Кутман карыны "Эл баатыры" наамына көрсөтсөк да, ашыктык кылбайт
Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде Тоң районунун Ала-Баш айылында жашаган 125 жаштагы Ракыя Бөлөкбаева апа тууралуу, кутман кары кайдыгерликтин айынан жалгыз жашап, өлбөстүн күнүн көрүп жаткандыгы жөнүндө бир нече макала жарык көргөн эле. Пенде экенбиз, макалалар жарык көргөн соң редакциябызга апанын 125 жашка чыккандыгы боюнча күмөн санаган телефон чалуулар болуп, а түгүл айрым кесиптештерибиз "Алиби" жалганды чын катары уруп жатат" деп да жазып чыгышты.
Бир нерседен күмөн санаган жагынан биз алдыга киши салдырбай калдык окшойт. Апанын 1978-жылдын 31-июлунда алган советтик үлгүдөгү паспорту турат. 1888-жылы төрөлгөн деген жазуусу менен. Ал кезекте азыркыдай болуп, кожоюну Омор ЗАГСка барып акча берип, жаздырып алды дейсиздерби? Менин билишимче, совет учурунда паспортту жасамак турсун, туура эмес маалымкатты жаздырып алуунун өзү да кандай кыйынчылыкка тургандыгын улуу муундагы замандаштарыбыз жакшы билишет. Апа өз сөзүндө 1916-жылдагы Үркүн окуясында турмушка чыккан келин болгондугун, кайненеси, абышкасы болуп Тоң ашуусу аркылуу Кытайга качып баргандыгын, андагы тарткан азап-тозогун, кайра кантип кайтып келгендигин айтып жатпайбы.
Ушунча жашка чыгып отурган апабыз "Кожоюнумдун коломтосунда болом, өлсөм сөөгүм ушул жерден чыксын" деп, карылар үйүнө барууну каалабай тургандыгын айткан. Апанын кыргыз аялдарына тиешелүү касиетине, салтка бекемдигине таң бербей кое албайсың. Келген соң биротоло орун-очок алып, өмүрлүк жубайынан ажыраса да өз өмүрүн курмандыкка чалган кыргыз аялдарына гана тиешелүү касиет. Ч.Айтматовдун чыгармасындагы жолдошу Субанкулдан, үч баласынан бирдей ажырап, Жанболотун медер тутуп жашаган Толгонайдын эрдигинен Ракыя апа эмнеси менен кем? Толгонай апа сыяктуу эле Ракыя апа да коломтонун отун өчүрбөй, ал аркылуу үй-бүлөнүн, кыргыз элинин учугун улап жатканы жалганбы? Мына ушул касиет, мына ушул эрдик кыргыздын кылымдардын кыйырында жок болуп кетпей, бүгүнкү күнгө жетишинин негизиби деп ойлойм. Ракыя апанын эрдиги ааламдашуу процесстери улам "оп" тартып бараткан заманда бүгүнкү жаштар үчүн үлгү болуучу көрүнүш. Көрсө улуу салтыбыздын учугу үзүлбөптүр.
Кутман куракка келип, жалгыздыкта өлбөстүн күнүн кечирип жаткан Ракыя апанын тагдырын элге жеткирип, өзү айткандай "чымчыктай жашы калганда" бир чөгүн ысык чай ичип, жакшы шартта жашаса экен" деген тилегибиз гана бар эле. Бул максатыбыз ишке ашты. Апаны туугандары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шартын түзүп, жакшылап карап жаткан учуру. Ракыя апа улуулардан калган салтты кармап, бизге үлгү болуп отурса, жетим-жесирин таштабаган, жардамга муктаждарды асырап алган салтыбызды биз унутуп калганыбыз туурабы?




Талант тарыхы
Тентимиш Мураталиев, Кыргыз эл артисти, профессор:
"Калый агай чыгармачылыгын бийликтен бийик койгон"

Кыргыз музыка дүйнөсүндө чолпон жылдыздай жаркырап бийиктен көрүнгөн улуу талант, чыгаан композитор жана мыкты дирижерубуз Калый Молдобасановдун ысымын Кыргыз Улуттук Консерваторияга ыйгаруу тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Тилекке каршы, ал токтом бүгүнкү күнгө чейин айрым каршы пикирлердин айынан ишке ашпай келет. "Чын эле Калый Молдобасанов деген ким болгон, окуу жайга атын берүүгө татыктуубу?" - деген суроолорго жооп издеп, Калый агайды жакындан тааныган шакирттеринин бири, профессор, Кыргыз эл артисти, Тентимиш Мураталиевге учкай собол менен кайрылдык.

