Мухамедкалый АБЫЛГАЗИЕВ, Соцфонддун төрагасы:
"Жаш муун төлөмдөрүн төлөгүсү
келбегендиктен, пенсионерлерибизге
татыктуу пенсия төлөй албай жатабыз"

"Тилектештик принциби дегенибиз - бул кийинки муундагылар өзүлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрү менен мурунку муундагылардын пенсиясын каржылап келишет. Ал эми жаш муун учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгүсү келбей, учурдагы пенсионерлерибизге татыктуу пенсия төлөп бере албай жатабыз. Маңызы ошондо болуп жатат"

- - Мухамедкалый мырза, Социалдык фонд өз ишин аткарып жатат, аз болсо да пенсия жогорулагандай, өз маалында берилип жатат. Бирок, эмнегедир жалпы пенсиянын өлчөмү дагы да болсо төмөн болуп келет. Ушул пенсиянын өлчөмү жогорулаш үчүн Сиз жетектеген мекемеде кандай чараларды карап жатасыздар, кандайдыр бир пландарыңыз барбы же бул кол жеткис көйгөйлөрдөнбү?
- - Пенсиялык система негизи татаал маселелердин бири. Бүгүнкү күндө муну жөн гана пенсия төлөөчү орган катары караштын өзү туура эмес. Анткени, бул адамдардын өмүрүнө, жашоосуна, жадагалса намысына байланыштуу десем жаңылышпайм. Мезгил өзгөрдү, мурункудай балдары ата-энесине каралашып, аларды картайганда багуу көрүнүшү тилекке каршы, коомдо азайып баратат. Балдары таштап кеткен неберелерин картайганда пенсиясына баккан ата-эне канча дейсиңер. Мына ушунун баары коомдогу адамдын карылыкка болгон көз карашын да өзгөртүүгө учуратты. Каалайбызбы, каалабайбызбы, ар бирибиз карылыгыбыз жөнүндө ойлошубуз керек. Өзүн-өзү сыйлаган адам карыганда мамлекетке кол сунуп, пособие сурап барган оңойго турбайт. Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп кетким келет. Пособиеден айырмаланган пенсия ар бир жарандын маңдай тери менен тапкан акчасы, бул анын келечекке калтырган каражаты. Пенсиялык камсыздандыруу системасынын каражаттары мамлекеттин эмес, ал ошол төгүмдөрдү төлөп келген жарандардын акчасы. Ошону жарандарыбыз дагы эле болсо туура эмес түшүнүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн салык төлөмүнө теңеп, ар кандай жолдор менен төлөбөгөнгө умтулушат. Биздин пенсиялык системабыздын өзөгү тилектештик принцибинде болгондуктан, ушул камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөй келген жарандарыбыздын кесепетинен учурдагы пенсиялардын деңгээли да төмөн болуп жатат.
- - "Пенсиялык системабыз тилектештик принцибинде" дегениңиз кандай болуп калат ошондо?
- - Тилектештик принциби дегенибиз - бул кийинки муундагылар өзүлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрү менен мурунку муундагылардын пенсиясын каржылап келет. Учурда жаш муун камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгүсү келбей, учурдагы пенсионерлерибизге татыктуу пенсия төлөп бере албай жатабыз. Маңызы ошондо болуп жатат. Мурунку муун десе эле жаштар үчүн бул кайдагы бейтааныш муун эмес, бул өзүңөрдүн эле чоң ата, чоң энеңер, ата-энеңер, агайын-туугандарыңар. Ушул адамдардын пенсиясы кайда деген суроого ар бир жаш, эмгекке жарамдуу жаран өзү деле жооп бере алат, эгерде учурда төлөп жаткан төгүмдөрүн эске алса.
Азыркы учурда толугу менен Социалдык фонддун бюджетине уюшулган сектор гана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп келишет. Уюшулган сектор дегенибиз - мамлекеттик юридикалык регистрациясы бар ишканалар жана бюджеттик мекемелер. Бул сектордо эмгекке жарамдуу жарандарыбыздын 60га жакыны эмгектенет. Ошол 60 пайыз жарандарыбыз камсыздандыруу системасынын 97 пайыз төгүмдөрүн төгүп келатат, калган 40 пайызы% эмгекке жарамдуу калкыбыз болгону калган 3 пайыз төгүмдөрүн төлөшөт.
- - Мындай жагдайга эмнелер себеп болууда? Эмне үчүн 40 пайыз калк мындай аз өлчөмдө төлөшөт?
- - Бул 40 пайыз эмгекке жарамдуу калкыбыз айыл чарба жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу секторлорунда эмгектенишет. Бул жарандар үчүн уюшулган секторго салыштырмалуу жеңилдетилген тарифтер колдонулат, ошого карабастан алар төлөөгө умтулушпайт. Албетте, бул секторлордо эмгектенген жарандарды уюшулган сектордо эмгектенгендер менен теңөөгө болбойт. Анткени уюшулган сектордо кызматкер айлык акысынын 10 пайызын камсыздандырууга жумшайт, калган чоң бөлүгүн (17,25 пайызын) иш берүүчүсү төлөйт. Ошондуктан уюшулган сектордо эмгектенгендердин пенсиясынын өлчөмү ар дайым ошол төлөмдөрүнө жараша башка секторлорго салыштырмалуу жогору болууга тийиш. Ал эми айыл чарба секторунда эмгектенген жана юридикалык регистрациясы жок иш жүргүзгөн жеке ишкерлердин пенсиясы жеңилдетилген тарифтерине жараша пенсиясынын өлчөмдөрү да кыйла төмөн болот. Мындай жагдай бир гана бизде эмес, бул бардык дүйнө жүзүндөгү пенсиялык системаларына таандык көрүнүш.
