Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Гүлшанай Сатарова:
"Кыргызстандын туусун Америкада да
желбиретким келет"

Негизинен биздин мамлекетти башка өлкөлөрдүн жарандары "митинг-пикеттердин" мекени катары кабыл алышып келишет. Бирок Кыргызстанды чет жактарда мамлекет катары таанытып, өлкөнүн ийгиликтерин дүйнөлүк аренада спортчуларыбыз жана ырчы-бийчилерибиз таанытышып, Кыргызстандын желегин желбиретип келишүүдө. Жалал-Абаддык жаш спортчу кызыбыз Гүлшанай Сатарова Иран Ислам Республикасында өткөн эл аралык мелдеште өлкөбүздүн намысын коргоп, бир эмес эки алтын медалдын ээси болуп Кыргызстандын туусун желбиретип жеңиш менен кайтып келди. Жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болгон Гүлшанай Сатарова менен маек курдук.

- Гүлшанай, биринчиден жеңишиң менен куттуктайбыз, бул эл аралык мелдеште алтын медалдарды утуп алыш үчүн канча мамлекеттин спортчулары катышты?
- Рахмат. Бул жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир мусулман өлкөлөрүнүн спортчуларынын арасында 14-17-февралда Тегеранда өттү. Турнирге Түркия, Ливан, Иран, Пакистан, Азербайжан, Армения, Сауд Аравиясы сыяктуу 14 мамлекеттен спортчулар катышты. Мен болсо өтө толкундануу менен мелдешке катыштым. Башка атаандаштарымдан, айрыкча Ливандан келген спортчудан чочулап турдум. Бирок, жеңишке жетээримди билдим. Жеңил атлетиканын эки түрү менен мелдештик. Биринчи күнү - 800 метрге, экинчи күнү - 1500 метрге чуркоодо жеңишке жетишип, 2 алтын медалды утуп алдым. Бул жеңишке жетүүдө албетте, тренерим Төрөжанов Абдилланын эмгеги чоң деп эмептейм.
- Буга чейин да эл аралык жана республикалык мелдештерде ийгиликтерге жетишкен экенсиң?
- Буга чейин, тагыраак айтканда 2009-жылы Белоруссия мамлекетинин Брест шаарында өткөн Евразия чемпионаттыгында 1 алтын, 1 коло медалды жеңип алганмын. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1-2-февралында Казакстан Республикасында болгон Азия чемпионатында 2-орунду алдым эле. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча (1500-3000 метрге чуркоо боюнча) чемпиону жана терме командасынын мүчөсү болуп эсептелем. Эң кызыгы республикабыздын жөө чуркоо спортунда учурда кыргыз кыздары жокко эсе, ал эми өлкөнүн чемпиону кыргыз улутунан жалгыз экенмин.
- Өзүң тууралуу да сүйлөшсөк?
- Мен 1992-жылы 1-сентябрда Сузак районунун Жийде айылында туулгам, Жалал-Абад шаарындагы №14 мектепте билим алып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде окуп жатам. Апам жана бир туугандарым Сузак районунун Ынтымак айылында жашайт, 7 бир туугандын эң кенжесимин. Спорттун бул түрү боюнча 4-класстан баштап Абдилла Төрөжановдун колунда машыгып келе жатам.
- Алдыда дагы кандай максаттарың, пландарың бар?
