Кыргыз милициясынын өңү
Бобушевдин өңүндөйбү?
Буга чейин ИИМ Академиясынын "этегинен чыккан" кадрлар ИИМдин айрым чала сабат кадрларынын катарын көбөйтүп жаткандыгы туурасында көп эле айтылып, жер жайнаган фактылар келип чыгууда. ИИМ жетекчилеринен эч кандай реакция байкалбайт. Аларды кетсин деген эч ким жок. Ансыз деле шапкедей алмашып жатат.

ИИМдеги чубалган
чуунун илинчеги
Башка мамлекеттерде жетекчилик өлкөнүн калкынан кечирим сурамак. Россияда үч жыл мурун Денис Евсиков деген көпкөн майордун ызы-чуулуу окуясында ошол кездеги ИИМ министри Рашид Нургалиев россиялыктардан кечирим сураган. Кечирим сурагандан "капталы кыйшайып" калган жок, үч жылдай ордунда иштеди. Биздин мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилердин "кетсин" деген сөздөн ооздору күйүп калып, "баланчадай окуя үчүн кечирип койгула" дегенден коркушат. Болбосо ИИМ жетекчилиги калктан кечирим сурай турган окуялар көп эле болуп кетти. Башкаларына токтолуп отурбасак да Академиянын жетекчилигин пара алган окуясы менен кылмыш ишинин материалдарын "оптом" салып алып көчөдө жүргөн милиция кызматкерлеринин кылыктары үчүн калктан кечирим сурамак. Анткени "ашмалтайы чыккан" Академияны бүтүрүп, милиция кызматкерлеринин катарында иштеп жаткан чала сабат кадрлардын айынан канчалаган адамдар "кылмышкер" аталып, түрмөдө отурат же тескерисинче көчөдө тайраңдап жүрөт.
Кылмыш ишинин материалдары тууралуу чыр ИИМ Академиясынын чырынан бир ай мурун чыккан. Бул деле Бишкек-Ош жолу өткөн Сокулуктун Романовка айылынан чек ара кызматкери, майор Алмазбек Акматов сабап кеткен эргулдардын окуясы болбогондо жабылуу турмак беле, ким билет?
Майорду сабап машинасын айдап кеткен экөө тез эле кармалып, машина да көп өтпөй Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган. Тонолгон машина деле, кадимки кылмыш ишинин далили катары күндүн бүктөмүндө калып кетет беле багажниктен табылган кылмыш ишинин делолору болбогондо. Майорду сабагандардын бири 23 жаштагы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, экинчиси ошол эле Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Мукамбет Көккөзов болуп чыккан. Тергөөчү Самат Бобушев кызматына кечээ жакында эле дайындалган. Аталган кылмыш ишине ылайык бул экөөнө Кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Сокулук райондук прокуратурасы өзүнчө тергеп жатат. Бул эми башка сөз. Болгону ИИМдеги чубалган чуунун илинчеги.

Багаждан табылган кылмыш ишинин
материалдары
Акыл-эси жайында адамдар иштеген тармакта ар бир документке кылдаттык менен мамиле жасалышы керек. Ал эми багажниктен табылган кылмыш ишинин материалдары айрым кыргызстандыктардын жашоосунда чоң орунду ээлейт. Анткени, мына ушундай кылмыш иштери айрым адамдардын жашоосунун өзгөрүшүнө, айрымдарынын тагдырынын талкаланышына алып келет. Мындай кылмыш ишинин материалдарынын орду мас болгон тергөөчүнүн багажында эмес, архивде же болбосо тергөөчүнүн сейфинде болушу керек. Же болбосо соттун кароосуна жөнөтүлүшү керек. Мас абалында кылмыш ишин жасаган тергөөчүнүн багажынан 35 кылмыш ишинин делосу табылган. Кыскарган жана токтотулган кылмыш иштери, а түгүл соттун кароосуна коюла тургандары да болгон. Албетте, кылмыш ишинин материалдары болгондон кийин уурулук, тоноо, а түгүл жоголуп кеткен кылмыш ишинин материалы боюнча делолор табылган. Ток этээрин айтканда 35 кылмыш ишинде 35 адамдын, алардын үй-бүлөсүнүн, жабырлануучулардын тагдырын кошкондо бир далай адамдын тагдырына байланышкан маселе жаткан. Бул Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тажрыйбасы жок, аракка көпкөн тергөөчүсүн, жетекчисин баш кылып ойлонткон эмес. 20 материал кылмыш ишин козгоодон баш тарткан, дагы 10 иш эч кандай чечим чыгып, чара көрүлбөгөн, а түгүл кылмыш ишин козгоо тууралуу арыздар табылган. Табылган кылмыш иштин делолорунун көбү 2011-жылга Самат Бобушев алгач иштеген Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына таандык болгон. Эгер Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына таандык кылмыш ишинин делолору Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын мас кызматкеринен табылса, демек башка райондордун жоголгон кылмыш иштери дагы бир кызматкердин багажнигинде жатат. Редакцияга жыл ичинде "кылмыш ишинин жоголушунан" запкы тарткан канча адам кайрылды. Канчасына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан илең-салаң жооп келген эле.