- Тенти мырза, Калый Молдобасановдун коюн-колтук алышып бирге иштешкен шакирттеринин бири экенсиз. Устатыңыз кандай адам эле, анын чыгармачылыгы, өмүрдөгү баскан жолу тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- Калый Молдобасанов XX-XI-кылымдын залкар композитору, кайталангыс улуу талант. Орус элинин мыкты дирижеру Юрий Темирхановдон кем эмес дирижер, акылгөй, ошол эле учурда адамгерчиликтин туу чокусуна чыккан сыймыктуу инсан эле. Калый агай менен мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда чогуу иштешип калдым. Агай анда ректор, мен партиялык уюмдун катчысы жана вокалдык-оркестрдик декан элем. Агай башкалардан баскан-турганы, орчундуу маселелерди орду менен чече билген кеменгерлиги менен айырмаланып турар эле. Бир жылдары Модест Мусоргский атындагы Урал консерваториясынын илимий иштери боюнча проректору, музыка таануу илиминин доктору, профессор Вольпер Нина Алексеевна бизге командировкага келгенде, "кыргыз эли бактылуу эл, дүйнө сыймыктаган ушундай композитору бар" -деп айтканы эле. Чындыгында эле биз сыймыктанып туу туткан агайыбыздын бейнеси ошондой болчу. Калый агай өзүнүн чыгармачылыгын бийликтен бийик койгон. Буга далил, ректорлук кызматка кызыкпастан өткөрүп берип, өмүрүнүн акырына чейин чыгармачылыгын өркүндөтүүгө найзадай тике сайылган.
- Калый агай Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына басым жасачу дешет…
- Адабиятта Айтматовдун орду кандай болсо, музыка маданиятыбызда Молдобасановдун орду так ошондой десем жаңылышпайм. Экөө чыгармачылыктын чыйырында өнөк катары бирге болушту. 1976-жылы "Саманчынын жолу" балет-ораториясы Мос-ква шаарында коюлуп, "мен, мен" деген улуу композиторлордун купулуна толуп, абдан бийик деңгээлде бааланган. Ошондо бул балет-оратория Советтер Союзунда чоң жаңылык болуп, Кыргызстандын аты бир дүңгүрөгөн эле. Каардуу согуш капшабы ар бир үй-бүлөгө тийген согуш мезгилин чагылдырган бул балет-ораториядагы музыканы угуп, спектаклди көргөндөрдөн ыйлабаган киши калган эмес десем ашыкча болбос. Музыка-улут тандабайт. Ошондо көрүүчү болуп залда олтурган кесиптешим Виктор Сурцуковдун көзүнөн салаа-салаа жаш кетип, "Калый Молдобасанов гений" - дегени эсимде. Мына музыканын сыйкырдуу күчү… Согуштун кесепетинен күйөөсүнөн, үч баласынан ажыраган Толгонайдын үнүн, "Жалгыз аялдын ыйы" -деген аталыштагы муңканткан, зарланткан музыканы уккан киши кантип ыйлабасын! Биз сөз кылып жаткан "Саманчынын жолу" балет-ораториясынын чыгармачылык чеги чексиз катары далилденип, чет мамлекеттерде көп жолу коюлган. Бул жерде балетмейстер-коюучу катары Уран Сарбагышевдин да салымы чоң. Ушул "Саманчынын жолу" балет-ороториясында Толгонайдын ролун ойношкон Айсулуу Токомбаева, Рейна Чокоева жана жоокердин образын ачып берген Чолпонбек Базарбаевдер СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушкан. Калый агай анда 50 жашка да чыга элек кези экен. Андан кийин "Манкурт жөнүндө баян" балетин жазып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына дагы бир жолу кайрылган. Ал эми Герман Окунев менен биргелешип жазган "Куйручук" балети көптөгөн жылдар бою сахнадан түшпөй коюлуп келгени Молдобасановдун улуу талант экендигин дагы бир жолу айгинеледи.
- Кыргыз Улуттук Консерваторияга Калый агайдын ысымын ыйгарууга кандай пикир айтат элеңиз?
- Улуттук консерваторияга агайдын атын берүү эң туура чечим деп эсептейм. Улуу талант, залкар композитор, сыймыктуу дирижерубуздун ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн жасалган бул кадамдар менен Калый агайдын экинчи өмүрү улана бермекчи. Ошону менен бирге консерваториянын эң мыкты окуган алдыңкы студенттерине Калый Молдобасанов атындагы стипендия каралып, окуу-жайдын алдына айкели тургузулуп, ичинде музейи ачылса жакшы болмок.
Белгилүү композитор, дирижер, СССРдин Эл артисти жана профессор Калый Молдобасановдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Улуттук Консерваториясына ысымын ыйгаруу боюнча өкмөттүн токтому өткөн жылдын ноябрь айында чыккан. Бирок, Калый агайдын ысымын Концерваторияга берүүнү колдогондор да, аталган окуу жайдын ректору Муратбек Бегалиев баш болуп каршы чыккандар да болгондуктан, өкмөттүн токтому ишке ашпай келген. Эми бул талаш маселеге чекит коюлуп, 26-март күнү Улуттук Консерваторияга Калый Молдобасановдун ысымын берүү салтанаты өткөн турат.
Маектешкен
Аман Иманалиев