыз эл акыны, К.Даутов - КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, С.Мамбеткалиев - Чүй университетинин ректору, академик, К.Абдиев - Жогорку Кеңештин депутаты, К.Осмоналиев - Олимпиаданын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, К.Осмонов - Жогорку Кеңештин депутаты, Э.Эрматов - Жогорку Кеңештин депутаты, К.Осмоналиев - Жогорку Кеңештин депутаты, илимдин доктору, профессор жалпысына катка 54 адам кол койгон.




Жанытма
Кыргызбайдын жапонду конокко чакырганы
Кыйла оокатты жыйып , жакшы эле тыңып алган Кыргызбай жатып-жатып минтип ойлонот: -Атаңдын көрү-ү-ү, бул эгемендик дегениң сонун болот турбайбы. СССР деген атам өлгөндөн бери жыйырма жылдан ашык убакыт өттү. Акыбалым анча жаман эмес. Курсак ток, кийим бүтүн дегендей. Карызга болсо дагы берип атышат. Кытайы бир жагынан, орусу бир жагынан колдоп, тээтигинден ары жаткан ата-жотосу бөлөк Америкадан бери аянышкан жок! Биринин акчасын алып там салдым. Дагы биринин акчасына машине алдым! Кийиндим-ичиндим. Кудайга шүгүр эле болуп калдым азыр. Эми мына бул жапондорду бир имерип көрөйүн атасынын көрү. Кантсе да, кебетебиз окшош журт эмеспизби, бир нерсе берер?!
Ошону менен Кыргызбай жапонго телеграмма уруп турганы: "СССР деген атам сексенге чыгып өлүп, жетим калдым. Ошондон кийин эле кары-картаңдарым, кыз-кыркыным, бала-чакам дурус каралбай калды. Кыйналып үй жайсыз жүрүшөт.
Эптеп бир келип, акыбалыбызды өз көзүңүз менен көрүп, анан карызга болсо дагы акча жагынан каралашсаңыз бир тууганчылык кылган болоор элеңиз. Андан калса биз жакта сиздин ата-бабаңыздын атынан коюлган шаарлар, кыштактар бар!
Борбор шаарыбызга жакын эле жерде "Соке-Луке" деген шаарыбыз бар. Аны биз кыргызчалатып Сокулук деп коебуз! "Токи-Маки" деген илгери сиздин бабаларыңыз мекендеген дагы бир шаарыбызды кыргызча Токмок деп жүрөбүз.
Ошолорду өз көзүңүз менен көрүп, анан жанагы "бечара балдарга" деген жардамыңызды берип кетсеңиз жакшы болот эле?!
Бул телеграмма колуна тийгенден кийин Жапон шашылыш жолго чыкты. Кыргызбайдын айтып аткандарын өз көзүм менен көрүп, кыйналып аткан бечераларга колдон келген жардамымды берип келейин деген ой менен самолетко отуруп, сабалап учуп, Кыргызбайдыкына келип түштү.
Кыргызбай болсо келген конокту төрт кабат тамынын төрүндө, кучак жая тосуп алды. Толгон даамды көтөрө албай үстөл үстү кайкалайт. Кыргызбайдын короо жайында болсо бир кемчилик жок! Баары ойдогудай! Бөлмөлөрүнүн чоңдугун айт!
Жапон менен Кыргызбай маңдай-тескей олтуруп алып, сүйлөшүп атышат. Кепти Кыргызбай баштады:
- Ушул анан, жатабыз! Баары эле кудайга шүгүр! Өзүңүздөрдө эмне жаңылык?!
- Бизде деле иш! Жол салмай, балык кармамай, бак өстүрмөй, техника ойлоп чыгармай. Түрдүү долбоорлорду ишке кийримей! Иши кылып тынбаган тиричилик!
- Ошол анан бир тууган эл экен деп конокко чакырып, алдыңыздан өтөйүн дедим! Биздин акыбалыбыз оор экенин көрүп атасыз! Жетим балдарыбыз көчөдө үй- жайсыз жүрүшөт! Курсактары дагы ачка! Кийимдери жыртык! Ошолорго кайыр кылып, бир аз акча бербесеңиз болбой калды?! Көп экен, аз экен дебейбиз, бергениңизди ала беребиз?!
Ошондо жанатадан бери көргөндөрүнө таң калып эсин жыя албай олтурган Жапон ордунан атып турду:
- Сиз антпеңиз тууган?! Мына мындай хан сарай биздин жапондордун императорунда да жок! Мындай тамак ашты он үйлүү жапон бир айда дагы жеп түгөтө албайт! Корооңузда эле жети машине турат! Мындай кымбат баалуу машиненин менде бири жок!
Сиз менден жардам сурамак түгүл кайра жардам беришиңиз керек экен! Ушунча дүнүйөңүз туруп сиз жардам сурасаңыз, анда биз каякка барабыз!? Сиздикиндей байлыкка жетиш үчүн Жапондор дагы жүз жыл тынбай иштешибиз керек турбайбы!?
Ушинткен жапон самолетуна шашып түшүп, сабалаган боюнча кайра мекенине учуп кетип калды.
Ошондо Кыргызбайдын аялы алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп минтип кейип атат имиш: "-Бул акмагың сыксаң кан чыкпаган неме көрүнөт! Бекер эле чабылып, чачылып мынча чыгым болуппуз да?!" - десе Кыргызбай:-Ошону айтсаң! Мен дагы жымшыйган урганды киши экен дебедимби?! Кичине болсо дагы акча таштаса, салып аткан дачабыздын үчүнчү кабаты бүтүп калат эле...
Чоңкобай