Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА, спортчу:
"Медик болосуң дешкен..."
Жакында Швецияда эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында эл аралык турнир болуп өттү. Клиппан шаарында өткөн бул турнирге биздин өлкөдөн Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова катышып, коло байгелүү болду. Айсулуу 59 кг салмакта жарым финалда фин Петре Оллиге аз упай менен алдырып коюп, үчүнчү орунду ээледи. Швециядан кайтып келген балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен болгон маекти окурмандарга сунуш кылабыз.

- Айсулуу, жакында эле Швецияда болуп, эркин күрөш боюнча эл аралык турнирге катышып, коло медалга ээ болдуң. Куттуктайбыз. Турнир боюнча оюңду билсек. Атаандаштарың күчтүү бекен?
- Бул Эл аралык турнир болду. Лондон олимпиадасынан кийин сыртка чыга элек болчумун. Алдыда Азия жана дүйнө чемпионаты келе жатат. Ошого даярдык көрүш үчүн биз атайын Швеция өлкөсүнө барып, турнирге катышып, психологиялык жактан болобу же физикалык жактан болобу Эл аралык деңгээлден өттүк деп айта алам. Себеби биз сыртка чыгып, мындай турнирлерге катышпасак, Азия чемпионатында жакшы күрөшө албай калышыбыз мүмкүн. Ошол себептен биз алдын ала даярдык көрүп, Швецияга барып, үчүнчү орунга ээ болуп келдик. Турнирге 20 өлкө катышып, дүйнө чемпиондору, олимпиада призерлору келип, жогорку деңгээлде өттү. Ал жерден мен үч кыз менен күрөштүм. Биринчи японка менен күрөшүп, биринчи айлампада эле утуп алдым. Андан кийин экинчи айлампада финка менен күрөштүм. Бирок, финка менен күрөшүүдө калыстар Европага тартып, туура эмес балл берип күрөшүбүз көпкө созулуп кетти. Ал эми үчүнчү айлампада шведка менен күрөшүп, аны да жеңип алдым. Алар менен күрөшүү мен үчүн кыйынчылыкты деле жараткан жок. Анткени, абдан жакшы даярдык менен барган болчумун.
- Көптөгөн сынактарга катышып жүрөсүң, ушуга чейинки катуу таймаш, күчтүү атаандаш деп кимди айта аласың?
- Лондон олимпиадасын эле айта алам го. Анткени өзүңүздөр билгендей ар кандай бут тосуулар болуп, даярдыгыбыз начар болчу. Андан сырткары ошо олимпиадага барарда лицензия аларда "лицензияга илинемби, илинбей каламбы"- деп ойлонуп, кооптонуулар болгон.
- Олимпиада деген олимпиада, күйөрман көп, атаандаштык катуу дегендей. Буга чейин катышкан Лондон олимпиадасы сага кандай таасир берди, башкалардан сабак, үлгү ала алдыңбы?
- Лондон олимпиадасы чынында мен үчүн көп нерсени ачып берди. Олимпиададан кийин жоопкерчиликти сезип, үйдө отуруп калбай, алдыма көп максаттарды коюп, эмгектенип, болгон убактымды, мүмкүнчүлүгүмдү жумшап, алдыда болуучу олимпиадаларга, чемпионаттарга даярдык көрүүдөмүн. Ошондуктан Лондон олимпиадасы мага жол ачып, стимул берди. Андан сырткары көп нерсени үйрөндүм. Килемдин үстүндө ар кандай кырдаалды байкап, башкалардын ыкмаларын карап "кандай учурда кандай кылыш керек, эл кандай күрөшүп жатат?" - деп күрөштүн ар кандай ыкмаларына байкоо жүргүздүм. "Башка мамлекеттердин даярдыгы кандай?" - деп да карап отурдум. Элге аралашып, өзүм үчүн көп эле пайдалуу нерселерди ала алдым деп айта алам.
- Килемге чыкканда, күрөшөөр алдында кандай абалда болдуң? Толкундоо, сүрдөө, сыймыктануу деген болдубу?..
