Эмне эле министр Узакбаев "больничныйда" десе…
Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министри Чынгысбек Узакбаев "больничныйда" жүрүп, ал жактын "жаткыруу" мөөнөтү чектелүү болгондуктан, жакында аргасыздан жумушка чыкты. Ал эми Суу чарба жана мелиорация Департаментинин башкы директору Көкүмбек Таштаналиевдин сиркеси суу көтөрбөй, "эч нерсе билбей" калган абалда. Мунун себеби, ишенимдүү маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы №473-р буйругу менен республиканын коллектордук-дренаждык системасын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү максатында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация Департаментине 30 млн. сом акча-каражатын бөлүүсүнө барып такалат экен.

Өкмөттүн баштапкы буйругунун негизинде жогорудагы акча Суу чарба жана мелиорация Департаментине берилип, ал мекеме эл катары тендер өткөрүп, утуп чыккан ишканага дренаждарды оңдоп-түзөө укугу берилмек. Бирок, маалымат берген булактардын айтымында, министр мырза подрядчик катары суу чарба департаментинин алдындагы чарбалык эсептеги механизациялашкан отрядын тендерсиз эле "тандап", департаментке багытталган 30 "лимонду" жолдон ошол отряддын капчыгына буруп кеткен экен. Аны иликтеген комиссия министрдин аракеттеринин мыйзамсыздыгын аныктап берген. Бул жерде "шойкомдуу жыт" бар экенин байкаган коррупцияга каршы күрөшүү кызматы да Айыл жана суу чарба министрлигинин, Суу чарба жана мелиорация департаментинин, мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлерин суракка алып "тердетип" жаткан кези.
Маселени иликтөөгө кириштик. "Бир булактан алуу ыкмасы" менен бизди эле тандаңыздар да 30 млн. сомду бизге бериңиздер, бизде Борбор Азияда жок заманбап техникаларыбыз бар" деп механизациялаштырылган отряд 2012-жылдын декабрында жогорку инстанциялар менен катар суу чарба жана мелиорация департаментине да тиешелүү каттар менен кайрылып келген. Ага карабай департаменттин жетекчиси Көкүмбек Таштаналиевден "эмне болуп жатат?" деп сурасак, "мен бул тууралуу эч нерсе билбейм, бизде эксплуатация тармагын тейлеген В.Гутник менен байланышкыла, ошол билет" деп курсту кыйгачтата бурду. В.Гутникке кайрылганыбызда ал тендер өткөрүлө электигин, алардын "бир булактан алуу ыкмасы" менен подрядчикти тендерсиз эле өз алдынча тандап алалы" деген сунушу учурда өкмөттө каралып жатканын, азырынча бир чечим чыга электигин айтты. Эмне үчүн тендер өткөрбөй туруп, же өкмөттүн "бир булактан алуу ыкмасын" колдогон чечими чыкпай туруп эле механизациялаштырылган отрядга акча-каражаты түздөн-түз которулуп калганын сураганыбызда, ал буга да жооп бере албасын айтты. Албетте, ал туурасын эле айткандыр, анткени ал жооп бере албайт да. Ш.Атаханов айтмакчы ал шахматтагы жөнөкөй бир пешка да, оюндун жүрүшүн оюнчу аныктайт эмеспи.
Өкмөт бул операциялардын мыйзамдуулугун текшерүүнү суу чарба жана мелиорация департаментинин алдындагы мамлекеттик суу инспекциясынын жетекчиси Бакыт Какеевге тапшырган экен. Ал кишиге кайрылганыбызда "мыйзам боюнча акча департаменттин эсебине которулуп, андан соң департамент тендер өткөрүп, каражат тендерден уткан ишканага которуп берилиши керек болчу, бирок андай болбой, белгисиз себептер менен акча түздөн-түз бир ишкананын эсебине түшүп калган. Азыркы учурда алар документтерди шашылыш түрдө кайра жасап, бурмалап жатышат. Мен өкмөткө болгонун болгондой кылып справка жазып бердим. Бул иш менен УКМКнын антикоррупциялык кызматы да алектенүүдө" дейт.
Аталган сумманын 9 млн. сому республиканын түштүк аймагындагы Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын коллектордук-дренаждык системасын калыбына келтирүү иштерине жумшалмак. Департаменттин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жеңиш Шүкүровдун билдиргенине ылайык быйылкы жылга Баткен облусунун коллектордук-дренаждык системасын калыбына келтирүү үчүн болжол менен 3 млн. сомдун тегерегинде каражат берилмек, бирок, азыркы күнгө чейин бул акча келип түшө элек. Жаз келип жандуу-жансыздын баары кыймыл-аракетке келип, дыйканчылык алда качан башталып калганына карабай дренаждык чуңкурлар ошол бойдон жатат. Анткени, аларды тазалоо, калыбына келтирүү үчүн каралган акча-каражаты тигинтип чөнтөктөн-чөнтөккө өтүп, жасалма кагаздар менен акырындап "жабылып" аткан кези.