Аткан окту
житкен ок таап…
Акыры чуусу чубалган Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын иш аракети текшерүүгө алынып, бир катар кылмыш иштер чала-чарпыт, сабатсыз каралганы калкып чыккан. Арасында айтылуу Нурлан Мотуевдин өзү "саясий өң берген" кылмыш иши да бар. ИИМдин тергөө башкармалыгы аталган кылмыш ишин "чала өлгөн жыландай" тергелгенин аныкташкан. А түгүл "Нурлан Мотуевден коркуп кетишип кыскартканбы?" деген ойго келишкен. Анткени кылмыш ишиндеги одоно, сабатсыз, профессионалдуу эмес иш аракет мына ушул ойго жетелейт.
Евгений Пак деген наркоман шордууга 2 миң сомдук DVDнин уурдалгандыгы боюнча кылмыш иши ачылып (текшергендер наркомандын колунан келгенине деле ишенишкен эмес), Свердлов райондук соту аны бул эпизод боюнча 2 жыл 6 айга соттогон. Аталган райондун тергөөчүсү Жеңишбек Бекболотов сурап алаары жок наркоманга 22 кылмыш ишин илип, далайын өндүрүштөн кыскартып, отчетун өткөрүп, жогорудагы кылмыш ишин гана сотко өткөргөн. Свердлов районунун "гумандуу" соту Евгений Пактын милиция кызматкерлери тарабынан басым жасалгандыгы, кылмыш ишине тийиштүү делген жагдайлар мыйзам бузуулар менен каралгандыгы туурасында прокурорго арыз жазганына, 2 миң сомдук DVD үчүн наркоманга 2 жыл 6 ай берип койгон. Мына ушул Жеңишбек Бекболотовдун жана анын кесиптештеринин адам өлүмү менен коштолгон кылмыш ишин Бишкек шаарынын тургунуна илип, анын оңбогондой мезгилге соттолуп кеткендиги, муну менен эле тим болбой айыпталуучунун энесин койдой тепкилегендиги туурасында жазып, өзүнөн жооп ала албай койгонбуз. "Гезит менин теңимби?" - деп жоопко келбей койгон.

Бир күндө
50 кылмыш иши...
Адамдын тагдыры менен ойногон Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү Олег Суховольский деген дагы бир шоркелдейди кармап алып, бир күндө 50 кылмыш ишин мойнуна илген.Өткөн жылдын ноябрь айында Свердлов райондук соту аны төрт эпизод боюнча 3 жыл 8 айга түрмөгө кесип, маселесин бир жагына каратып койгон. Ал эми берки бир күндө козгогон кылмыш ишин тергөөчү ошол эле күнү кыскарткан. 50 кылмыш иши боюнча жабырлануучулар өздөрү баш тарткан, "доосу жок" деген сыяктуу кагаздарды кошуналарына, балдыздарына жаздырган тергөөчү Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын отчетун ошентип, "оптом" бүтүргөн.
Свердлов раойондук ички иштер башкармалыгынын "жемине" айланган Г. Ким деген шордуу 45 гр гашиш менен эле кармалып, бат эле 34 кылмыш ишинин күнөөкөрү болуп чыга келген. Жогорудагы эле схема менен 34 кылмыш иши кандай болсо ошондой кыскарып, ошол эле райондун райондук соту аркылуу 45 грамм нашаа үчүн шордуу Ким 3 жыл колония-поселенияга кесилип кеткен.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгын текшерген учурда болжол менен бир жарым миңдей кылмыш ишинин делолору жетпей калган деген маалыматты ИИМ тактаган менен, прокуратура сандаган кылмыш иштерин козгоду. Бул кылмыш иши боюнча делолордун бир аз бөлүгү жогоруда айтылган Самат Бобушевдин багажнигинен табылбады беле. Калганы дагы бир көпкөн тергөөчүнүн багажында жүрөт чыгаар. Арасында 14 кылмыш иши айыпталуучу эл аралык издөөдө жүргөндөр туурасында болгон. Көпчүлүгү кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерине байланыштуу материалдар болгон. Пак менен Кимге окшогондор турганда, милиция кызматкерлери убара болуп эмне кылат. Бир күндө "оптом" кылмыш ишинин материалын кыскарткан схема иштеп жатса.

"Убалдан
коркпогондордун"
министри…
Бул кокусунан гана былтыйып чыгып калган фактылар. Бир чети Самат Бобушевге рахмат. Ал майорду сабабаса бул ызы-чуу калкып чыкмак эмес. Калкып чыкпаса деле карапайым калк жакшы билчү ИИМде мындай схема илгертен иштээрин. Болгону өздөрү айткандай "по личному" кармалбагандан кийин беттери тултуюп жүрүшкөн. Буга ИИМдин Академиясынын окуясы кошулду. Академиянын деле маал-маалы менен койгон концертине карапайым калк көнүп бүткөн.
Болгону адам тагдырын оюнчуктай көргөн (баары деген жерибиз жок, кантсе да ИИМдин 80 жылдан ашуун тарыхы бар), убалдан коркпогондордун министри Абдылда Суранчиев аксакал эмнеге унчукпайт? Бул сыяктуу окуялар ага чейин болдубу, анын тушунда болдубу, бул негизгиси эмес. Абдылда аксакал өмүр бою ички иштер тармагында иштеп, генерал болгон. ИИМди жетектеген. "Кыргызстандыктар, кечирип койгула, мурун деле мындай иштер болуп келген, ушундай былтыйган иштерибиз чыгып ИИМ тармагы ит болуп калдык" деп коюш кыйынбы? Же ИИМ тармагына ушунча адамдын талкаланган тагдыры оюнчукпу? Кыргызстандыктарды түйшөлтүп турган маселе ушул болсо керек….