Батыровдун мүлкү сыртка ташылып жатат
Редакцияга Болот Дубанаев аттуу убактылуу жайда кармалган адамдан кат келди. Бул кат 2010-жылдагы июнь окуясына тиешеси бар тараптарды, укук коргоо тармагын кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

Мен, Дубанаев Болот Султанмаксутович, 1981-жылы Сузак районунун Сузак кыштагында туулгамын. Билимим бүтпөгөн жогорку. Эки балам бар. Жеке ишкерлик менен алектенип келгемин. 2010-жылдын июнь айындагы улуттар аралык кагылыштын башкы айыпкери жана уюштуруучусу Кадыржан Батыровдун дал ушул кездерде сыртка чыгарып кетип жаткан бир катар обьектилерин мамлекеттин эсебине калтыруу жана өткөрүп берүү менен июнь коогалаңында жакындарынан ажыраган, жабырлангандар үчүн кандайдыр бир деңгээлде жардам көрсөтөм деген аракетим таш каап, бүгүн улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, убактылуу кармалуучу жайда бейкүнөө азап чегип отурам. Мага мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 335-статьясынын 1-жана 2- бөлүмү, 166-статьясынын 3-бөлүмү боюнча кылмыш ишин козгошту. Менин жасаган ишимде мыйзам бузуунун жана кылмыштардын изи да жок экендигин тастыктап беремин. Убактылуу жайда жатып жазган дубай саламымды жалпы элиме жиберем жана менин тим жерден кылмышкер аталып жатканымды айрыкча июнь апаатынын жабырлануучулары , анан мамлекет башында турган эл башчылары билсин деген ниетте жазып жатамын.

"Аль-Кабдын"
карызынан кутулам деп...
2012-жылдын ноябрь айында Жаббаров Өткүр аттуу таанышыма жолугуп калдым. Аркы-беркиден кеп салып отуруп, ал мага "Батыровдун менчиги болгон "Аль-Каб" жоопкерчилиги чектелген ишкананын жетекчиси жакшы иш алып бара албай, сотто да ишкананын таламын жакшы талаша албай жаткандыгын" айтып калды. "Анда мен иштеп берейин" дедим. Анан ал ушул фирманын башкы адамы Файзуллаев Адаханга жолугуп, менин атыма ишеним кат алып келди жана аталган ишкананы жетектей бере тургандыгымды айтты. Бул күн 19-ноябрь болчу. Ишеним катты көрүп "мага биротоло эле Буйрук чыгарып бербейсиңерби?" дедим. "Буйрукту Кадыржандын аялы Карамат Батырова гана чыгара аларын" айтты ал. Андыктан, алар берген Ишеним каттын негизинде эле ишти баштадым. 2013-жылдын 1-январына карата бул ишкананын салыкка жана анда иштеп жаткан саналуу адамдардын маянасы үчүн болгон карызы 350 миң сомдон ашуун экен. Ырас жетекчи болуп келген соң, эң алды бул карыздан кутулуунун жолун издешим керек эле. Ары издендим, бери жүгүрдүм акыры Жалал-Абад шаарындагы "Куруучулар" көчөсүндө жайгашкан "КСД" ишканасынын короосунда жыйылып турган металлдарды сатып, андан түшкөн акчаны ушул карыздарга жумшоо чечимине келдим. "Аль-Каб" ишканасынын мүлкү Жалал-Абад шаардык соттун 2011-жылдын 18-августундагы чечими менен арестте тургандыгын билсем дагы, ушул ишке аргасыздан барууга туура келди. Себеби, ал темирлерди иштетүүгө мүмкүн деле эмес болчу. 14-январь күнү Ош шаарына келдим да Кылыч аттуу Камаз автомашинасынын айдоочусу менен сүйлөшүп, кран да алып келип, бирок, ал күнү металлды жүктөй албадык. Себеби, ишкананын директору Халматов Икрамдын айтуусу боюнча "эстакада" деген темирлер жараксыз экен, бирок, аны ширетүү жолу аркылуу майдалаш керек болчу. Ошол себептүү башка күнү ширетүүчүнү чакырып, темирди майдалап кескен соң гана, ошол эле Кылыч аттуу айдоочунун машинасына жүктөп, Сузак айылына алып бара жаткан жеринен Жалал-Абад областтык финансы башкармалыгынын кызматкерлери кармап алышты. Ошентип, алгачкы аракетим ишке ашкан жок жана фирмада иштеп жаткан адамдарга маяна бере албадым. Мындан сырткары ушул эле ишканага тиешелүү болгон Мельничная көчөсүндө авариялык абалдагы имарат бар болчу. Ал кароосуз калган, бирок, кароолчу гана көз салып турчу. Шакир аттуу кароолчу ушул эски имараттын айрым курулуш материалдарын колдонсо боло тургандыгын айткандыктан, аны 200 миң сомго баалап, Турдыев Улукбек аттуу адам менен сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок, керектүү документтери даяр болгончо бир да даана кышты чыгарууга болбой тургандыгын сатып алуучуга түшүндүрдүм, себеби, бул жай да арестте турган болчу. Мыйзамдуу түрдө бул жайдын башын ачып алганча, эсептешүүнү да токтото туралы дегенбиз. Бирок, бир күнү Улукбек мага телефон чалып, 100 миң сом даяр экендигин айтып, бир тууган иниме акчаны берип кетти. Ал эми калган 30 миң сомун кийин берди. Ачыгын айтайын ушул учурда акчага зар болуп турганбыз, анткени, канчалаган айдан бери фирмадагы айрым адистер, кароолчулар маяна албай, үйдөгү бала-чакасы нансыз, азыксыз отурушкан экен. Ошол себептүү Улукбекке тил кат жазып бердим да, ал берген акчаны ишканага кириштебей туруп, кароолчуларга, адистерге аз-аздан маяна катары таркатып бердим. Бул жерде У.Турдыевди алдоо же ага карата зомбулук көрсөтүү сыяктуу аракеттер көрүлгөн эмес. Бул тууралуу анын областтын прокуроруна берген Түшүнүк катында да айтылат.