- Буюрса, ушул жылдын 22-мартында Польша өлкөсүнүн Быгдыш шаарында кросс боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышам. Андан соң 14-апрелден 18-апрелге чейин Турция мамлекетинин Кипр шаарында Азиялык студенттер оюнуна, ал эми июнь айында Казандагы дүйнөлүк универсиадага барып өлкөнүн намысын коргосом дейм. Ошондой эле июль айында Индиянын борбору Дели шаарына Азия чемпионатына, августта Москвага дүйнөлүк чемпионатка катышууну максат кылып жатам. Жогорудагы чоң-чоң эл аралык деңээлдеги мелдештерге катышуу үчүн албетте, каражат талап кылынат экен, ал эми ошол учурларда мамлекетибиз жана демөөрчүлөр тарабынан колдоолор болуп калса, алдыма койгон максаттарыма жетишем деген ойдомун. Дагы да болсо өлкөмдүн желегин чет өлкөлөрдө желбиретип, мамлекеттик гимнибизди ойнотсом дейм. Биздин мамлекетти билбегендер да бар экен, мына ошондуктан Кыргызстан деген өлкө бар экенин башка өлкөлөрдүн атуулдарына таанытып, биздин мамлекеттин атын чет жерлерде чыгарууну максат кылып келем.
- Колдоо турасында сөз болуп калды, Иран Ислам Республикасынан кийинки ийгиликтериңизден кийин жалалабаддыктар Сени кандай тосуп алды?
- Иран өлкөсүнөн кайтып келген күнү, 27-февралда Жалал-Абад шаарынын дарбазасы катары эсептелген Курманбек аркасында шаардык мэриянын кызматкерлери, шаардагы белдүү спортчулар, тренерлер, жаштар жана жакындарым гүл менен тосуп алышты. Аябай кубандым. Андан соң шаардык мэрияда шаар мэри М.Арапбаев кабыл алып, алдыдагы мелдештерде да ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын желегин желбиретип жүрө беришине тилектеш экендигин билдирип, каржы жагынан колдоо көрсөтүп турарына убада берди. Андан соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги, жамааты менен зор кубануу менен кабыл алышты. Менин ийгилигимди окуу жайдын ректору А.Абдрашев куттуктап, окуу жайдын эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом, акысыз жатакана, жайкы эс алууга путевка, тренерим А.Төрөжановго да бир айлык өлчөмүндө акчалай сыйлык, жайкы эс алууга путевка каралганын билдирди.
Ал эми 8-март эл аралык айымдардын күнүнө карата областтагы өкмөттүн өкүлү Ж. Төрөмаматов да куттуктап, акчалай сыйлыгын берди.
Ошондой эле Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов да кабыл алып, баалуу белегин берип сыйлады. Малик агай окуумду аяктагандан кийин жумушка ички иштер органдарынын катарына алуу сунушун да билдирди. Учурдан пайдаланып мени колдоп келе жаткан жана колдогондорго ыраазычылык билдирмекчимин.
- Сөзүбүздүн аягында, өзүң теңдүү курбуларыңа, жаштарга айтчу сөзүң, сунушуң барбы?
- Эң алгач, албетте билим алуу керек, анткени мына канчалаган мамлекеттерге барып эл аралык турнирлерге катышып жүрөм, канчалык көп тил билсең өзүңө эле жакшы экен, кыйналбайсың. Ошондуктан билим алып, тил үйрөнүү маанилүү. Ал эми дени сак жашоо үчүн жана дайыма көңүлдүү, куунак, чың ден соолукта жүрүү үчүн спорт менен алектенүү ар бир адамга зарыл. Андыктан мен курбуларыма, негизи эле келечек муунга спортту сүйгүлө, дайыма спорттук иш-чараларга катышып ден-соолукту чыңагыла демекмин. Спорт - бул тынчтыктын элчиси дегендей, спортто улуттар аралык бөлүнүү да болбогондуктан, өлкөбүздөгү стабилдүүлүк, ынтымактын бир булагы катары кабыл алсак болот. Өлкөбүздө канчалык спортко көңүл бурулуп, жаштарыбыз спорт менен массалык түрдө алектенип калышса, мамлекетибизде да бир топ чыр-чатактардын алды алынып, кылмыштуулук азайып, өлкөбүздүн аты, ийгиликтери чет жерлерде даңазаланып турмак.


Майрамбек
Адылбеков,
өз кабарчы,
Жалал-Абад
областы







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"










??.??