Санжырачы Сыргак СООРОНКУЛОВ:
"Курманбек Бакиев мекени жок "лөлүнүн тукуму" деп мага бир нече киши айткан"

Сыргак Сооронкуловду коомчулук мыкты санжырачы катары жакшы билет. Кыргыз элинин алмустактан берки тарыхын санжыралап, чемичкедей чагып, ага аралаш түрк, казак, өзбек элдеринин кайдан чыккандыгын кошуп жиликтеп айтып жаткандыгын укканыңда тирүү энциклопедия арабызда жүргөнүнө өзгөчө бир сүйүнүп алат экенсиң. Кийинки муундарга сабак, таалим-тарбия болсо экен деген ниетте бүгүн биз Сыргак акени өзүнүн баскан жолу багытында маекке тартык.

- Эки, үч ай мурда Президент Алмаз Атамбаев, спикер Асылбек Жэээнбеков, Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз элинин аттуу-баштуу аксакалдары менен "кеңешип-таңашып алалы" деп резиденцияга чакырышты эле. Алардын арасында сиз да бар элеңиз. Аларга эмне деп айтыңыз? Кандай кеп-кеңеш бердиңиз?
- 50 киши чакырышыптыр. "Беш мүнөт сүйлөңүз" дешти. "Коррупция килейген Советтер Союзун жутуп, Компартиясын закуска кылып койгон. Азыр коррупция кичинекей Кыргызстанды кекиртектен алып турат. Ушуну ойлойсуңарбы? Кайсы жерге барсаң, коррупция. 120 депутат бар. Алардын ар бири 100 миң доллардан төлөп депутат болду. 100 миң доллар кимдин чөнтөгүндө. Мен отуз жыл совхоздун директору болдум, 100 миң доллар эмес, 100 миң сом чөнтөгүмө салган эмесмин. Ал депутаттар ошол 100 миң долларды кантип тапкандыгын кеп кылбаганда да, аны төлөп депутат болуп жатышынын өзү коррупция да" деп айттым.
- Адалбы, арамбы ошол 100 миң долларын чыгарып алыш үчүн да коррупцияга барат да.
- Антиши да мүмкүн. "Коррупцияга малынгандар менен коррупцияны күрөштүрүп койдуңар, кантип анан натыйжа чыксын" дедим. Бардыгы дымып калды. "Милиция, прокуратура өзүңөрдүн эле ичиңердеги коррупционерди кармап келсе, Феликс Кулов баш болуп, жүгүрүп барып, бошотуп алууга жандалбастабадыңарбы. Коррупционерлер өзүңөрсүңөр, өзүңөр тазалангыла, Ансыз Кыргызстан оңолбойт" деп айтым.
Акаевдин учурунда жазылган Башмыйзамдын 108-статьясынан 113-статьясына чейинки бөлүмдөрдө параны берген кишиден параны алган кишиге чейин жоопкерчилик тарта тургандыгы каралып, мыйзам катуу болчу. Азыр ал статьялардын баарын оңдоп, жалпылап, бир статьяга топтоп, эгерде бийликте отурган партиялар бири-бирине даттанып материал жазса, ошону гана текшерип, ал эми андай даттануу болбосо, текшерүү болбой тургандай кылып, Башмыйзамга киргизип коюшту. Бул эмне деген шумдук? Мына ушинтип эле депутаттары баш болуп, чиновниктери төш болуп, өздөрү коррупцияга мурдагыдан да кенен жол ачып койгондуктарын беттерине айтым. Эч кимиси эчтеке дешпей тунжурап эле олтурушту. Кыскасы, мени экинчи кеңешмелерине чакырышпай калышты окшойт. Анан дарыканалардагы, дүкөндөрдөгү баалардын өтө эле кымбаттыгын, алардын базар баасы деген балекеттен улам, таптакыр эле көзөмөлгө алынбай калгандыгын, ошондой эле нотариалдык кеңселерде да бааларды обужок асмандатып коюп алышкандыгын айттым.
- Курманбек Бакиевди улутун тигил-бул деп эле айтып жүрүшөт. Сиз биле алдыңызбы?