Атын ачыкка чыгаргысы келбеген Айыл чарба министрлигинин жооптуу кызматкеринин айтымында чарбалык эсептеги механизациялаштырылган отряддын начальниги К.Сыдыков буга чейин мындай махинациялык иштердин далайын кылган экен. Ишканасынын 20 млн. сом салыкка, 12 млн. сом эмгек акыга болгон карызын жапмакка бул жолу да жанагы 30 млн. сомду шылуундук менен алып, минтип сиңирип кетүүгө аракет кылып атат. Минфин "бир булактан алуу ыкмасына" каршы пикирин билдирген, бирок бул тендерсиз эле жеке ишкананын эсебине 30 млн. сомдун түшүп калышына тоскоол боло алган эмес. Мамкаттоонун экономика жана каржы тармагын тейлеген жооптуу кызматкери С.Химамов деген менен механизациялаштырылган отряддын начальниги К.Сыдыков өз ара келишүү жолу менен акчаны биринен-бирине мыйзамсыз которуп алып жатат. Ал эми Айыл чарба министрлиги менен Суу чарба департаментинин жетекчилери аларды колдоп турган. Ал акчанын түз эле чарбалык эсептеги механизациялаштырылган отряддын эсебине которулушуна Суу чарба департаментинин жетекчиси К.Таштаналиев ходатайство берип мыйзамдын бузулушуна түздөн-түз жол ачып берген. "Бирок, Көкүмбек Жумагулович бул боюнча эч нерсе билбейт экен, ушинтип айтты бизге" десек, маалымат булагыбыз "тескерисинче ал ушул иштерге түздөн-түз катышкан", дейт. Ходатайство, каттар жана башка далил документтер атайын жок кылынып, тазаланып жатышат. Азыркы учурда 30 млн. сомдун 17 млн. сомун банктан кассага чыгарып, ал жактан алдакачан сол чөнтөккө солоп кетишкен экен. Тиешелүү органдар иш козгогондо гана айласын таппай ар кайсы ишканага барып "субподрядчик болуп счет-фактура берип койчу менден акча алдым деп, тигил акчаны жабайын", деп суранып жүрөт дейт. Кеминдеги нефтебазага да чыгыптыр "5-6 млн. сомго счет-фактура бергилечи" деп. Мамлекеттин акчасын колуна алып алып, бирөөгө эсептеп бергенге эч кимдин эч кандай укугу жок, келишимдин негизинде жана которуу жолу менен гана эсептешиш керек да. Бул ишкана мына бешинчи жылдан бери мамкаттоонун акчасын алып, кайда иштеткени билинбей эле жок болуп кетип жатат", дейт булак.
Көрсө, Ч.Узакбаевдин ооруканага чуркап, К.Таштаналиевдин сиркеси суу көтөрбөй калганынын "диагнозу" ушунда тура. Биздин мамчиновниктерибиз кара булут өз башына карай уюлгуй баштаганын сезээри менен ооруканага чуркап жөнөмөй адаттары бар эмеспи. Премьер-министрибиз айыл чарба тармагынын тиешелүү жетекчилеринин ооздугун тартып койгонго да эрки жетээр.




Тамга-лыктардын тиреши
12-мартта Жети-Өгүздүн Тамга айылдык кеңешинин төрагасы М.Оторбаевди, айыл тургуну 61 жаштагы М.Ногойбаеваны жана дагы кошуна Тосор айылдык эки жигитти отуз чакты айылдын жаштары сабап кетишкен. Окуя райондун акими баштаган жетекчилердин катышуусунда өткөн чогулуштан кийин болгон. Жабырлануучулар арыз менен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышып, ошол эле күнү экинчи тарап дагы "ар-намысыбызга доо кетиришти" деп тосмо арыз жазышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын райондук тергөөчүлөр билдиришти. Таяк жегендерге "баш мээси чайкалган, денесине залал келтирилген" деген диагноз коюлуп, учурда облустук ооруканада дарыланып жатышат.
Чатактын чыгышына мурда эмгектенип кеткен айыл өкмөтүнүн А.Узакбаев, К.Усенов сыяктуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери себеп болгон. "Чындыкты далилдейбиз, элдин ырыскысын кайтарабыз деп жүрүп, ушундай күнгө туш болдук" дешет төрага М.Оторбаев жана анын тарапташтары. Бул арада айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери Ш.Түлөгабылов кайтыш болуп кеткен. "Силер элдин тынчтыгын бузуп, жок жерден кодулап жатып, адам өлтүрдүңөр" деп экинчи тарап айып коюшууда. Мындай жагымсыз окуянын чыгышына эмне себеп болгондугун, эл ырыскысы тонолуп, мал-мүлк менен кошо миллиондогон каражаттарды кымырып алгандар боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп кийинки сандарыбызда маалымдамакчыбыз.