Өздүк эсеп ачуу аракеттери

Мен ушул ишканага келгени мындагы мыйзамсыз иштерди байкадым. Батыровдун ишканаларына келип түшкөн кирешелер эч кандай эсептелбей, сол чөнтөккө гана кетет экен. Анын үстүнө ага тиешелүү менчик ишканалар, фирмалар арестке коюлганы менен башы ачылбай, ичтен тымызын мурдагыдай эле Батыров өзү же анын жакын туугандары четинен сатып же иштетип, киреше алып эле жатышыптыр. Андыктан кандай да болсо тез арада мамлекетке өткөрүү зарылдыгын түшүндүм жана "Экрос" жабык типтеги акционердик коомунун өздүк эсебин ачуу аракетин көрө баштадым. Бул оюмду "ВАЦЭТ" жоопкерчилиги чектелген акционердик коомунун жетекчиси Кадыркул Мавлянкуловго билдирип, аны кызматташууга чакырдым жана "Дустлик" ачык типтеги акционердик коомунун акцияларын сатып алуусун сунуштадым. Мында эгерде ал "Экростун" акцияларын сатып алып, бул ишкананын буга чейинки карыздарынан кутулткан болсо, Батыровдун мүлкүнө ээ болоорун, бул үчүн "Экростун" өз эсебин ачуусу керектигин ачык айттым. Анткени анын гана бул ишкананын жетекчилиги менен бир пикирге келүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Менин сунушумду кабыл алып, К.Мавлянкулов "Экрос" ишканасынын жооптуу өкүлү Фархад Арипжанов экөө Бишкек шаарына келишти, ал жерде да биз алдыдагы иштер тууралуу кеңештик, бири-бирибизге бир катар талаптарды койдук. К.Мавлянкулов эгер ушул ишибиз ийгиликтүү жүрүп, К.Батыровдун мүлкүн сыртка чыгартпай, анын эсебине өткөрө турган болсок, ал мага 300 миң америка долларын бермек болду. Ал эми ага коюлган талаптар төмөнкүлөр болду:биринчи талап келишим ыктыярдуу түрдө түзүлөт, экинчиси тез арада өздүк эсеп ачылат, үчүнчү талап өздүк эсеп ачылганы тууралу сот аткаруучуга малымдалат, төртүнчүсү "Экрос" ачык типтеги акционердик коомдун 217668 даана акциясын которуу, бешинчи талап "Экростун" акцияларын "ВАЦЭТтин" эсебине которуу. Менин мындай сунуштарымды угуп, атайын юрист адистердин макулдугунун негизинде К.Мавлянкулов макул болду да, биз кайра Жалал-Абадга келдик. Ф.Арипжанов менен К.Мавлянкуловдун ортосунда келишим түзүлүп, "Экростун" өздүк эсеби ачылып, анын 217668 даана акциясы "Жалал-Абад мамлекеттик каттоо" ишканасы тарабынан которулду. Бул менин К.Батыровдун мүлкүн мамлекеттин эсебине которууга кылган алгачкы аракетимдин жемиши болчу. Ошондуктан 26-февраль күнү КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматовго кирип, бардык иш аракетимди түшүндүрдүм жана тез арада "Экростун" калган акцияларын алуу керектигин айттым. Ал мени кылдат укту да, областтын прокурору К.Токтогуловго телефон чалып, мени кабыл алуусун тапшырды. Област прокуроруна да бардыгын айттым жана ал сот аткаруучулардын тез арада бардык керектүү документтерди даярдап, соттун чечимин аткарууларын тапшырды. Ошондон кийин биз областтын прокурорлору менен бирге мамлекеттик каттоо кызматына келдик жана ал жерден "Экростун" акциялары мамлекеттин эсебине чегерилди.