- Ырас сурабадыңбы? Мен өзүм куймакулак кишимин. Укканымды унутпайм. Бакиевдердин уруусу тейиттер деп айтылып жүргөнү менен тейиттерге кирбестигин, алар чын-чынына келгенде цыгандын тукумунан тарагандыгын мен үч кишиден уктум. 2001-жылы "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатына эс алганы барып калдым. Бекмамат Осмонов да бар экен. "Сыргак аке, Акаев Бакиевди премьер-министрликке шайлап туура эмес кылды" деп калды. "Түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлүнгөнүңөрдү койсоңорчү. Ал өзүңөрдүн эле кыпчагыңардан го" дедим. "Кыпчактан айланып кетсин, ал кыпчак эмес. Анын ким экендигин айтсам, кан басымыңыз дагы көтөрүлүп, ооруп каласыз" деп койду. Ошентип кийин Бакиевди Президенттикке шайлап калбадыкпы. Биздин айылда Сатар деген молдо бар эле. Ошол айтып калды. "Кыргыздын шору катты. Лөлүнү президент кылып шайлап алдыңар. Мекени жок, жер которуп жүрө берген лөлүнүн, цыгандын тукуму кыргыздарды башкарат деген эмне шумдук. Ал кыргыз журтун ыйык көрмөк беле. Мекен кылмак беле. Кыргыздарды бөлүп-жарып жоготот" деп деп эле кейип-кепчип калды. Көралбастык кылып жатат го деп ойлоп "кайдан цыган болмок эле, койсоңчу?" десем, анан айтып баштады. "1931-жылы Жалал-Абадда кулакка тартуу учурунда цыгандардын табору келип калат. Алар Өзбекстанга, Кыргызстанга кирип, чыгып туруш үчүн, ыңгайлуу болуш үчүн Барак анклавына туруктап калышыптыр. Жалал-Абадда эл өзү кыйналып жашап, цыгандарга эчтеме деле арттырып бере алышпагандыктан, алар эл менен кошо иштеп бир топ мезгил жашап калышат. Кийин көчүп кетишкенде эки бала калат. Ошонун бири 11-12 жаштагы Саали экен. Саали кыргыз кызга үйлөнүп-жайланып, алты айлык агрономдун окуусун окуп, Совет районунда агрономдун жардамчысы болуп иштейт. Бала-чакалуу болуп, кийин анын цыган экендиги менен эч кимдин деле иши болбой калат. Мына ошол цыган Саалинин баласы Курманбекти президент кылып алдыңар. Кыргыздар эми азап тартпагай эле" дейт. Ал ал болду. Алты жыл өткөндөн кийин эл нааразы болуп, көтөрүлүп калбадыбы. 6-ноябрда Ала-Тоо аянтына келдим. Феликс Кулов көрүнүп калса, "ок атылып эл майып болуп кетпесин" деп эскертип айтып коёюн дедим эле. Аны жакшы таанучумун. Мен Таласта совхоздун директору болуп жүргөндө, ал милициянын начальниги эле. Көрүнбөдү. Чоң машиненин үстүнө утуру бири жулунуп чыгып сүйлөп жатышты . Мага сөз тийе турган эмес. Мага окшоп тегерек сакал койгон бирөө "мага да сөз тийбеди" деп калды. "Эмне деп айтат элең" десем, "Бакиевдин цыган экенин айтмакмын" деп кудум баягы Сатар молдо айткан окуяны айтып берди. "Акча дегенде өлөт. Цыгандын пейили булардан калбайт. Цыган Мекен дегенди билбейт. Булар Кыргызстанды курутат" деди. Ошондон бери Курманбек Бакиевдин чын эле цыган экенине ишенип калдым. Анын үстүнө Курманбекти айтпаганда, иниси Жаныштын, баласы Максимдин кыргыз элине жасагандай кыянаттыгын бир кыргыз баласы жасабайт эле. Кайсы Кудай урган өз элин "беш миллион коюм бар" деп айтат.
- Кыргыздын генефонду тууралуу кеп козгоп берсеңиз?