- Албетте толкундоо деген болбой койбойт. Ар бир эле спортчу килемге чыгарда кооптонот "утамбы, утуламбы?" - деп ойлонот. Бирок, ырас ошо килемге чыктыңбы бүттү, толкунданасыңбы, сүрдөйсүңбү артка жол жок. Индия өлкөсүнө барып, биринчи жолу чет мамлекеттен килемге чыкканымда абдан коркуп "кандай болот"- деп толкундангам. Азыр көнүп калдым. Атаандашыңды утканда анча деле эч нерсени сезбейсиң. Бирок сыйлоо болуп, биринчи, экинчи, үчүнчү катарга туруп, өзүңдүн мамлекетиңдин желеги көтөрүлгөн убакытта толкунданып, сыймыктанып, айтор, бардык сезимдериң ойгонот. Жүрөгүң адаттагыдан башкача согуп, кадимкидей башкача абалда болосуң. Аны ошол жерде турган эле спортчу сезбесе, сөз менен айтуу кыйын.
- Сырт жакка чыгып, олимпиадаларга катышып жүрөсүң, өз көз карашыңда салыштыруу деген болсо керек. Биздин спортчуларыбыздын абалы кандай, аларга эмне жетишпейт. Биздин спорт тармагыбызга кандай баа бересиң?
- Менин оюмча биздин өлкөнүн деңгээли көтөрүлүп келе жатат. Спорт тармагына да көңүл буруп жатышат. Колунан келишинче колдоп, жардам беришүүдө.
- Эми бир аз өзүң жөнүндө айтып берсең?
- Негизи Нарындын кызы болом. Атамдын жумушуна байланыштуу ата-энем Майлуу-Сууда 10 жыл жашап, ошол убакта 1993-жылы төрөлгөм. Бирок мен Кочкордо чоңоюп, бала чагым ошол жерде өттү. Беш бир тууганмын. Азыр ата-энем айылда турушат. Экөө тең медицина кызматкерлери. Убагында мени да "медик болосуң" дешкен. Тай жагым кыргыз күрөшү менен машыгышчу экен. Спортко жакын болуп калганым ошо апам тараптан канымда бар. Апам да убагында гимнастикада жүрүп, кийин волейболго өтүп, курама командада ойночу экен.
- Эмнеге спорттун дал ушул түрүн тандап алдың эле? Күрөш кыз кишиге ылайык эместей сезилет, оор көтөрөсүң, бир жериңди чыгарып аласың дегендей... Сага оорчулугу сезилбейби?
- Кичинекей кезимде балдар менен футбол, баскетбол ойноп, чуркап жүрдүм. Бирок ошентсе деле менде энергия калып калгансып, алымсынчу эмесмин. Каратэге катыштым, бирок ал деле меники эместей сезилди. Анан кыздар арасында күрөш бар экенин угуп эле келдим. Келип эле күрөшүп көргөндөн кийин эле күрөш меники экенин, мен үчүн экенин сездим. Мен ушуга чейин эмнени каалап жүрсөм ошол нерсени тапкандай болдум. Анан күрөш менен машыга баштадым. Күрөшкөндө мен кадимкидей чарчап, ырахат алам. Эми күрөш кыз кишиге кыйыныраак дейин десем, бардык эле спорттун кыйын жактары бар. Өзүм каалап, сүйүп келгенден кийин күрөштүн оорчулугу деле билинбейт мага.
- Буга чейин Кыргызстандын тарыхында эркин күрөш боюнча кыздар арасында бир дагы кыз чыккан эмес. Спортко кызыгып калганыңдын сыры эмнеде?
- Акыл-эс кирип, өзүмдү билгенден баштап эле телевизордон мелдештер болуп, анда кыздар-балдар чуркап, жарышып жүргөндөрүн көрсөм "мен качан чоңоем, мен да ушулардай болуп качан катышам" дей берчүмүн. Кичинемден бери эле спортко жакынмын. Өзүм теңдүү кыздар бийге катышып жүргөндө мен балдар менен футбол, баскетбол ойноп кетип калчумун. Үйдөн деле үй жумуштарын, сырт жумуштарын деле жасайм. Бирок мага эмнегедир сырттагы кара жумуш көбүрөөк жакчу.

Жазнура
Токтоболотова






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??