Ат-Башы менен Чоң Алай
соода борборлору болмок...

Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айыл аймагына жана Чоң-Алай районуна караштуу Нура айыл аймагына соода-сатык , тейлөө жана транзиттик борборлорду (Терминал) куруу зарыл. Эмне үчүн?

Бүгүнкү күндө 539 чакырым Бишкек-Торугарт автожолу оңдолуп, түздөлүп жатат. Бул жолду оңдоо- түздөөгө миллиондогон доллар өлчөмүндө каражаттар сарпталууда. Бирок, ошол эле учурда Кытайдан товар ташыган жүк ташуучу автоунаалар эбегейсиз чектен чыккан оор жүктөрдү ташуу менен кайра эле бул жолду талкалап жатабыз. Бул көйгөйлүү маселени чечүү максатында өкмөт оор жүктү ташууга атайы чектөө киргизгени менен иш аягына чейин аткарылбай келет. Мындан тышкары оор жүк ташыган автоунаалардын айынан жолго жакын жайгашкан айылдардагы үйлөрдүн дубалдарынан жаракалар кетип жана алардын жер дүңгүрөткөн үнү түнкүсүн уйку бербей келерин жергиликтүү айылдын тургундары ар качан айтып да маалымат булактарынан жарыялап келишет. Казакстан, Россия, Өзбекстан өз аймагына бизчилеп мындай оор жүк ташыган машинелерди киргизишпейт. Ал эми бизде болсо, бул оор салмактуу машиналар бир ууч коррупциялашкан чиновниктердин чөнтөгүн "кампайтып" келет десек жаңылышпайбыз.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздө жумушсуздук күн сайын күч алууда. Кыш узакка созулган дыйканчылык кылганга мүмкүнчүлүгү болбогон тоолуу Ат-Башы, Чоң-Алай районундагы көпчүлүк жаштар жана орто муундун өкүлдөрү жумушсуздуктун айынан борбор шаарыбызга агылып келип, андан ары башка чет өлкөлөргө да жумуш издеп чыгып кетүүдө. Жумушка жарамдуу жаштар калбай, чек араны коргоо маселесинде түрдүү көйгөйлөр жаралууда.
Эмигранттар маселеси да бүгүнкү күндө көйгөй жаратууда. Ар кандай жолдор менен жарандык күбөлүгү жок, визасыз, жапайы жолдор менен (М: товарлардын арасында, чоң муздаткычтардын ичине кирип алып ж.б. жолдор менен) кытайлар келип эле жатышат. Россия федарациясы чыгыш аймактарынан кытай жарандарын чыгара албай убараланып жатса Бишкекте батирди ижарага алган чет элдик жарандардын 40% кытайлар түзөт.
Жергиликтүү серепчилер кыргыз баш болгон башка улуттар сыртка агылып жаткан чакта, кытайлыктардын көбөйүшү өлкөнүн демографиялык процессине чоң кесепети тийиши ыктымал экенин айтышууда. Ал тургай бул көрүнүштү Кытайдын жылжыма саясаты (экспанциясы) катары да сыпаттагандар жок эмес.
Дордой базарында кытайлар товарды өздөрү алып келишип, өздөрү сатышат.Учурда "Дордой" базарында кыргыздан кытай көп. Кытайлардын көпчүлүгү бул жакта калып, Кыргызстандык жарандарга үйлөнүп, биротоло калып калууда.
Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары да ушул көйгөйлөргө кайрылып, кытай жарандары мыйзамсыз жолдор менен Кыргызстанда көбөйүп жатканын, айрым такталбаган маалыматтарда алардын саны 100 миңден ашканын, кыргыз-кытай биргелешкен ишканаларда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой, жумушчулардын өзөгүн кытай жарандары түзүп жатканын парламент жыйынында айтып чыгышты. Бул маселелер Жогорку Кеңеште да козголуп, чечилбеген көйгөй катары айтылганы менен жыйынтык жок.
2011-жылы Кыргызстан чет элдик жарандарга деп, 10 500 квота бөлсө, ири долбоорлордон улам алардын саны 2012-жылы 2 миң адамга жогорулаткан, ал эми ошол чет элдик жарандардын 85% кытайлыктар түзгөн.
Кытайлыктарга жергиликтүү тургундар тарабынан нааразычылыктар да жок эмес. Мисалы: Тоо-кен тармагында иштеген кытайлыктарга каршы Чаткал, Бакай-Ата, Кемин, Жайыл райондорундагы жергиликтүү элдин нааразылык митингдери жана башка Кара-Балта шаарындагы мунай иштетүүчү заводдогу, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууда жергиликтүү эл менен кытайлыктардын ортосундагы келишпестиктерин айтсак болот.
Кыргызстандагы эң коррупциялашкан тармактардын бири бул -Бажы кызматы. Бул элдик баа тээ илтертеден бери айтылып келатат. Бирок, чоң-чоң жетекчилерибиз негедир бул маселени кеп кылгылары да келбейт. Ушундан улам коррупция менен күрөшүү саясий күчтөрдүн ортосунда компроматтардын кармашы гана болуп аткандай сезилет. Эл аралык изилдөөлөргө караганда, Кыргызстанда Бажы кызматы коррупция боюнча дүйнөдө 3-орунда турат.
Кыргыз бажы кызматы аябагандай коррупцияга батып калганын жана алардын кесепетинен канчалаган бажылык төлөмдөр мамлекетибиздин бюджетине түшпөй жатканын Кыргызстанга экспорттолгон товарлары туурасында Кытай Эл Республикасын берген маалыматы менен Кыргызстан бажы кызматынын маалыматынын ортосундагы миллиондогон доллар айрымачылыктардан улам баамдаса болот. Кытайдан чектен ашкан оор жүк ташып келген бардык автоунаалардын жүктөрүн аталган борборго түшүрүп, атайы көзөмөлдөн өткөндөн кийин тараза аркылуу чектен ашпаган оор жүктү жөнөтүү менен жаңы салынып жаткан унаа жолубузду сактап кала алабыз жана чектен ашпаган жүк ташуучу унаалар жергиликтүү элдин да тынчын алмак эмес.
Жогоруда айтылган соода-сатык, тейлөө жана транзиттик борбор курулуп иштей баштаса 3000ден 6000ге чейин жумушчу орундар түзүлмөк жана аты аталган айыл аймагында заманбап жатаканалар, кафе-ресторандар жана башка тейлөө борборлору ачылып, элдин саны үзүлбөгөн шаарчага айланмак. Чек арага жакын жайгашкан жергиликтүү элге жумуш орундары түзүлүп, жаштар жана орто муундун өкүлдөрү жумуш издеп башка өлкөлөргө тентимек эмес.
Кытайдан Кыргызстанга жүк ташыган автоунааларды аталган борбордон ичкери өткөзбөй, кайра артка кайтаруу менен Кыргызстанга келген товарды өлкөнүн жүк ташуучулары, тагыраак айтканда, Кыргыз мамлекетинин каттоосунда турган жүк ташуучу автоунааларга жүктөп, тараза аркылуу чектен ашпаган өлчөмдө тиешелүү багыттарга ташууда, бардык Кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар жумуш менен камсыз болмок.
Аталган борбордон Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды артка кайтаруу менен бир нече кытай шоопурлары ичкери кирбей калмак. Ал эми соода-сатык борборунда товардын баасы азыркы "Дордой" базарындагы товардын баасынан да арзан болуп, базар багытындагы Кыргызстандык ишкерлер чек арага жакын жайгашкан соода-сатык борборунан товарларды өздөрү "Дордой", "Мадина", "Кара-Суу" жана башка базарларга ташып кетишмек. Мындай жол менен Кыргызстандын ичиндеги ири- чоң базарлардагы Кытай жарандарынын аягы да тыйылмак жана дагы катуу көзөмөлдүн негизинде жашыруун жол менен жарандык күбөлүгү, визасы жок Кытайлык жарандар кире алмак эмес.
Соода-сатык, тейлөө жана транзиттик борборлордо атайы заманбап кампалар,чоң жүктөрдү өлчөй турган таразалар, санитардык жабдуулар менен Маалыматтарды тарката турган бирдиктүү маалымат түйүнү болушу шарт. Бардык алынып келген товарларды кампаларга түшүрүп, андан кийин анын курамында радиациялык, ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдөрдөн өткөзүп жана бажы төлөмдөрүн жүргүзүү керек.