- Илгери кыргызды токол катындын балдары бийлеп келген. Сарбагыштын Эсенгул баатыры, Ормон хан, Байтик баатыр баардыгы токол баатырдын балдары. Алар атасынын элүүдөн ашкандагы балдары. Адам элүүдөн ашканда каны коюлуп, акылы тереңдеп, токтолот. Ошол эстүү кишиден эстүү балдар жаралат. Илгерки энелер ондон ашык бала төрөчү. Байкасам, менин деле балдарымдын улам кийинкиси мыкты чыкты. Эмки жаштар экиден ашык балалуу болбой жатышпайбы. "Тун бала турумтайга жем" деп коют. Экинчи баланы "жатын чайкамай" деп коют. Ата-энесинин жан-дүйнөсү, акыл-эске толук каныга электиги кан аркылуубу, биологиялык жол менен баласына өтпөй койбойт.
- Сиз көп жылдар бою совхоздо директор болуп турдуңуз.
- Ооба, отуз жыл директор болдум. Таластан тышкары Алай, Мырзаке райондорунда да иштедим. Тресттин директору да болдум. Трестке элүү эки совхоз карачу. Атам айтчу эле " алып жашабагыла, берип жашагыла. Алып жашасаң, артындан доочу калбайт, берип жашасаң, ынтымак ээрчийт" деп. Бирөөдөн бир тыйын да албадым, заңгыратып там да салбадым. Чоңдорго берген да жокмун. Райкомдун секретарлары менен тытышып жүрүп иштедим. Мени "ишин мыкты билет, чарбаларды көтөрүп кете алат" дешип, райкомдун секретарлыгына да даярдашты. Райкомдун секретарлыгына барыш паралуу жол экен. "Мен андай пара-сараңар менен ишим жок" дедим. Коррупцияны силер азыр эле чыгарып койгон жоксуңар. Силер бизден калган даяр атты минип алдыңар. Минип алмак тургай, суутуп, таптап огобетер күлүк кылып оштонтуп койдуңар.
- Жаштардын окуудан алыстап, динге баш коюп, даватка чыгып жүрүшкөнүнө кандай карайсыз?
- Мен өзүм Меккеге барып, ажы болуп келген кишимин. Беш маал намаз окуйм. Бирок балдардын окуудан, илим-билимден алыстап, динге берилип кетишине каршымын. Көкүрөгүнө илим-билимди каныктырбаса, ал анан кантип инсан болуп калыптанат. Арабыбы, орусубу, америкалыгыбы, же башкасыбы аларды туурап, үрп-адатына азгырылууга болбойт. Кыргыз кыргыз бойдон калууга тийиш. Араптардын адат-салтын башка элдер кабыл алып, кыргыз кабыл албай койгон. Чынгызхандын он төртүнчү урпагы Токтомуш хан кыргыздардын биринчи ханы Эдигеден сурайт "эмнеге сенин элиң арапча кийинбейт" деп. "Менин элим касиеттүү эл, араптарга моюн сунбайт" дейт Эдиге хан. "Касиет эмнесинде?" дейт Токтомуш. "Кыздарында. Кыздарынын кундуздай болуп чубалып турган чачында. Карагаттай болуп мөлтүрөп турган көздөрүндө. Кулагына жарашып турган алтын-күмүш сөйкөсүндө. Ошол касиетин тумчулап коюшмак беле?" деп кайра өзүнө суроо салыптыр. Көрдүңбү? Санжыраны билбей калгандыгыбыздан улам көп нерседен ажырап калып жатабыз.
- Демократия деген түшүнүктү кандай кабыл аласыз?
- Демократия деген кыргыздарда илгертеден эле калыптанган. Кыргыздарда талашып-тартышпай, чабышып-тытышпай, улуусунун сөзүн кичүүсү угуп, бири-бирин сыйлоо касиети жогору эле. Бай менен кедейдин, кожоюн менен малайдын табагы бирөө эле болчу. Бир казанда бышкан тамак баарына тегиз тартылчу. Эч ким ачка калчу эмес. Бири-бирине камкор, сыйкор болчу кыргыз эли. Ар бир элдин жаман да, жакшы да жактары болот. Биздикилер башкалардын жаман жактарына көбүрөөк ыктап кетишти. Кыргыздын байыркы асыл нарк-насилине кайрылып келбесек болбойт.