Бирок ошентсе да мамлекеттин бирден бир милдети - келечекте айыл чарба жана өзүн-өзү иш менен камсыздандырган секторлордо иштегендерди жок дегенде пенсионердин жашоо минимум өлчөмүндө пенсия ала тургандай пенсиялык саясат куруу болуп саналат.
- - Мындай саясатты жүргүзүү үчүн кандай чараларды колдонууну пландаштырып жатасыздар?
- - Биринчиден, жарандарыбыздын пенсиялык системага болгон көз карашын өзгөртүүбүз зарыл, алардын пенсиялык камсыздандыруу жөнүндөгү билимин жогорулатуубуз керек. Албетте, бул бир күндүн иши эмес. Бул багытта ММКлар аркылуу пенсиялык камсыздандыруу боюнча көптөгөн маалыматтык иш-чараларды жүргүзүп келебиз. 2012-жылы Билим жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларына, жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында ар бир жарандын пенсиялык камсыздандыруу боюнча укугу жөнүндө маалыматын жогорулатуу үчүн бирдиктүү буйрук кабыл алганбыз. Бул буйрукка ылайык өлкөбүздүн окуу жайларында социалдык пенсиялык камсыздандыруу боюнча биргелешип маалыматтык акцияларды, жолугушууларды, класстык сааттарды жана лекцияларды өткөрүү каралган. Бул болочокто камсыздандырылуучу жарандарыбыз тууралуу. Ал эми учурдагы камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө багытталган да бир канча сунушталган өзгөрүүлөрүбүз бар. Бул өзгөрүүлөрдө негизинен жогоруда айтылып келген айыл чарба секторунда иштеген жана юридикалык регистрациясы жок жеке ишкердикти жүргүзгөн жарандар үчүн болгон пенсиялык тарифтик саясатты өзгөртүү маселеси каралган. Анткени бардыгын азыркыдай калтырсак, келечекте алардын пенсиясы эч нерсеге арзыбаган каражат болуп калат. Мисалы, бүгүнкү күндө айыл чарбасында иштеген жаран пенсиялык камсыздандырууга айына болгону 30 сом төлөсө, өзүн-өзү иш менен камсыз кылуучу ишкер орто эсеп менен 400 сом төлөйт. Ошол эле учурда уюшулган сектордо иштеген кызматкер пенсиялык жеке эсебине айына орто эсеп менен 2000 сомдон ашык каражатты төлөп турат. Демек, мамлекеттик пенсиялык мыйзамга ылайык бул категориядагы төлөөчүлөрдүн пенсияларынын ортосундагы айырмасы да салымына жараша келечекте ушундай болот. Ошондуктан келечекте пенсиясынын өлчөмү эң эле аз болоору анык болгон бул эки категориядагы төлөөчүлөрүбүздүн пенсиялык тагдырын чечүү максатында ар кандай сунуштарды даярдап жатабыз. Алардын ичинде бул категориялар үчүн кандайдыр бир белгиленген деңгээлде мамлекеттик гарантия гана каралып, ал эми ошол эле учурда айыл чарбасында эмгектенген жаран бул мамлекеттин гарантиясынан жогору пенсия алгысы келсе, анда ал ыктыярдуу түрдө мамлекеттик эмес пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, кошумча пенсия алууга мүмкүндүк бериле турган система да каралууда.
Ушул жана башка ушул сыяктуу пенсиялык системанын оор көйгөйлөрүн чечүү максатында учурда Социалдык фонд тарабынан өлкөнүн пенсиялык системасынын мындан аркы өнүгүүсү боюнча Концепциясы иштелип чыгууда. Бул Концепциянын алкагында пенсиялык система адилеттүү жана жетиштүү пенсияларды камсыздоосу боюнча өзүбүздүн иштелип чыккан сунуштарыбызды жакында Өкмөттүн кароосуна беребиз. Андан тышкары жалпы журт арасында да бул Концепциябыздагы негизги сунуштарыбызды талкуулоо максатында кереге кеңештерди өткөрүп жатабыз. Жакында эле Бишкекте депутаттардын, өкмөт өкүлдөрүнүн, мамлекеттик эмес уюмдар жана коом өкүлдөрү үчүн эки ушундай кереге кеңеш өткөрдүк. Кийинки этап кылып мындай коомдук талкуулоорду региондорго алып чыксак деп турабыз. Анткени негизги айыл чарба секторунун өкүлдөрү өзүңүз билгендей бул биздин региондор, алардын түшүнүгүсүз, алардын кызыкчылыгы болбосо коомдун социалдык жашоосун жакшыртууга багытталган эч кандай реформа жакшы жыйынтык бере албайт. Биз мындай реформа менен дароо эле "тарифтерди көтөрөбүз", же "жеңилдиктерди азайтабыз" деп жаткан жокпуз. "Мындан ары мындай жашай албайбыз, бир нерсени өзгөртпөсөк өмүр бою белибиз баткактан чыкпайт" деп жатабыз. Ошондуктан биргелешип, ойлонуп, макулдашып жети өлчөп, бир кескен оң деген гана ойдо, сиздерден, граждандык коомдун өкүлдөрүнөн, өлкөбүздүн пенсиялык системасын жакшыртуу тууралуу сунуштарды күтөбүз.