"Кыргыз Чоролору"
коомдук бирикмеси






Үйрөнгөн адат калабы?
ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери 5 адамдан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Эргулдар Бишкектин К. Акиев көчөсүнөн "Мерседес Бенц", Малдыбаев көчөсүнөн "Ауди В4", Толстой көчөсүнөн "Лексус-470" машинелерин уурдай качып, андан ары көлдү көздөй жол тартып, Балыкчы шаарындагы бирөөнүн дүкөнүнөн 3 ноутбук, 2 санарип фотоаппарат жана алтындан жасалган буюмдарды согуп кетишкен. Уурдалган "Лексус-470"автоунаасы Москва районунун Беловодский айылынан кылмышка шектүүлөрдүн биринин үйүнөн табылган. Көрсө булар мурун да мындай жортуулдарды жасап көнгөн немелер экен. Учурда тергөө амалдары уланууда.


Судьяга кылмыш иши козголду
Ысык-Көл облус-тук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз чечим кабыл алгандыгы үчүн Тоң райондук сотунун судьясына Кылмыш жаза кодексинин 304, 315 жана 328-беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Аталган кылмыш ишинин козголушуна жергиликтүү тургундун Тоң райондук сотунун судьясынын мыйзамсыз чечим кабыл алуусуна байланыштуу арызы себеп болгон. Аталган судья мындан тышкары 2012-жылдын 19-июлунда да мыйзамсыз чечим кабыл алып, бирок ал аракетинин изин жашыруу үчүн мурда берген арызын кароосуз калтыруу боюнча арыз жаздырып алган экен.

"Жихадчылардын" тобу кармалды
УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунда "жихад" идеясын мамлекеттик бийлик жана конституциялык түзүлүшкө каршы үгүттөгөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
26-27-март күндөрү аталган райондун администрациясынын жыйын залында Кара-Балта шаарындагы "жихад уюму" тобунун алты мүчөсүнө жана алардын туугандары менен дин өкүлдөрүнө түшүндүрүү жана алдын ала эскертүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Жогорудагы диний-экстремисттик топтун мүчөлөрү өздөрүнүн катачылыгын моюнга алышып, башкаларды да мындай жолго түшпөөгө чакырышты.