Кышы эчкинин сүтүнө ачытылып жасалган
Рабат мечити
Ордолуу Оштун Сулайман Тоо этегиндеги "Кол өнөрчүлөр" көчөсүндө карт тарыхты башынан өткөргөн, XVI кылымда курулган Рабат Абдуллахан мечити бар. Аталган мечит беш кылымды басып өткөнүнө карабай, ушул күнгө чейин баштагы абалын жоготкон эмес. Уламалардын айтымында Рабат мечитинин бири-бирине чеберчилик менен кыналган кыштары эчкинин сүтүнөн жасалган экен. Аны менен бирге Рабат мечити жайгашкан "Кол өнөрчүлөр" көчөсүнүн дээрлик ар бир жашоочусу өзүнчө өнөрлүү болгондуктан, мечитти акысыз оңдоп-түзөөгө кезекке турушат.

Орто Азия элин гана эмес, дүйнө мусулмандарын кызыктырып, өзүнө тартып турган Рабат Абдуллахан мечитинин Сулайман Тоонун этегине курулуп калганы өзүнчө баалуу, тарыхка ээ.
Ошол XVI кылымдарда доор сүргөн Шайбаны хандар династиясынан чыккан Абдуллахан II аскерлери менен жол улап баратып Сулайман-Тоо этегине конуп, түнөп калат. Ош калаасынын кайталангыс жаратылышына сулуулугуна суктанган Абдуллахан II ыйык тоонун бооруна отурукташып, жердеп калган дешет.
Абдуллахан падышалык жүргүзүү менен бирге Ислам динине кызмат кылган аалым да болгон. Дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын башын бириктирүү максатында Сулайман Тоонун этегине мечит салдыра баштайт. Мечиттин куруу иштери бир топ убакытка созулуп, кыштарын ат араба менен Самарканд шаарынан алынып келинген. Ар бир кыш эчкинин сүтү менен жогору сапатта жасалгандыктан ушул күнгө чейин талкаланган эместигин айтат жергиликтүү аксакалдар.
Бир топ жылда бүткөрүлгөн мечитке Рабат Абдуллахан деген наам беришет. Рабат сөзү - намазкандар үчүн даараткана чилдекана сыяктуу бардык шарттар түзүлгөн намаз окуулуучу жайды түшүндүргөн. Ал эми чилдеканасында мусулмандар айлап-жылдап жалгыз отуруп, тоскоолдуксуз зикир чалып, ибадат кылышкан. Анткени XVI кылымдарда мындай шарттагы мечиттер жокко эсе болгондуктан Рабат Абдуллахан мечити деп аталып калган тура.
Ошентип кылымдар бою Орто Азия мусулмандарынын ордосу болгон Рабат Абдуллахан мечити союз мезгилинде атеистер тарабынан жабылып, намазкана катары пайдаланууга тыюу салынган. Тескерисинче кийиз өтүк чыгаруучу завод катары иштетилген. Кийинчерээк ак кант чыгаруучу ишкана болгон. Ак кант ишканасы токтоп калгандан кийин, темир ширетүүчүлөрдүн иш ордуна айланган.
Арадан бир канча жылдар өтүп, 1943-жылы жергиликтүү бийликтин маданият башкармалыгы карамагына алып, 1990-жылга чейин музей катары пайдаланылган. Ошол жылдар аралыгында аталган мечит кароосуз калып, 50-60 пайыз урап, жаман абалга кептелген. Рабат мечити 1990-91-жылдары кайрадан жергиликтүү мусулмандардын колуна өтүп, ашар жолу менен оңдолуп-түзөлүп, мечит катары пайдаланууга уруксат алышкан.
Аны менен бирге 2000-жылы Оштун 3000 жылдыгына карата мамлекет тарабынан кайрадан реконструкцияланган.
Дагы бир кызыгы, Рабат Абдуллахан мечити "Кол өнөрчүлөр" көчөсүндө жайгашып, көчөнүн ар бир жашоочусу өзүнчө өнөрлүү болгондуктан мечитти оңдоп-түзөөгө акысыз кол кабыш кылышат.
Рабат мечитинде 10 жылга жакын сопулук кылган Лютфилла Токтобаев аксакалдын айтымында "Кол өнөрчүлөр" көчөсүндө жалпысынан 200 ашуун кожолук болсо, жарымынан көбү кол өнөрчүлүктү мыкты өздөштүрүшкөн. " Учурда менин жашым сексенди таяп калды. Бала кезимде деле ата-бабаларыбыз кол өнөрчү болушкан. Биздин көчөдө устачылык, касапчылык, чеберчилик жана башка бир кесиптин ээси болбосоң уят көрүнүш. Аталарыбызда 500 жыл мурда да өнөрчү болгондуктан Рабат мечитинин курулушана чоң салымдарын кошуп, мечит биздин көчөгө курулушуна түрткү болушкан экен. Бизда алардын жолун жолдоп, кол өнөрчүлүгүн таштаганыбыз жок. Мисалы, мен азырда өтүк тигем",- дейт Люфилла аксакал.
Айтор, Ош шаарынын байыркылыгын дагы да негиздеп, тарыхый баалуулуктарга салым кошуп турган Рабат Абдуллахан мечитинин ушул күнгө чейин аздектеп сакталып келгени урпактар үчүн чоң сыймык.