Мен мыйзамсыз иш
кылган жокмун

Мен азыр улуттук коопсуздук башкармалыктын кызматкерлери тарабынан убактылуу кармалуучу жайда отурам. Алар мени кайсы күнөөм үчүн алып келишкендигине башым жетпей турат, себеби, менин жасаган аракетим мыйзам чегинде эле жүргөн. Анткени, Кадыржан Батыровдун менчиктери сот чечими менен арестке коюлганы менен жең ичинен четинен сатылып, сыртка машина-машина жүктөр ташылып кетип жатат. Аны жергиликтүү бийликтегилер да, күч түзүмдөрү да жакшы билет, бирок, үн катышпайт. Канчалаган менчик жайлары, имараттары ошол бойдон турат. Аларды тез арада сот чечиминин негизинде мамлекеттин эсебине алууга кудуреттери жетпей жатат. Дагы айтам, ал имараттардын сырты гана турганы менен ички мүлктөрү буга чейин да ташылып кеткен, азыр да ташылып жатат. Ал эми мен ошол мүлк сыртка кетпей өзүбүздө калса деген аракеттерди жасадым эле. Тилекке каршы, азыр мага кылмыш иши козголуп, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жаткан кезим. Алар мага кайра-кайра "Дустлик"ачык типтеги акционердик коомунун акцияларын кандай максат менен мамлекеттин эсебине которууга аракет жасадыңыз?- деп сурап жатышат. Мен болсо "башкы максатым эле биздин жердеги мүлк сыртка кетпей, өзүбүздө калса" дейм жана июнь окуясында жабырлангандарга мамлекет жетиштүү жардам бербей жаткан чакта ушул окуянын чыгуусунун башкы айыпкери , улуттарды бири-бирине кагыштырып, ок аттырган, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген К.Батыровдун коррупцияланган менчигин мамлекеттин эсебине алуу аркылуу аларга жардам берилсе деген тилегим болгон. Андыктан жасаган аракетимди мыйзамдуу деп эсептейм. Мен бул аракетим менен жеңдим жана жеңилдим дагы. Жеңишим 4 айдын аралыгында "Дустлик" ачык акционердик коомунун 77 пайыз акциясын мамлекетке чегерип, өздүк эсебин ачтым. Жеңилгеним "Аль-Каб" ачык типтеги акционердик коомун жана А.Батыров атындагы университетти кайрадан каттоодон өткөрүүгө жетише албадым. Мен дагы калган максаттарымдын аягына чыгайын деп калдым эле. Мага бир эле күн беришкенде калган акциялар, мүлктөр мамлекеттин эсебине чегерилет болуучу. Бирок, мени камап коюшту, мага жөнсүз эле айып тагып жатышат. Мага карата козголгон кылмыш иштеринин бардыгы жөнсүз жана мыйзамсыз деп эсептеймин. Мен ишенем "ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, менин жасаган аракетим боюнча элим туура баасын берет. Менин ишим таза, ошондуктан мезгилдүү басма сөз каражаттары аркылуу жана кат түрүндө жалпы кыргыз журтуна, Кыргыз республикасынын президенти А.Атамбаевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Респуб-ликанын башкы прокурору А.Саляновага, коомчулукка кайрылып жатамын жана мен мамлекетибизге терең сиңип кеткен коррупция жана булганган системага каршы күрөшкөн мекенчил уулдардын бири экенимди тастыктап бере алам.
Дубанаев Болот,
Жалал-Абад областы